Jun 14

Асылбек НАСИРДИНОВ: “Салттуу музыканы тааныштыруу бакчадан башталыш керек”

«Саамал» этнографиялык-фольклордук ансамблин мындан 10 жыл мурун Кыргыз эл артисти Арсен Ѳмүралиев Бишкек шаардык театрынын алдында түптѳп, ѳзү жетектеген. Азыркы убакта ансамблди таланттуу музыкант, кыргыз аспаптарынын баарында чеберчилик менен ойногон Асылбек НАСИРДИНОВ жетектейт. Бул топто жашы 19дан 35ке чейинки профессионал жети адам эмгектенет. Алар нукура кыргыздын аспаптарында ойношуп,  кыргыз күүлѳрүн бурмалабай, нукуралыгын жоготпой элге тартуулап келишет.

Толугу менен

Apr 04

“Караѳзгѳй” күүсү

Кенжебек АЛДАЯР, күүчү 

Кыргыз санжырасындагы Ормон хан менен Балбай баатыр эрегиши кадимки кыргыз күүлѳрүнүн кайталангыс ѳзгѳчѳ жаралган залкар кара күүлѳрүнүн бири «Караѳзгѳй» күүсүнүн жаралышына себепкер болгондугун бүгүнкү күндѳ кыргыз элине таанымал залкар күүчү, комузчу Н.Абдрахманов айтып жүрѳт.

Ѳз доорунун атактуу шайыры, залкар күүчү Боккѳтѳн кара күүлѳрдүн каймагын калпыган, улуу кайрууларды жаратып эллине калтырган улуу инсан болгон. Ал ѳзүнүн заманында кыргыз ичинде болуп жаткан окуялар, ич ара ыйкы-тыйкылар улуу күүчүнү кайдыгер калтырбай, ошол окуяларды Эстен кеткис түбѳлүк комуз кылына салып, жан дүйнѳнү сыдыргыдан ѳткѳргѳн керемет кайрыктарга ширетип, элдин жан дүйнѳсүнѳ киргизген.

Толугу менен

Apr 04

Нурланбек НЫШАНОВ, «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык тобунун музыкалык жетекчиси: «Байыркы кайрыктарда чоң энергетика бар»

Маектешкен Канышай БЕШБАЕВА

Кыргыздын улуттук музыкасы, улуттук аспабы дегенде кѳпчүлүк комузду, темир ооз комузду түшүнѳт. Кыргыздын булардан тышкары жыгач ооз комуз, чогойно чоор, сыбызгы, керней, сурнай сыяктуу элдик аспаптарынан дээрлик кѳбүбүздүн маалыматыбыз жок. Бүгүн кепке тарткан маектешибиз Нурланбек Нышанов жогоруда аты аталган аспаптардын баарында ойноп, улуттук консерваторияда, Күрѳңкеев атындагы музыкалык мектепте нукура элдик аспаптар боюнча сабак берет. Биз музыкант менен кыргыздын байыркы музыкасы, коомчулуктун сейрек кездешүүчү аспаптарды кабыл алышы, алардын жасалыш тарыхы туурасында сѳз кылдык.

– Нурланбек  мырза, кыргыз аспаптарынын жан дүйнѳңүзгѳ жакындыгы эмнеден улам болду?
– Менин балалыгым 70-жылдарга туура келди. Бул мезгилде элдик аспаптар экинчи планга чыгып, эстрадалык-вокалдык топтор түзүлүп, аспаптардан аккордеон менен гитара абдан популярдуу болуп турган эле. Комуз, темир комузда ойногон ѳнѳрпоздор солгундап, кыл кыякчылар саналуу гана болуп калган. Ал эми чоор, сыбызгы сыяктуу аспаптарда ойногондор дээрлик жокко эсе болуп кеткен. Бул ошол учурдун идеологиясына, замандын ѳзүнѳ жараша болгон. Албетте, кыргыз эли үчүн аккордеон менен гитаранын да кызматы чоң. Бирок, ошол мезгилде булар улуттук обондорду, күүлѳрдү артка сүрүп салган.

Толугу менен

Mar 20

“Насыйкат” күүсү

Кенжебек Алдаяр, комузчу

Жолугушууң- айрылганың, айрылышууң- табышканың… Кудурети күчтүү улуу Кудай улуу диндерди жаратып, адамдарды өзүнө баш ийдирүүнү, таанытууну көздөгөн. Кандай жеңиштер, кандай Бакыттар, кандай Байлык, кандай Мураттар болбосун, улуу Кудайдын жаратмандыгынын жемишинин бир учкундары бул дүйнөдө, бул жарыкта оопасыз. Же бул жашоодо бүгүн бар да, эртеңжок деген залкар ой толгогон сезим күү кылына келтирилип, Насыйкат деп ат берилип, адамдарга жараша түрдүү улутка түрдүү элге түрдүү диндер таратылып, жайылтылып, убактысы келгенде ал пайда болуп, убактысы келгенде алардын касиети, сыры өз мөөнөтүн өтөп бүтүп, өзүнөн өзү жок болгон.

Толугу менен

Mar 20

«Аталардын аманаты, азыркылардын аракети»

Роза Аманова, КР эмгек сиңирген артисти, искусство таануу илимдеринин кандидаты, «Кыргыздын салттуу музыкасы» фондусунун жетекчиси

Көчмөн кыргыз элибиздин тарыхын добулбастын добушунда сактап, Алтайда, Энесайда эн тамгасын жараткан эзелки кыргыз калкынын баскан жолун кыл кыяктын, комуздун күүлөрүндө кайрып, «Манас» баштаган Улуу өнөрдүн мунарасын сыбызгынын сыйкырдуу үнүнөн тургузган кыргыз элинин салттуу музыкалык казынасы – айтуучулук, аспапчылык жана аваздык-аспапчылык өнөрү.

Кыргыздын салтуу музыкасы калкыбыздын кайгысы менен кубанычын, тарых-таржымалын, эне тилин, максат-тилегин, үрп-адатын, салт-санаасын, эстетикалык жана философиялык түшүнүктөрүн санжырасы менен жомокторунан баштап эпосторунда, обон кайрык ырларында жана күүлөрүндө сактап келди.

Толугу менен