Тѳѳнүн томугун жуткан Жѳнѳтбай

 

Орозбек САМШИЕВ, 84 жашта, Талас району, Кара-Суу айылы

Кушчу уруусунан чыккан сырттан Жѳнѳтбай эки атчан адамга кошулуп, үчѳѳ Суусамыр жайлоосунан  жоголгон сегиз жылкыны издеп чыгышат. Ѳтмѳктү ашып түшүп келатканда алыстан карарган мал кѳрүнѳт. Жакындап барышса, мал эмес эле эки аюу уктап жаткан экен.

Ошондо Жѳнѳтбай «мен булар менен кармашам» деп, сол колуна арканды үч сыйра калыңдап ороп-чырмап, оң колун бош калтырып, болгону белиндеги кынды бычагына таянып аларды кѳздѳй жѳнѳйт. Ѳмүрүн тобокелге салган бу жоругу не деп таңданып, «шайтандын ишин кылбасаңчы» деп, берки экѳѳ жолдо калат. Жѳнѳтбай уктап жаткан аюуларга тик басып барганда, так маңдайына келген адамды кокус кѳргѳн аюунун эркеги шашып калат да, кош аяктап тура калып, оозун ачып тиш салат. Кѳз ирмем убакытты текке кетирбеген Жѳнѳтбай ошол замат калың аркан менен оролгон колун аюунун оозуна салып жиберет. Аюу чайнап салам деп арканды кажып киргенде оң колу менен анын жүрѳк тушуна бычак саят.  Дароо онтоп алсырай түшкѳн аюуну Жѳнѳтбай күч менен жыгат. Заматта боло түшкѳн мындай кѳрүнүштѳн аюунун ургаачысы качып жѳнѳйт. «Ажалын аюудан тапканы калды» деген берки эки атчан тигинин шердигине ишенип-ишенбей, ошол бойдон берки жылкыларды да издегендерин коюп, үч атка аюунун этин, терисин жүктѳп алып журтка келишкен экен.

Мына ушундан кийин Жѳнѳтбайдын дагы бир окуясы, кишичил тентек тѳѳнү кантип жок кылганы элдин ичинде сакталып айтылып калган. Эмесе, сѳздү ошондон улайлы.

Кайсы бир жылдары Жѳнѳтбайлар казактар менен коңшу ирегилеш болуп жайлоолоп калышат. Бирок, казак элинин малынын ичинен  адамдарга тынчтык бербеген бир буура чыгып, бирде казак айылын, бирде кыргыз айылын аралап айла кетирет. Келин-кезек, бала-бакыра суу алып келүүгѳ, отун алып келүүгѳ такыр мүмкүнчүлүк болбой калат.  Кыскасы, наристе ыйласа да «буура келатат»  деп сооротчу болушат. Айылдыктар таза эле үйгѳ камалып, жүдѳп бүтүшѳт. Буураны атып салалы деп, кайра ээсинен коркушат.  Ошентип, айлалары түгѳнгѳндѳ бул бууранын кѳзүн тазалоо жагын Жѳнѳтбайга тапшырышат. Анын атынын куйругун тиги тѳѳ кырча тиштеп салгандан кийин, Жѳнѳтбай да эмне кыларын билбей жүргѳн эле.  Ал окуя болгондо Жѳнѳтбай аттан түшѳ калып ажырата албай, жерден таш ала коюп бууранын тишин, ээгин жыра койгондо араң ажыраган. Тѳѳлѳр кекчил болот эмеспи, мына ошондо Жѳнѳтбай сырттанга буура ичинен кек сактап калат.

Бууранын ээси болсо тѳѳсүнүн тентегин мойнуна алып, бирок, «Тѳѳлѳр кыш жана жайкы чилдеде күүлѳйт. Мына ушул эки мезгилде адамдар сак болуусу зарыл,  айткан эки мезгил ѳтсѳ тынчып калат. Бул буура тѳѳлѳрдүн ойсулатасы, бу келгени чыгым аз, тѳѳ башы болсо 500гѳ жетти» деп кубанып мактанат.

Ошентип, тѳѳдѳн жүдѳп бүткѳн элдин Жѳнѳтбайга дайындаган ишин аягына чыгарууга чыгынып, сырттан баатыр даярдана баштайт. «Сениби, буура, эгер колума тийсең кулак-мурдуңду, куйругуңду кесип куучуйтар элем» деп кекенет. Анан бир күн убактысын кетирип,  сайга барып керели-кечке  ылайыктуу ташты издейт.  Муштумдай тоголок ташты тапкандан кийин аны жаргак кайыш менен ороп тигип, ага бекем кайыштан эки-үч карыштай боо ѳткѳрүп бекитип,  ыргайдын башына  чыкпас кылып бекем байлайт.  Бул курал «шалк этме» деп аталат. Ошентип, Жѳнѳтбай сыртка чыкканда, шалк этмесин жең ичине катып билгизбей ала жүрѳт.  Бир күнү эртең менен эрте баягы кишичил тентек буура айылга келди деп эл дүргүп калат. Муну уккан Жѳнѳтбай багымдат намазын окуп, «ээ кудуреттүү Кудай, мени жарык дүйнѳгѳ чын эле Жѳнѳтбай сырттан кылып жаратсаң, тигил-бул айылды жүдѳтүп жаткан тентек бууранын ажалын колума бер. Же муну менен күнѳѳ кылып атсам, мени ал» деп атын токуп минип, тѳѳлѳр жана тентек буура жаткан жердин алдынан атайы жакын бастырып ѳтѳт. Жѳнѳтбайды кѳрѳр замат тигил кек сактап жүргѳн буура  тура калып, куйругун такымга чапкылап, ак кѳбүгүн чачыратып, мойнун созуп, шыр эле качырып сала берет. Жокең да карап турбай ыңгайлуу жагын күтүп, шалк этмесин камдап, буура тиштей берерде чыкый менен каракуш мээнин үстүнѳ уруп калат. Баягы кайышка бекиген таш дал ошол жердеги сѳѳгүнѳ үч элидей бата түшѳт. Буура сендиректеп барып жыгылат да, ошол бойдон ордунан турбайт. Жѳнѳтбай элди чакырып, буураны мууздашып, ошону менен ал тентектин күнү бүтѳт.

Арадан он чакты күн ѳткѳндѳ жанына үч жолдошун алып жок издеп, бууранын ээси кыргыздарга жѳнѳйт. Анткени, «кыргыздарда бир атактуу шок кары, балбан баатыр Жѳнѳтбай дегени бар, буура бар болсо да, жок болсо да ошонун колунан келет. Андан башка жан адамга менин буурам карматпайт» дейт. Алар түз эле келип Жѳнѳтбайдан жок сурашат. Ал болсо  «Жогуңар табылсын» деп жооп берип, узатып жатып: «Кайра кайтып келатып үйдѳн даам татып кеткиле» дейт. Этти калжа бышырышып, ойдогудай салып даярдап, баурларды күтүп олтурушат.  Алар келип түшѳр замат аттарын алып байлап, үйгѳ киргизишет. Колго суу куюлуп, табакка эт тартылат.  Ал-алгылага келгенде, томуктуу жилик меймандардын аксакалына тийет. Жиликтеги этти жеп жатып, аксакал киши «ой-бай, Жоке, бул жиликтеги томук менин буурамдын томугу гой, айып кѳрбѳңүз Жоке» дейт. «Айып болчу беле, силерди тамакка чакырып олтурсам. Кана, томукту бергилечи кѳрѳйүн, эн тамгасы болуп жүрбѳсүн» деп, Жѳнѳтбай томукту алып туруп шыр эле жутуп жиберет. Аны карап тургандар таңгалып эле ооздорун ачып калышат. Казак болсо бууранын жок болгонун Жѳнѳтбайдан эле шекшип, түз эле айып жүктѳмѳкчү болот.

Анда ал «Буураңды мен жок кылсам, эмне менен далилдейсиң?» дейт. Тигил жооп бере албайт. Ошондо Жѳнѳтбай: «Далилдеп бере албасаң, сыйлуу тамагыңды ич, атыңа мин да, жолуңа түш, тамак үстүндѳ чыр чыгарбайт. Дагы эскертем, ич арамзаңар бар болсо, тѳѳ алып келип союп, этин бышырып, томугун мага окшоп чайнабай жутуп бергиле» дейт. Жооп жок.

«Жоке, мойнуңузга албасаңыз, доо арыз жазып, үлкѳн доо ѳндүрүп алам» дейт буура ээси. «Анда калыс казы алдында жолугалы» дейт Жѳнѳтбай. Ошентип, доочулар казыга доо арызын жолдошот. Казы кѳргѳн-билгендерди бүт чакырып, сурак кылып текшере баштайт. Сѳз доогерге келгенде, ал иштин кандай болгонун айтат. «Дооң бүттүбү?» дейт казы. «Жок». «Бүтпѳсѳ, биринчи  дооң боюнча, тѳѳнүн томугун таап, айыптуу Жѳнѳтбайга окшоп жутуп бериңиз. Болбосо, пайда айыпкердин пайдасына чечилет» деди казы. Тѳѳнүн тоңкуйган томугун жутуш кайдан… «Кана доогер, экинчи суроо боюнча дооң айт» деди эле, доогер «буура жок болуп, ингендердин баары кысыр калуу коркунучунда турат, ошон үчүн ингендерге кайып берип, кийинки жылы бирден бото алып берүүсүн доолайм» деди. Казы жылмайып, «илгертен бери жети атаң тѳѳнү кайып кылып келсе, анда макулмун, сен тарапка чечим чыгарам, болбосо, сѳздѳн жаңылдыңыз» дейт. Ооздон чыккан сѳз ок.  «Буттан чалынган турат, ооздон жаңылган турбайт. Ооздон жаңылгандыгыңыз үчүн доочу айыпталып, пайда күнѳкѳр тарапка ооду. Жанагы ѳндүрүлѳ турган ботонун бардыгы тиги доо берчү жакка ѳтѳт» деди казы.  Ошентип, Жѳнѳтбай сырттан билгичтиги жана сѳз тапкычтыгы менен жеңип, тигил союлган бууранын этин элге таратып  тойгузган экен. Мына, окурмандар, жакшынын шарапаты деген ушул. Ошол жакшы Жѳнѳтбайдын мындан башка да ооздон-оозго алынган окуялары далай айтылып жүрѳт…

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *