1968-жылы бул таканы Жылаңач-Бугудан алып келген Болот Исабеков үйүнө келгенде үч күн бою үйүнөн чыкпай, эч ким менен сүйлөшпөй койгон. Анын бүт денесине ошондо жара чыгып, кырк бир күн дегенде араң айыккан.
Темирбек Токтогазиев, “Манас жаңырыгы” ТРКсынын директору изилдөөчү
Манасчылардын айрым аян-окуяларын укканда ишенбей турган учурум да болоор эле. Бирок, жакында эле, мындай ойлорумду тып-тыйпыл кылып талкалай турган далилди көтөрүп Айбек деген жигит келди мага. Анын кызыктуу баяны чоң атасы Болотбек Исабеков жана Манас атабыздын Аккуласынын такасы тууралуу болду…