Jul 21

КР Мамкаттоо кызматынын орун басары маселе тез арада чечилет деди

2-мамкаттоо

 12-июлда “Паспорттогу улутка таандык бешинчи графаны алып салуу” маселесиндеги чыр-чатакка, жалпы элдин нааразычылыгына алып бара турган мамилени жөнгө салуу үчүн  атуулдар Г. Шакирова  А.Сариев, Ж.Султанов ж.б. коомдук уюмдардын өкүлдөрү КР Президенти А. Ш. Атамбаевге, КР ЖКнын Төрагасы Ч.А.Турсунбековго, КР Премьер-Министри С.Ш.Жээнбековго  Кайрылуу кат жазышкан.

КР Өкмөтү катты шашылыш түрдө 2 күндүн аралыгында карап чыгып, жооп берүү үчүн  КР Мамлекеттик Каттоо кызматына жөнөткөндүгүн 15-июлда Кайрылуу ээлерине кат жүзүндө кабарлаган.

18-июлда Кайрылууга жооп алуу үчүн “БАТА” коомунан А. Чолпонкулов, “Манас эли” коомунан Р.Кожобеков, “Каада-салтты сактоо” коомунан А.Койчуев КР Мамлекеттик каттоо кызматына барышканда жетекчининин орун басары Мелис Эржигитов кабыл алып: “Бул маселе боюнча азыр элдин пикирин чогултуп жатышкандыгын, бардык нерсени ойлонуп, элдин келечеги үчүн иш жасай тургандыктарын” билдирип, жылуу узаткан.

Маалыматты тактоо үчүн гезиттин башкы редакторунун орун басары  Ч. Капарбек уулу жетекчининин орун басары Мелис Эржигитовго кайрылганда, ал: “Талаш-тартышты туудурган “улуту” деген графа боюнча  маселе тез арада чечилет, ушул аптанын акырына чейин жооп беребиз” деп телефон аркылуу жооп кайтарды.

“Көк асаба”

Jul 21

Айылчы САРЫБАЕВ, Экономика илимдеринин доктору, профессор, Экономика жана финансы институтунун ректору: “Өз да, өзгө да өлкөдө иштей турган мыкты экономисттерди даярдайбыз”

Күчтүү ЖОЖ  – күчтүү адистер, күчтүү келечек

4-фото1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жашоо – тынбаган кыймыл, өсүү, өзгөрүү жана өнүгүп туруу эмеспи. Бирок, баардык эле адамдар эл-жерине кызмат кылууда улам өсүүнү, дайыма өнүгүүнү, жарыгын берген жаңыланууну талбастан көздөп жүрүп олтурбайт. Иштеген жылдарын санабай, кылган кызматын жар салбай, жаманынан чарчадым дебеген, жакшысынын баркына жеткен, кийинки муунду тарбиялоону уланта берген адамдарыбыз саналуу. 

Ошондой мекенчилдерибиздин бири – нечен жылдан бери кыргыз экономикасына зор салымын кошуп келаткан, билимди, илимди, тартип менен эрежени туу туткан агайыбыз – профессор Айылчы Сарыбаев. Continue reading

Jul 20

Учурдун идеялык тополоңу: паспорт. КЫРГЫЗДЫН АТЫН ӨЧҮРҮҮГӨ КИМДЕР КЫЗЫКДАР?

3-паспорт фото

 

Кыргызстандын жарандык паспортундагы «улут» графасы тууралуу талаш, катардагы кыргыз атуулдарынын да, тиешелүү аткаминерлердин да, компетенциясы кыйла жетиштүү интеллектуалдардын да бүйрүн кызытууда.

5-Жыргалбек Касаболотов

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, саясат таануучу

Маселе конкреттүү документтин масштабынан ашып өтүп, улуттун тагдыры, жалпы эле мамлекеттүүлүктү бекемдөө деңгээлине чейин чыкты. Анысы жакшы. Талаштан тактык жаралаар деп үмүт кылалы.

«Улут» деген түшүнүктүн ар башка чечмеленишине байланыштуу илгертен келаткан терминологиялык оош-кыйыштар тууралуу  гезиттин өткөн санындагы макалада сөз кылганбыз. Бул багытта билгилердин айтканы бир башка, аткаминерлердин жүйөлөрү таптакыр башка чыкты. Мисалы, белгилүү журналист Эсенбай Нурушев ЭлТРдеги көрсөтүүдө улут тууралуу түшүнүк эки башка шартта калыптанганын түшүндүрүп, адегенде ошол маселени чечип алуу зарыл экенин айтып чыкты. Ал арада Мамкаттоонун жетекчилиги бирде «улут графасын алып салабыз» деп КТРден планын ачыкка чыгарып, бирде «баары эми кыргыз болот» деп, анын мааниси тууралуу карандай калп айтып, ал эми жарандар митингге чыккан соң, “паспорт алчулардан кыргыз тилинен экзамен алдырабыз» деп жакын арада эч ким расмий түрдө пландабаган, өз компетенциясына тиешеси жок маселени козгоп, түпкү түшүнүктөрдү каалашынча бурмалап келатат. Continue reading

Jul 07

“Көчмөн конушу” этно-лагери. Өспүрүмдөрдү өргө чаптырган күндөр.

8-Аркан тартыш, кол күрөш1Июнь айынын ичинде Бишкек шаарында жайгашкан “Ала-Тоо” эс алуу борборунда “Көчмөн конушу” – балдардын билим берүү жана эс алуу лагери болуп өттү. Мелис Мураталиевдин жетекчилигиндеги “Бакдөөлөт” коомдук фонду уюштурган бул этно-лагерге катышуу үчүн 10 жаштан 14 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр мүмкүнчүлүк алышты. Этно-лагердин негизги максаты – балдарга эс алуу аянтчасын уюштуруу менен катар, кыргыз элинин салттуу баалуулуктарына жана көчмөн маданиятына негизделген билимдерди берүү аркылуу өспүрүмдөрдүн толук кандуу жетилүүсүнө шарт түзүү болду.

Салттуу билим берүүнүн алкагында көчмөн маданиятындагы ата-энеге, улуу-кичүүгө жана туугандарга жасалган туура мамиле, алардын жашоодогу орду, мааниси; адам менен достордун, коомдун, табияттын өз ара мамилеси; эркек жана аялдын көчмөн коомундагы орду жана мааниси; көчмөн жашоосундагы жылкынын орду, баасы жана ат жабдыктарын үйрөтүү, атка минүү жана башка баалуулуктар балдарга үйрөтүлүп, этно-лагерь өспүрүмдөрдүн кийинки жылы да чыдамсыздык менен күтүлө турган жайына айланды.

Continue reading