Айнагүл ТѲЛѲГѲНОВА, 66 жашта, Жайыл району, Сары-Булак айылы
Жайыл районуна караштуу Сары-Булак айылынын Узун-Булак жайлоосу Ош-Бишкек жолунун күн батыш тарабында. Уулдарымдын бири Шерик менчик малын апрель-май айларында жайлоого кѳчүрүп калды.
Суранчы ДҮЙШѲНБАЕВ, журналист, Талас шаары
Элибиздеги айрым бир аша чаап кеткен кѳрүнүштѳр тууралуу сѳз козгоп, муну менен бул макаламда жаңы бир саамалык баштайын деген деле оюм жок. Булар тууралуу далай жолу айтылган жана айтыла берери анык. Кептин баары, каада-салт деп шылтоолоп, ар ким ѳз билгенин жасап жаткандыгына күйүп, арыдан-бери бололу, дурустарын сактап, буруштарынан акырындык менен арылалы деген тилекти билдиргим келет.
Кыркка чамалап калган Самаган ѳзүнүн жана атасынын жан-жаныбарларга тузак салып, кылтак тартып, аңчылык кылгандары тууралуу бир жолу баяндап берген эле. Ошондо, атасы эмне себептен улам аңчылыкты токтоткону тууралуу кызык окуяны айткан…
Орозбек САМШИЕВ, 84 жашта, Талас району, Кара-Суу айылы
Кушчу уруусунан чыккан сырттан Жѳнѳтбай эки атчан адамга кошулуп, үчѳѳ Суусамыр жайлоосунан жоголгон сегиз жылкыны издеп чыгышат. Ѳтмѳктү ашып түшүп келатканда алыстан карарган мал кѳрүнѳт. Жакындап барышса, мал эмес эле эки аюу уктап жаткан экен.
Кеңеш БАКИР уулу, Бишкек шаары
Белгилүү жазуучу Асыкбек Оморов Якутия (Саха), Монголия, Алтай аймактарында Инженердик-геологиялык экспедиция башчысы болуп үзүрлүү эмгектенген. Мурунку СССРдин чегараларында көп болуп, эчен кызыктуу окуяларды башынан өткөргѳнүн уккан элем. Мына ошол окуялардын түркүмүнүн бирин «Мен билген окуя» конкурсуна сунуштап жатам.
«Бул окуя 1979-жылдарда Алтай крайынын Горно-Алтайск шаарынын чыгыш тарабындагы Монголия менен чектешкен Ташанта деген жеринде болгон. Экспедициянын негизги милдети – ошол кездеги чегараларды тактоо эле. Толугу менен