Jul 25

Суу куйган кызга берилген бата

«Колума суу куйган кызым,
Жүзүң суудай тунук болсун,
Тамчыдай тазарсын ниетиң,
Сапарың суудай узун болсун,
Олоңдой кара чачыңа,
Оролсун дөөлөт башыңа.
Максатыңа жетип
Бактылуу бол айланайын.
Жигиттин сымбатына ээ бол.
Карылардын урматына ээ бол
Уяң көздүү бол,
Узун өмүр, жаштуу бол!
Оомийин!»

Jul 14

Жаш жубайларга бата

Алтындан болсун жакаң
Күмүштөн болсун такаң,
Ташка таруу өнгөнчө,
Тарчылык көрбөй өткүлө.
Музга буудай өнгөнчө,
Муңчулук көрбөй өткүлө.
Жүзүңөр жайнап,
Кейиштүү болгула.
Толгон айдай
Өрүштүү болгула.
Катарыңардан озгула,
Козгогон чоктой козгула,
Эң алды берекечил болгула
Чамгарагыңар бийик болсун.
Боо бакчаларың,
Алма, өрүк болсун.
Башыңда дайым
Кулпунган кундуз көрк болсун
Ак жүзүңө жарыңдын
Ак элечек көрк болсун.
Оомийин!..
Баш алган буудайдай ыргалгыла
Кошулган талдай чырмалгыла,
Ырысыңарга эр бала сүйгүлө,
Кызыгыңарга кыз бала сүйгүлө
Кайгыланбай каткырып,
Кол кармашып жүргүлө!
Оомийин!…

Jul 10

Алым сабак, айтым кеп

 Асыкбек Оморов (Чын Темир), жазуучу

Ондогон кылымдарды карыткан кыргыз элинин ичинде кара кылды как жарган калыс, калпыс иштерден алыс, бечараларга бел, карыптарга караан болгон далай бабаларыбыз жашап өткөн. Алардын атагы алыска чыккан, калк оозуна алынып, эл анын өзүн көрбөсө да, сөзүн бири-бирине айтып, ушул убакка чейин сыймык менен даңазаланат.

Толугу менен

Jul 10

Кыргыз жаштары качан коомдук күчкө айланат?

Социология илимдеринин мудариси Кусеин Исаев,
Социология изилдөөчүсү Самарбек Сыргабаев

«Жаштар биздин келечегибиз» деп куру ураан кылып жогорку жана кадыресе трибуналардан көп эле сайрап жүрөбүз. Бирок, тилекке каршы, жаш муундун чыныгы абалы, коомубуздун түп-тамырынан бери жаңылануу жолунда алардын аң-сезиминин, баалуулуктарынын өзгөрүү багыттары каякты көздөй бара жатат деген сыяктуу суроолорго жооп издөө көз жаздымда калып келет. Ушул тапта республикада жаштар маселеси менен алектенген бир да илимий мекеме түгүл, кичинекей кафедра же лаборатория да жок. Жаштар чөйрөсүндө болуп жаткан процесстерди эч ким так билбейт, себеби илимий изилдөөлөр өтө аз. Мына ушундай шартта мамлекеттик жаштар саясатын жүргүзүү ылай суудан балык кармоого жасаган аракеттей эле сезилет.

Толугу менен

Jul 03

Оомат-дөөлөт, бакыт тилегендеги бата – 7

Оо, адамдар!
Өмүр – сапар,
Жол жүрсөңөр
Жолуңар шыдыр,
жолдошуңар Кыдыр болсун.
Тилек ак, ниет таза, ишиңерди Кудай оңдосун.
Өрүшүңөр – малга,
Кырманыңар –данга,
Дасторконуңар – нанга,
Оозуңар – майга толсун.
Жакшы адамды Теңир
Жаман көздөн,
Жалган сөздөн сактасын.
Эл намысын коргогон эр азаматтардын
Башынан сыймык кетпесин.
Карылар –дөөлөттүү,
Жаштар – мээнеттүү
Келиндер – келбеттүү,
Жигиттер алибеттүү болсун.
Барчылык болуп, токчулук келип,
Бардык үйдүн түндүгүнөн түтүн булап,
Очок жагып ордо толсун.
Эл тынч, журт аман болсун.
Ата-баба арбагы жылоолоп,
Теңир колдосун…
Оомийин…