Гений жөнүндө баллада

(Алп манасчы Саякбай Каралаев жөнүндөгү китептен үзүндү)

Каныбек ИМАНАЛИЕВ, коомдук ишмер, журналист

МАНАСЧЫ КИМ?

Чынында эле манасчы ким?

Манасчы – бул өткөн-кеткенди, тээ качанкы бир атам заманды көз алдыңа элестеткен санжырачы.

Манасчы ким?

Албетте, байыркынын баянын саймедиреген жомокчу.

Ал өткөн доорду бүгүнкү күнгө байланыштырып турган көпүрө. Оңой эле бизди миң жылга артка алпарып коё алат.

Манасчы – бул жан-дүйнөңдү козгоп, көңүл эргитип айгай салган төкмө.

Ойду нускалап айткан чечен. Жүлүндү муздатып, жүрөктү сыздаткан кошокчу.

Ырчы гана эмей, ал ырды ойлоп чыгарган акын. Ага обон салган обончу.

Эр жүрөктүүлүктү даңаза кылып, чакырык таштаган эрен.

Сөздү алтын, күмүш, бермет, жакут менен шөкөттөгөн зергер.

Сөз менен баян кылып, сөз менен элес тарткан сүрөткер.

Манасчы – акылман, ал Манас айтат, насаат айтат, осуят айтат. Жипсиз байлайт.

Манасчы жөн гана сөз эккен эмес, өнөр-билим себелеген, сөзү менен сыркоологонду айыктырган эмчи-домчу. Дартка даба дарыгер.

Манас айтып жаан чакырган жайчы.

Кыргыз дүйнөсүн тааныткан аалым.

Манасчыбы – бул Манас айтып эртеңкини көрө билген олуя, кеменгер.

Манасчы – сырткы душмандан коргогон чеп сыңары. Душман менен кармашаарда колго кармаган өзүнчө эле бир ыйык курал. Каар күндөрү калкалап калаар калкагар тоо. Салтанат күндөрү желбиреген бийик Асаба.

Манас айтканда өзүнчө бир илеби уруп турган – энергия. Күч-кубат.

Манасчы – бул Манастын кишиси, Жараткандын жердеги өкүлү. Рухуңду көтөрүп, көкөлөткөн өзүнчө бир кудурет.

Куш учуу үчүн жаралса, манасчы Манас айтуу үчүн жаралат. Бүт өмүрүн керемет дастанга арнайт. Алар үчүн жашоо – бул Манас. Алардын өмүрү бүтсө да, өнөрү улана берет.

Манасты окуп билим, илимий  даражага ээ болсо болот, бирок Манасты окуп манасчы болуу мүмкүн эмес. Аны Манас даарыйт. Арбак даарыйт. Аны жакшысы да угат, жаманы да угат. Баарыга телегейи тегиз.

Манасчы – ичи тарлыктан, ушак сөздөн, көр турмуштун көйгөйүнөн алыс турган бийиктеги руханий инсан.

Аны – манасчыны Манас тандайт. Көктөн.

Баарыбыздын жүрөгүбүздө Манас бар, Манастын жүрөгүндө ким бар болду экен?

Манасчы буркан-шаркан түшүп айтып кирсе жазгы кирген дайрага окшош.

Дымып калса түбү терең көл шекилдүү.

Ойлоно кетсе опол-тоо сымал.

Үч күн, үч түн айтса түгөнбөгөн көөнөрбөстүгү түбөлүк кебелбес, кемибес уйкудагы ак кар, көк муз ордологон Улуу Мөңгү таризде.

Аруулугу башынан саймедиреп айтып баштаса жаздагы эле жерден көз жарып чыккан Улуу Тоодогу тунук булак элестейт.

Биз болсо кыргыздар, Манас даарыган элбиз.

Манасты угуу – бийиктикке чыгуу, аруулануу. Өзүңдү өзүң таануу. Өтүп кеткен ата-бабалар менен кездешүү.

Чыныгы турмуш менен кыял жашоонун ортосундагы өзүнчө бир керемет.

Не себептен улам бир манасчы чыгып уланып турат?

Кыязы Манасты толук айтып бүткөнгө бир адамдын өмүрү жетпейт, бүтүндөй бир улуттун өмүрү керек болоор…

Манасты жүрөктүү адам гана айта алат.

Болбосо бу сүрдүү жана сыйкырдуу дүйнөгө даап баш багуу өтө опурталдуу иш эмеспи. Манасчыны укканда өзүң да ошо доордун азабын көргөндөй болуп кетесиң.

Эгерде угуп аткан кыргыз болсо Манасты дүлөйлөр да угат, азистер да көрөт. Жүрөгү менен туят. Манас касиети мына ушундай эмеспи.

ҮЧИЛТИК КАСИЕТИ

Саякбай атанын башка манасчылардан айырмаланып адамды, ар бир кыргызды, кыргыз тургай аны бир уккан угарманды улутуна карабай өзүнө тарта билген касиети эмнеде?

Сакадай бою сары алтын, кудум чулу алтындан уютуп койгон сыяктуу бой-келбетиндеби? Же бүт он сегиз миң ааламга угуза айтып жаткан шекилдүү айгайлаган үнүндөбү? А балким дастан айтып жатканда тээ байыркы кылымдардын оюгуна кирип кетип, өң-келбети жүз кылым карыткан кейиптенип кеткен Сократ сүрдүү өңүндөбү?

Бу манасчыны көргөн сайын көзүң тойбойт, уккан сайын кулагың тойбойт, көксөгөн сайын көкүрөгүң тойбойт.

Демек, касиет даарыган экени шексиз. Кандай касиет? Ар кимди кызыктырат эмеспи. Манасчынын мындай сыйкыр талантынын сыры эмнеде экенин билүү максатында белгилүү врач, медицина илимдеринин кандидаты Исаева Жанаргүл Дүйшекеевна менен маектешип жатып, ошол соболдорго жооп тапкандай болдум.

…Ар манасчы өз-өзүнчө талант. Бир окшоштугу – алардын баары тегин жан эмес. Экинчи окшоштугу – баарына тең Манас түш аркылуу аян болуп кирген. Үчүнчүсү – бирине Манас кулагына угулат, бирине көзүнө көрүнөт, а кай бири көкүрөгү менен туюп айтат. Маселен, залкар манасчы Сагымбай Орозбаков «Манас» айтканда кулагына угулуп, ал аны элге баяндап берип турган.

Келдибек манасчы болсо көзүнө ошол окуя кудум кинотасмадан өтүп жаткандай көрүнүп, ошол көргөн-билгенин айтып берип отурган.

Кытайлык Жусуп Мамай атабыз өзү болсо көкүрөгү менен туюп билип баян этет.

Ал эми Саякбайга болсо, жараткан берешендик менен ошол үч касиетти тең ыроологон экен! Дегеним, Сакең Манас айтып жатканда бир эле учурда улуу жомок кулагына угулуп, көзүнө даана окуялар көрүнүп, анан анын баарын көкүрөгү менен туюп айткан. Ойлогон ою сыртынан төгүлүп турат шондуктан.

Ошол врач, психологдун илимий негиздеп айткан далилине таянсак, бир эле учурда Манасты угуп, Манасты көрүп, Манасты туюп айткан адам өзүнүн ички акыл-сезими, аң-туюму жагынан ошол Манастагы кадимки орошон окуяларга катышкан адамдардан кем эмес таасирленет. Демек, ошончолу кейийт, же сүйүнөт, жыргайт же кабатырланат, ыйлачу жеринен ыйлайт. А тургай окуяда айтылып жаткан Баатыр бир жеринен жаракат алса манасчынын ошол дене мүчөсү ооруксунат.

Мына ошон үчүн Саякбайдын Манас айтканы азыркы 100 миллион доллар кетирип (мисалы Тимур Бекмамбетовдун «Особо опасен» деген фильми) компьютерлик жасалгоолор менен чыккан фильмдерден да таасирдүү болуп атпайбы.

…Сакең жалгыз өзү режиссер, өзү жалгыз үн режиссеру, өзү жалгыз сценарист, өзү анан баш каарман болуп атпайбы.

Кайран Сакең, Айкөл Манас атанын калкагар караанын гана көрбөстөн, анын айбаттуу үнүн угуп, баатырды өзүнүн баатырдык жүрөгү менен туюп, ошонун баарын чулу денеси батыра бербей энергиясы сыртка ашып-ташып, өзү толкуп, бир эле учурда тулку бою, колдору, башы, баары кыймылдап айтып берип атпайбы.

Бу не деген энергия! Спортто эң алыска деген олимпиадалык марафондо күлүктөр 2 саат 42 мүнөт чуркап, маарага көл-шал болуп тердеп араң жетип, эстери ооп жыгылышат.

Саякбай Каралаев болсо үч күн, үч түн бою бир тынбай, демек 72 саат Манас айтып атпайбы. 72 саат бою колу, денеси, башы кыймылдап, тили сайрап атпайбы. Бул талант эле эмес, тиги Көктөн келген бир башка касиет го!

Дүйнөлүк эң мыкты деген ырчы дөө-шаалар, маселен, Паворотти, же азыркы У.Хьюстон ашып кетсе 6-8 саат тынбай үн созуша алат экен.

А Сакең Адам баласынан бир башкача жаралган жан болуп атпайбы. Бери эле болду дегенде 50-60 саат ырдап атпайбы. Ошончо күч-кубатты, энергияны кайдан алып жатат. Албетте улуу дастандан, улуу баатырлардан.

Москвадагы адамдын мээси илимий институтунун жетекчиси А.Бехтерованын далили боюнча адамдын мээси 70 миң маалыматты өзүнүн эс тутумуна сактай алат экен.

А Саякбай бир айтканда бир жарым миллион сапты шурудай тизип, кыраатын жазбай айтып атпайбы. Бу не деген керемет!

Анан Саякбай гений болбогондо ким гений.

Рух дегенибиз ошол эмеспи. Колго кармала бербейт. Бирок, энергиясы күч-дем берет.

Биз Сакеңди көргөндө эле Манастын өзүн көргөндөй толкунданып кетип атпайбызбы. Анда кабылан Манастын өзү кандай болду экен деген ой келет.

…Ач арстан төштөнгөн,
Алгыр бүркүт көздөнгөн!
Кынсыз кылыч байланган,
Кайра жаачу булуттай
Каар бетине айланган.
Кара чаар кабылан
Капталында чамынат
Чолок куйрук арстан
Бет алдынан камынат.
Алп кара куш – зымырык
Алып кетчү немедей,
Асман бугуп салыптыр.

Сакең чындап кызып Манас айтып жатканда жанына киши даап бара албай өтө сүрдүү, айбаттуу көрүнүп, адамды шердентип тураар эле, чиркин манасчылардын Манасы десе…

АЛЖИРДИК МИНИСТРДИ ЫЙЛАТКАНДА

Аалам алпы Чыңгыз Айтматов республикалык кинематографисттер союзун жетектеп турганда Москвадан «Алжир өлкөсүнүн маданият министри Мурат Бурбу СССРге атайын визит менен келгени жатат. Кыргызстанга маданий программа менен эс алдырып, меймандап берсеңиздер» деп телефон чалып калышат.

Минтип ЦКдан чалып, суранып аткан соң, уят болбой тосуп алалы деп Ч.Айтматов даярдыгын көрө баштайт. Атайын программа түзүлөт. Баш калаанын ажайып жерлерин көрсөтүү, Ала-Арча жаратылыш паркына баруу, өнөрпоздордун концерти, атайын сый тамак уюштуруу. Бирок, буга жазуучунун ичи толо бербейт. Башка мамлекеттин маданият министри келаткан соң анын жүрөгүнө терең таасир бере турган кыргыздын бир кереметин көрсөтүш керек эле. «Керемет» деген сөздү эстегенде оюна Саякбай түшөт. Телефон чалып издештирсе Бостериде экен. «Эки иштен бир иш» демекчи, даражалуу мейманга табият керемети – Ысык-Көлдү көрсөтүп, анан өнөр керемети – Манасты бир угузайын деп ойлойт. Ысык-Көл райкомунун катчысы А.Мамыркалиевдин жардамы менен атайын көл жээгинде алма бакчанын ичинде ажайып боз үй тигишип камылга көрүшөт. Андан калса кыргыз мейман келет дегенде агынан жарылып, укмуш даярданат эмеспи.

Алжирдин маданият министри ар бир улуттун өнөрүнө кызыккан киши экен, жолдо карата Чыкеңе ар кандай суроолорду берип келатты. Ысык-Көлдүн кереметине суктанып, кеч күүгүмдө аны жээктеп басып зор ырахат алды.

…Эртеси түш оой Саякбайды алдырышты. Манас айтаардан мурда Чыкең бир аз орусча баяндама берди. Котормочусу которуп, министр болсо баш ийкегендей болуп, бирок жүрөгү бирдемени сезгендей, айылдык жупуну кийинген чалды жылмая карап, улам-улам ак ниетин билгизген болуп башын ийкейт. Сакең болсо, ошондо байбичесинен айрылып, санаада жүргөн шекилди. Анда-мында мурутун сылап, кар жаадырган кабагын бүркөп коёт. Ага министр дагы баары бир, жөн угарман да баары бир. Манас дүйнөсүнүн астында баары тең.

Ошондо өнөр кереметин көрсөтүүгө шашылган Айтматов:

– Саке, эми баштаңыз, меймандарды бир таң калтырыңызчы, – дегенде, айлана-тегерекке бир көз жүгүртүп, анан тоону бийиктете карап, ошол закымдан Манасын тапкансып, …анан кетти башка бир дүйнөгө… оболоп, …сабалап, улам мейкинди багындырып, кол жеткис жакка.

…Чыкең тоскоол болуп албайын деп акырын сүйлөп орусча которуп, аны жанындагы котормочу болсо тиги министрге алжир тилине которуп атты. Жети-сегиз мүнөт өткөндө тиги министр котормочуну тизеге түртүп, эми мындан ары которбой эле койгула, эмне экенин котормосуз эле түшүнүп атам деди.

…Көкөй кескен өксүк, боконо сөөктү болкулдаткан, муун-жүүндү бошоткон керемет үндүн касиетин караң!

Сакең болсо көптөн бери чабыла элек күлүктөй Манасын сагынып калыптыр. Ушундайда төгүлбөсө анан Сакең Саякбай болчубу. Чыңгыз Айтматов да Сакеңди сагыныптыр. Баары дымып калды. …Алыстан гана ыйык көлдүн шоокуму коштойт.

 Котормочу жана котормого алаксып маани бербей атса, эми такыр эле көрөлек дүйнө ачкандай элейип калды. Сакең да алыска кетти күндүк жерге ноюбас күлүктөй. Дүйнө дымып калды. Мындайда Сакеңдин үнүнөн башка үн чыгаруу кылмыш кылганга тете. Сакең эле угулуп, Сакең эле айгайлайт. …Үнү тим эле кара ташты жарып ийчүдөй.

Сакең алкымы буулуп, ыргактап ыйлап, жер солкулдабаса да жүрөк болкулдап турду. …Күн бата Сакең айкашты жеңип кайтып келатты. Бүркүттүн көзүндөй ойноктогон көздөрүн ачып-жуумп, жаңыдан жагылган оттун алсыз жарыгы бирде тийип, бирде тийбей, манасчы өзү от болуп күйүп-жанып аткандай сезилди. Түн бир оокум болгондо Сакең жомогун аяктап, ортодогу от да басаңдап, очоктон эле жымың-жымың этет.

Алжир өлкөсүнүн министри Сакеңди мойнунан кучактап, көзүнөн жаш алып, бетинен өпкүлөп бирдемелерди өз тилинде кобураган болду. Башка дүйнөгө арбалып калган котормочусу аны угуп, которгонго үлгүрбөдү. Кийинки сөзүн Айтматовго кайрылып:

– Сиз кечээ жолдо келатып, кыргыз элинин жазма эстелиги калган жок деп айттыңыз эле. Эми мындай өнөр турганда жазма тарыхтын кереги не. Сиздердики айтма тарых, өзүнчө эле бир бу дүйнө сыйбаган архив тура. Силерде тирүүлөй китепкана бар тура…

Чыкең да аны колдогонун көрсөтүп:

– Ооба, ооба, туура айтасыз.

– Эми ушул адам мамлекеттен кандай жардам алат? – деп ал министр күтүлбөстөн суроо берет.

– Мамлекеттик наамы бар, персоналдык пенсия алат, – деп барып улуу жазуучу мукактанып туруп калдым дейт.

Себеби, ошондо үлкөн манасчы колдогу күлүктөй бапестеп баккан байбичесинен айрылып жүдөңкү тартып жүргөнбү, чыйбаркыт кемсели негедир өңүнөн өчүп, маасы бут кийими да майланбаган экен. Маанайы да басыңкы.

…Саякбай Каралаевдин көзү өткөндөн кийин анын 80 жылдык мааракесинде ушул окуяны эстеп, Чыңгыз Айтматов кеменгер манасчыны бийик кастарлап ала албадык деген өкүнүчүн айткан экен.

Бирок, асыл дүйнө ар качан касиетин жоготпойт. Алтын ыплас жерде жатып, миң жылдан соң да алтын болуп жалтырайт эмеспи. Ошол мейман Манас укканына өтө ыраазы болуп кайтып, кийин өз өлкөсүнө барганда «Совет мамлекети эмнеси менен таңкалтырды?» десе, «Баарысы мен көргөндөй, билгендей эле экен. Өнүгүп жатыптыр. Болгону 5-6 саат тынбай тарыхты оозеки айткан өнөрпоз бир тоголок чалга таңкалдым» деген экен.

…Аттигиниң, Саякбай өлбөй калсачы.

…Атаганат, көзү барда кадырына жеттик бекен.

 

МАНАСЧЫ МАСКӨӨНҮ БАГЫНТКАНДА

Кыргыз элинин рухун, демекчи Манас зоболосун, анан Саякбайдын улуулугун астейдил аздектеп, терең аңдап түшүнгөн жазуучу Николай Удалов Москвада өткөн кыргыз адабият менен искусствосунун он күндүгүндө улуу манасчы менен бирге болуп, ошондо улуу дастанды укканын тамшануу менен эскерет.

…Декаданын алкагында кыргыз өнөрпоздорунун талантына күбө болуу үчүн Москвадагы «Трехгорная мануфактура» текстиль фабрикасынын маданият үйүндө эл жыкжыйма толгон. Бул ишкана Орусиянын тарыхында эң ири жана илгерки болуп эсептелгендиктен мурда бул залда Шаляпин, Маяковский, Есенин сыяктуу атак-даңктуу таланттар келип, жумушчулар менен жолугуп, эче ирет биринин обонун тыңдаса, биринин ырын тамшанып угушкан. Бирок, эч качан «Манас» угуп көрүшкөн эмес. Кыргыз баласы менен «Манасы» бу жерге биринчи ирет келип айгай салып туру.

…Зал жыкжыйма эл. Жумушчулар, тигүүчүлөр, коммунисттер, тигине сахнага чакан бойлуу, азыр эле малдаш окунуп ийчүдөй баскан, бутуна туфли эмес маасы кийген, костюм-шым эмес, чепкен кийген, галстук эмес, кемер кур тагынган, мурчуйган муруту адеп көрүнгөн, азыр эле минген атын сыртка байлап жайлоодон түшүп келгенсип карапайым тоолук басыгы менен Саякбай көрүндү өнөр секисинен.

Бу чарчы бой, чымыр дене, байыркы даанышмандарды элестеткен томолок чалды көргөндө шыңкылыктаган кыздардын үнү басаңдай түштү. Сакең орундукка отуруп, бүркүт кабагына салып, залдагы элди бир телмире карап, анан көз карашын бийиктетти. Элди эмес, тээ алыстагы улуу тоолорду карап жаткансып, тээ кайдандыр дайранын чайпалган үнү угула калгансып, адегенде Сакең от алалбай шашпай жай кобуранып баштап, азыр эле кошкөңүл угуп отургандар эми алиги томуктай чалга кулак төшөп, алдыга моюндарын созгон болду.

…Кар көчкү басып калган өзөн эми гана албууттанып жырып аккандай күрпүлдөп Сакең агып кирди. Сакең дайра болуп агылып, калдырап таштар кошо агып, жээкке көбүгү атырылып, жер дүңгүрөп, ат кишенеп, чагылган түшүп, күн күркүрөп аткансыды.

Эми эле тыптынч залда эми алай-дүлөй түштү.

…Бирде айкырып, …бирде шолоктоп, …бирде кудуңдап, …бирде төгүп, …бирде ырдап, …бирде кара сөзгө өтүп саймедиреп, …бирде колуна кылычын алып жоо сайып, …бирде алаканын шак чаап өкүнүп, өксүп, …бирде ээн талаа, эрме чөлдө жөө калып боздоп, …бирде Аккуланы өзү минип атырылтып кербезденип, …бирде нөшөр болуп төгүлүп, …бирде көктөм болуп ажайып жаткан сыйкырчы өңдөнгөн Саякбай миң кубулуп «Манасты» төктү.

Мындайды угуп көрбөгөн орус калкы тимеле залда Баатырдын өзү жүргөндөй дымып укту. Тынч кезинде кой оозунан чөп албаган момун кыргыз элинен да ушундай Баатыр мүнөз болобу деп таңгалгандар да болду. Демейде ар бир номурун үч-беш мүнөттөн ашырбаган партиялык маданий кызматкерлер Сакеңди туура бир жарым саат болгондо гана азоого сыйыртмак салгандай араң токтотушту.

Бу кайталангыс руханий эпизод эле.

…Бир карасаң – лирика, бир карасаң – эпика.

…Кээде – ыр, кээде – обон, кээде – кино, кээде – драма, кээде – кошок, кээде – жомок! Сөз жетпейт кенендигине.

Зал бир саамга тынчып, анан азыркы артист жомок эмес, элес эмес, чындап эле сахнада экенин бир сезишип, эстерине келе түшүп шатырата алакан чабышты.

…«Браво!», «Молодец!», «Ещё, ещё!», «Продолжайте!», «Просим!» деген үндөр жаңырды.

Кезек боюнча эми башка өнөрпоз чыкмак. Бирок, козголуп алган эл тынчый турган эмес. Дуулдап алган элдин суранычы менен Сакең «Манасты» дагы бир саат созуп, айгай салып берди. …Анан кайра эми эле табышмактай Манас дүйнөсүнө аралашып көнүп баштаган угармандар үчүнчү ирээт сурап айттырышты.

Тартип бузуп көнүп калган Сакең, бу жолу да сценарийди буздуртуп, күн тартиби белгиленгенден үч саат ашыкча болуп кетти.

Сакең ошондо тердеп-кургап чыгып, «Манасты» котормосуз түшүнгөн орус элине миң мертебе ыраазы болуп, «Салкын аба болсо дагы айтат элем, бул жерде үп экен, кыйналып кеттим» деп бултуңдап алган дейт. Бута атым жерге эле чабылып, маарага озуп биринчи келип, бирок моокуму канбай калган, анан туйлап, ооздугун чайнап турган күлүккө окшоп.

Азыр эле сахнада жупуну кийинип, карапайым басыгы менен келген Сакең эми бул жердегилерге башка дүйнөдөн келген бир пайгамбардай сезилип, маашырланып басып, өнөр секисинен түшүп баратканда эл тура калып, дүркүрөтө кол чаап узатканы не деген орус калкынын манасчыга болгон сый-урматы!

Алиги чакан бойлуу чал эми бу жердегилерге өзүнчө эле бир гигант сезилип кетти.

Дүйнөлүк поэзиянын алпы А.С.Пушкинди жараткан орус эли эми минтип «Манасты» окубай туруп эле, котормочусу жок эле Саякбай аркылуу түшүнүп, таазим этип турганына бир ирет сыймыктангың келет, бир ирет таң каласың.

…Ал эми орустун белгилүү музыка таануучусу, калемгер В.Орлов 1963-жылы Чыңгыз Айтматовго Лениндик сыйлыктын лауреатын тапшырууга байланыштуу салтанатта Сакеңдин «Манас» айтканын көрүп алып, тура калып кол чаап «Какая инструментовка! Потрясающе!» деп аң-таң бергени бул сыйкырдуу өнөр өзгө элдерге да укмуштай таасир калтырганынан кабар этет. Кыязы Сакең дастан айтып жатса бир эле киши эмес, жалпы оркестр ойноп жаткандай сезилип, кээде добулдастар угулуп, кээде сыбызгы, кээде кылкыяк муңдайт, комуз сайрап, ал эми кээде керней-сурнайлар жаңыргандай сезилет го чиркин! Анан эртеси В.Орловдун Манаска болгон зор ынтаасын байкаган кыргыз жазуучулары: «Биз сизге дагы башка манасчылардын үнүн радиодон угуза алабыз» деп кайрылса: «Жок, Саякбайдан кийин башканы угуп олтуруунун кереги не» деп жооп узаткан экен. Касиетин бир көрүп түшүнгөн бейм.

…Тереңдигине сөз, бийиктигине көз жетпеген Манас дүнүйөсү да.

САКЕҢ СӨГҮНГӨНДӨ

1952-жылы Фрунзе шаарында «Манас» эпосуна байланыштуу бүткүл союздук илимий конференция өтөт. Ага Ленинград, Москва, Алматы сыяктуу чоң шаарлардан окумуштуулар катышат. Себеби, али да болсо сталиндик режимдин желаргысы жүрүп турган чакта «Манас» эпосунда басып алуучулук, улутчул, панисламдык, пантүркчүл идеялар күчтүү экендигин белгилеген окумуштуулар да чыгышкан.

Ал күндөрү «Манас» эпосунун күйөрмандары үчүн ак жайдын күнү боройлоп борошон түшкөндөй болду.

…Ошондо менин атам Капаш Иманалиев студент кези экен. Биздин айылдык карыя жазгыч акын Ысак Шайбековго да ошол чогулушка чакырылып, бирок өзү сыркоолоп калгандыгына байланыштуу анын чакыруу кагазы менен атам барып, кызыгып катышканын айтып калчу эле.

П.И.Балтин деген окумуштуу «Ветхий завет» дин китебин трибунага көтөрө чыгып, Манаска каршы сүйлөйт. Ошондо Болот Юнусалиев трибунага көтөрүлүп: «Дин хламына таянып касиеттүү Манасты жамандаган Балтиндин ушагын илимдин храмынан туруп четке кагууга уруксат этиңиздер» дегенде, эл дуу кол чаап кубаттайт.

Кыргыздардан Кубанычбек Маликов, Тазабек Саманчин, казак туугандардан болсо Муктар Ауэзов чыгып сүйлөп, Манасты чечкиндүү колдоду дейт. Анан түшкү танаписте Манаска каршы чыгып, ичинен ит өлүп аткан үч окумуштуу Балтин, Нуров, Самаганов залдагы бир бурчка корголоп туруп калышыптыр дейт. Кемер кур курчанган, башына малакай топусун кийген көк жал Сакең эми элдин казынасын уурдаган үч шылуунду колго түшүргөнсүп, баягы уран чакырып, айгай салган үнү менен ашата келиштире сөктү дейт. Сөккөндө да кыргызда өтө сейрек айтылчу сөздөр менен тимеле ыр төгүп жаткансып нөшөрлөтүп, көркөмдөп, кооз сөктү дейт. Токсон сөз айтса сексен тогузу жалаң сөгүндү сөздөн турду дейт. Тиги үчөө турду дейт корголоп, Сакеңдин жүзүн тике карай албай, баш ылдый жугунду төгүлүп жаткансып. Биз студенттер мындай кадрды бир көрсөк айылдан эле көрчү элек, дейт. Биз тегеректесек, эми эл да келип тегеректеп, сөгүп-сагып Сакеңдин моокуму канып, маашырлана тыңдап, көрүп биздин моокумубуз канып. Ал ансайын тиги үчөө бири-бирине мышыктай корголоп, Сакең улам айбат берип арстан сезилип баратты дейт. Анан коңгуроо кагылып конференция ишин улаганда илимий докладдар мындай калып, отургандар өз ич ара Сакеңдин укмуштай сөгүнгөндүгүн, тигил Манаска каршы чыккан үч окумуштуу иттин арткы шыйрагындай эле болуп калгандыгын күбүр-шыбыр кылып отурушту дейт. Ошондо бир жазуучу тамашага чалып айтты дейт, «Мындай болоорун билгенде  эчак эле докладды Сакеңе бериш керек болчу» деп. Айткандай эле конференция так ортолоп калганда манасчыны трибунага чакырышты дейт.

Аскага чыккан аркардай улуу манасчы трибунага көтөрүлүп, ошондо Сакең кабагын түйүп алып, бир-бирине коштолуп, көгөндөгөн койдой болгон берки үчөөнү бир айбаттуу карап алып, анан азыр эле Коңурбайды өзү жайлап келгенсип, жеңин түрүп алып, эки бети болкулдап, эриндери бөлкүлдөп, «Ээ-ээй-эй» деп улуу кепти баштады дейт.

…Анан барып чылбырын үзгөн азоодой алда кайда ала качып кетип, кээде кулундай чыңырып, кай бирде чапчыша кеткен жылкыдай кишенеп, эми айбаты арстанды сүрдөнтүп жалтанбай тике качырып, не  бир элестер көз алдыга тартылды… Ит улуп, бото боздоп, бала ыйлап, жесир муңканып. Алай-дүлөй дүнүйө.

…Тоону тоого жылдыргандай, ..көлдү көлгө куйдургандай, …өзөн дайра ташыгандай, …куюн уюлгуп чаң учургандай, …бороон-чапкын жүрүп, …таш учургандай.

Жанагы майда, келди-кетти сөздүн баары унутулуп, Сакең бүт бардык көрүүчүлөрдү, угармандарды Улуу Манас дүйнөсүнө алып кирди дейт. Сакең душмандардан өч алып жаткансып, ачуу кыйкырык салып, эки колун бүркүттүн эки канатындай жайып алып, азыр сахнадан түшүп эле берки үчөөнө тырмагын батыра берчүдөй айбат берип айтты дейт.

Манасчыдан узун салаа тер кетип, анысы алыстан жарыкка жалтылдап көрүнгөн сайын бизге алыстан жүзүнөн нур куюлуп жаткандай туюлуп жатты дейт. Жанагыраак сөгүнгөнү бир тең, эми минтип төгүлгөнү бир тең болду дейт. Сакең Манасын айтып бүтөөрү менен дуулдап кол чабылып, айрыкча Москвадан, Ленинграддан келгендер, Ауэзов баш болушуп ордуларынан туруп алакан чаап, кудум Айкөл Манас өзү түшүп келгендей залда зор салтанат боло түштү. Сакең болсо бүт жуңгарлар менен Манас Атанын душмандарын тегиз кырып, өзү ошолорду тебелеп, туу көтөрүп бараткансып трибунадан түштү дейт.

Бул көрүнүш балким жүз жылда бир кайталанчу көрүнүш эле!!!

Сакең үчүн болсо эч кандай саясий идеологияга карабай Манас эпосунун түбөлүк жеңилбестигинин далили эле.

Ошондо бир белгилүү  орус окумуштуусу толкунданып айтты дейт: «Мындай өнөрдү жок кылуу кылмыш кылганга тете» деп.

Болбосо, ошол жылдары «Манасты» саясий ревизиялоо башталып, окумуштуу П.И.Балтин «Манас» реакциясын чыгарма деп баа бергени уу-дуу тарап баштаганда Саякбай Каралаев кадимкидей жүдөңкү тартып, өзүн кармаганы, сүйлөгөнү басмырт тарта баштаган. Атүгүл белгилүү Манас таануучу Сапар Мусаев барса тааныбай калган экен. Себеби, Манассыз дүйнө Сакеңе бир тыйынга дагы арзычу эмес болучу. Ал үчүн Манасы жок жашоо Асманы жок Күндөй эле. Кыргыз элибизде айтылат эмеспи, «Таба кылбай, тобо кыл» деп, анын сыңарындай ошондо «Манаска» каршы чыгып, акаарат келтирген үч окумуштуу тең өз өмүрлөрүндө кийин көп кырсык, каргашаларга калып, турмушта жолу болбогондугун билгендер кеп кылып калышат. Кудай кечирсе да Айкөлдүн арбагы кечирбеди көрүнөт.

Ал үчөөнү кайсы шайтан азгырды экен? Алар кыргыздын минип жүргөн аты да булганч сууну ичпээрин билди болду бекен? Манаска даап кантип арам оюн агытышты экен?

Себеби, Манас деген Манас да! Тегин адамдын ысмы миң жылга даңаза болуп кетпестир.

Манастын өзүн мындай коюп, Манасты баяндаган манасчынын үнүн укканда канча денең дүркүрөйт!

Ыйыктыкты ыйык тутуп келген ырас эмеспи! Болбосо, не себептен Амир Тимурдун сөөгүн козгогон күнү Улуу согуш башталган. Же болбосо 2007-жылы «Труд» гезитине жарык көргөндөй Тоолуу Алтайда Кош-Агач районунда Ыйык делген мүрзөнү казып баштаганда катуу сел жүрүү болуп, ошондо жашоочулары аргасыздан Орусиянын Президентине кайрылган.

Демек, адамдан башка да бу ааламда жер үстүнө кожоюндук кылып келген жана кыла турган бир табышмактуу күчтөр бар. Энергия бар. А биз адамдар табияттын бир келген коногу гана элебиз го. Түбөлүк жашоонун ыргагында биздин өмүр бир көз ирмем эле эмеспи.

МАСКӨӨНҮ ЭКИНЧИ ИРЕТ БАГЫНТКАНДА

Кеменгер манасчынын кемелине толуп, келкели келип турган заман айрыкча 1961-1967-жылдар болду. Анда өмүрлүк жары Бейшекан апа тирүү. Ар дайым камын көрүп кашында. Өкмөт менен партия да таланты барктап үй берип, тапкан калем акысына «Москвич» автомашина алып, Сакеңдин «Манас» айтканын пионерлерден баштап, театр сахнасынан, колхоз, совхоздордун маданият үйлөрүнөн, радио, телекөрсөтүүлөрдөн угузушуп «Манас» доору келди, Сакеңдин заманы жүрдү. Кыргыз көркөм өнөрүндө С.Каралаевдин «падышачылык доору» башталып, атүгүл СССРдин жүрөгү деп эсептелген Москвада 1960-жылы болуп өткөн чыгыш таануучулардын эл аралык 25-конгрессине делегат болуп барып, бүт дүйнөдөн келген окумуштуулардын астында айгайлап «Манас» айтып, алардын оозун ачырды. Дүйнөдө адабияттан да башка, искусстводон да башка бир «манасчылык» деген көркөм дүйнө бар экенин далил кылды.

Ошого куйрук улай эле 1963-жылы кайрадан Саякбай Каралаев Москва шаарында этнографтар менен антропологдордун эл аралык конгрессине катышып, Улуу дастандан үзүндү айтып, көбүнүн көзүн ачты, мурда көргөндөрдү суктантты, көрө электерди таңгалтты. Сакең Саякбайлыгын көрсөттү.

…Сахнага чарчы бойлуу, салмактуу кадам таштаган, эки бети бышкан алмадай кызылы албырган, айчыктуу ак калпак кийген адам чыкты. Же колунда музыкалык аспабы жок. Эки бутун айкалыштырбай тескерисинче эки жакка жайып жиберип, эки колу менен эки тизесин таянып, элди санакка алып жаткансып кыдырата бир карап чыгып, дың эткен дабыш чыкпай калган соң, анан кетти… «Ээ-ээ-эй!» деп үн созуп.

…Каз айланып кетпеген
Көлү сонун кыргыздын.
Как өрүгү курмадай
Чөлү сонун кыргыздын.
Түрлүү эгин дан бүткөн
Жери сонун кыргыздын.
Ала-Тоону жай кылган
Эли сонун кыргыздын
, – деп Манасын, кыргызын даңаза кылып баштады.

 Бул окуянын күбөсү, ошол жыйынга катышкан белгилүү советтик адабиятчы Е.Лизунова казак элинин алп жазуучусу Мухтар Ауэзовго байланыштуу эскерүүсүндө минтип жазат: «Күрпүлдөп, ашып-ташып, тоо суусундай алга умтулган, миллион сап «Манас» эпосун жат билген, белине көрчөгөлөнгөн ак күмүш, жазы кемер кур курчанган, башына ак чокулуу Ала-Тоосу түспөлдөш кара кыюу ак калпак кийген кыргыздын чыныгы улуу манасчысы С.Каралаев эпостун каармандарынын бири Семетей жөнүндөгү үзүндүнү кызуу аткарып жаты. Ал күчтүү, шаңкылдаган үн менен ырдап, бүркүттүн шаңшыганын да, тулпардын жүгүргөнүн да жаңсап туурай кетет, акын жана жоокердин артисттик колу тынымсыз кыймылда болуп, баатырлардын ач кыйкырыгы, кылычтардын шаңгыраганы, тулпарлардын дүбүртү аралаша угулган, душманга каршы чабуулдун, жан аяшпас беттешүүлөрдүн поэтикалык жандуу картинасын өзүн дал болуп тиктеген угуучулардын көз алдынан тартып өткөнсүйт.

Ырчы токтолгондо шаттыкка баткан элдин кыйкырык сүрөөнүнөн залдын ичи жаңырып чыкты. Өзү да жоо-жарагын шайланган байыркы баатырларга окшош С.Каралаевди …япондор, …арабдар, …шведдер, …америкалыктар, …немецтер, …француздар, …түрктөр, …индиялыктар кубанычтуу куттуктап жатышты. Карт досунун ийгилигине Мухтар Оморханович маңдайы жарыла кубанды».

…Жүргөн жеринде жөн жүрбөгөн, же күлкү салып, же дүң салып, болбоду дегенде  дүбүртү угулуп турган Сакең ошол конгресстин баш каарманына айланып, сахнадан түшүп келген соң ал Көк-Теңирдин өзүнөн түшүп келгендей аны окумуштуулар кол кысып тосуп алып, кучактап, көбү сүрөткө түшкөнгө шашылып, кай бири кол тамга сурап, манасчы Манастын өзү сыяктуу көкөлөп туру.

Жетимиш жаштагы кыргыз карыясынын талантына суктанышып, кайра-кайра кол чаап, кыса кучактап, ыраазы болуп жатышты. Кийинки кезектеги академик В.М.Жирмунскийдин доклады бүтүн бойдон эми Саякбай Каралаев менен Манас темасы болду. Себеби делегаттар С.Каралаевди уккандан кийин негизги темадан алаксып, алиги чалды эле күбүр-шыбыр кеп кылып калышкан.

Ошондо окумуштуулардын оюн онго, санаасын санга бөлгөн ушу окуя болду. Бир сакадай чал сахнага чыгып алып окумуштуулардын оюна бүлүк салды.

… Же адабият дейин десең Манас калемден жаралган оокат эмес.

… А балким искусство дейин десең ой менен шыктан жаралгандай көрүнбөйт.

… Андай болсо илим экен десең, алиги томолок чал эгерим окумуштууга окшобойт.

Касиетине ой жетпейт, тил жетпейт, сөз жетпейт. Жүрөк менен эле туя билгениң ийги.

… Кереметин көрсөңүз!

«САШКА» МЕНЕН «БОРЬКА»

Кыргыз элинин сүйүктүү акыны Байдылда Сарногоев жашы кичүү болсо да, Саякбай ата менен жаны курбу боло турган. Улуу манасчыны «Сашка» деп тамашалап, ал болсо жаш акынды «Борька» деп эркелетчү.

Байдыкең адатта беркиден аттырып алып, чала кызымтал болуп турганда, таянаар тоосу да, чымчыша кеткен «жоосу» да Сакең болуп, эркелеп алардын өтө кең жашабаса да кем жашабаган үйүнө келчү. Бейшекан апанын дасторкону дайым белен, өзү жайдары, үйүнө күңгүрөнүп кирген күлүп чыккан меймандос заада эле. Ошондо манасчы аны калп эле урушумуш болуп:

– Оо Сары, жаман Сары деги качан оңолосуң, – деп каардуу үн чыгарымыш этет, көздөрү аны сүйүп жымыңдап турса да.

«Сарысы» болсо кичүүлүк кылып:

– Мени кечирип коюңуз, байке, көптөн бери сеп этпей жүрдүм эле. Балакет басып, жаңы ырларым жарык көрүп калыптыр. Анан жетине албай сүйүнгөнүмдөн байкеме барайын деп байпакчан эле келе бердим, – десе, Сакең да ушуну эле күтүп тургансып, байбичесине:

– Оо, байбиче, кел бирдемке кылбасаң болбойт. Байбиче, бу Борька сүйүнгөндүктөн түз эле биздикине келип калган тура. Мейли, куру кетпесин. Баракелде, тура эле биздикине келипсиң. Бирок, сүт-айранга өтсөң болот эле. Сары деги ачууга кекиртегиң куйкаланып калган жокпу? – дейт да Сакең өзү каткырып калат.

Ошондо манасчы «Сашка», акын «Борька»:

– Кекиртегим күйсө да, ырларым күйбөсө болду да, Сашка байке, – деп жооп кайтарат. Анан сыр бөлүшүп: – Баса, Сашка байке, мен кечээ күнү Ала-Арча көрүстөнүнө бардым, досумдун ал-акыбалын билейин деп. Барсам эле мага таарынгансып күңгүрөнүп, сүйлөнөт, эмнеге өзүң ичип, мага деле «пахмелге» бирдеме ала келбейт белең десе болобу. Коркконуман чуркаган бойдон барып, бир бөтөлкө алып кайра барсам сүйүнөбү десем, таарынып сүйлөбөйт. Сүйлөсө куюп, тең бөлүшмөкмүн. Анан мен таарындым, эмнеге мени жалгыз таштап, жалгызсыратып тиги дүйнөгө кете бердиң дедим, досумду эстеп көрүстөндө ыйладым, анан окудум.

Анан эстелигиндеги сүрөтүн карасам кайра мага таарынгансыйт. Таарынсаң Таласка бар деп айтып ийиптирмин. Ошондо жок, Жумгалыма эле барам десе болобу. Ошол үндү угаарым менен, байке соолуга түштүм, – дейт.

Сыягы Байдылда Сарногоев жан жолдош акыны Мидин Алыбаевдин мүрзөсүнө барып бир бугун чыгарып кайткан окшобойбу.

Сакеңдин зор талантына таазим этип Байдыкең кийин бул ырын тамашалап жазган:

Сакемдин өзүн карасаң,
Сакадай киши кичине.
Залкар тоо бирок тең келбейт,
Сапаттуу эмгек – ишине.
Айкөл Манас бүт баткан
Алмадай баштын ичине, – дейт.

Экөө гастролго барганда атүгүл бир төшөккө жатып алышчу ата-баладай болуп. Байдылда болсо аны «Сашка» деп, ачылып кеткенде ата дей турган. Каралаев да өтө тамашакөй киши да, «Атаң оозунурайын сени көрсөм эле эт жүрөгүм эзилип, каным тартып турат. Же ырыстуу жүзүң жок. Эмнеге сени жакшы көрөм билбейм. Таласка барганда буудай түстүү бир келинди үйүрүмө кошуп койдум эле. Ошолордун биринен төрөлүп жүрбө. Эмне мынча сүйгүнчүксүң, же мурдуң барбайып, жүзүң ырыстуу эмес» десе, Байдыке да жетине бербей: «Ооба, ооба, менин да каным тартып, сизди ата деп атпаймбы» деп калчу.

Ошондой күндөрдүн биринде Байдыкең кайра Сакеңе эркелеп: «Ата-ов, Тихондун вино саткан дүкөнүндө план толбой атат. Бирдеме бербейсизби» деп эркелейт. Же чөнтөгүндө жокпу, же көңүлү жокпу, Саякбай сөгүп салат. Анан Байдылда Сарногоев: «Ата-ов, сиз мени бойго бүткөрүп, кийин карабай кеткенсиз. Энем байкуш өзү жалгыз чоңойтту. Андай болсо алиментимди бериңиз. Болбосо сотко берем» деп тамашалайт. Сакең ого бетер күчөп: «Сени да урдум. Барбайган мурдуңду кошо урдум. Сен ишенген сотуңду да урдум. Күндө сага алимент төлөп жүрүп жылаңач калайынбы» деп эркелетип ачууланымыш этет.

Кийин манасчыга арнап төмөнкү ырын жазган.

Байыркы Гректин Гомерин
Көрбөдүк, китептен окудук.
Азыркы кыргыздын Гомерин
Көп көрдүк, жүрөбүз кошулуп.

Билбеске сыртынан караса
Бир жүргөн чүкөдөй карыя.
Билгенге бүт элди тамшанткан
Жомоктон жаралган дарыя.

Кээде мен таңгалам өзүмчө,
Бул адам адамбы, башкабы?
Канткенде сыйды экен башына
«Манастын» миллион саптары?

Дарт келсе өмүргө айыкпас
Табарбыз сакайтар дарыны.
Бирок биз таппайбыз жоготсок
Сакемдей океан карыны.

…Дагы бир окуя, абышканын 100 жылдыгына карата чогулуш болуп, ошондо Эстекең (Турсуналиев) мындай деп эскерет. «Мен деле ошондо жаңыдан айылдан келип, көп билимим жок киши элем дейт. 1947-жылы филармонияга келип калдым. Райкан Шүкүрбеков чалдардын сабатсыздыгын жоюу боюнча мугалим. Төкөлдөштө бозо саткан Айымкан деген аял бар экен. Саат үч-төрттөрдө Ыбырай зор киши болгондуктан өзү суусун көтөрүшүп, сүзүшүп ийип, анан Осмонкул,  Саякбай болуп бозо ичишет экен. Сабак учурунда Ыбырай баштачу дейт: «Кечээ Айымкандын бозосу чалараак болуп калыптыр. Эшикке чыккым келип атат» деп. Артынан Осмонкул кетет дейт. Эч ким окуган киши жок. Бири-биринин артынан чубап, кайра бозо ичкен жерге чогулушат экен да. Ошентип жүрүп окубай, ыраматылык Саякбай манасчы өмүр бою бир да тамга тааныбай кетти».

Байдыкеңдин ачкылга жакын экенин билгени үчүнбү, же ылгап ичсин дегениби, адатта аны менен отурганда Сакең «Кыргыздын бозосуна жетеби, бозодой тамак болобу, суусундугуңду да кандырат, курсагыңды да тойгузат, анан берки кургур жокто анын ордун бозо эле толтурат деп, анан өзү бозону төрт сортко бөлүп айтат.

Биринчиси «Бойго жетпес боз килтең», денеге сиңбей эле ичти алат, ачыбаган бозо. Экинчиси, «Ичке жукпас куу кумпай», бул жумшак, канча ичсең да билинбейт. Үчүнчүсү «Кекире заар, кер чыгар, буруксуп турган таш буркан, эңсете берет бул урган» – бозонун мыктысы. Ал эми эң жакшы ачытылган бозо мына мындай болот: «Эңсетет элик бакырык, энди өзүнө чакырып, аны ачыткан келиндер сары май салат сапырып, карта-курта кекирип, калат көөнүң ачылып».

Ошентип Сакең бозону да өзүнчө бир тулпарларга сын бергендей сүрөттөйт.

…Манас менен Каныкейдин нике түнүн Сакең өтө тар чөйрөдө өзү ишенген адамдардын арасында эле айтчу. Тоңдун бир айлында кечинде башкарманын үйүндө ошентип күпүлдөтүп айтып атса, улам эле эшик ачылып кетет, Байдылда барып жаап келет. Кайра эле ачылып кетет. Байдылда жапканы барып, эшиктин артын караса, чай куйган үч-төрт келин шынаарлашып, тамшанып угуп атышкан экен. Ошондо алар Байдылдага шыбырап: «Эшикти ачып эле койсоңор. Биз дагы улуу адамдын улуу сөздөрүн угуп калалы» дешет.

…Бир ирээт кайсы бир белгилүү адам кайтыш болуп, анын сөөгүн Ала-Арча көрүстөнүнө акыркы сапарга узатып баратып, Сашка менен Борька катарлаш басып, Байдыкең: – Деги ушул жол менен Сашканы качан солкулдатып алып өтөр экенбиз, – деп тамашага салат. Анда манасчы: – Ок, тилегиңди таш капкыр, мен өлсөм «бахмелиңе», ооруган башыңды жазганга киши табылбай ошо бойдон тырышып калаар бекенсиң. – деп сөз качып кутулбай, жообун берген экен.

Өмүрү өткөнчө Байдикең болсо досу «Сашканы» эскергенде кудум Манастын өзүн эскергендей эргип сүйлөгөнүн укканым бар. Кээде Сарногоевди көпкө көрбөй калса Сакең өзү издеп барчу дейт, ал жок ээнсиреп атам деп.

Жана айткандай, Б.Сарногоевди «Балам, сени көрсөм эле ичим эзилип турат» деп көп эле эркелете турган. Анан бир жолу жаш акын Совет Урманбетовду да «Көлдө көп эле жолу айлыңарда бүркүт салдым эле. Сен да менин балам болушуң керек» деп тамашалайт. Ал болсо ызалана кетип: «Жок, мен атамдын эле өз баласымын» дейт. Ошондо сөз качып кутулбаган Сакең «Ай, садагаң кетейин, мен өткүрлүктү Чубактан, шамдагайлыкты Сыргактан үйрөнгөм. Уктап калып менин кантип келип кеткенимди апаң да, атаң да билбей калышы мүмкүн. Ошону ушуга чейин билдирбей жүргөн энеңен айланайын, ошону билбей сени багып өстүргөн атаңан айланайын, садагасы» деп ого бетер боорду эзет.

…Күлсө күлкү, ойносо оюн, узанса өнөр, айтса тамаша жарашкан кайран гана залкарлар. Кандай кызык, ары шайыр жана шаңдуу өмүрдү жашап өтүшкөн тура.

САКЕҢ ЖАНА СҮКӨҢ

…Анда Сүймөнкул Чокморов 4-класстагы окуучу кези болчу. Агасы Намырбектин үйүндө жатып окучу. Айылга манасчы келиптир. Ал Манас айтып жатканда алаканы жайылып, маңдайынан тер шорголоп, анысын улам бетаарчысы менен аарчып, бүт тулку бою кыймылдап, үнү каргылданып чыгып, анан үнү алыска айгай салганда Сүймөнкулдун көзүнө чокусу көктү тиреген Ала-Тоо, аны мекендеген бүркүттөр, арсайган аска-тоону аралап аккан тунук дайра, ана тээ береги көңүлдөрү көккө, күлүктөрүнүн жал-куйругу желге желбиреп бараткан кырк чоро, аны баштап бараткан Шер Манас көзүнө элестеди. Эртеси да ушу элестер көз алдынан кетпей, анан алиги манасчынын үнү улам кулагына жаңырып туруп алды.

…Кийин сүрөтчү болсом ушул элести дал өзүндөй тартпасам деп кыялданды. Кийин бой жетип, көркөм окуу жайды бүтүп келээри менен ал манасчыны үйүнөн издеп тапты. Адегенде «Эне» деген портрете өз апасын, андан соң Саякбайды тартууга киришти.

…1978-жылы Ереван шаарында өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда Сүймөнкул эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн 4 жолу катары менен биринчи орунду жеңип алат. Ошондо «Кийинки максатыңыз кандай эми?» деп суроо салганда, «Бул башталышы гана, эми зор максаттар алдыда» деп мыйыгынан күлүп, адаттагыдай жүзүнөн нур чыгарып табышмактуу жооп берет. Себеби ал бир сырдуу талант. Көп чачыла бербеген.

Бирок, кыялында Айкөл Манастын кино тасмадагы образын жаратуу анын өмүрүндөгү эң ыйык максаты эле. Эгерде кесепеттүү оору болбогондо Манас бийиктигине жетем деп үлкөн тилек койгон эле.

Сүймөнкул Чокморов Ленинград шаарынан терең билим алган интеллектуал катары Манаска жетүү жолу өтө айгактуу жана аска-зоокалуу экенин жүрөгүнүн тереңинде түшүнгөн. Акылы менен да, жүрөгү менен да туя билген. Бирок, эң негизгиси колунан келээрине көзү жеткен.

Улуу Манаска баруунун жолун издеген. Миң толгонуп, миң кыйналып жүрүп ал жолдун ачкычын тапты. Ал ачкыч – Саякбайдын өзү болчу.

Айрыкча, Сакең менен адеп таанышып, анан жылдыздары келишип, бири ичинен төгүлсө, бири сыртынан төгүлүп, Сүймөнкул ал аркылуу алп Манастын образын таанып, ага таасирленип баштайт. А сүрөт тартуу болсо, Сүкөңдүн экинчи пландагы сыры болчу. Биринчи сыры манасчы аркылуу Манастын образына кирүү эле. …Ошол жылы спорт майданында театрдашкан майрам болуп, улуттук баатырлар параддан өтүп, анан Сүймөнкул кадимкидей Айкөл Манастын ролун аткарып, Аккуланы минип кербезденип, албуут кыял күтүп, Манастай кийинип, Манаска окшоп чыкканда аны көрүп жаткан элдер жүткүнө карап, кол чаап таасирленгенин күнү бүгүн да айтып жүрүшөт. Демейде, ачыла бербеген Сүймөнкул Чокморов да ошол майрам күнү же Манас болуп адеп чыкканына таасирленгенби, ошо салтанаттын соңунда тамшанып коньяк татканын айтышат көргөндөр.

Ошондо бою, түспөлү, көз караштары, олбур кыймылы, астында туйлаган күлүгү кудум куюп койгондой жарашып, Сүймөнкул бир көз ирмемде Манас болуп кыргыз элине келип кеткендей болгон.

Экинчи ирээт жаралууну тагдыр буюрбаптыр.

…Сакең менен Сүкөң. Бириники бою сакадай. Экинчиси шыңга бойлуу. Биринин таланты сыртына төгүлүп турат. Экинчисиники ичинде уюп жатат. Бири аксакал, экинчиси жаш жигит. Ушул экөөнү бириктирип турган бир улуу күч бар. Ал – Манас. Сакең Манас айтат. А Сүкөң болсо келечекте Манастын ролун кинодо ойносом деген аруу тилекте. Жөн тилек эмес. Улуу тилек. Колунан келсе бир Сүймөнкул Чокморов сыяктуу кеменгер таланттын колунан келе турган асыл кыял.

…Кээде биз Саякбайды бир эле угуп Манасты түшүнгөндөй болобуз. Чокморов болсо адегенде улуу манасчы тууралуу материалдарды топтойт. Болот Шамшиевин киносун көрөт. Белгилүү радиожурналист Тенти Орокчиев менен ошол жылдарды эскерип айткан радиомаегинде Сүймөнкул Чокморов минтип эскерет: «Ооба, ал кишиде чоң юмор бар болчу. Сакем айланасындагыларды күлдүрүп коюп, өзү мостоюп, буржуюп кабагын түйүп калчу. Мен Саякбайдын ушундай мүнөздөрүн көп-көп байкап жүрдүм. Кийин-кийин ой жүгүртүп, ченеп-бычсам Сакем чындыгында эле тоо бүркүтүндөй алгыр адам экен. Көрсө Сакемдин өзү эле өзү айткан Манас экен. Манастагы көп жакшы сапат ал манасчынын өзүндө экен. Ал кишини карап отуруп, чекесиндеги чоң тырык өзүнчө эле көрк берип жарашып турчу. Ошол тырык ал киши албеттүүлүк, баатырдык мүнөзүн белгилегендей сезим туйгузар эле».

Элдин сүймөнчүлүгүнө айланган С.Чокморов төгүн жерден «Кино – махабатым, сүрөт – азабым» деп айтпаган чыгар. Кээде сүрөткө тартып жатканда Сакең  уктап кетээр эле. Сүкөң ошондо деле кыл калемин кыймылдатып иштей бере турган. Ошол күндөрү сүрөтчү алардын үйүнө үзбөй каттап келип тартат. Жомокчунун келини Азима сүткө же дүкөнгө кеткенде кичинекей Элмираны бешикке бөлөп Сүймөнкулга таштап кетет. Сүрөтчү кыл калем менен сүрөткерлик кылып да, бала терметип да үлгүрөт.

Сүрөтүн келиштире тартты. С.Чокморов алп манасчы тууралуу эскерүүсүндө: «Мен бул кишинин өзүн Манас сыяктуу тартыш керек деген жыйынтыкка келдим. Кудай таала Сакемдин кебете-кешпирин Манас сыяктантып берип койгон экен!» деп тамшанып айтат. Сакең тимеле сүрөттө сүйлөп ийчүдөй болуп турат. Кызыл жүзүнөн көктүгүн көрсөтө тарткан. Кудум Чоң Казаттан жараат алып келгендей кылып, чекесиндеги тырыгын кошо тарткан.

Демейде, кайсы гана роль болбосун, эрте дегенде бир аптада, эң оор ролдорду ашып кетсе бир айда ойноп койчу Сүймөнкул өз өмүрүнүн 7 жылын Саякбай Каралаевдин сүрөтүн тартууга арнаган. 7 жыл, демек, дээрлик 2578 күн бою.

Мына сүрөткер болбосоң коё кал. Же Манастын 40 чоросун ырым кылганбы, манасчынын туура 40 сүрөтүн тарткан экен. Тартканда да арт жагында аскар тоо, үстүндө булут айланган манасчыны тартат, кудум жомоктон түшүп келгендей кылып. Зор таланты чыныгы талант гана түшүнө билет окшобойбу. Саякбай Манастын ким экенин кандай түшүнсө, Сүкөң Сакеңди да ошондой түшүнгөн го дейм. Ошол жылдары Сүкөң көпкө дейре балалуу боло албай жүрүп, анан ошол сүрөтү бүткөн соң Сакеңдин батасы менен Бактыгул аттуу уулдуу болот.

Манасчынын жубайы Жайыл кызы Бейшекан каза болгондон кийин манасчы кичине жалгызсырай түштү. Ошондо да С.Чокморов үйүнө дээрлик күн сайын барып турган чай-чамегин алып. Кээде экөө узунду-кыска болуп ээрчишип базарга да, дүкөнгө да бирге барышчу. Сүймөнкулдун кичипейилдигин жакшы көрчү. Ал да баласындай элпек эле. Экөөнүн да ата-баладай чогуу түшкөн сүрөтү бар. Чебер журналист Т.Орокчиев менен болгон баарлашууда Сүймөнкул Чокморов ал тууралуу мындай эскерет: «Сакедин бир жолку сөзү эсимден түк кетпейт. Ал: Кытай эч кимге кол салган эмес. Кол салбайт. Эгер Кытай кол сала турган болсо адам эмес, жер үстүндө чөптөн да эч нерсе калбай калат. Булар ушундай көп эл. Алар менен жөнү менен мамиле кылыш керек деген сөздү көбүрөөк айтчу» дейт. Ойлосоң, тээ жарым кылым илгери бүгүнкү күндү көрө билгендей айтыптыр да.

Сакең көп өнөрпоздорго өзү ар кандай ат коюп, кээде тамашага салчу дейт. Болгону Сүймөнкул Чокморовго гана ат койбой, «Сүймөнүм» деп, «Сүйгүнчүгүм» деп эркелетип, кичүү экенине карабай улуу адам катары ардактап жүрүп өттү. Сыягы Сүймөнкул Чокморовдун жүзүнөн Айкөл Манастын караанын көрсө керек го. Бир ирээт акын Турар Кожомбердиев аркылуу Сүймөнкул өзү тарткан Саякбайдын портретин көтөрүп алып, ал кездеги киносоюздун төрагасы Чыңгыз Айтматовго барышат да, улуу жазуучунун оюн билели дешет. Анда Чыкең сүйүнүп: «Азаматсың, дагы-дагы тарта бер! Бул Сакем өзүнчө эле бүтпөгөн аягы-учу жок тема, ыраазымын, Сакемди сүрөткө калтырганыңа» деген экен.

Бир жакшысы – Саякбайдын толук жүзүн чагылдырган полотнону С.Чокморов 1971-жылдын жазында толук тартып бүтүп үлгүрүп калды. Бир жай өтпөй манасчынын көзү өттү.

Бир жаманы – анткен менен Манастын ролун ойнойм деген тилегине С.Чокморов жете бербей көз жуумп кете берди, артына арман калтырып. Ошол тилекти эми ким орундатар экен. Ким кинодогу Манас болоор экен. Бул С.Чокморовдун эле эмес, биздин да кыял. Ошого алакан чаап, ошол таланттын колун кыскым келет.

Эми минтип тагдырдын буйругун карабайсыздарбы. Кыргыз эркин мамлекет болгону биринин сүрөтү 500 сомдук улуттук валютада бакыйып турса, экинчисинин элеси 5000 сомдугунда чыкыйып турат. Кудум Манастын эки чоросу сыяктанып.

СОҢКУ КӨЗ ИРМЕМ

1971-жылдын май айынын башында Саякбай ооруканада жатат дегенинен ал-жайын билип, көрүп келейин деп Кыргыз эл акыны Абдырасул Токтомушев барып калат. Оорусу катуу болуп, киши тааныбайт, эс-учун билбейт. Бирок, күңгүрөнүп «Манас» айтып жаткан болот. Доктурлар, абалы бүгүнтөн баштап өтө оордогонун, бирок оордогон сайын куюлтуп «Манас» айтып киргенин айтышат. Анан түн бою кобуранып Манас айтып чыкканын коңшу палатадагы жазуучу Николай Уралов да угат.

Бир укмуш айтат. …Сокурдун көзүн ачып ийчүдөй. …Чагылганды колго кармап алып асманды тилип жаткандай. …Жер тоголонуп бараткансып. …Дайраны артка агызып жаткандай. …Ааламды алаканга салып алып, ачып-жуумп калчап жаткандай. …Муңу менен музду эритип жаткандай.

…Дайым жакшылыкка кечигип келген кыргыз, дайым жакшы адамдын касиетин бир күн кеч түшүнгөн кыргыз, бу жолу да кыргызчылыгын кылып, Сакеңдин соңку сөзүн жаздырып калганга бир адам болбоду. Аттигиниң!

Кайран Сакең!

Эстен танса да, акылдан танса да Манастан танбаганын караң!

Оо, Кудайдын кудурети!

Өлүп баратып да оозуна Манасты оозанган Саякбай!

Өмүрүнүн эң соңку көз ирмеминде өмүр кымбат болбой Манас кымбат болгон, Өмүрдөн да улуу бул не деген керемет күч!

Өлүп баратып керээз айтпай Манас айтканын караң!

Манас өлүмдөн да күчтүүбү?

Өлбөй кал Манас, өлбөй кал!

Өмүр! Ашып кетсе жүз жыл болоор. А Манас миң жылдап келатпайбы. Өмүр менен Өлүмдү тоотпогон өлбөстүк сыңары.

…Акылмандын кебине, …алптын күчүнө, …байдын дөөлөтүнө баш ийбеген Сакең эми ушу бир болбогон өлүмгө баш ийип калыптырбы! Ал жеңилбес. …Бүтпөс. …Көөнөрбөс. …Түгөнбөс.

Адам баласы өлүп баратып кыйналат, ооруйт. «Эне» деп кыйкырат. Эчак өлгөн энесинен жардам сурайт. Же тамчы суу сурайт. Ошол тамчы суу өмүрүн узартчудай сезилет. Эс-акылы ордунда болсо керээзин айтат. Дүйнөсүн бөлүштүрөт. Ал эми өлүп баратып «Манас» айткан Саякбайды кантип түшүнсө болот. Манасы менен жашап, Манасын туу тутуп, Манаска гана баш ийип, калган дүйнөнү кыпындай көрбөгөн Сакең өзү да Манастай жашады. Албуут. Бийик. Парасаттуу. Өлүп баратып Манас айткан не деген касиет. Акылга сыя бербеген көрүнүш.

Кимибиз, кайда, качан, кантип көз жумабыз, эч ким билбейт. Ал тагдырдан. Кимдир бирөө эң соңку көзүн ирмеп баратып баласын ойлойт, сүйгөн жарын ойлойт, артында калган дүнүйөсүн ойлойт. Анан өлүп баратып Манасты ойлогон Саякбай өзү мага Манастай туюлат. Тирүүсүндө өлбөчүдөй сезишкен адамдар акыркы ирет Манасты угуп алсын дегенби? Же алакандай аз, аттын кашкасындай кичине кыргыз элим Улуу Манасты тумардай тута жүрсө эч качан кемибейт дегенби.

Эң соңку ирээт шолоктоп «Манас» айтып жатып нени ойлоду экен, нени төктү экен? Табышмак. Куду түбүнө эч ким жетпеген Манас океаны сыяктуу.

Өлүп баратып Манас айтканы, Саякбайдын өлүмгө жеңилбеген эрдиги, баатырдыгы.

Денеси жерде калды, үнү, руху, жаны көккө кетти оболоп.

Дин китебинде айтылат «Эң ириде сөз болгон» деп. Сакең өз өмүрү менен далилдеп атпайбы, адам көз жумгандан кийин да эң соңунда сөз калганын. Өлбөс. Өчпөс.

Аттигиниң, ошентип күпүлдөп «Манас» айтып жатып Сакең көз жуумп кете бериптир.

Улуу манасчыны жерге жашырган күнү Асман ыйлап турду.

Саякбайдын сөөгүн соңку сапарга узатып жатканда Чыңгыз Айтматов көрүстөн башында туруп: «Ай, таң, ушул улуу адамдын каырына жеттик бекен?» деген үшкүрүгү бүгүнкү күнгө дейре кулагыбызга угулуп тургансыйт.

Канкор Манас өлгөндө
Калк жыйылып көктөмдө.
Карагай ыйлап, тал ыйлап
Калың журттун баары ыйлап,
Алтымышта кары ыйлап,
Алтыдагы жаш ыйлап,
Арак ичкен мас ыйлап,
– деп Сакең өзү боздогондой топурак салганы келгендер кылкылдап турду. Өрт жүрөгү сокпой калды. Кумайык улуп, Ак шумкар боосун тытып, кудум Айкөлүнөн ажырагандай болду.

Өлүгүн алып, жер суубады.
Сөөгүн көөмп, эл суубады.
Жок, андай Адам өлбөстүр.

Кайран Сакең, өзү өлсө да үнү менен тирүүлөргө таасир берип келет. Рух берип келет. Энергия берип келет. Денеси гана өлөт. Руху кайып болуп кайдадыр кеткен сыңар. Ошон үчүн Саякбай тиги дүйнөдө жөн жүрбөй жаш манасчылардын түшүнө кирип, «Манас» айттырып жүрөт. Аян берип келет, өзү Алп Баатыр сындуу.

Мамлекет деген сөз кымбат. Бирок кыргыз тарыхында мамлекет жок болуп кеткен замандар болгон. А Манас эч убакта жок болгон эмес. Манас аркылуу мамлекет болуп жаралган элбиз. Манас касиети менен гана кул болоордо эл болгонбуз. Кум болоордо көл болгонбуз. Шондуктан Манасты колдоо мамлекеттик парз болуусу ылаазым.

…Өмүрү бир гана күн жашап чиркей өзүн бактылуу сезет экен.

…Бир гана  түгөй тапканча жарыкчылык көрүп көпөлөк өзүн чексиз бактылуу сезип, бакытка балкыйт экен.

Андай болсо, 77 жыл жашап, анын дээрлик алтымыш жыл бою кыргыз элин Манас кереметине бөлөп жашаган, анысы го анысы, анан өлүп баратып да Манасты даңазалаган, Манасын оболоткон Саякбай бактылуу эмей, анда ким бактылуу?

Ар бир кыргыз, мейли ал кыргыз тилин анча билбесин, кыргыз салтын чала-бучук билсин, мейли жалкоо болсун. Баары бир анын жүрөгүндө Манас бар. Демек, жаман кыргыз жок. Улуу кыргыз бар. Улуу Манас бар. Аны уламада улап айткан Саякбай бар. Демек, баары түбөлүктүү. Күндөлүк өмүр гана, тирлик гана…

Чаңдуу жерде чым жараткан Саякбай,
Чөлдүү жерде көл жараткан Саякбай!

Сакең өзү жомоктон жаралып, кайра өзү жомокко айланып кеткендей.

Тигине, чокусуна Күн уялап, мөңгүгө чагылышып Теңир-Тоонун ак кар, көк музу жатат чулу алтындай уюп. Ошону көрүп жашоо кандай бакыт. Ал түбөлүктүү.

Анда Теңир-Тоонун кокту-колотунан торолуп, оргуштап сан миң булагы агып чыгып Улуу Нарын дайрасын түзөт. Кыргыздын денине кан болуп, жашап да, жашатып жаткан да ошо. Ал түбөлүктүү.

Дал ошол сыңары Улуу Манас дастаны да, аны бир башкача обон салган Саякбай да түбөлүктүү. Кыргыз жүрөгү согуп турганда, кыргыз көзү көрүп турганда, кыргыз кулагы угуп турганда, кыргыз сезими туюп турганда Саякбайдын Манасы дайым жаңырып тураар. Азаттыкка улам үндөп. Манасты даңазалап. Кыргызды өлбөс кылып.

Манас кыргызга тете жашаса, Саякбай Манаска тете Манас айтты. Шондуктан ал Манастын Саякбайы. XXI кылымдын чоросу.

…Жаны чыгып баратып да Манас айткан Саякбай! Бу эмне талантпы? Жок, андан да бийигирээк. Эч бир адабиятчы бул фольклордун күчү деп мени ынандыра албайт. Же болбосо эч бир медик бу оору деп мени ишендире албайт. Космоско жеткизген илим, атомдук бомбаны ойлоп чыгарган илим, бирок кеменгер Саякбайдын бу касиетин түшүндүрүп берүүгө илим али алсыз.

…Бирин  чокундуруп, …бирин сыйындырып, …бирин намазга жыгып, …кай бирлерин фанат кылып жиберип аткан диндин күчү да бунун жандырмагын чечмелеп бере албас. Ушундай эмеспи, Сакең өзү айтмакчы.

Бул башкача күч. Такыр башкача касиет! Манастын касиети! Муну түшүндүрүп айтуу мүмкүн эмес. Сезүү гана керек.

Денеси өлүп жерде калды. Руху болсо кайып болуп көккө кетти. Саякбай өлбөдү.  «Манас» кайда деп сурасаң кыргыз баласы көктү карап ойлонот. Демек руху көктө. Дал ошол сыңары Саякбайдын руху Улуу Тоолордун бийигинде дастан айтып жүргөндөй.

Тоолор өлбөйт. Алар түбөлүктүү. Ол тоолорду аралап Манастын Саякбайы өлбөстүр. Тоолор карыйт. Манас болсо карыбайт. Сакеңдин айгайлаган үнү төрөлелек наристелер үчүн да угулуп турар. Мен ошого ишенем. Манас бар жерде Саякбай жашап жүрө берээри чындык эмеспи.

Сакең Манас айтып жатса кыргыз өлбөстүк үчүн ант берип жаткандай сезилет магаң…

Биз кыргыздар, эгерде бу дүйнөдө таланттардан жалгыз эле Саякбайды жараткан болсок, ошонубуз үчүн эле бу ааламда улут болуп жашоого акыбыз бар.

Ушуга чейин Манасты толук угуп бүттүм деген кыргызды кездештире элекмин. Улуу дастандын дагы бир жери айтылбай калгандай. Түпкү сыры али ачыла электей. Ошон үчүн ал бүтпөс жомок.

Кыргыз кыргыз болуп төрөлгөнү не деген дөө-шаалар, баатырлар, зор таланттар өттү да кетти дейсиз. Эгерде ошол көзү өтүп кеткен маркумдардын ичинен бир эле кишини кайра тирилтүүгө Жараткан мүмкүнчүлүк берсе, анда мен ойлонбой туруп эле Саякбай Каралаевди кайра тирилтүүбүз керек деп айтаар элем…

Түбөлүк жашаң, Айкөл Манас Руху!

“Көк асаба”, №05(29), 16.03.2010-ж.

One thought on “Гений жөнүндө баллада

  1. Мен бул китепти окуп жатам. Абдан кызыктуу китеп. Бир окусаң, андан ары улагың келип, Керемет дүйнөдөн чыга албай каласың. Чынында ойлоп көрсөм Саякбай атабыз тууралуу дээрлик эч нерсе билбейт экенмин. Анын кылык-жоруктары, меймандостугу, «Манасы» менен дүйнө багынтканы мага өтө кызык болду. Сыймыктанып да, таң калып да турдум. Китеп эң сонун деңгелде жасалган. Сырткы дизайны да мыкты. Өзүнө тартып турат. Бул китепти жараткан Каныбек Иманалиев мырзага рахмат.
    Баарыбызды, жалпы кыргыз элин «Кулаалы таптап куш кылган, Курама жыйып журт кылган» МАНАС атабыздын арбагы, «Манасчылардын Манасы», «ХХ-кылымдын гомери» САЯКБАЙ атабыздын арбагы колдосун!!! Урматым менен Нурболот…

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *