Таштан болор, кумдан болор төшөгүм,
Аз болсо да сыртта калар сөздөрүм.
Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү,
Буудан болуп таскак салып өтөрмүн!
Аскербек ЭРМАТОВ, коомдук ишмер: “Ак боз атчан Алыкулду өз деңгээлинде баалабай, көмүскөдө калтырып койгонубуз чындык”
Алп акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата даярдыктар ар тарабынан башталганын, Панфилов райондук жана өкмөттүк деңгээлдеги комитеттер түзүлгөнүн буга чейин гезитибиздин беттеринде жазганбыз. Ушул ишке байланыштуу учурдагы эң алгылыктуу жана сүйүнүчтүү иш-чара – акындын тандалма чыгармаларынын эки томдук жыйнагынын жарыкка чыгышы болду. Алыкулду сүйүүчүлөргө жана жалпы эле окурмандарга баалуу белек болчу бул эки томдук азыркы убакта сатыкка түшүп, кыргыз элине акырындан тарай баштады.
Эл аралык «Кыргыз эл бийи» сынагынын иш-чарасы Кыргызстанда алгачкы жолу болуп ѳттү.
Коомдук ишмер, меценат Рустам Мамановдун демилгеси жана демөөрчүлүгү менен негизделип, аталган иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда «Улут Жүзү» коомдук фонду уюштурду. Бул бий сынагы кыргыз элдик бийин жандандырып өнүктүрүү, элдик өнөрлөрдүн үлгүсүн сактап калуу, муундан-муунга өткөрүп берүү жана кыргыз бий өнөрүнүн ышкыбоздорун колдоо максатын койгон.
ЫРЫС деген эмне? ЫРЫСКЫ деген эмне?
Ырыс – табиятта, жашоодо, өмүрдө буюрган жемиш, азык, ийгилик.
Буга эмнелер кирет? – Жердеген жерибиз, ата-тектен келаткан салтыбыз, эне-тилибиз, мекенибиз, калтырган изибиз, жана уңгу болгон тарыхыбыз.
Ырыскы – адамга тийиштүү жетишкендик: ишиндеги жетишкендик, жашоосундагы бийиктик, баалаган дүнүйө байлыгы.
1. Ыраазычылык. Шүгүрчүлүк. Нааразычылык
Биз, адамдар, күнүмдүк жашообузда Кудайды адатта кайсы учурда эстейбиз, кайсы учурда ага ыраазы болобуз?
Албетте боорубуздан жаралган ымыркайыбызга ичибиз элжиреп аны эркелеткенде, табияттын сулуулугуна өтө суктанганда, өзүбүз өтө эңсеген нерсебизге жеткенде, көңүлүбүздү чөктүргөн ишибиз жүрүшүп кеткенде, материалдык муктаждыгыбыз күтүүсүз оңолгондо, чоң сүйүүгө кабылганда, же, алдыбызда коркунучтуу тоскоолдуктар көрүнгөндө, кайгы-капага батканда, жаныбыз зарлаганда, жакыныбызды бу дүйнөдөн жоготкондо… Кудайды эстейбиз…
Өлкөнү башкарууга оор мезгилде келди
1985-жылы Кыргызстан КП БКнын башчылыгына Абсамат Масалиев келди. Ачык айтчу нерсе, Масалиевге алгач кыйын эле болду.
Биринчи кыйынчылык, бу киши Турдакун Усубалиевге салыштырылып калды. Кезегинде Исхак Раззаков кеткенде да Усубалиевди ага салыштырып, Раззаковдун чечендик жагын көп айтчубуз. Чындыгында Кыргызстанды 25 жыл башкарган кишиден кийин келип иштеш Масалиев үчүн оор болду. Анын үстүнө Масалиевдин өзү да Усубалиев өстүргөн кадр эле да. Экинчи жагынан Масалиев «Перестройкага» туш келип калды. Усубалиевдин тушундагыдай баары калыпка салынган жагдай эмес, коом олку-солку болуп турган Горбачёвдун мезгилине туура келди. Партияга да чабуул башталып калган. Ушунун баары эки доордун кырында кызматка келген Масалиевди кыйлага чайналтты. Бир чети ички дүйнөсү коммунисттик, өзү таза адамга бул кырдаал оңой болгон жок. Бирок, Масалиев Компартияга берилгенинен, өз принцибинен өмүрү өткөнчө тайбады. Кийин заман тетири кеткенде да айрымдарча партбилетин өткөрбөдү. Тескерисинче, Кыргызстан Компартиясын көзү өткөнчө жетектеди.
Жашоодо даңазага жеткен адам өтө аз. Даңазага кимдер жетет, кимдер жетпейт… Даңазанын түйшүгү эмнеде, даңазанын жүгү кандай?
Даңаза – бул Кудайдын бергени. Адамдын ырысы. Жашоонун бермети. Жарык жашоодо адамдын өмүрү нуска болсо, жарыгы кубаттуу болсо, иши пайдалуу болсо, кызматы элге болсо, мээнети күч болсо – Кудай ага даңаза берет.