Кыргыздын түштүк аймагынан чыккан кыраан – Кубат бий

6-Кубат бийШамалбек АСЫЛБЕК уулу

Кубалап ишти көп кылган
Кучак жайып эл жыйган
Манас болгон кыргызда
Жомокто калып баяны
Жоголуп кетти далайы, – деп “Негиз” китебинде жазылгандай, көпчүлүк учурда баатырларыбыздын жасаган эрдиктери жомокко айланып, эл оозунда айтылып калса, кээ бир баатырлардын эрдиктери ар кандай саясый себептер менен же баскынчы бийликтин таасири менен эл арасында көп айтылбай, бааланбай калган. Мына ошондой көп айтылбай-бааланбай калган баатырлардын бири – Түштүктөн чыккан белдүү инсан Кубат бий же хан Кубатбек болгон.

6-Шамалбек АКЫЛБЕК уулуӨз тарыхын билбеген эл келечекке жол чаппайт же тамырыңды таанып, тамырдан азык ал деген элдик накыл сөздөрдүн тереңдиги иликтеген сайын таасирлентпей койбойт экен.

Канчалык тереңдеп өз элиңдин тарыхын, салтын, рухий байлыктарын иликтеген сайын улуттун улуулугун таанып-билип, сыймыктанып, күч-кубатка толот экенсиң. Анткени кыргыз эли канчалык согушту башынан өткөрүп, кырылып, талкаланып басылса да, кайрадан көбөйүп, биригип, баскынчылары өз жеринен кууп чыгышкан. Ошондон улам “кырылган сайын күчөгөн, түгөнгөн сайын түтөгөн”  деген сөз калбаса керек. Ар бир мезгилде учуруна жараша кыргыз элинин эгемендүүлүгү үчүн өзүнүн каны–жанын аябай тарыхта из калтыргын  баатыр эл башы, кол башылар чыгып тургандыгын тарыхыбыз тастыктап турат.

Кубат бийге окшогон элдик баатырлардын чыгышы жөнүндө “Негиз” китебинде мындай деп айтылат: 

Кызыгып адам суктанган
Кызматын элге эр кылган
Эрлери болгон элдерде
Эгемендүү күн болгон
Эрдиктери көп болгон
Эскирбес калкта салт болгон
Эрлери жок элдерде
Көз каранды күн болгон
Өз салты баары жоголуп
Күнкорлуу элде жут болгон
Биримдик болсо элиңде
Эрлер чыгат тез эле
Ошондуктан бөлүнбө
Жашоо салтын бузбастан
Кубат топто күнүгө, – деп.

Канчалык көптөгөн күчтүү элдер жоголуп кеткени тарыхта маалым. Ал эми кыргыз элинин эгемендүү болуп сакталып калышы бул жараткандын колдоосу экени талашсыз. Ошондуктан  улуу Кудай жагдайга жараша Кубат бийге окшогон эрлерди кыргыз элине берип турат. Убагында Айкөл Манас атабыздын жанында акылман Бакай, касиеттүү Кошой, Алманбет, Сыргак, Чубакка окшогон чоролор болсо, Кубат бийдин тушунда Эр Солтоной, Атаке баатыр, Бердике баатырга окшогон кыраандар болгон.

Эгер тарыхый булактарга жана элдик санжыраларга таянсак, Кубат бий болжол менен 1710-1770-жылдары жашаган. Кубат бийдин атасы Калча баатыр Фергана өрөөнүндөгү кушчу, мундуз урууларынын башчысы жана таасирлүү адамдардын бири болгон. Кубат жаш кезинен эле тың чыгып, кыргыз элинин намысын коргогон акылдуу, калыс  адам катары элдин арасында кадыр-баркка ээ боло баштайт. Мындай сапаттарынан улам 18 жашар Кубатты сол урууларынын курултайында атасынын ордуна бий шайлашат жана ал андижандык кыргыздардын жалпы башчысы болуп калат.

Бий болуп шайланары менен, Кубат бий өз алдынча аскер курап, жоокердик өнөрдү үйрөнө баштайт. Анткени ал убакта бир жагынан калмактар кысым көрсөтсө, экинчи жагынан Кокон ордосу кооптонто баштайт. Сөзү орундуу, өзү өрттөй жанган чечкиндүү Кубат бий Кокон ордосу менен да, Букар эмири менен да, Кашкар бийлиги менен да тил табышып, Фергана кыргыздарынын жайыт, чек ара сыяктуу көйгөйлүү маселелерин калыс чечип, элдин купулуна толуп турган. Ошол мезгилде, 1740–жылдары кыргыз уруулары мекендеген Кашкар,  Үч-Турпанды башкарган жунгар хандыгы Ташкен бийлигин басып алыш үчүн аскер жөнөтөт. Ал калмак аскерлери Ташкенди курчоого алып, Кокондун чет жакасында жашаган элдерге кордук көргөзүп, тоноп, жашоо бербей башташат. Ошондо эр жүрөк Кубат бий аскер курап, калмактар менен салгылашып, кандуу согушта жеңишке жетишет да, кол башчы катары таанылат. Бул согуштан кийин Кокон ордосунун бий Эрдана Кубат бий менен келишим түзүп, өзүнүн коопсуздугун бекемдейт.

1754-жылы Кашкар, Жаркентте жашаган элдер калмактардын эзүүсүнө чыдабай каршылык кылып, Кубат бийден жардам сурашат. Алдыны көрө билген акылман Кубат бий Кашкарды калмактардан бошотуу үчүн жана бул мүмкүнчүлүктү колдонуп калмактарды алыстатуу максатында Ферганадан кошуун курап, жортуулга аттанат.

Ошентип, Кашкар, Жаркенттеги кандуу согушта Кубат бий өзүн аскер ишин мыкты билген кол башчы катары көрсөтүп, жунгардын 40 миң аскерин талкалайт.

Чыгыш Түркстандагы мындай даңазалуу эрдиктери үчүн Кубат бийди Кашкардын акими кылып шайлашат жана анын урматына Кызыл-Ой деген жерге бийик мунара тургузушат.

Ошентип Кубат бий Кашкардын да, андижандык кыргыздардын да башчысы болуп калат.  Ошол кезде Ош, Алай тараптагы оң канат кыргыз урууларынын башчысы Ажы бий менен дагы өтө жакын болуп мамиле түзүп, кыргыздардын биримдигин бекемдейт.

1759-жылдары Кытай аскерлери Чыгыш Түркстандагы калмактарды кырып, калган калмактарды кууп келдик деген шылтоо менен Алай аймагына кирип келишет. Мына ошондо Кубат бий баштаган кыргыздардын бириккен кошууну кытайларды талкалап, жерибизди алардан бошотушат да, мындай эрдиктерден кийин кыргыз элинин ичиндеги Кубат бийдин зоболосу дагы да бийик көтөрүлөт. Ал эми кашкардык кыргыздар Кубат бийди эр жүрөк, калыс, мекенчил кол башчы катары баалап аны кандыкка көтөрүшөт. Ошондон кийин ферганалык кыргыздар да аны кан Кубатбек жана андижандык кыргыздардын падышасы деп аташкан.

Бирок, Кокон ордосунда, ордо иштерин чечүүдө Кубат бийдин орду өтө зор болгондуктан, ордо башчысы Эрдана бий терс ойлор менен түйшөлүп, Кубат бийдин көзүн тазалоону  самай баштайт. Бир кездерде Кубат бийдин жардамы менен өзүнүн саясый бийлигин чыңдап алган Эрдана бий ошентип арам ойлуу ишин ашырыш үчүн жана мындан ары жеке бийлигин өз билгениндей жүргүзүү үчүн алдоо жолун колдонуп Кубат бийди өлтүртөт.

Кыргыз элинин эркиндиги үчүн, жерибиздин бүтүндүгү үчүн кан кечип жанын аябай кызмат кылган Кубат бийдин өлүмү жалпы кыргыз журту үчүн өтө оор жоготуу болгон. Өзүнүн жеке кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан бийик койгон, ичи тар, акылы пас Эрдана бийдин кадыр-баркы ошондон кийин жоголуп, Кубат бийдин баатырдык сапаты терең урматталып, эл арасында:
Кубатбек өлдү, кут өлдү
Кушчу, мундуз журт өлдү
Саруу, кытай дагы өлдү
Атпай кыргыз журту өлдү
Түндө чыкчу ай өлдү
Күндүз чыкчу күн өлдү, – деген армандуу ыр сыздоо менен айтылып калган. Бул ыр саптардын маани-маңызы жөнүндө “Тууралык” китебинде мындай деп так көрсөтүлөт:
Улуттун улуулугун билгиң келсе
Улуттун баалуулугун билгиң келсе
Акындын ырын кара, сөзүн кара
Аныктап баалуулугун терип кара.
Сөздөн сен багыт алып, баасын кара
Улуттун тереңдигин сезгиң келсе
Улуттун ак кызматын билгиң келсе
Сен кара жашоо шартын, ырымдарын
Салтында катып жаткан сырды тааны
Салтында берип жаткан сыйды тааны
Салтында катып койгон ойду тааны.

Элибизде: “Баатырдын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт”, “Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун” дегендей, убагында ар кандай саясый себептер менен коомчулук тарабынан бааланбай калган Кубат бийдин эмгеги азыркы муундар тарабынан бааланып, көтөрүлүп чыгууда. Айтып кетсек, баатырдын тарыхын иликтеген жазуучу Кушан Исан 2010-жылы июнь айында Кытайдагы кызыл-суулук туугандарда болуп, баардык айылдарды кыдырып, Кубат бий, Алдаярбек баатырлардын түздөн-түз урпактарынан көптөгөн баяндарды жазып алган. Ал айтылуу манасчы Жусуп Мамайдын энеси Кубат бийдин урпагы экендигин жана Кубат бий жөнүндөгү башка көп маалыматтарды улуу манасчынын өзүнөн алган. Ал эми Кубат бийдин туусу жана мөөрү бүгүнкү күндө Өзбекстандагы Анжиян облусунун Пахта-Абад районундагы Миян айылында жашап жаткан Мамрасул Максым уулунун колунда экендиги такталып, ал мурастарды Кыргызстанга өткөрүп алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Кубат бийге арналган эң биринчи айкели-бюсту 1998-жылы Иманбек Жумалиевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен Талас шаарынын сейил багына коюлуп, 2013-жылы болсо Сасыкбай Турдумалиев аркылуу Таластын Кара-Ой айылына куш кармаган айкели орнотулган.

Макаламдын соңунда баса белгилеп айта кетээрим, өзү туулуп-өскөн Түштүк жергесинде дагы баатырды эскерген чоң иш-чаралар жасалып, баатырдын эрдиктери элге айтылып-таанылып, анын татыктуу айкелдери тургузулат деп ишенем.

P.S.: Бул макаланы жазууда “Токтогул шамы”, (24.10.13.), “Көк асаба” (12.11.14.) гезиттериндеги тарыхый макалалардан жана “Тууралык”, “Негиз” китептеринен маалыматтар пайдаланылды.

One thought on “Кыргыздын түштүк аймагынан чыккан кыраан – Кубат бий

  1. Жанкушчудан тараган, Чалике уруусунун санжырасы.

    Бир мезгилде Чаа Тоо, Зашаң Көл, Чаян деген жерлерде жашаган, Чаа эли да, Кушчудан тараган журт болгон. Алгачкы белгилүү болгон учуру, Жан Суу деген чөлкөмдө жашаганы үчүн- “Жан Суулук кушчу”- деп коюшкан. Бир заманда Чаян элинен Ала-Тоого каныша келгенде, Чаян уруусунун 500 бала, 500 кыз каныша менен келишип, Ала-Тоодо өзүнчө мамлекет куруу аракети коруло баштаган. Алар келгенге чейин Ала-Тоодо, Сак деген эл жашап турган. Алардын үстүнө Катаган, Кыпчак, Карлук, Кушчу, Орус тектүү элдер келип кошулган. Чу-Талас-Тяньшан тарап өзүнчө бөлүнүп, борбору Талас болгон. Буларды “он ок” тукуму деп койгон. Ал эми экинчи тарап Туулга тукуму аталып, Или дайрасынан түндүктө жаткан жерлер кирген. Ал тарапта орустар, кыпчактар , карлуктар, түргөштөр, кушчулар ж.б. тайпалар болгон. Ошол эки тарап узак жылдар бою согушуп алсыраган экен. Дуулат тайпасынын башчысын Шеху Ябгу деп атап коюшкан, кытай Йеху деп атап калыптыр. Ошол Туулга үйүн тарыхчылар тукюе, тугю деп атаган дейт. Ала-Тоодогу жергиликтүү Сак элинин үстүнө, Чаа журтунан канышаны ээрчип келген Чаа тукуму менен кушчулар биригип, Чалиян (Чалияр) деген атка конушкан. Ортодон бир топ убакыт өткөндө, бул куралган өлкө экиге бөлүнүп кеткен болот. Түндүк тарабы туулга б.а. “миң дуулат” тайпасы болуп, түштүк жагы “он ок” б.а. “жайыл” тайпасы болуп кайра түзүлөт. Ар тарабында бештен уруу болот. Адегенде журтту канышанын ага туугандарынан чыккан, сол үйүнүн улуу жолбашчысы Чалими б.а. Чалике убактылуу башкарган болот. Ал Или дайрасынын оң куймасы болгон Чилка суусунун боюнда олтурчу экен. Балбай кан өлгөндө анын аялы ордодогу туугандары болуп, бөлөктөргө айтпай анын баласын Чабол Чалихини падыша көтөрүп жиберишет. Салт боюнча падишах- Ябгу кайтыш болсо, такка иниси олтуруш керек болчу. Ошондон улам чатак чыгып, эл бөлүнүп кетти. Жайылдан Миндуулат бөлүнүп чыкты. Ушул эки тууган эл 20 жыл согушуп, жер ээн калган экен. Ошондо, калмактардын Долонкан. күчтөн тайып, алсырап турган Миндуулатты тыйпыл чапкан. Бул учур Курманбектин заманы болгон экен. Элдин бир бөлүгү болгон Аккандыгы – батышка ооп кетти. Мин тукуму түштүк тарапка ооп, Хазар мамлекетин түптөөгө киришти. Түндүк жакка Дулаттын улуу колбашчысы – солдун уулу Чабол Чаликени ээрчиген кушчулар – Дуулат тайпасы, Cеленга Энисейге чегинип кетишти. Ал жерде Чакол, Часуусу, Каратал, Каракушчу, Чаулуту, Эдер деген жерлерде күн кечиришти.Тарыхка алар Алтай, Энисей кыргыздары катары жазылат.Алар адегенде хилер атанып журушсо, кийин Кушчу атына кочуп алган экен.Ошондон улам Чалике уруусунун , андан чыккан адамдарга ки, хи, ми тамгаларынын жазылышына алып келген экен. Болуп откон так талашуу согуштары, бул өлкөнү телчиктирбей, кулоосуна шарт түзгөн. Андан соң Чалике уруусу Кушчулар менен бирге Энисейден, Селенга сууларынын бойлорунан жер которуп, Үч-Турпандын саздак жерлеринде көчүп-конуп жүрүшкөн.
    Үч Турпандын түндүгүндө Кутчу хандыгы болгон. Үч-Турпан, Отбашыдан тартып бүт Какшаалды Абайылда, Берик дегендердин ата бабалары болгон, Сокку- ур бийлер башкарып турушкан. Ошол жылдары Үчмеркечте турган Чоко, Токтокүчүккө баш ийген 40 үйлүү сарбагыш туугандар салык төлөгүсү келбей, чатак башташып согуш чыгаруу максатында, Башчакма суусунун боюндагы Кеңсай жай-лоосунда, калмактардын бутканасына караштуу 400 атты Отбашыга чогултуп, башын кыя чаап өлтүрүп, калганын Кызыл Күмбөздүн “Чал” деген жерине жайып коюп, калмактардын атынан “урушаар жериңди айт”-деп кат жазат да, өз элин көчүрүп, Тешик Чапты ашып Ыссык Көлгө кетип калат. Чалике уруусу башында турган кутчулар Учтурпан бизге жер болбой калды, уй түгүндөй көп калмак ме¬нен согушуу акылсыздык деп, түштүккө – Барколго көчкон экен.. Андан кийин Акчийге, Какшаалга көчүп келишиптир.. Калмактар менен башталган чатак уланды. Эми Какшаал да жер болуп бербеси ачык болгондо, дуулат тайпасынын кутчулары , Анжиан, Талас чөлкөмдөрүнө көчүп келишти. Элдин басымдуу бөлүгү Таласка көчүп келди. Ортодон бир топ убакыт откондо чачылган кушчулар , ар кандай ат менен кайрадан чогулган экен. Кок кушчу, лалым кушчу , сары кушчу,жан кушчу, таз кушчу ж.б. Таласка келип элге кошула баштаган. Ортодон көп убакыт өтпөй кыргыз жерлерине калмактардын чабуулу күч алган. Элди чаап кетмей, жылкы тийип кетмей – деген жагдайлар күч алган. Согуштар башталып, 1690 – жылдары эл түштүккө кете баштаган. Элдин артка кайтышы 1756-жылга туура келет. Кушчу уруусунан Эгемберди Сокку ур бий, а дегенде Үч-Турпан жакта жашап турганда, Куртка бий менен койлору короолош, өздөрү ынтымак курушкан экен. Моголдордун Махмуд султаны менен куда болгон.Махмуд султан , Султан Бабырдын атасы Омор Шейхтин улуу агасы болгон. Сокку ур бийдин кызы Махмуд султанга турмушка чыккан. Ортодо Махмуд султан менен Ахмед хандын ортосунда так талашуу болгондо, Сокку ур бий кушчу менен чаадан 7 миң аскер курап, Ахмед хан олтурган Жаркентти 20 күн курчоого алып турганда, Кашкарлыктар кетип калышып, Сокур бийдин аскери артка кайтышкан. Кийинки жылы болгон чабуул ийгиликтүү болгон. Ошол так талашуу мезгилдеринде, Сокур бий, кызын жана анын 2 уулун, Дайыр менен Кокону өз колуна алган болчу. Эки баланы качырып, Таласка жөнөткөн. Себеби, эки балага душмандар катылышы мүмкүн болгон. Андан көп өтпөй Сокку ур бий Таластагы, кушчулардын уруусуна тиешелүү Калба жайлоосунда олтурган, Чон атасы Томондун конушуна келген. Ушул мезгилге чейин окумуштууларга, илимпоздорго, санжырачыларга белгисиз болгон бир нерсени айта кетейин: Ал “Сокур бийдин” аты тууралуу. Ушул күнгө чейин белгилүү болгондой Сокур бий десе, көзү сокур болгон адамды элестетебиз. Чындыгында андай болбогон. Кушчу уруусунда Сокур бий деген наамдын пайда болуу тарыхы, алыскы тереңге кетет. Илгерки заманда, Манастын көзү өткөндөн кийин Ала-Тоолук Кыргыз эли, анын ичинде кушчулар. элди бириктирүүчү деңгээге өсүп жеткен. Кушчулардын башында, Канишке деген император турганы тарыхка жазылган. Канишке деген сөз, менин чечмелөөм боюнча, Кылыч падыша болгон. Кылыч падышанын көп аскери каңгыларды чаап, Оогон жерине жеткенде, өзу ал жерде калып, өзүнүн бир тууганы Чаликеге (Тарыхта Цилихи иначе Чалике) “Сокку уруучу бий” наамын берип, Индияны чабууга жөнөтөт. Ал ортоңку Индияны каратып, калган 4 Индияны өзүнө кошуп, бирдиктүү мамлекет курган. Өзү ошол элге падышах болгон. “Сокку урчу бий” наамы, ошол учурдан баштап, кушчунун чалике уруусунан чыккан бийлерге берилип келген. Уруунун озуно гана тиешелуу, уруулук даража болгону илимге эми белгилуу болот.Ошондой эле он ок тукумунан чыккан кагаандын атасы Богу Таласта турганда, ал озуно чаа бий наамын кабыл алган. Ошол учурдан баштап ал соз Калча бий аты менен жашап келген. Үч – Турпандан Таласка келген Чаликеден Томон, андан Дорбо , андан тараган Эгембердинин Сокку ур бий деген наамы болгон. Андан Калча, Назарбек туулган. Калча бийдин Кубатбек, деген уулу болгон. Назарбектен Бозтумак Таши, Беки, Шакар деген уулдары болгон. Уланган тукумдан бүгүнкү күндө элге белгилүү болгону, Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев. Калча бийден Кубатбек бий. Анын бир наамы ‘’ падышах’’ экени белгилуу, ‘’Падышах’’ наамы Чалике уруусуна тиешелүү наам болгон. Анын себебине токтолсок ,жогоруда белгилеп өткөндөй, Кушчу уруусунан чыккан Чаликеге, Индияга казатка аттанаарда , ага “сокку уруучу бий” наамы ыйгарылган экен. Кийин ал ортонку Индияны каратып, Индияга падишах болгон. Ал өз тегинин Жан суулук Кушчулардан болоорун билген. Ордодо Чаликенин тегин суруп, тактап беруучулор өз кызматтарын тыкан, так аткарып турушкан. Ошол себептуу Индиянын падишахы чалике , теги жан кушчу болуп, бекип калган экен. Андан кийин көп убакыт өткөндө Миндуулатка падышах болгон Чалими Юй Дафу болгон. Чечмелеп коргондо, Юй –деген соз Уй, Да- деген соз улуу кол башчы , Фу- Сол деген тушунукту жаратат экен. Миндуулаттын падышасы алып жургон наамдын теги да Индияны караткан Чаликеден уланаары тастыкталат. Адегенде Сокку уруучу бий, андан кийин Улуу колбашчы, андан кийин Индиянын падишахы болгон Чаликенин , теги Жан суулук Кушчу падышаларынан болуп, Кубатбек да оз учурунда падишах наамын өзүнө тандап алган. Чалике уруусунун санжырасы боюнча алып караганда, Кубатбектин атасы Калча, анын атасы Эгемберди- “сокку ур бий”, анын атасы Дорбо-“кумуш чокмор”, анын атасы Томон, анын атасы Чалике, ал Жанкушчу уруусунан болгон. Кубатбек 1700ж туулган. Атасы Калча бий Таластын Калба жайлоосунда турчу экен. Калмактар ал жайлооду тартып алган соң, Ноокенге көчүп, андан-ары Анжиан, Алайга кеткен экен. Фергана өрөөнүндөгү Кушчу, Мундуз урууларынын башчысы болгон. Калча кайтыш болгондо, 18 жашар Кубатты, Сол урууларынын курултайында бий шайлашат. Анжиан кыргыздарынын башчысы болуп калат. Сүйлөгөн сөзү орундуу, кайраты күч, чечкиндүү Кубат бий Кокон ордосу, Букар эмири менен теңтайлашып, тең ата болуп, бардык маселелердин калыс чечилишине жетишкен. Чүй, Талас, Нарын, Ыссык-Көлдөн ооп барган эл , Кубат бийдин сүйөнөөр тоосу болгон.
    1759-жылы Кашкар, Жаркентте жашаган кыргыздар, калмактардын эзүүсүнө чыдабай жардам сурап кайрылганда, Кубат бий Ферганадан кол курап барып, Калмактардын 40 миң аскерин талкалаган. 1759-жылы Кытай аскерлери калмактарды сүрүп, Алайга кирип келгенде, Кубат бий Алайды коргоп калган. Ошол уруштарда жеңишке жеткени үчүн, ал Кашкарга бий шайланат. Көзү тирүү кезинде , бийик мунара орнотулат. Кашкар эли Кубат бийдин эмгегин жогору баалап, “Падышах” наамын беришет. Андан мурда “баатыр бий” деген наамы болгон. Анжиандагы Пахтаабад районундагы Миян айылынын тургуну Мамрасул Максым уулунун колунда Кубат бийдин мөөрү, туусу сакталган.
    1760-жылы Кокон тарабынан жиберилген, кызмат кылып жүргөндөр аркалуу уу коргошун берилип, каза болгон. Сөөгү атасы Калча бийдин сөөгү жаткан Алайдын Кичи Дайра деген жериндеги мазарга коюлган. Санжыра боюнча, Кубат бийдин чыккан уруусу, кушчунун “жан кушчу” уруусунан экени айтылат.Бизге жеткен уламыш кептерге таянсак, Кубат бийден Абайылда, Берик, Жунушаалы, Кулмурза, Агышайбек, Карды деген уулдары болгон – уламышта.Биз билгенден Бериктин Усон Назардэген эки уулу болгон.Агышайбектен Алымбек,андан Кармышак, андан Назараалы, Абес дегендер болгон. Таластын Кара Арча деген жеринде 60 үй-бүлө бар. Ошондой эле Ноокен районунун Сакалды деген айылында Кубат бийден тараган, Исакул ажы, Самидин болуш, Орозаалы Калпа, Абджапар молдо, Мамбетаалы бай, Исак уулу Абдыракман, Кудаяр Жантороев, Кадырбек Абдыкадыров өңдүү , эл-журтубузга эмгеги сиңген, эл кадырлап сыйлаган улуу инсандар чыккан. Мындан 30 жыл мурда Чалике уруусунан чыккан, санжырачы Өзүбек деген адам бар эле. Бүгүнкү күндө анын жашы жүзго чамалап калмак. Ал Чалике уруусунун санжырасын Осмон тааптын кол жазмаларынан алып, ага өз көз карашын кийриген. Ал санжырада кетирилген каталыктар да болгон. Беки, Бозтумак деген чон аталарыбыздын атын бириктирип “Бектума” деп жазган. Ошондой эле Чалике деген сөздү ката жазат. “И” тамгасы жок. Дорбо чон атабыздын уулу Эгембердинин ордуна Бектума деп жазып, Эгембердиден тараган бир туугандарды Калча, Назарбекти жок кылып койгон. Жээнбекти Алабука жактан качып келип чалике болгон деп жазган
    Осмон, Иманбектин чон атасы болгон. Бир жолу мен Өзүбекке жолугуп, Манасты изилдеп жүргөндүгүмдү айттым. Ошондо, ал мага: “Сен Манасты эмне кылат экенсиң, андан көрө өзүңдүн чалике урууңдун кайдан чыкканын билип албайсынбы”- деди. Билип ал кушчу көпкө бөлүнөт, аларга аман кушчу, тазкушчу, кара кушчу, жан кушчу, айрым кушчу, чол кушчу, дашказан кушчу, тынай кушчу, карды кушчу , али кушчу, дондор кушчу, ашагы кушчу, сары кушчу, кок кушчу, лалым кушчу, сарт кушчу ж.б. болуп бөлүнүп кетээрин айтты. Кагазга жазып алдым. Мен кайра сурадым: “Чалике уруусу кайдан чыгыптыр?”- дедим. Ал, Чалике падыша болгон. Биздин ата –бабабыз Ундуго чейин барган. Таласка 16-кылымдарда келген болуу керек деди. Мен убагында көп маани бербептирмин. Ошол Жан Суу деген сөз кыскарып, “жан” уңгусу сакталып, жалпы Кушчу аты менен аталган чаликелер болгону далилденет. Жан кушчудан келген Чалике, андан Томон, андан Дорбо, Токтоболот. Дорбодон Эгемберди ‘’Сокку урчу бий’’ болуп, Жан кушчулардын санжырасы уланган. Кушчуга уланып айтылган “жан” – деген сөз “Жан Суу” деген сөздөн кыскарып жаралган сөз. Жогоруда айтылган Эгембердинин Сокку урчу бий атагы болгон. Дорбо Кыргыз элинин жунгарлар менен болгон согуштарында, чоң эрдиктерди көрсоткон адам болгон. Ал алп адам болгондуктан, ат көтөрө албай дайыма уруш талаасына жөө барган. Узун саптуу, кой башындай күмүш чокмору болгон. Эл аны “жөө чокмор”, “күмүш чокмор”, “чокмор” деп атап коюшчу экен. Тарых бетиндеги, беш баатырдын бири болгон Чокмор баатыр тарыхта жазылган. Дагы бир айта кете турган сөз, Эгембердинин баласы Назарбек ,тууганы Кубатбек падышах болгондо, ал туу түбүндө турчусу болгондугун, Кушчудан чыккан инсан, санжырачы, журт башы Бекназаров Сагынбектин айтып олтурганын уккандар, азыр деле бар. Назарбектин Беки, Бозтумак, Шакар аттуу уулдары болгон. Шакардын Айтбай, Ырысбай, Үмөтбай деген уулдары болгон. Уламыш боюнча, учурунда Айтбайдын 400 жылкысы, миңдеген койлору болгон экен. Айтбай Таластын Шумкаруя деген жеринде, жайлоосу да кыштоосу да келишкен жерде олтурчу экен. Ал учурда жоокерчилик заман болуп, калмактар менен кармаш күчөп турган мезгилде, бир жолкуда Айтбай чон атабыздын 400 жылкысын, калмактар чаап кетет. Ошондо уурдалган жылкынын артынан Айтбай, Беки, Бозтумак, Ырысбай, Үмөтбай, Жээнбек, Таабалды, Тагаймат, Жоош ж.б. болуп жылкынын изин кууп жүрүп олтурушат. Ошондо Айтбайдын багып алган баласы Жээнбек жылкычы болуп жүргөн чагы экен. Алдырар куну жазгырар – деп, күтүүсүздөн жылкы жоо колуна кетти. Уурдалган жылкынын изи, Караколдон ашып, Каракыштактын ичин ордоп, андан ары Балкашка кетиптир. Жолдо чон дайраны кечип өтүшүп, боот-чоот колдуу, адам жашабаган жерден жылкыны табышып, артка кайтышканда, дайрага кире бергенде ,куугунчулар жетип келишкен экен. Ал жерде катуу чабыш болуп, Айтбайдын он буту сынган. Ал бутун канжыгага танып коюп ,чабышты уланта берген экен.Куугунчулар көбүрөөк болуп, уруш бир чай кайнамга созулган. Жарадар болгон Айтбайды, уулу Таабалды суудан өткөргөндө, атасы айткан экен жылкыны элге катуу айдап жоно деп.Чабышта Бозтумак чон атабыздын эки баласы, туугандары дайрадан өтүп кеткенче душман менен катуу уруш кылган. Чабыш суу ичинде уланып, душмандар көптүккө салып , эки баатырды сууга кетирген экен. Ошондо, элге баш –көз болуп калган, ал экоосунун бир тууганы Куржун балалуу болгон экен. Бозтумак бий, кайтыш болгон балдарына катуу кейип, эки уулум дайрага өрдөк болуп сүзүп кетти, эми алар кайтып келишпейт, ушул туулган неберемдин атын Чулдук койдум, жаны аман болуп, эл бийлеген бий болсун деп батасын берген экен. Калмактардын Кыргыз элине көрсөткөн кысымы күч алып, эл туш келди качкан учур болуптур. Ошол коогаланда Айтбай төрт баласы менен, Куржун үй-бүлөсү менен Чонор ашуусунан ашып, казактар жакта, тоо арасында минден ашуун коюн жашырып, сактап калган экен. Айтбайдын 400 баш жылкысын калмактар чаап кеткен, себеби ошол учурдан баштап жылкынын дайыны чыкпай жок болгон. Айтбайдын жылкы артынан койгон бакма баласы Жээнбектен тараган тукумга төрт эле ата өткөндүктөн, жылкы алардын колунда калса бир жеринен көрүнмөк. Беки Чаткалды байырлап, Тумак түштүктөгү Кубатбекке барганда, аны Ангрен деген жерге эл башкарууга жөнөткөн деп айтылат. Анын уулу Чулдук эр жеткенде Көлдөн кыз алып, балалуу болгон. Баласынын атын Жыргалбай коюптур. Бир кырсык болуп, Жыргалбай Көлдөгү таякелерине кетип калган экен. Бул тууралуу бизден мурдагы улуу муундар айтып келишкен. Ошол Назарбектен тараган, Беки андан Тупкуч, Кулдугуч, Кучкач андан Аргын андан Кожоназар болгон. Анын үч уулу болуптур: Муса, Токтор, Аалы.Муса менен Токтордон тарагандар бугунку кундо Чаткалда турушат. Аалыдан Эргеш, Эргештен Эркин туулган. Эргеш кыргыздан чыккан биринчи генерал болгон. Анын уулу Эркин Таласта облисполкомдун төрагасы болуп иштеп кеткен. Менин эс тартып калган чагымда, атам Жумабек айтып калаар эле: “Аалы деген тууганыбыз, Чаткалдан Таласка келгенде, анын уулу Эргеш тестиер бала экен’ – деп. Аалы Таластагы туугандарында эки жыл жашап, анан кетип калган экен. Аалынын кандай шартта, кайсы жерде өлгөнүн билбей калдык. Эргеш жаш калып, детдомдо чоңоюптур” – деп укканбыз. Ошондон улам, Эргеш өзүнүн чыккан уруусун так билбей калган. Биз жакында эле, чалике уруусун тактап коёлу деп, Чаткалдагы туугандарыбыздын тегин алганыбызда,Назарбектен Беки, андан Кучкач, андан Аргын, андан Кожоназар, андан Муса, Токтор деген уулдары болуп, Таласка кеткен бир уулунун аты унуткарылып кеткенин жазып беришти. Чаткалдан келген баланы биз билебиз, аты Аалы болгонун айттык. Биз менен байланышка чыгып жаткан Чаткалдык тууганыбыз таң болду. “Кандайча, Чаткалдан кеткен баланы Жээнбек деп жүрбөдүк беле, Жээнбектен тарагандар ошондой дешкен болчу”. Жок ал Аалы болгонун тактап бердик. Мындан 25 жыл илгери, Эргеш Таласка тууганын издеп келгенде, жанагы Аалынын оордун ээлеп алгандар, аны Таласта элге туйгузбай, Чоң-Чычкан деген жайлоодо коноктошуп, акырын жонотуп коюшкан болчу. Тууганын издеп келген Эргешке: “Чаткалда Кожоназар деген чон атаң болгон. Элиң Чаткалда турат. Биз Жээнбектин тукуму, силерге жакын тууган эмеспиз. Таластагы туугандарыңар Назарбектен тарагандар- деп чындыкты айтышпагандыктан улам, Эргеш, Эркиндер адашкан боюнча дүйнөдөн өтүп кетишти”. Ошол Эргештин уулу Эркиндин аялы уйгурдун кызы болчу. Эркин Таласта иштеп жургондо ,туугандар уйуно барып калса айтат дейт – Эркиндин чыккан уруусун жунди чалике деп айтышат экен, бул жинди деле эмес- деп. Жунди деген соз чалике уруусуна илгээри жабышкан экен.Бир заманда чалике уруусу, Кыргыздын Чаа тайпасынын курамында турганда, Жунди-Танкы кут өлкөсүнүн жерлеринде жашаган. Ал мезгилде чаяндардын өлкөсүндө бийлик 5 жинден туруп, граждандык бийликти билдирип турган. Ал эми “ди” дегени болсо, “сол” деген маанини туюндурган. Сөз ошол мезгилден бери илешип келе жатат. Биздин төртүнчү атабыз Айтбай, Жээнбекти Анжиандан алып келип өзүнө бала кылып асырап алганын, мурдакы өткөн муун айтып келсе, бүгүн деле 80 жаштан ашкан Акматбек карыя айтып олтурат. Ошол Жээнбектин урпагы болгон Жумалиев Иманбек Асанкулович, мындан 15 жыл мурда, Алиевдер күчөп турганда, эптеп тууган болуп, андан пайдаланууну көздөп, Чаткалдык чаликелердин Токтор деген чон аталарынын атына жамынып,аны Таластагы Айтбайдын торт уулунун бири болгон Токтордун оордуна коюп,биз Чаткалдан келгенбиз ,Токтор Айтбайдын баласы эмес Чаткалдан келген Токторбай дешип баш оорутуп келишти.Айтбай чон атабыздан Токтор, Токтоназар, Таабалды, Акылбек, багып алган баласы Жээнбек болгон. Токтордун балдары Эркинбек, Жаныбек,Кожобек,Байбек,Чойбек, Шайбек болгон. Булардан тарагандар Таласта бир айыл зл болуп олтурушат. Убакыт отуп, мезгил өзгөрүп, Чаткалдыктар да, Алиевдер да, Таластык чаликелер да кереги жок болуп, өз ата-тегин Кытайдын Кызыл-Ой деген жерине которуп, “Тагдыр” деген китеп жазды. Ал китеп ойдон чыгарылган нерселерге бай. Иманбектин кийинки табылгасы, Кытайдын Кызыл-Ой деген жериндеги 3000 түтүн эл, өздөрүн “чал акеден”, “чалдан” тараганбыз дешкенин угуп, чалдан тараган Элчибекке, Айтбайдын оз баласы Токторду тартып алып , Токтордон тарагандарды атасыз калтырып, андан Жээнбекти чыгарып, Тагдыр деген китепти жазганга үлгүрдү.Бул жерде кыска ой жугуртуп коргондо,макул Иманбек Чал акенин Элчибегинен деп коелу. Кызылойдогу эл ошондон тараган дегенге макул бололу. Иманбек болжогондой чалды- Кубат бий деп коелу. Эми Кубат бийден тараган Ноокендик чаликелер , ошол кундон ушул кунго чейин, жуз тутундой аран болсо, Кызылойдогу Чалдын тукуму 3000 тутун болуп кеткенин кандайча тушунууго болот. Иманбек айткан Чал аталган Кубат бийдин отконуно 2000 жылдан ашык убакыт отту дегендикти билдирип турбайбы.. Иманбектин жазган китеби боюнча Кубат бий- бул чал. Ошол чалды , эл чал аке деп атаптыр, андан Элчибек андан Токтор , андан Жээнбек анан торт ата откондо Иманбек озу экен. Ошентип, Кубат бийдин бир баласынын аты Элчибек болгон деген сөздү кулагы чалганбы же ойдон чыгарып жазып койдубу так биле албадык. Анын Тагдыр деген китебине ишенип, биз дагы жазып жаткан китебибизге Кубат бийден Элчибек андан Токтор деп жазды элек, каргыш тийгир, бул жазганы да калп болуп чыга турган болду окшойт. Ошол туштагы санжыраны карап көргөндө Элчибек, Доолос баатырдын уулдарынын бири. Манап бийдин урпактары болуп чыгат. Биз мунун чын төгүнүн билүү үчүн, Ноокендик кушчу уруусунун, чалике тукумунун аксакалы, ата-теги Кубат бийден тараган, айыл аксакалынан сураганыбызда, ал Кубат бийден тараган Элчибек, анын уулу Токтор дегендер болбогонун айтты. Ушул туура эмес иштерди жасап жургөн Жумалиев Иманбек, кушчу уруусун оңдомуш- этимиш болуп, Кубат бийдин небереси болуп алууга тымызын аракет кылууда. Ал “Тагдыр” деген китебинде, Кубат бийди: “Менин чоң атам” – деп ээлеп алган. Жогоруда, мен айтып өткөн Кубат бийдин ата-бабаларынын тегин этибарга албай , Чалике уруусунун 600 тутун элине, тегине бут тосуп жатканына күбө болдунуздар. Ноокендик чалике туугандарга, Кубат бийден тарагандардын санжырасын, “Таластык шалкелерге бербегиле, Кубат бийге кошпогула” – деген Иманбекке, Кубат бийдин теги болушунун кереги жок. Иманбек учун Кубат бий, өз тегин ондош үчүн гана керек. Кытайдагы чал акеден тараганбыз дегендерди, Таластагы чалике уруусунун оордуна коюп, 600 түтүн чалике уруусун, Кушчу уруусунун курамынан бирото эле чыгарып салууга аракет кылууда. Ал жазган китебинде, атасы Асанкулдун сүрөтүнүн оордуна, бөлөк адамдын сүрөтүн койгонуна эл нааразы.Таластагы кушчунун Чалике уруусунан чыккан Айтбай, Иманбектин төртүнчү атасы болгон Жээнбекти асырап чонойтуп, үй көтөрүп берип, үйлөндүргөну чындык.Ал тууралуу уламыш кеп бар.. Иманбек ошол Жээнбектин урпагы.Өзу туулуп өскөн айылындагы чаликелерди мен билбейт экем, “чалке” дегендер бар дешет, “башы бирикпеген”, “аксым”, “жинди чалке” – деп бир суу элге жаман ат коюп, ал уруу “кушчу уруусунун ичинде жок”- деп ,Тагдыр деген китебинде тыянактайт. Кушчу уруусунда Чал аке уруусу бар дейт. Андай урууну уккан бир адам болсочу, ошол себептүү, Жумалиев Иманбектин, кушчу уруусун тактап, китеп жазып жаткан топтун ишине жетекчилик кылып кийлигишүүсү, элге жакшылык алып келбейт, Кушчу уруусунун санжырасы такталып бүтмөйүнчө, 2015-жылды “Кубат бийдин жылы”- деп атап, кушчунун тоюн өткөрүп жибергенге шашылбай коё турсак кантет? Биринчи баарын шашпай тактап алалы.Ушул кундо Иманбек башында туруп, кушчулардын санжырасын шашылыш жаздырып, Кыргыз Окмотуно кирип , 2015- жылды Кубат бийдин жылы деп откоро кою жагында чуркап журот. Кушчунун санжырасын ,озу билгендей бурмалап ,китеп чыгарганга улгуруп, чон чатак чыгаруусу мумкун.600 тутун Чалике уруусунун атынан,ушул санжыраны Бишкек шаарында кушчулардын санжырасын жазып жаткан топко Касым Кушубековго,Айтыкулу акеге,Кушчу коомунун торагасы Молдобеков Кубанычбек Сакиновичке интернет аркалуу жиберебиз, жана телефон аркалуу кабарлап коебуз. Эч кандай озгортуулор кийрилбесин. Чалике созу Чалаке болуп жазылбасын. Ортобузда таарыныч болбосун. Ата бабаларыбыздын арбактары колдосун. Оомийин.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *