Учурдун идеялык тополоңу: паспорт. КЫРГЫЗДЫН АТЫН ӨЧҮРҮҮГӨ КИМДЕР КЫЗЫКДАР?

3-паспорт фото

 

Кыргызстандын жарандык паспортундагы «улут» графасы тууралуу талаш, катардагы кыргыз атуулдарынын да, тиешелүү аткаминерлердин да, компетенциясы кыйла жетиштүү интеллектуалдардын да бүйрүн кызытууда.

5-Жыргалбек Касаболотов

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, саясат таануучу

Маселе конкреттүү документтин масштабынан ашып өтүп, улуттун тагдыры, жалпы эле мамлекеттүүлүктү бекемдөө деңгээлине чейин чыкты. Анысы жакшы. Талаштан тактык жаралаар деп үмүт кылалы.

«Улут» деген түшүнүктүн ар башка чечмеленишине байланыштуу илгертен келаткан терминологиялык оош-кыйыштар тууралуу  гезиттин өткөн санындагы макалада сөз кылганбыз. Бул багытта билгилердин айтканы бир башка, аткаминерлердин жүйөлөрү таптакыр башка чыкты. Мисалы, белгилүү журналист Эсенбай Нурушев ЭлТРдеги көрсөтүүдө улут тууралуу түшүнүк эки башка шартта калыптанганын түшүндүрүп, адегенде ошол маселени чечип алуу зарыл экенин айтып чыкты. Ал арада Мамкаттоонун жетекчилиги бирде «улут графасын алып салабыз» деп КТРден планын ачыкка чыгарып, бирде «баары эми кыргыз болот» деп, анын мааниси тууралуу карандай калп айтып, ал эми жарандар митингге чыккан соң, “паспорт алчулардан кыргыз тилинен экзамен алдырабыз» деп жакын арада эч ким расмий түрдө пландабаган, өз компетенциясына тиешеси жок маселени козгоп, түпкү түшүнүктөрдү каалашынча бурмалап келатат.

Улут графасын алып салуу элдин талабына да, ички-сырткы зарылдыкка да эч кандай негизделбегени, кандай коркунучтуу жагдайларды жаратаары буга чейин кеңири айтылган («Көк Асаба», 29-июнь, 2016-жыл). Адатта кайсы бир маселе талданып жатса – ал жерде конкреттүү кимдин кызыкчылыгы бар экени талданышы керек. Эл өзү бул проблеманы көтөрбөсө, сырткы оюнчулар андай маселе койбосо – демек анын сыры башка жакта жатат. Кыргыз паспортунан кыргыз улутунун атын өчүрүүгө кимдердин кандай жеке кызыкчылыгы бар? Эми ошону бүгүнкү реалдуу жагдай-шартка ылайык талдап көрөлү.

ЕврАзЭС биримдиги жана көзөмөлсүз коррупция

Азыркы түзүлгөн келишимдер Кыргызстандын жарандарына өлкөнүн ички паспорту менен ЕврАзЭС мамлекеттеринде визасыз, атайын каттоосуз ээн-эркин жүргөнгө, ишке орношконго жана иштегенге мүмкүнчүлүк берет. Коңшулаш Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кытайдын жарандарында андай мүмкүнчүлүк жок. Бирок алардын өтө көп жарандары ЕврАзЭС мамлекеттеринде, айрыкча Орусия менен Казакстанда ошондой оңой жол менен иш табууга ынтызар. Албетте, алар улуту, жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы жазылып турган азыркы кыргыз паспортун мыйзамсыз жолдор менен сатып алып, азыр деле ал жакка кете берсе болот. Бирок белгилүү бир масштабдан ашкандан кийин Орусиянын компетенттүү органдары эртедир-кечтир бул тууралуу маселе козгошот. Анткени, мисалы, Кыргызстанда расмий түрдө бала-чакасы менен кошкондо 836 миң өзбек жашаса (Википедия), Орусияга Кыргызстандан, айталык, 1,5 миллион өзбектин кантип барып калганын түшүндүрүшкө туура келет. Же болбосо, Кыргызстанда 30 миңдей кытай жүргөнү чын болсо – Орусияга кыргыз паспорту менен кантип 60 миң кытай жетип барганын түшүндүрүш андан бетер кыйын болот… Ал эми эгерде паспортто улуту көрсөтүлбөсө, жашаган жери ачык аныкталбаса – мынчалык масштабдагы миграцияны өнөктөш мамлекеттердин компетенттүү органдары текшере да, көзөмөлдөй да албай калат. Андай маселе коюлбай да калат, анткени улут тууралуу графанын өзү жок болот. «Кыргыз жараны» деген паспорт менен кытайы да, өзбеги да, тажиги да Орусия менен Казакстанга каалашынча каттап, ошол жакка кирип кеткенге кеңири жол ачылат. Ошентип, жабылуу аяк жабылуу бойдон калат да, кыргыз паспортун коңшулаш өлкөлөрдүн жарандарына чексиз масштабда, эч кандай көзөмөлү жок, суроо-сопкуту жок сатканга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жаңы түрдөгү паспортторду ишке киргизүү маселесин изилдеп чыгуу милдети жүктөлгөн жумушчу топ түзүү тууралуу премьер-министр Т.Сариевдин № 635-буйругу 2015-жылдын 28-декабрында чыккан экен. Ал жумушчу топтун ишин уюштуруу жана техникалык жактан камсыз кылуу Мамкаттоого жүктөлгөн.

Жумушчу топтун жетекчиси катары:

вице-премьер-министр Олег Панкратов;

топтун жетекчисинин орун басарлары катары:

Мамкаттоонун төрагасы Тайырбек Сарпашов;

Юстиция министринин орун басары Улан Дөөталиев бекитилген.

Топтун курамына мүчө болуп ЖК депутаттары:

Галина Скрипкина;

Жаныбек Бакчиев;

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев;

Финансы министринин орун басары Улукбек Карымшаков;

Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Данияр Сыдыков;

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын директорунун орун басары Тилек Чокморов;

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов;

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев;

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Нурдин Ибраев кирген.

Булардын баарын атап жатканыбыздын себеби – кыргыз паспортундагы улут графасынын тагдыры эми ушул кишилердин улуттук сезимине, адамдык парасатына, саясый салмагына байланыштуу.

13-июлда бир катар жарандык коом өкүлдөрү Мамкаттоонун алдына митингге чыгып, анын төрагасы Т.Сарпашевге бул тууралуу өз позициясын билдиришти. Тилеккке каршы, Мамкаттоонун жетекчиси баштапкы ниетинен баш тартмак тургай, өз сунушуна каршы айтылган жүйөлөрдү оңгулуктуу уга турган түрү жок. Анын бул турушун жогоруда сөз болгон жагдайларга байланыштуу жеке кызыкчылыктар менен түшүндүргөндөн башка арга калбай турат.

Жумушчу топтун башка мүчөлөрү бул тууралуу өз оюн ачык айта элек. Эгерде алардын позициясы да Т.Сарпашевдики менен бир чыкса – анда бул кыргыз паспортун ЕврАзЭ өлкөлөрүндө жашагысы келген башка өлкөлөрдүн жарандарына эч көзөмөлсүз, оңду-солду сатууга шарт түзө турган коррупциялык механизмдерди түзүүгө ошолордун баарынын жеке кызыкчылыгы бар деп түшүнүшкө туура келет. Демек, бул жарандык коомдун гана эмес, компетенттүү коопсуздук органдарынын да кызыга турган маселеси.

Чыныгы сепаратисттер

Чындап келсе, кыргыз жаранынын атын жамынып алып, кыргыз саясатын кыргыз улутунун кызыкчылыгынан таптакыр башка нукка бургусу келгендер өз улутун ачык көрсөтүүгө умтулбайт. Кезегинде сепаратисттик талаптарды коюшу менен кеңири таанылып, учурда качып жүргөн Кадыржан Батыров «Ватан» («Мекен») аттуу партия түзгөнү жакшы маалым. Анын мүчөлөрү негизинен бир улуттун өкүлдөрү болгону да эч кимге жашыруун эмес. Азыркы Башмыйзам антип бир улуттун негизинде партия түзүүгө тыюу салат. Бул туура талап. Бирок, эгерде улут графасы жоюлса – ошол талап өзүнөн-өзү кошо жоюлат. Анткени кайсы бир партиянын улуттук негизде түзүлгөнүн далилдей турган жагдайдын өзү жок калат. Дагы бир тилге расмий статус берүү маселеси, өлкөнүн унитардык түзүлүшүн өзгөртүү маселеси жана башкалар так ошондой күчтөр тарабынан кадимкидей эле мыйзамдуу коюла баштайт. Башка жагынан, аз улуттар азыркыдай партиялардагы квотасынан ажырап, кыргыз элинен ошондо чындап алыстайт. Жыйынтыгы белгилүү.

Сырткы геосаясый күчтөр

Кыргыз улутунун аты өчүшүнө, Кыргызстанда кыргыз эли укуктук жактан коргоосуз калышына сырттагы көптөгөн күчтөр түздөн-түз кызыкчылыгы бар. Алар:

1) диний фундаменталисттер;

2) Батыш баалуулуктарын таңуулай турган, паспорттон улуту тургай жынысы тууралуу маалыматты жок кылууга умтулган геосаясый күчтөр;

3) анан албетте, мурдагы орус империясын жаңы негизде калыбына келтирүүгө умтулган ички-сырткы кыймылдар.

Анткени, кыргыз эли – Кыргызстандын өзөгүн түзгөн, уютку эл. Ошол сырткы таасирдин баарына каршы тура турган бирден-бир баалуулуктар да – кыргыз элинин баалуулуктары. Эгерде кыргыз эли кадыресе улут статусунан ажырап, жөн гана жарандардын бирине айланса, бул маселени козгой турган субъектинин өзү жок калат. «Кыргыз жаранын» каалагандай калчаса болот. «Кыргыз жарандарынын» атынан парламентке намазкана ачмак тургай, республиканы акырындап диний мамлекетке айландырып, гей-параддарга уруксат берип, мамлекеттик тилди басмырлап, расмий тилдин зоболосун көтөрүп, кыскасы, каалагандай чалмакейди чала берсе болот. Бизге ошол керекпи? Кыргыз элине – кереги жок.

Жарандык. Шайлоо механизмдери. КР президентинин позициясы

Башмыйзамга ылайык Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгаруу – КР Президентинин ыйгарым укугундагы маселе (КР Конституциясы, 64-берене, 7-пункт). Азыркы жарандык тууралуу мыйзамга ылайык кыргыз улутундагы адамдар КР жарандыгына жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кабыл алынат. Эгерде улут тууралуу графа алынып салынса, анда бул талап канчалык иштеп жатканын көзөмөлдөгөнгө мүмкүн болбой калат. Шайлоодо 20-30 миң добуш дагы чоң роль ойной тургандыгы белгилүү. Улут графасынын жоюлушу – улуту аныкталбаган жаңы жарандарды өтө көп санда кабыл алып, ал аркылуу шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого кеңири жол ачат. Президент А.Атамбаевдин ошондой жеке кызыкчылыгы барбы? Жок болсо – жарандык коом чырылдап айтып жаткан коркунучтарды эске алып, бул боюнча тиешелүү чара көрөөрү шексиз. Бар болсо – анда «канды Кудай ураарда калкына катуу кас болот» деген кыргызча эле жыйынтык келип чыгат.

Азыркы тапта президенттин жеке өзүнүн жарандык позициясы, улут маселесинде кабыл алган чечимдеринин ырааттуулугу өтө маанилүү. Ачык айталы, анын тегерегиндегилер, атап айтканда, президенттик аппарат жетекчисинин орун басары, этностук, диний саясат жана жарандык коомчулук менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева, президенттин алдындагы «Ыйман» фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков – бири улут графасын жоюп салуунун жигердүү тарапкери, экинчиси улут тууралуу түшүнүктү Батыш кыртышында кабыл алган киши катары белгилүү. Бирок А.Атамбаев ошолордун жетеги менен, маселени терең териштирбей туруп, түпкү улуттун кызыкчылыктарына каршы чечим кабыл алса – анда тарыхта кыргыз атын кыргыз паспортунан өчүргөн өлкө башчысы катары гана тарыхта калаары анык. Анда буга чейин Көчмөндөр оюндарын уюштурганы да, «Кайран элим, кайда баратабыз?» деген баннерлерди бүт өлкөнүн аймагына илдиргени да бир тыйын болуп калат.

Жыйынтык

Бардык эле улуттук негизде түзүлгөн классикалык мамлекет сыяктуу, Кыргызстандын уюткусу, өзөгү – кыргыз эли. Бирок ошол уютку боло турган кыргыз эли өзү да өз баалуулуктарына уюбай, өзүн бир улут, бирдиктүү кызыкчылыгы бар субъект катары сезе албай келатканы да чын. Уюмак тургай, бири Батышты, бири Чыгышты карап, ар башка тилде сүйлөп, бирин-бири түшүнбөй, көр оокаттын айынан бири кетти Каңгайга, бири кетти Алтайга болуп турганы да чын. Же бир арабыздан «ак марал багып уй кылган, ай-ааламды буй кылган, кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган, эптеп жүрүп эл кылган, эр уулу менен тең кылган» Манас туулуп, анын баарын жыйнап келе элек. Же бир кыргыз эли өз өлкөсүнүн жоопкерчиликтүү кожоюну экенин сезип, кыргыз тилинде баары сүйлөп, кыргыз салт-санаасын баары бирдей кабыл алып, башка улуттар кыргызга жакындашып келаткан болсо да бир жөн.

Андай заман да келээр. Ал үчүн алдыга максатты туура коелу. Улуу-кичүүбүз дебей, Кыргызстандан кыргыз атын өчүрүүгө багытталган түркөй аракеттерден биротоло баш тарталы. Ата-бабалар айтмакчы, демилгечилердин өз башы менен кетсин. Андан көрө Кыргызстанга кыргыз элин кайрадан топтоого, көбөйтүүгө, кыргыз тилинин зоболосун көтөрүүгө, өрүшүн кеңитүүгө, кыргыз элин өз баалуулуктарына уютууга, башка улуттагылар паспортунун бешинчи графасын өздөрү эле кыргыз деп жаздырууга умтулгудай заманды алып келели. Ушул багыттагы иштерге бет алып белсенели, ошону негизги максат кылалы. Өлкө башчыбыздын да, өкмөтүбүздүн да, катардагы жарандарыбыздын да ою, ниети, аракети ошол жакка топтолсун. Ошондо Мамкаттоонун азыркы сунуштары бир кезде кыргыз алфавитинен Ы тамгасын алып салгысы келген ашкере орусчул коммунисттердин жоругундай эле аңыз кепке айланаары да анык. Азыр деле ал деңгээлден ашкан жок.

Улутум – Кыргыз, урааным – Манас!

 

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *