Jun 05

Кудай конок

Бул – бейтааныш адамдардын жол жүрүп келе жатып күтүлбѳгѳн жерден үйгѳ түшүүсү. Ал ѳзүнүн кудай конок экенин айтат, же айтпай да коет. |Үй ээси болгон  мүмкүнчүлүгү менен аны сыйлоого аракеттенет. Мындай конокту элибиз жогору баалашкан. Аны кудайым ѳзү жибергендей, кызыралекимсалам түнѳп кеткендей сезишкен. Элибиздин сыйын, пейилин эч нерсе менен ѳлчѳѳгѳ болбойт.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Jun 03

Конок насиби

Бул – сыйлуу тамакты мейманга сактоо. Уяттуу адамдар келип калса, алдына коюу. Кыргыздар конок келгенде дасторкон үстүнүн ѳтѳ жупуну болушуна ѳзүлѳрү аябай уялышкан. Үкѳккѳ салып катып, аны кулпулап, балдарына да берүүчү эмес. Карын май ошондой учурда бузулган. Ал күнү меймандын аркасы менен бапырап дасторкон үстү карк болуп, кел бери делип, бала-бакыранын оозу майланып, үй ичине береке кире түшчү. Анан жандык союшуп, муну “конок ѳз ырыскысы менен келет” деген ниетти ичтен тартуулап турушкан.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Jun 01

Меймандын колуна суу куюу

Мунун да ата салты, эне баркы бар. Адатта, кѳбүнчѳ эркек бала колго суу куюушу шарт. Суулукту сол ийинге илип, чылапчынды четинен кармап, жылымык суусу бар кумганды же чайнекти оң колго кармап, эт жээрде солдон оңду кѳздѳй карай меймандын колуна акырындан бѳлүп-бѳлүп, чачыратпай куюш керек. Ошондо колун жууп аткан адам ѳзүнүн батасын берет. Эт желип, бата тиленип бүткѳндѳн кийин суу оңдон баштап солго (аяк ѳйдѳ) куюлат. Баталар кайра берилет. Балага суу куйдуруу салт. Анда конокту сыйлоо адеби жатат. Мындан бала-бакыра таалим-тарбия алат.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

May 30

Кайрат айтуу

Бул – башына күн түшүп, аза күтүп, казасы каар жутуп турган адамдын кѳңүлүн жубатуу. Салыштырмалуу санжыралуу сѳзкеп, накыл-насаат аркылуу ага дем берүү. Бу бир келип-кетүүчү жарык жана жалган дүйнѳдѳгү болмуштарды ырааттуу, ишенимдүү айтуу менен тигиге күч-кубат берүү…  Азыр да кайрат айтуучулук, муңайымдуулук жѳрѳлгѳлѳрүбүз бар.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

May 27

Угузуу

Бул – жамандык кабарды ѳзүнүн жѳрѳлгѳсү менен бир топ адамдар топтошуп, билдирбей келип айтуу. Адатта, айрым кѳз караштардан да, түштѳн да, айыл ичинин жүрүш-турушунан да жүрѳк сезген учурлары бар.

Угузуу – элибиздин эчактан келе жаткан салттуу кѳрүнүштѳрүнѳн аталгандыктан мунун да алгылыктуу жагдайларын эл ойлоп тапкан. Комуздун муңдуу күүсү аркылуу да туюндурган. Ыр менен угузуу анын арбайын ого бетер кѳтѳргѳн. Мындайда угузууну да аттуу-баштуу адамдарга тапшырган. Ал кеп тѳркүнүн тѳгѳп келип айткан.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

May 24

Мурас калтыруу

Бул – атадан калган байлыктан (мал-мүлктѳн) балдарына, жакындарына үлүштүрүлүшү. Кѳзү ѳткѳн ата-энелердин, жесирдин мал-мүлкүн жакындары ич ара калыс кармап, шарттарына карата, жакындыгына жараша, улуулата балдары (кыздары да) бѳлүшүп алуу. Жаш жетимдер мал-мүлкү менен жакындарынын колуна ѳткѳн учур да болот. Мында эс тартып, мал-башка ээлик болгуча ошол жакын туугандарынын кѳзѳмѳлдүгүндѳ жүрѳт. Туугандыктын шарты боюнча жетим-жесирине элибиз ѳтѳ кайрымдуулуктун чегине жетчү.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

May 21

Ажаат ачуу

Бул – зарылып турган адамдын керегине жароо, анын башына түшкѳн кыйынчылыктан куткара туруу. Ажаат ачууга ошол адамдын карызын тѳлѳѳ, ажаатчыл береселерин кѳздѳѳ. Же аласасын ал адам кечип жиберүү, карыз бирдеме берүү, кириптер адамдын башын бошотууга жардамдашуу сымалдар мисал боло алат. Андайлар тууралуу “Ажаатчыл адам”, “Ал жок дебейт”, “Ал ажаатка жок” ѳңдүү жѳрѳлгѳлүү сѳздѳр айтылат. Ажаат ачкандар – элдик адамдар. Айыл ичи мындайлар менен сыймыктанат.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

May 18

Устукан сунуу

Бул – кыргыздарда абалтан калган салттардын бири. Мында табакка кошулган улуулар алган устуканын жарым-жартылайын сыйда жеп, калганын анча жылаңачтап жибербей, бирѳѳлѳргѳ (адатта кичүүлѳргѳ, келин-кесектерге) берүүсү.  Жейсиңби, жебейсиңби, устукан сунган колду суутпай, алышың керек. Конок табагынын касиети бар. “Жетѳѳнүн бирѳѳ кыдыр” дегендей, алар сунган устуканы менен кошо батасын берип жатпайбы!

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

May 15

Сооп тилѳѳ

Адамгерчиликтин бир түрү. Бирѳѳлѳрдүн керегине жароо. Бей-бечараларга колдон келишинче карашуу. Аны нарк билгендик кылып катарга алып жүрүү. Жону жукаларга тамак-аш, эгин-тегин берүү. Кийим-кечектеринин эски-ускуларынан чечип кийгизүү. Бул, тилемчиликтен айырмаланат. Биз учкай айткан соопчулук, соопко калуу, сообун алуу, сообун тийгизүү кыргызда абалтан болуп келген. Мындан “Биз жармач кезде жардамы тийген, соопко калган” ѳңдүү  кайтарымдары да болот.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

May 12

Кошумча

Жамандык-жакшылыкта элибиздин бири-бирине кѳрсѳткѳн жардамы, урмат-сыйы. Ар ким алына жараша (акча, мал, кийит, эгин-тегин, чѳп-чар, отун-суу) жай айтат. Берешен элибиз ортодон чыгарып, белгилүү  ѳлчѳм чыгарат, же биригип мал союп, ал шарттуу түрдѳ болот. Бул “ыража” деп да айтылат. Айыл арасында, же тууган ичинде жону жукалардын башына жаманчылык түшсѳ бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ага ѳмѳчѳктѳп жардам берүү, жеңилин жерден, оорун колдон алуу биздин элде бар. Кошумча чогултуу – элибиздин урматы.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби