Sep 11

Айбек БУЗУРМАНКУЛОВ, «Эркин Эл» саясый партиясынын тең төрагасы: «Элитабыз дегендер элге мите курттай жабышып алган…»

Бузурманкулов«Багытынан тайбаган, туруктуу идеялык көз карашка бекиген таза жаңы муундун бийликке келер убагы болуп калды» деп бир канча жылдан бери сѳз кылып келебиз. Системалык ѳзгѳрүү убакыт саатын созуп туруп алган азыркы бийлик түзүлүшү бүгүн замандын жаңы чакырыктарына туруштук бере албастыгын эл жакшы түшүнүп турат. Адамдын сѳзүнѳн эмес ишинен бил демекчи,  ошол дымакты алып жүргѳн,  эл күтүп жаткан жаңы муун – эл кызматына бел байлаган жигиттерибиз аз эмес. Айбек мырза ошол жаңы муундун татыктуу ѳкүлү катары айрым кѳйгѳй жараткан суроонун айланасындагы ой толгоолору менен бѳлүштү.

Толугу менен

Sep 11

Мырзалардын этно-саркеч кийимдери

13-МирахимМирахим ТОКТОГУЛОВ, “Ак Шумкар КУТ” жаштар коомдук бирикмесинин мүчѳсү: “Жигит-мырзалар үчүн улуттук кийимдердин толкунун баштадык”

Мирахим Токтогуловдун  кесиби философ. Анын ичинде кыргыздардагы “кайып кубулушу”. Изилдөөсү да, кесиби да кыргыздардын  салттуу билимдерине байланышкандыктан, улуттук кийимдерди алып чыгууда билими ага чоң өбөлгө болду. “Кыргыз элинин философиялык билими, көрөңгөсү биз ойлогондон да алда канча терең, кенен экендигине күн сайын ынанып келе жатам” деген Мирахим мырза ушул темада кандидаттык ишин баштоо алдында турат. Бүгүнкү маегибиз жакында эле коомчулук алдына алып чыккан улуттук кийимдери тууралуу болду.

Толугу менен

Sep 11

Жашоо сабактары

7-сабак

Жашоонун кубатын алган адам – бактылуу
Жашоонун сабагын алган адам – акылдуу
Жашоонун белгисин билген адам – олуя.

Жашоонун негизин кармаган адам – барктуу
Жашоонун азабын тарткан адам – муңдуу
Жашоодо адашкан адам – аянычтуу.

Толугу менен

Sep 11

Кайып пирлер

Калк ээси –  Калкаман

Жигит пири – Шаймерден

Кыздын пири – Арзыкан

Жол ээси – Жоламан

Акын пири – Асан шайыр

Дыйканчылык пири – Баба Дыйкан

Уста пири – Дѳѳтү ата

Шамал пири – Желкайып

Тоонун пири – Тастар ата

Азиз пири – Корошон ата

Жылкы пири – Камбар

Тѳѳнүн пири – Ойсул ата

Уйдун пири – Зеңги баба

Кийик пири – Кайберен

Койдун пири – Чолпон ата

Эчки пири – Шыбыр ата

Кумурска пири – Кумпа байан

Чегиртке пири – Черте байан

Иттин пири – Кумайык

Куштун пири – Буудайык

Sep 11

Аш таппасаң да, сѳз тап…

Ак жалгасын – жакшылык болсун, жакшылык жалгасын

Акка моюн сунуу – каза болуу, дүйнѳдѳн кайтуу

Акма кулак – укканынын баарын унуткан адам

Ак ѳпкѳ болуу – кыйналуу, күйүгүү

Акыбети кайтуу – ишинин үзүрүн кѳрүү

Аягы асманга чыгуу – жамандык ишинин бети ачылып, уят болуу

Аягы жерге тийбеген – иштебей, ушак айтып басып жүргѳн

Бармагынан бал тамган – уста, чебер адам

Бармагын тиштѳѳ – ѳткѳн ишке ѳкүнүү, ѳкүттѳ калуу

Баш териси бузук – жаман ойлуу, ниети бузук.

Баш териси  тырышуу  – кыжырлануу, жинденүү, ачуусу келүү

Башы байлануу – ѳз ою жок, бирѳѳлѳрдүн эрки менен болуу

Башы жер саюу – иши оңунан чыкпай калуу

Бекер ооз – оозуна келгенди сүйлѳй берүү

Белди бекем буу – кайраттан, ѳзүңѳ дем бер

Бели каткан – чоңоюп эр жеткен, баралына келген

Бели майышкан – кыйынчылыкка туруштук бере албай калган

Бетинде кызылы бар – абийирдүү, уяттуу, намыстуу

Бети карайып калган – маскара, уят болгон

Бети ачык – тастаңдаган, тартынбаган

Бети калың – кенебес, тоотпогон

Бети кара – адамкерчиликчиз, уятсыз