Feb 26

Сөөк коюу салтынын сыры. Жан жана дене

6-Султанов абстрактАкыркы мезгилдерде кыргыздын салтындагы сөөк коюудагы көрүнүштөргө: кошок кошууга, өкүрүк салууга, сөөктү үч үн кармоого жана башкасына тыюу салган, аларга каршы чыгып жасаттырбаган учурлар кездешип келет. 

 Түшүнүктөрдүн эки ача болуусунан улам, маркумду жерге кандайча беребиз дегенге келгенде бир туугандардын, жакындардын, бир үй-бүлөнүн ортосунда араздашуу, чыр-чатактар да чыгып кетүүдө.  Бул боюнча маселенин оң-терс жактарын аныктоого жана кыргыздын каада-салтындагы көрүнүштөрдүн түпкү сырын ачып окурмандарга жеткизүүдө Кыргыз философия илиминин, Аюрвед илиминин доктору ЖОЛДОШБЕК СУЛТАНОВ менен маектешип, гезитибиздин бул санында да баарлашуубузду уланттык. 

Толугу менен

Feb 23

Кыргыз жигити кандай болушу керек?

5-фото общее

Эркектердин майрамына карата “Кыргыз жигити кандай болушу керек?» деген сурообуз менен назик аялзатына суроо салган элек. Эмесе, эл-жер, журт намысы үчүн жаралчу жигиттердин мүнөз-сыпатына пикир билдирген кыргыз кыздарынын ойлорун төмөнкү саптардан окуйлу.

Толугу менен

Feb 16

Жашоо сабактары

8-жашоо1

Сүйүү ыргагы

Кубатка толуу үчүн ар бир адам күнүгө аз өлчөмдө болсо дагы сүйүү ыргагында болуп турушу керек: балдарды, неберелерди, өзүңөрдү карап, сүйүп, элжиреп койгула. Ошону такай жасай берсе, адам кубаттуу боло берет.

Толугу менен

Feb 16

Келечекке ой толгоо

бүркүт (келечек)

«Бакдөөлөт» коомдук фонду элдин жүгүн көтөргөн билги адамдарга багытталган “Келечекке ой толгоо” сурамжылоо акциясын жүргүзүп өттү.

Акциянын жүрүшүнө отузга жакын адам тартылып, алардын келечекке болгон ой-толгоосун билүү иретинде төмөнкүдөй суроо узатылган:

“АЛДЫДАГЫ 15 ЖЫЛ ИЧИНДЕ ӨЛКӨ ҮЧҮН, ЭЛ ҮЧҮН ЖАСАЙТЭЛЕМ” ДЕГЕН КАНДАЙ БАГЫТТУУ ОЮУҢУЗ ЖАНА ИШ ТҮЗҮМҮҢҮЗ БАР?”

Жоопторунда өздөрүнүн өзөктүү ойлорун, максаттуу иштерин көрсөткөн билгилерибиздин айрымдарын гезитибизге жарыяладык.  

Толугу менен

Feb 12

Жоомарт Кадыралиев менен коштошуу

3-Ж.КадыралиевЖАРАТТЫ ТЕҢИР СЕНИ АДАМ КЫЛЫП,
АДАМДЫК ЖҮРӨГҮҢДҮ АДАЛ КЫЛЫП
Гүлсина Өмүрбекова

Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, «Токтогул» атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана үчүнчү даражадагы «Манас» орденинин ээси Жоомарт Кадыралиевдин төрөлүшү тууралуу энеси Гулайым апанын төмөнкүчө эскергени бар экен:

«Жоомарт боюмда бар кез. Түшүмдө Жылуу булактын көзүндө отурган экемин. Жогору жактан топ атчандар көрүнүп калды. Мени көрүп, ылдыйлап түшүп келишти. Мен апкаарып, сүрдөп кеттим. Манас… Манас Аталар экен дегендей түшүнүк болду. Аттары да абдан чоң, туяктары эле кемегенин ордундай, өздөрү болсо абдан зор кишилер экен, нурунан көз уялат. «Балам, тилегиң кабыл болсун! Аман-эсен көз жарып ал, уулуңду жакшы бак, биз кайрылып келебиз» деп жүрүп кетишти. Андан кийин, ошол аталардын колдоосу, тилек, батасы менен Жоомартым жарык дүйнөгө келди». (Г.Өмүрбекованын эскермелер жыйнагынан).

Толугу менен

Feb 12

Атанын үй-бүлөдөгү орду

9-атаҮй-бүлө жөнүндө сөз кыла турган болсок, эң биринчи атадан баштайлы, себеби, атанын жолу улук. Үй ээси – эркек.

Үй-бүлөдө атанын ролу абдан маанилүү. Биринчиден, ата-эне менен чогуу, ынтымактуу  үй-бүлөдө жашаган бала – толук үй-бүлөдө жашаган  бала. Мындай  бала – ырыстуу  бала. Атанын мээримин, тарбиясын, таалимин, камкордугун көрүп чоңойгон бала – бактылуу  бала. Андай баланы «жакшы атанын уулу экен», же «атанын таалимин көрүп өскөн бала

Толугу менен