Jun 29

“МУРАС” ДОЛБООРУ. ШААРДЫК ЖАШТАРДЫ ЖАҢЫ ДҮЙНӨГӨ КАБЫЛТКАН 10 КҮН

9-паспорт фото

Элдик салттуу билимдерге умтулуу – азыркы учурдун эӊ маанилүү тапшырмаларынан болууда. Ооба, элдик даанышмандыкты кадимкидей жээришип, ал кара сандыктын астында чаӊ басып калган мезгилге да туш болгон. Деген менен, ылайда жаткан алтын, алтын бойдон сакталат демекчи, убакыт-сааты чыкканда аталган салттуу билимдер заман зарылдыгы болуп, кайрадан жашоо булагын ачып берүүдө. Ачып гана тим болбой, сабоого бышкан кымыздай болуп өзүнүн аныктыгына чыгууда. Continue reading

Jun 29

УЧУРДУН ИДЕЯЛЫК ТОПОЛОҢУ: ПАСПОРТ. БИЙЛИК АЙТПАСА, БИЗ АЙТАЛЫ – УЛУТТУН «УУРДАЛЫШЫ» ЭМНЕГЕ АЛЫП КЕЛЕТ?

7-паспорт1

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, саясат таануучу

Кыргызстандын ички паспортунан «улут» графасын биротоло алып таштоо боюнча өкмөттүн демилгеси ансыз деле ажырымга толгон кыргыз коомчулугуна дагы бир сыйра жик таштады. Бир тарабы бийликтин бул аракетин кыргыз элинин тагдыры үчүн тымызын коркунуч катары бааласа, экинчи тарабы тескерисинче, муну мамлекетти бекемдөөнүн каражаты катары көрсөтүп, өз оппоненттерин ошондой «жаркын идеяга» каршы чыккан чектелүү, түркөй кишилер катары көрсөтүүдө.
Continue reading

Jun 22

Кыргыз АССРине – 80 жыл. Кыргыз ССРине – 90 жыл. Тарыхка жарык из калтырган мамлекеттик ишмерлер.

Кыргыз мамлекетин түптөгөндөр жана күчтөгөндөр

1-мамлекет

Азыркы биздин өз алдынча эгемендүү мамлекет болгонубузга салым кошууда, ушул эгемендүүлүктүн негизин түптөп берүүдө – өткөн кылымдагы Совет бийлиги келген учурдагы эл билгилеринин эмгеги зор жана баалуу.

Ошол учурдагы кыргыз эли чачырап турганда, бир ойду, бир максатты көздөгөн билгилер биримдикте болуп, бир баалуулуктун негизинде иш жүргүзүп, элибиздин келечегине кайдыгер болбой элдин биригүүсүнө кам көрүп, оор жагдайга карабастан күжүрмөндүктө иштешкен. (сүрөттө Кыргыз АССРинин Кеңешинин биринчи уюштуруу съездине арналган салтанаттуу митинги. 1927-жыл, март айы, Фрунзе шаары.) Continue reading

Jun 22

Каныбек ШАКИРОВ, КР ЖКнын Мыйзамдарды эсепке алуу жана тутумдаштыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары: “Токтогул бабам 5-6 миӊ адамды кыргындан сактап калган”

 

5-Токтогул баба

Улуттук боштондук көтөрүлүштүн негизинде келип чыккан Үркүн окуясы элибиздин тарыхында чоӊ жоготуу жана сабак катары сакталып калды. Орус империясынын жазалоочу аскерлери тарабынан далай айыл чабылып, кан төгүлүп турган маалда Кыдыр аке кыраакылыгы менен Ак-Суунун элин аман сактап калганы тууралуу айтылып келет. Мындай келечектүү ойлоно билген, кыйын кырдаал, кыйчалышта жол таап элин азап менен кыргындан сактап калган кадырман кишилердин катарын ошол кездеги Жумгалдын Мырзабек болуштугунун катчы-кеӊешчиси, саяктын шаа-бото уругунан чыккан Токтогул Орозой уулу да толуктайт. Ата жолун улап келаткан анын чөбөрөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Мыйзамдарды эсепке алуу жана тутумдаштыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Шакиров Каныбек Кадырович менен маектешип, бабасынын өрнөктүү өмүрү тууралуу пикир алдык. Continue reading