Jan 27

Жашоо сабактары

7-жашоо сабагы1Тазалануу

Жашоо жолунда адам көп нерсеге кабыл болот. Бирде адам бийикте, бирде адам төмөндө.

Төмөндөгөн учурда адам илдетке, сарсанаага, жүккө дуушар болот же болбосо азапка, кайгыга, түмөн түйшүккө кирептер болуп, андан жалаага, айыпка, докко дуушар болот. Ошондон улам адам кичирейип, бүрүшүп, сынышы мүмкүн. Ушундай жагдайда, абалда адам тазалануусу зарыл.

Толугу менен

Jan 26

Кыргыздын түштүк аймагынан чыккан кыраан – Кубат бий

6-Кубат бийШамалбек АСЫЛБЕК уулу

Кубалап ишти көп кылган
Кучак жайып эл жыйган
Манас болгон кыргызда
Жомокто калып баяны
Жоголуп кетти далайы, – деп “Негиз” китебинде жазылгандай, көпчүлүк учурда баатырларыбыздын жасаган эрдиктери жомокко айланып, эл оозунда айтылып калса, кээ бир баатырлардын эрдиктери ар кандай саясый себептер менен же баскынчы бийликтин таасири менен эл арасында көп айтылбай, бааланбай калган. Мына ошондой көп айтылбай-бааланбай калган баатырлардын бири – Түштүктөн чыккан белдүү инсан Кубат бий же хан Кубатбек болгон.

Толугу менен

Jan 26

Таттыбүбү – 70 жаш!

11-ТаттыбүбүБулбул үн

Өткөн кылымдын 80-жылдарынын башында өндүрүштүк тажрыйбамды кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында өтөп калдым. ““Суроолор боюнча концертти” түзөсүң” деп редакциянын башкы редактору мага тапшырды.Концерттик программаны угармандардан келген каттарынын негизинде түзчүмүн. Ошондо Таттыбүбү Турсунбаеванын аткаруусундагы ырларды көп суранышчу.

Толугу менен

Jan 23

“Археологиялык эстелик жайгашкан жерлер да менчикке кетип калууда”

 “Тоо бузулуп, көл болду, көл козголуп тоо болду” дегендей, жергебиздеги көптөгөн тарыхый-археологиялык эстеликтерибиз улам мезгил жылышып доор алмашкан сайын, улам жер толгонуп силкинген сайын боз топурак бооруна тереӊдеп катылып барат. Бир кезде гүлдөп өнүккөн шаарлардын орду азыр боз топого айланып, кээси таштанды жамынып жатса, кээси жаӊы курулган үй-жай, имараттардын, короо жайлардын астында калып калган. Андан дагы жаманы, кара казуучулардын капсабына кабылып уурдалып, ташылып сыртка сатылып кеткендери канча. Кантсе да, маданияттын маанилүү маалыматтарын, мындай тарыхый шаарларды коргоого аракет кылсак жакшы болмок деген илгери үмүт менен ушул багытта изилдеп жүргөн археолог, окумуштуу Кубат Табалдиев менен маектештик. 

Толугу менен

Jan 22

Мыкты үй-бүлө, күчтүү тукум кайдан чыгат?

4-СултановКыргыз философия илиминин, аюрвед илиминин доктору, дарыгер Жолдошбек СУЛТАНОВ сырт жерде 20 жылга жакын убакыт жашап, ар элдин, ар диндин, ар аймактын өзгөчөлүгүн, жашоосун, ички-сырткы дүйнөсүн таанып келгенден кийин, азыркы учурда Кыргызстанга биротоло отурукташып, кыргыз элинин өзүн-өзү таануусуна салымын кошуп, жалпыга маалымдоо каражаттарында, жеке жана коомдук жолугушууларда өз тажрыйбасын, баамын, билген билимин жана илимин эл менен бөлүшүүдө. 

Толугу менен

Jan 21

Арабанын бешинчи дөңгөлөгү болбойлу

3-ЭКОНОМ

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, мекенчил жаштардын өкүлү

Кытай тилинде кризисти түшүндүргөн сөз «коркунуч» жана «мүмкүнчүлүк» деген эки иероглифтен (危机)  куралат, дал ушул эки түшүнүк менен алардын кризиске болгон мамилесин түшүнсө болот.

Толугу менен

Jan 15

Жашоо сабактары

АДАМДЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ

Жашоонун шаңы менен, талаптын күчү менен адам өзгөрөт, өсөт, өркүндөйт. Эгер адам өзгөрбөсө, изденбесе, аракет кылбаса – адам мезгилден артта калат, жашоо шартын өзгөртпөйт, өзүн өстүрбөйт.
Күндөн күнгө, айдан айга, жылдан жылга өзгөрбөгөн адам – артта калган адам. Күн тартиби, жашоо нугу улам-улам өзгөрүүдө. Өзгөрүүнү байкаган адам – көрөгөч адам. Өзгөрүүгө моюн сунбаган адам – кежир адам. Өзгөрүү – жашоонун талабы. Өзгөрүү – мезгил талабы. Эң биринчи өзгөрүү: ойдо, сөздө, кыймылда болуш керек. Кээ бир учурда өзгөрүү – муктаждык. Бул шарт аткарылбаса – адам ийгиликке жетпейт. Бул шарт аткарылбаса – адам байыбайт жакшы жакка.
Жашоонун ыргагы, тартиби акырындан (билинбестен) өзгөрүүгө дуушар болот. Бул – мыйзам.

Jan 15

Жашоо сабактары

10648366_756346641104003_3774392962732168521_o

БАЛАНЫ ҮЙЛӨНДҮРҮҮ САЛТЫ

Адамдын жашоосундагы эң негиздүү окуя – бул үйлөнүү. Үй-бүлө күтүү – бул ар бир адамдын жашоосундагы өтө чоң маанилүү нерсе жана олуттуу учур. Адамды бакытка бөлөгөн, же тескерисинче азаптуу жашоо берген – бул баш кошуу. Ушуга өтө чоң маани берип жашаган оң.

Толугу менен