Июнь айынын ичинде Бишкек шаарында жайгашкан “Ала-Тоо” эс алуу борборунда “Көчмөн конушу” – балдардын билим берүү жана эс алуу лагери болуп өттү. Мелис Мураталиевдин жетекчилигиндеги “Бакдөөлөт” коомдук фонду уюштурган бул этно-лагерге катышуу үчүн 10 жаштан 14 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр мүмкүнчүлүк алышты. Этно-лагердин негизги максаты – балдарга эс алуу аянтчасын уюштуруу менен катар, кыргыз элинин салттуу баалуулуктарына жана көчмөн маданиятына негизделген билимдерди берүү аркылуу өспүрүмдөрдүн толук кандуу жетилүүсүнө шарт түзүү болду.
Салттуу билим берүүнүн алкагында көчмөн маданиятындагы ата-энеге, улуу-кичүүгө жана туугандарга жасалган туура мамиле, алардын жашоодогу орду, мааниси; адам менен достордун, коомдун, табияттын өз ара мамилеси; эркек жана аялдын көчмөн коомундагы орду жана мааниси; көчмөн жашоосундагы жылкынын орду, баасы жана ат жабдыктарын үйрөтүү, атка минүү жана башка баалуулуктар балдарга үйрөтүлүп, этно-лагерь өспүрүмдөрдүн кийинки жылы да чыдамсыздык менен күтүлө турган жайына айланды.
Аркан тартыш, кол күрөш, чака чапмай, качма топ, жоолук таштамай сыяктуу оюндар менен бирге үч тапан, кан таламай оюндары ойнотулуп, балдарга мааниси ачылып берилди.
Жүн менен иштөө боюнча окууну мыкты адис Жаңыл Абдылдаева өткөрүп, өз колдору менен жүндөн гүл жасап үйрөнгөн секелек кыздар кубанычка бөлөнүштү.
Чүкөнү биринчи жолу көргөн балдарга оюн эрежелери түшүндүрүлүп, сака кармоону жана атканды үйрөтүү боюнча сабак өтүлүп, чүкө ойноо көздүн курчтугун, колдун түздүгүн арттыраарын, балдарды шамдагайлыкка тарбиялаары айтылды.
Тамак алдында тилек айтып бата тартуу – бул кыргыздын салты экени үйрөтүлдү.
Көчмөн конушу, көчмөндөрдүн турагы, боз үйдүн жасалышы, өзгөчөлүгү тууралуу көргөзмө сабакты мугалим Болот Акматов өттү.
Рахат Асаналиева балдарга жаргылчак тартууну көрсөтүп, көөлөнгөн талкан жасоону үйрөттү.
Белгилүү музыка чебери Асылбек Насирдинов үйлөмө аспап чопо-чоордун кантип жасалаары боюнча окуу өтүп, балдар аспапты баштан-аяк өз колдору менен жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Күндүн аптабында “Ала-Тоо” аква-паркы балдардын акылын сергек, денесин чымыр кылып кармоого шарт түздү.
Стратегиялык ой-жүгүртүүнү курчутуп, эс-тутумду жакшырта турган “Каган” интеллектуалдык оюну балдар үчүн эң эле кызыктуу болду.
Кылымдарды карыткан кыргыз (рун) жазуусун өздөштүрүү сабактары да өттү.
Ойду бир жерге токтотууга жана курч мүнөздү калыптандырууга негиз болгон жаа атууну үйрөнүү өспүрүмдөр үчүн чоң жетишкендикызык болду.
Роза АКЖОЛ
Тажикстандын Мургаб районундагы кыргыз балдарга эс алуу лагерин уюштурууга даярдык коруудобуз. Сиздер бизге кээ бир маселеде жардам кенеш бере аласыздарбы. Урматтоо менен Кожомберди