Жоомарт Кадыралиев менен коштошуу

3-Ж.КадыралиевЖАРАТТЫ ТЕҢИР СЕНИ АДАМ КЫЛЫП,
АДАМДЫК ЖҮРӨГҮҢДҮ АДАЛ КЫЛЫП
Гүлсина Өмүрбекова

Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, «Токтогул» атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана үчүнчү даражадагы «Манас» орденинин ээси Жоомарт Кадыралиевдин төрөлүшү тууралуу энеси Гулайым апанын төмөнкүчө эскергени бар экен:

«Жоомарт боюмда бар кез. Түшүмдө Жылуу булактын көзүндө отурган экемин. Жогору жактан топ атчандар көрүнүп калды. Мени көрүп, ылдыйлап түшүп келишти. Мен апкаарып, сүрдөп кеттим. Манас… Манас Аталар экен дегендей түшүнүк болду. Аттары да абдан чоң, туяктары эле кемегенин ордундай, өздөрү болсо абдан зор кишилер экен, нурунан көз уялат. «Балам, тилегиң кабыл болсун! Аман-эсен көз жарып ал, уулуңду жакшы бак, биз кайрылып келебиз» деп жүрүп кетишти. Андан кийин, ошол аталардын колдоосу, тилек, батасы менен Жоомартым жарык дүйнөгө келди». (Г.Өмүрбекованын эскермелер жыйнагынан).

Элине эмгегин берээр, калкына кызматын кылаар Жоомарт аттуу уул ошентип Манас атанын аян-колдоосу менен жарык дүйнөгө келип, өмүрүн жана чыгармачылык дараметин Манас ааламына арнап жашап өттү. Айкөл ааламына айрыкча басым жасап, Манастын миң жылдыгына карата Таластагы «Манас-Ордо» этнографиялык комлексинин музейиндеги монументалдык жасалгалоо ишин эң жогорку чеберчиликте аткарды. Ордолуу Ош калаасындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын да жасалгасын колго алып, Манас атабыз баш болгон кыргыздын алдыңкыларын көргөн кишиге дем бере тургандай деңгээлде чагылдырып берди. Андан сырткары Манас ата, Акылман Бакай, Кан Кошой жана кырк чоонун айкелдеринен турган комплекстин макети өнөрканасында он беш жыл мурун иштелип бүтүп, “ушуну борбордук аянтка тургузсак” деген ою аткарылбай, макет бойдон кала берди. Кыргыз сүрөт өнөрүндө классикага айланган «Эсимде», «Репрессия курмандыктарына эстелик», «Туулган жер», «Кош бол Алымкан» аттуу чыгармалары жумурай журттун сыймыгы.

чоң казат

***

«Уулдун аты Жоомарт, Жоомарт болсун!» – деп атчан киши көчөдө ат чаптырып баратты. Ал киши Асанаалынын досу Сайлы аба эле. Досу Асанаалынын уулдуу болгонун угуп, атына шарт минип чаап жөнөгөн. Ааламдан дилине салынып, көңүлүнө кыттай уйуган «Жоомарт» деген атты коюш үчүн жолдун узактыгына карабай, он сегиз чакырым (километр) жерден тынымсыз ат чаптырып келип, баланын ысымын ыйгарып, кайра артка он сегиз чакырым жерге ат чаптырып барып, башка ысым коюп коюшпасын деген ойдо райЗАГСтан балага күбөлүктү өзү жаздырып алган. Ошентип Сайлы аба 36 чакырым жерге ат чаап, кыргыздын келечектеги улуу сүрөткеринин, мекенчил, жоомарт адамынын төрөлүшүнө жетине албай,  Жоомарт деген ысымды койгон. Бул ысым чындыгында эле Жоомарт Кадыралиевдин эл алдындагы улуу вазыйпасын аткарып кетишине өбөлгө болгон өңдөнөт. (Г.Өмүрбекованын эскермелер жыйнагынан).

ЖолдоОрдодо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

***

Улуу сүрөткер агабыз кайрат-күчү боюна сыйбаган, мекенчил, кыргыз дегенде күйүп-жанган киши болучу. Анын сүрөтчүлүгүн дүйнө тааныганы менен акындыгын, обончулугун, күүчүлүгүн көптөр билбесе керек. Сөзү, обону өзүнө таандык «Арноо», «Кыялымда» аттуу ырлары, «Шер баян», «Шумкар уя» деген күүлөрү башка сүрөткердик иштери менен катарлаш калк ичинде жашай берери шексиз. Жоомарт ага бек айтып, кубаттуу сүйлөчү, анын мындай  дымактуулугу кыргызга таандык өзгөчө сапат эле. Кылчактабай шарт чечип, буйтактатпай шарт сүйлөп, эр кишиге таандык мыкты сапаттын ээси болчу.

Мындан бир жума мурун, 5-февраль күнү кыргыздын сыймыктуу адамы, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана үчүнчү даражадагы «Манас» орденинин ээси Жоомарт Кадыралиев 69 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды. Бул жумурай журт үчүн оор жоготуу, анткени улут деп күйүп-жанып жашап, чоң иштерди аткарып, бирок, жупуну жашап эрте кетти. Орду толгус жоготуунун арты кайырлуу болсун. Жаны түбөлүккө кетип, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

“Көк асаба”, 11-февраль, 2015-жыл

Шаакан ТОКТОГУЛ

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *