Залкарды эскерүү
Жаны тынбаган эмгекчил мүнөзү менен күү аткаруунун, ыр ырдоодонун үстүндө талыкпай изденип жашаган агабыз тамак ичүүнү унутушу мүмкүн эле, бирок комуздун кылдарын кылдыратып күү издегенди саамга да унутчу эмес. Күүлөрүн чыгаруу, обондорун жаратуу менен гана чектелип калбай, күүлөрдүн уламыш тарыхын чечмелеп жазып, кыргыздын санжырасын кагазга түшүрүүдө да алтындай убакытын коротуп, андан сырткары комуз чаап, уста болуп, чыгармачылыктын албуут дайрасында күн-түн дебей сүңгүп жүрчү. Дүйнөлүк деңгээлдеги канча күүлөрдү жаратса да, аларды жогорку чеберчиликте аткарса да, “дагы эле марага жетпей жатам” деп токтоно албай, өзүнө катуу талап кое билген инсан эмес беле. Нурак Абдрахманов талбаган изденүүсүнүн, толгонуусунун аркасы менен комуздун ичеги кылын жибек жипке алмаштырганды таап берип, азыркы комузчуларды ичегиге окшош коңур үндүү кылга ээ кылып кетти. Continue reading