Apr 26

Тарыхый туубуз кандай болгон?

Тарых жана маданият жылына карата: мамлекеттик баш белги

1-туу

 

Тарыхыбызды тактоого, улуттук баалуулуктарыбызды жандантууга, жарандарыбыздын маданий деңгээлин жогорулатып, аң-сезимин арттырууга зарылдык жаралып турган маалда КР Президенти “2016-жылды Тарых жана маданият жылы” деп бекитип, өзүнүн көрөгөчтүгүн айгинеледи.

Ушул жарлыкка ылайык өлкөбүздө тарых жана маданиятка тиешелүү түрдүү иш-чаралар, изилдөөлөр жана тактоолор, элибиздин тарыхый ордун тастыктоолор жүргүзүлүүдө. Бул багытты башынан негиз тутуп келген “Көк асаба” гезити “Тарых жана маданият” жылында эң алды менен мамлекеттүүлүгүбүздүн башкы белгиси болгон туу маселесин көтөрүп, бул тууралуу ой-пикирлерди чагылдырууну максат кылууда. Анткени, туу – элдин намысын, сыймыгын, эркиндигин, ордун жана багытын аныктоочу баш белги болуусу керек. Толугу менен

Apr 02

Маданият деген эмне?

1-гл фото

Маданияттын нагыз маанисин жана элдин жашоосундагы оордун, ошондой эле анын эмне үчүн зарыл экендигин учурда айкындап-ачып бере турган олуттуу маселе болуп турат. Мындан улам төмөндө Маданият тууралуу берилген ой-пикирлер менен таанышып чыгууга чакырабыз. Continue reading

Feb 12

БАКЫТ КАЙДА ЖАШЫНГАН? Же, улуу полководец Наполеондун бактысыздыгы…

13-Наполеон1

Адамдын азабы – караңгылыгында
Сократ

Алгачкы жолу, 2011-жылдын июнь айында бул китеп жарык көргөндөн кийин октябрь айында эле Россиядагы бестселлерлер арасында сатылышы боюнча 1-орунду ээлеген. Ошондон бери бүгүнкү күнгө чейин миллиондон ашуун китептердин арасынан «Жан дүйнө нектары»  туруктуу алдыңкы үч орундан төмөн түшпөй келатат.

Толугу менен

Nov 17

Кыргыз тагдыры. Ѳмүр. Ѳлүм. Кайып илими

4-5-кыргыз5

Кыргыз философия илиминин, аюрвед илиминин доктору, шаман жана дарыгер Жолдошбек СУЛТАНОВ менен маек 

1993-жылдан 97-жылга чейин Швецияда Веда илимдерин окуткан Эл аралык университетинде окуп, санскрит тилин үйрѳнүп тѳрт жыл жашагандан кийин, Индиядан Аюрвед институтун бүтүрүп, кайып илимин изилдеп-таанып 16 жыл ал жакта, бир жыл тибеттик кыргыздардын арасында жашаган Жолдошбек СУЛТАНОВДУН жарым жашоосу абсолюттук чындыкты толук табуу үчүн жумшалды. Кѳп жылдар бою кыргыз жергесинен сырткары жүрүп, ал ѳзүнүн жан касиетин, кыргыз элинин касиетин тааныгандан кийин, аң-сезими жеке адамдык кѳз караштан жалпы элдик кѳз карашка ѳтүп, азыркы учурда кыргыз элинин ѳзүн-ѳзү таануусуна, касиетине кайтуусуна кызмат кылып жаткан учуру.
Беш ай Кыргызстанда болуп, бүгүнкү күнү кайрадан жарым жыл убакытка, 2014-жылдын жазына чейин Индияга кетип жаткан Жолдошбек Султановдон жолго аттанаар алдында дагы бир жолу маек куруп берүүсүн ѳтүндүк.

Толугу менен

Oct 17

БОСОГОДОГУ СӨЗ же КЫТАЙДЫН ТҮБҮН ТИРЕГЕН КЫРГЫЗ

3-Чоюн агайЖазуучу, илим изилдөөчү Чоюн ӨМҮРАЛИЕВДИН «Теңирчилик. Бурут тамга – жандырмак» аттуу фундаменталдуу илимий басылмасы чыгарууга даярдалууда. Ч.Өмүралиевдин «БУРУТ» деп аталган түркий дүйнөгө киргенине он беш жылга чукулдап калды. Кытай жазуу тамгаларынын кыргызча-түркчө окулушу илимий ачылыш катары биринчи жолу «Асылзат» гезитинин атайын бир толук санында 2001-жылы (№14, VIII) жарык көргөн. 2003-жылы 5-ноябрда Бишкекте өткөн Бүткүл дүйнөлүк Чыгыш таануучулардын конгрессинде илимий докладда баяндалган. Бул ачылыштын илимий-теориялык негиз-дери жана практикалык өңүттө ишке ашырылышы автордун 2012-жылы жарык көргөн «ТЕҢИРЧИЛИК. БУРУТ ТАМГА – ТӨРӨН ТИЛ» аттуу илимий басылмада көргөзүлгөн. Тынымсыз көп жылдык изденүү, ачы-лыш, күмөн саноо, тактоолор, аныктоолор соңунда өз жемишин берди. Атаганда, илимде так чечилбей, же алиге башы ачыкталбай күңүрт келаткан маселелер бир жагдайлуу чечилди.

Толугу менен

Jul 10

Алым сабак, айтым кеп

 Асыкбек Оморов (Чын Темир), жазуучу

Ондогон кылымдарды карыткан кыргыз элинин ичинде кара кылды как жарган калыс, калпыс иштерден алыс, бечараларга бел, карыптарга караан болгон далай бабаларыбыз жашап өткөн. Алардын атагы алыска чыккан, калк оозуна алынып, эл анын өзүн көрбөсө да, сөзүн бири-бирине айтып, ушул убакка чейин сыймык менен даңазаланат.

Толугу менен