Ж.Майрамкан, Тюмень шаары
Мектепти бутуп ошол кездеги баардык бүтүрүүчүлѳр сыяктуу эле агылып келгендердин шарында мен да Фрунзеге келдим. Медициналык окуу жайга тапшырып ѳтпѳй калдым да, Камволдук-нооту комбинатында иштей баштадым. Бул, 1975-76-жылдар эле. Бир күнү таежемкине барып кеч калып, кѳчѳдѳ келатып бир жигит менен таанышып калдым. Караңгыда коркуп келатканымды байкаган ал менин жаш экенимди эскертип, «чоң шаарда экинчи мындай кеч калба» деп жатаканама чейин жеткирип койду. Эртесинен тартып эле мени киного чакырып, экѳѳбүз бара-бара ынак болуп кеттик. Чогуу жашаган кыздарымдын эскерткенине карабай, сүйүүнүн кѳзү сокур демекчи, мен Таалайга берилип кеттим. Кээде анын классташтары менен, кээде группалаштары менен чогуу болобуз. Ал Айыл чарба институтунда 4-курста окучу. Ошентип жүрүп, бир күнү кош бойлуу болуп калганымди билдим. Тойго жетпей мындай болуп калганына кабатыр боло, жигитиме ѳзүмдѳгү жаңылыкты айттым. Ал угаар менен секирип кетти, «окууну бүтѳйүн, алдырып сал» деди. Мунусу мага таптакыр күтүүсүз мамиле эле. Башым айлан-кѳчѳк боло түштү. Анан ошол күндѳн тарта Таалай мага жолукпады, дайнымды иликтебеди. Мен болсо тааныштар аркылуу бир жакшы эженикинде жашап, окуум калды. Алдыдагы жашоом алай-дүлѳй кѳрүнүштѳ болуп, айлам кетти, коркеунуч басты. Ай-күнүм жеткенде эркек тѳрѳп, үчүнчү күн дегенде тѳрѳтканадан качып кеттим. Чүрпѳ уулум ошол жерде калып, ѳзүм айылга жѳнѳдүм.
Толугу менен