Aug 03

Колго уул суу куйса берилчү бата

«Булактай тунук бол,
Кичүүгө өрнөк бол
Жакшыга өнөк бол,
Жаман көздөн калыс бол,
Каптап кирсе калың жоо,
Каш кайтарар сеси бол
Акыл-ойдун кени бол.
Арстандай айбаттуу бол,
Чалкар болуп көлдөй тол,
Чалкыган узак өмүрлүү бол,
Өмүрдүн баркын бил,
Жакшынын кадырын бил
Адамдын адалын бил,
Достун адилин бил
Жарыңдың көңүлүн бил,
Эне сүтүн актай бил,
Кудайдын амирин бил,
Оомийин!»

Jul 25

Суу куйган кызга берилген бата

«Колума суу куйган кызым,
Жүзүң суудай тунук болсун,
Тамчыдай тазарсын ниетиң,
Сапарың суудай узун болсун,
Олоңдой кара чачыңа,
Оролсун дөөлөт башыңа.
Максатыңа жетип
Бактылуу бол айланайын.
Жигиттин сымбатына ээ бол.
Карылардын урматына ээ бол
Уяң көздүү бол,
Узун өмүр, жаштуу бол!
Оомийин!»

Jul 14

Жаш жубайларга бата

Алтындан болсун жакаң
Күмүштөн болсун такаң,
Ташка таруу өнгөнчө,
Тарчылык көрбөй өткүлө.
Музга буудай өнгөнчө,
Муңчулук көрбөй өткүлө.
Жүзүңөр жайнап,
Кейиштүү болгула.
Толгон айдай
Өрүштүү болгула.
Катарыңардан озгула,
Козгогон чоктой козгула,
Эң алды берекечил болгула
Чамгарагыңар бийик болсун.
Боо бакчаларың,
Алма, өрүк болсун.
Башыңда дайым
Кулпунган кундуз көрк болсун
Ак жүзүңө жарыңдын
Ак элечек көрк болсун.
Оомийин!..
Баш алган буудайдай ыргалгыла
Кошулган талдай чырмалгыла,
Ырысыңарга эр бала сүйгүлө,
Кызыгыңарга кыз бала сүйгүлө
Кайгыланбай каткырып,
Кол кармашып жүргүлө!
Оомийин!…

Jul 03

Оомат-дөөлөт, бакыт тилегендеги бата – 7

Оо, адамдар!
Өмүр – сапар,
Жол жүрсөңөр
Жолуңар шыдыр,
жолдошуңар Кыдыр болсун.
Тилек ак, ниет таза, ишиңерди Кудай оңдосун.
Өрүшүңөр – малга,
Кырманыңар –данга,
Дасторконуңар – нанга,
Оозуңар – майга толсун.
Жакшы адамды Теңир
Жаман көздөн,
Жалган сөздөн сактасын.
Эл намысын коргогон эр азаматтардын
Башынан сыймык кетпесин.
Карылар –дөөлөттүү,
Жаштар – мээнеттүү
Келиндер – келбеттүү,
Жигиттер алибеттүү болсун.
Барчылык болуп, токчулук келип,
Бардык үйдүн түндүгүнөн түтүн булап,
Очок жагып ордо толсун.
Эл тынч, журт аман болсун.
Ата-баба арбагы жылоолоп,
Теңир колдосун…
Оомийин…

Jun 28

Оомат-дөөлөт, бакыт тилегендеги бата – 6

Күрүлдөгөнү көчкүдөй.
Күүлөнгөнү борошодой
Төрөнүн дөңгүтүнөн сакта.
Жабууланган жалаадан сакта,
Күңгүрөнүп чыккандан сакта,
Сасык арамзанын ушагынан
Эшек арамзанын тузагынан сакта.

Jun 15

Оомат-дөөлөт, бакыт тилегендеги бата – 5

Берекелүү аш берсин,
Узун өмүр жаш берсин.
Улустун улуу күнүндө
Уулуң консун уяга,
Кызың консун кыяга.
Дөөлөтүңдү ашырсын
Душманың сынып басынсын.
Менин берген бул батам
Улуу күнгө сактап жүргөн сүр батам.
Оомийин!

Jun 03

Оомат-дөөлөт, бакыт тилегендеги бата – 4

Сөзүң аталуу,
Дасторконуң баталуу,
Атың жотолуу болсун.
Бээң кулундуу,
Көзүң тумандуу,
Козуң туумдуу,
Төөң ботолуу болсун.
Келиниң аягы,
Койчуң таягы менен жаксын.
Көңүлүң дилдүү,
Башың сыйлуу болсун.
Кызың ыйбалуу
Келиниң ыймандуу
Уулуң уяттуу болсун.
Оомийин…

May 28

Оомат-дөөлөт, бакыт тилегендеги бата – 3

Жакшы келсин кашыңа
Нур жаасын башыңа.
Айылыңар малдуу болсун.
Жылкыңар жалдуу болсун.
Жигиттериң эмгек этип,
Агайындын алды болсун.
Катуулуктан алыс бол,
Таттуулукка ынак бол.
Күйөө – жүз жылдык,
Куда – миң жылдык.
Кудай кошкон куда болот.
Пайгамбар кошкон дос болот.
Көңүл төтөгөлүү,
Өмүр өтөгөлүү болсун.
Таңың азандуу,
Очогуң казандуу болсун.
Түндүгүңдөн кут куюлсун,
Дасторконуңа бүт жыйылсын!
Оомийин!..

May 14

Оомат-дөөлөт, бакыт тилегендеги бата – 2

«Баш болсун,
Мал болсун,
Узун өмүр жаш болсун,
Берекелүү аш болсун,
«Ихи» деген оору болбосун,
«Келе» деген доочу болбосун,
Баккан бала болбосун.
Калк ордунда болсун,
Хан тактысында болсун,
Хандын калабынан сактасын,
Карачачынын дооматынан сактасын
Ашууусу бийик тоодон сактасын,
Айкырып тийген жоодон сактасын,
Агыны катуу суудан сактасын,
Адам өлгөн чуудан сактасын
Теңирим өзү жалгасын,
Бак карасын,
Кыдыр даарысын,
Эл ичи тынч болсун,
Эмгек кайнап турсун,
Береке жайнап турсун,
Карыларыбыз нускалуу болсун,
Байбичелерибиз берекелүү болмун.
Уулдарыбыз ыймандуу болсун!
Очок жанып, ордо толсун,
Эл тынч, журт аман болсун!»

May 03

Бакай атанын батасы

Айтылуу шумкар көздөй бол,
Адам таппас сөздүү бол.
Байсалдуу артың үзүлбөс,
Бак баштаган көчтүү бол.
Балага балтыр бешик бол,
Бакытка ачык эшик бол,
Улууну сыйлап жетик бол,
Кичүүгө өмүр кешик бол.
Аккан суунун шары бол,
Балбандардын алпы бол,
Оорулууга дары бол,
Опол тоодой кары бол.
Кыдыр болсун жолдошуң,
Кыйын күн башта болбосун.
Ыйык тут ата ордосун,
Омийин, кудай колдосун!