Мамлекетке кандай конституция керек?

 

3-1Абдымамбет САРИЕВ, жазуучу, коомдук ишмер

Учурдагы Конституция кабыл алынган алгачкы жылдардан тартып эле анын алешем жактары жөнүндө (“Көк асаба”,  27-июнь, 2012-жыл. “Бүгүнкү Конституцияны тарых кечирбейт!”)  жазып, журтчулукка коңгуроо кагып келе жатабыз.

Темага улай талаш-тартышка түшүп жаткан бул маселе боюнча бүгүн да ойлорумду улап, окурмандарга сунуш кылууну туура таптым.

 1. СССРдин конституциясынын тушундагы жашоо

 Он беш союздук республиканы бир муштумдай кармап турган КПССтин доорунда СССРдин Конституциясы, анын негизинде Кыргыз ССРинин Конституциясы бар эле.

“Конституция мындай жазылып калыптыр, чет өлкөлүктөр андан пайдаланып, бизди курутуп кетпесин, Кыргызстандын кызыкчылыгынан өзүлөрүнүн керт баштарынын кызыкчылыгын жогору койгон А.Абдирасулова менен Т.Исмаилова өлкөнү бөлүп-жарууга аркет кылган канкорлордун ана башы сепаратист К.Батыровдун тизесине жакын жайгашып алыптыр, буларды кантсек экен? Сепаратистти атайылап коргоп, мамлекеттин эгемендигине шек келтирген БУУга жана Баш Катчысы  Пан Ги Мунга не деп жооп берсек экен?”  деген ой жок, эсил кайран СССРдин тушунда чек ара деген, БУУ деген, сепаратист деген, укук коргоочу деген эмне экендигин билбей, билгибиз да келбей жашап, өмүр сүрдүк.

Келечек жашоо-турмушубузда эмдиги жылы, андан аркы жылы эмне кылышыбыз керектигин пландап алып, ошонун негизинде тилеген максатыбызга жетчүбүз. Мобилдик телефон да, кыжы-кыйма кааттаган автомашиналар да жок, убакыт жай жылып, баарына жетишип, көздөгөн иш аткарылчу. Нанды кадырлабай калган учур эле. Апам бейиши болгур, ыраматылык, “айланайындар нандын күкүмүн жерге таштабагыла, биз көргөндү көрбөгүлө, далай адам ачкалыктан өлүп кеткен, адамдар эмне үчүн таштандыга нанды ыргытышат?” деп айткан күндөрү эсимде…

Ал кезде курсагыбыз ток, СССРдин Конституциясы кандай жазылганы менен ишибиз жок, бирок, руханий жактан шовинизмдин элементтерине басмырланып, жарым-жартылай кулдук психология менен жашап, күн көрдүк…

 Эгемендиктен кийинки жашоо

 Анан СССР тарады. Көнүмүш болуп бараткан кулдук психологиядан арылууга далбастап, руханий эркиндикке жетиштик. Бирок баягыдай курсак ток болбой, каатчылык өкүм сүрдү. Материалдык кызыкчылык далай адамды кайра эле башка формадагы кулчулук психологияга айдап кирди. Кыргызстанга ким келсе деле меймандостук, башкаларга терең ишенүү сезими менен кабылдай берип, алардын эмне ой, эмне максат менен келгени менен ишибиз болбой, акыл калчабай, далай кыздарыбыз дене күң, уулдарыбыз малай, озубуз жалдырама-далдырама болдук.

Ишенчектигибиздин айынан бир тобубуз ар кайсы диндерди беттеп, дагы бирөөлөрүбүз демократиянын, адам укугунун аквариумунан жем жеп, бийлик башындагылар кредиттик-гранттык жана эл аралык келишимдик маселелерде чыргага кептелип, өлкө эли алдастап, жан багуунун айласынан ички-тышкы миграция күчөп, акыры ички таасирге араң турган тышкы таасир катуу себеп болуп (Стивенг Янг ж.б.), эки жолу төңкөрүш жасап ийип, желибиз чыкты.

Азыркы конституция

Кыргыздын жери, суусу, тузу урган сепаратисттер өлкөнү бөлүп кеткиси келип, ага бийлик кумарына мас болгон айрым өзөктөн күйгөн өрт болгон көзкамандар жардамдаш болуп, эл башына күн түшүп, эси эки болуп, эми жаңы тынчып келе жатканда чет өлкөлүктөрдүн кызыкчылыгына дал келтирип, “Венецияга алпарып, экспертиздан өткөрүп келдик” деп жар салып, азыр талашка түшкөн Конституцияны “ооба” же “жок” дегиниң” деп убактылуу Президент Отунбаевага кошуп “орой” коюп,  амалга салып өткөрүп жиберишкен эргулдардын азабын аштай тартуудабыз.

Эл айла жоктон кырдаалдын оордугуна карап, “Президент шайланып калсын” деп добуш беришти. Конституциянын башка варианттары четке кагылып, аларга убактысын короткондор, акыл-эсин жумшагандар айлаларын таппай сөгүнүп-сагынып, ыйлап-сыктап кала беришти…

Ошол кезде кабыл алынып, анан китепче болуп жарыкка чыккан Конституцияны баштан аяк кылдаттык менен окуп, чет өлкөлүктөрдүн заказы менен даярдалгандыгына, Кыргызстанга зыян келтире турган “мина” салынганына нааразы болуп, “Бүгүнкү Конституцияны тарых кечирбейт” деп “Көк Асаба” гезитине (27-июнь, 2012-жыл) интервью берсем, аны кимдир бирөө орусчага которуп, “Тяжелый кризис не в народе, а на вершина власти” деген теманын алдында интернет-сайтка салып жиберген экен, бир далайы сөгүп, бир далайы мактап, төрт жылдан бери ар ким ар нерсени айтып келе жатат (ишенбегендер текшерсе болот).

Кыскача айтканда, Конституцияны көпчүлүк эл эле эмес, бийлик бутагындагылардын бир далайы, айрым депутаттар окуп, иликтебеген кээ бирөөлөрү такыр түшүнө албай  коюшту. “Шарият буйлалаган төө, каякка жетелесең ошол жакка кете берет” деп илгерки кыргыздар айткандай, азыркы Конституция бүдөмүк, купуя, сырдуу жана митайымдык менен чет өлкөлүктөр кайсы тарапка жетелесе ошол жакка кете бере тургандай жазылган.

Күйгөндөр айткандай, чет өлкөлүктөрдүн арамза ойлоруна, кызыкчылыгына дал келгендей бир канча беренелер бар. Бийлик башындагыларсепаратист К.Батыровдон улам аргасыздан Конституциядагы 41-беренин 2-пунктун айтып кокуйлап эле калышты. А чындыгында дал ошол беренеге жол ачкан 6-берененин 3-пунктунун биринчи, экинчи обзацында кезеги келгенде өтө катуу жарыла турган, мамлекеттин айласын алты кетире турган “миналар” камтылган. 16-берене чет өлкөлүктөргө аябай ылайыкташырылган. 19, 20-беренелер кайрадан каралып, такталып, бүдөмүк сөздөрдөн арылууга тийиш. 33-беренин максат, мүдөөсү жашырындуулуктун ачыкка чыгышына, анархияга жол ачылуусуна, мамлекеттин кооопсуздуна зор зыян кесепетин тийгизет 40-берененин 1-пункту дагы чет өлкөлүктөргө ылайык жазылган.

Мындан тышкары Презедентке, КР Жогорку Кеңешине Өкмөткө тиешелүү көптөгөн беренелер өзгөрүлүүгө тийиш. Мисалы, депутаттын укугу чоң да, жоопкерчилиги жок. КР Жогорку Кеңеши ар кандай мыйзамдарды, токтом, чечимдерди кабыл ала берет, бирок, ал мыйзам актылары эртен мамлекетке, элге зыян, кесепет алып келсе ага эч ким жооп бербейт, анархия. Президент болобу, Жогорку Кеңеш болобу, Өкмөт болобу милдеттери Конституцияда так айтылып, ачык жазылып, жоопко тартуу маселесин КР УЖКнын беренелерине дал келгендей кылуу керек…

Мамлекетке кандай конституция керек?

Учурдагы Конституцияны Венецияга алпарып, экспертизадан өткөргөндөр азыр айлана-чөйрөсүнө бийликкке жетпей калгандарды, бийликке таарынгандарды, ар кандай укук коргоочуларды жыйнап алып: “Жалпы эл азыркы Конституцияны 20-жылга чейин өзгөртпөш керек деген талап менен атайын уюштуруу комитети түзүлдү” дегендери туура эмес сөз.

Элге тынчтык, курсагынын токтугу, чек аранын бекемдиги, башка элге кор болуп калбоосу ж.б. нерселер эле керек. Көпчүлүк адамдар СССРдин Конституциясын да, легендарный  парламенттин Конституциясын да, азыркы Конституцияны  да окуган эмес. Окугусу да келбейт.

Анан, кайсы эл: “20 жылга чейин Конституцияны өзгөртпөш керек!” деп талап коймок эле?

Эки жолку төңкөрүштү жалпы кыргыз эли жасаган жок. Башка улуттар болсо такыр эле четте карап турду. Көпчүлүк эл бийлик алмашканын телевизордон көрүп, радиодон угушту. Бийликти жалпы эл эмес, уюшкан топтор жана алардын каражатын алган жалданмалар жана адилетсиздикке жаны чындап күйгөн, патриоттук духу күчтүү, анча көп эмес сандагы адамдар эле жасашты… Ак Үйдүн жанындагы ызы-чууну угуп, кызыгып көргүсү келген адамдардын эсебинен элдин саны өзүнөн-өзү көбөйүп кетти да, “мынча миң адам катышты” деп ооз көптүргөн жалган сводка дүйнө жүзүнө жар салынды… Кийин уюштуруучулар да апендиге окшоп бул маалыматка кайра өзүлөрү да ишенип, кылган иштерине канааттанып, эки жакты батыл карап өзүлөрүн  баатыр сезип  калышты…

Жалпы элге Президенттик башкаруубу (?), Парламенттик башкаруубу (?) же бардык бийликти Премьер-Министрге өткөрүп жибереби (?), же депутаттардын санын 40ка чейин кыскартып, ар түрдүү багытта иштеген, илим-билимдүү, тажрыйбалуу жалаң мыйзам чыгарганга ылайыкташкан адистерди алып келеби – Баары бир!..

Жалпы элге бир ууч адамдардын бийликке болгон араанын ачтырбай турган, элди кыйнабай турган, бири менен бирин соодалаштырбай турган, элдин тынчтыгын камсыз кылган, башка өлкөлөргө, элдерге көз каранды кылбай турган, жер-суу, кен байлыктарын ж.б. баалуулуктарын тарттырып жибербей турган, чек арасын бекемдей турган, башка өлкөлөр менен тең ата сүйлөштүрө турган, жакырчылыкка кептелбей турган эле Конституция керек?!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *