Нурланбек НЫШАНОВ, «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык тобунун музыкалык жетекчиси: «Байыркы кайрыктарда чоң энергетика бар»

Маектешкен Канышай БЕШБАЕВА

Кыргыздын улуттук музыкасы, улуттук аспабы дегенде кѳпчүлүк комузду, темир ооз комузду түшүнѳт. Кыргыздын булардан тышкары жыгач ооз комуз, чогойно чоор, сыбызгы, керней, сурнай сыяктуу элдик аспаптарынан дээрлик кѳбүбүздүн маалыматыбыз жок. Бүгүн кепке тарткан маектешибиз Нурланбек Нышанов жогоруда аты аталган аспаптардын баарында ойноп, улуттук консерваторияда, Күрѳңкеев атындагы музыкалык мектепте нукура элдик аспаптар боюнча сабак берет. Биз музыкант менен кыргыздын байыркы музыкасы, коомчулуктун сейрек кездешүүчү аспаптарды кабыл алышы, алардын жасалыш тарыхы туурасында сѳз кылдык.

– Нурланбек  мырза, кыргыз аспаптарынын жан дүйнѳңүзгѳ жакындыгы эмнеден улам болду?
– Менин балалыгым 70-жылдарга туура келди. Бул мезгилде элдик аспаптар экинчи планга чыгып, эстрадалык-вокалдык топтор түзүлүп, аспаптардан аккордеон менен гитара абдан популярдуу болуп турган эле. Комуз, темир комузда ойногон ѳнѳрпоздор солгундап, кыл кыякчылар саналуу гана болуп калган. Ал эми чоор, сыбызгы сыяктуу аспаптарда ойногондор дээрлик жокко эсе болуп кеткен. Бул ошол учурдун идеологиясына, замандын ѳзүнѳ жараша болгон. Албетте, кыргыз эли үчүн аккордеон менен гитаранын да кызматы чоң. Бирок, ошол мезгилде булар улуттук обондорду, күүлѳрдү артка сүрүп салган.

Ал эми кыргыздын улуттук аспаптарына кызыгып калышыма чоң энемдин эмгеги күч. Ал киши ѳз кезегинин мыкты кошокчусу, жамакчысы болуп, темир ооз комузду да жакшы какчу. Чоң энем карыганда да, тиштери жок, аспапты бүйлѳсүнѳ коюп алып кубулжута какканын кѳргѳм. Кыргыздын рухун мен ушул чоң энемден алдым десем болот. Баса белгилей кетүүчү жагдай – биздин Жумгал районунун Кѳгѳй айылында Турарбек деген комузчу агай бар эле. Ошол киши айылдагы балдардын теңинин кѳбүнѳ комуз үйрѳткѳн. Турарбек агайдан комуз үйрѳндүм адегенде, андан кийин чоң энемден темир ооз комуз какканды үйрѳндүм. Мектепте окуп жүргѳндѳ кѳптѳгѳн райондук, облустук деңгээлдеги конкурс-фестивалдарга катышып жүрдүм. Кочкордо ѳткѳн ошондой конкурстардын биринде Аскар деген музыканттан кадимки Токтосун Тыныбековдун сыбызгысын кѳрдүм. Бир күнү кечке аны кармап отуруп, үйлѳгѳнгѳ, үнүн кооз чыгарганга үйрѳндүм. Сыбызгыдан кийин жыгач ооз комуз какканды ѳздѳштүрдүм.

1987-жылы  Бишкектеги Күрѳңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырдым. Ошол эле жылы Нурак Абдракмановдон чоор жѳнүндѳ, анын жасалышы, ойнолушу туурасында угуп, чоордо ойногонду үйрѳндүм. Сузактык Асанбай Каримов деген чоорчунун чоордун 15тей күүсү сакталып калган экен. Ошолорду таап, чечмелеп, үйрѳндүм. Тилекке каршы, ал киши 1979-жылы кайтыш болуп кетиптир. 1987-жылы Токмокто чоң маданият күндѳрү болду. Бул кайра куруу башталып, элдик ѳнѳргѳ, улуттук аспаптарга кызыгуу жандана баштаган мезгил эле. Ошондо Баткенден келген Саламов Кахар деген чопо чоорчудан чопо чоор жѳнүндѳ сурасам, анын жасалышы, жердиги, ѳзгѳчѳлүгү туурасында айтып берди. Ошо кишиден чопо чоор жасаганды үйрѳндүм. Ал чопо чоорлор үч кѳзѳнѳктүү, тѳрт нотага келген жѳнѳкѳй түрү болгондуктан, кыска кайруулар, обондор ойнолчу. Аңгыча «Камбаркан» фольклордук тобу ачылып калды. Ал жерге аспап жасоочу уста жана аспапта ойноочу музыкант катары жумушка кабыл алындым да, сыбызгы, чоор, чопо чоордун алгачкы үлгүлѳрүн Сураган Айдаралиевдин жетеги менен анын устаканасында жасадым. Улуттук аспаптарды таанытуу, жайылтуу максатында 1993-жылы Бишкек шаардык театрында жалаң нукура улуттук аспаптарда ойной турган «Саамал» фольклордук тобун түздүм. Бул топ азыр да ушул мен түптѳп кеткен жол менен окуучум Асылбек Насирдиновдун жетегинде иштеп келатат.

– Архаикалык күүлѳрдү кандайча таап, кандайча изилдеп чыгасыздар?
– Архаикалык күүлѳр кѳбүнесе тарыхынан билинет. Кыргызда «күүнү чертсең,  айтып черт» деген жакшы сѳз бар. Тилекке каршы, биз кѳптѳгѳн күүлѳрдүн тарыхын билбейбиз. Сакталбай калган. Бирок ошол күүлѳрдү угуп кѳргѳндѳ эле кулагы каныккан киши алардын кайсы доорго тиешелүү экенин боолголойт. Мисалы, комузда ойнолгон «Шүдүңгүт» деген байыркы күү бар. Шүдүңгүт – бул уйдун күлүгү. Күүнүн тарыхы Атилла хандын мезгилине, б.а., 1500 кылым мурдагы доорго барып такалат. Атилла хандын Каратѳлѳк деген башкы увазиринин улуту кыргыз болгон экен. Каратѳлѳк Атилла хан ѳлгѳндѳн кийин шүдүңгүт минип кайра ѳз элине кайткан имиш. Күү шүдүңгүттүн чуркашын, жүрүшүн элестетет. Темир комузда ойнолуучу «Карача торгой» деген архаикалык күү бар. Бул күү да байыркы Атилла хандын заманына барып такалат.

– Сиздер бул күүлѳрдү иштеп чыгууда аларга кандайдыр бир жаңылыктарды киргизесиздерби?
– Байыркы күүлѳр менен иштѳѳдѳ эки багытта иш алып баруу керек. Биринчиси – күүнүн ѳзүн таза сактап калуу. Ага анча-мынча гана оңдоп-түзѳтүүлѳрдү киргизип коебуз. Экинчиси, ошол эле күүнүн ѳзѳгүн сактап, башка аспаптар менен коштотуп, ѳркүндѳтѳбүз. Айрым кайрууларды киргизишибиз мүмкүн, ойнолуу убактысы узарышы ыктымал, бирок, түпкү варианттан алыс кетпейт.

– Байыркы күүлѳрдүн азыркы күүлѳрдѳн кандай айырмачылыгы бар?
– Архаикалык күүлѳрдѳ байыркылык сакталып калган. Нукуралык, укмуштай бир тазалык бар. Биздин учурдагы күүлѳр деле жаман эмес. Азыр айрым комуз күүлѳрүн жаштар сүйүп угат. Телефондоруна жаздырып алгандарына кѳп күбѳ болдум. Бирок, менин жеке пикиримде биздин азыркы замандын күүлѳрү тереңдиги, мааниси, салмактуулугу жагынан байыркы күүлѳргѳ жетпейт. Бул – кыргыздар ѳзүнүн нукуралуулугунан, рухунан алыстап кеткенинен улам болгон нерсе. Байыркы күүлѳр кыска, болгону 5-6 кайрык, бирок ошону чертүү, аткаруу – кыйла оор маселе. Анткени, ошол кыска 5-6 кайрыкта укмуштай чоң энергетика бар. Биз жараткан күүлѳрдүн деле деңгээли жакшы, кайрыктары кооз, формага салынган 4-5 мүнѳттүк узак күүлѳр. Бирок, аларда андай энергетика жок. Бул биздин рационалдык, системалуу билим алып калганыбыздан. Кандайдыр бир рамкадан, чектен чыгалбаган психологиялык тоскоолдук бар. Чексиздикке чыгууга дараметибиз жетпейт.

– Аспап жасоо туурасында айта кетсеңиз?
– Мен жыгач ооз комуз, сыбызгы, чоордун түрлѳрүн жасайм. Үйлѳмѳ аспаптар негизинен ѳрүктѳн жасалат. Анткени, ѳрүк жыгачы нык келип, үн күчтүү чыгат. Экинчиден, ысык-суукка, катуу-жумшакка туруштук берет. Жыгач ооз комуз Индиядан Японияга чейин кеңири тараган аспап. Бир катар окумуштуулар изилдеп чыгып, бул аспап коло доорунан баштап ойноло баштаган деген пикирлерди айтышууда. Түштүк Чыгыш Азия мамлекеттеринде бул аспап бамбуктан, ал эми бизде тоодо ѳскѳн катуу жыгачтан, бадалдан жасалат. Бадалдын ичинен аса-муса, шилби, бѳрү карагат жыгачтары пайдаланылат. Шилбинин таштак жерде ѳскѳн катуусу ылайыктуу. Байыркы мезгилде жыгач ооз комуз бодо малдын сѳѳгүнѳн, негизинен жылкынын кабыргасынан да жасалчу экен. Балким, убагы келсе биз да буга кайрылып калаарбыз.

Жыгач ооз комуздун жасалышы ѳтѳ жѳнѳкѳй. Жыгачтын бетинен аспаптын тилин тилип алабыз. Ал тил термелип ийкемдүү болушу үчүн учу абдан ичкертилет. Ал термелүү ооздун кѳңдѳйү менен күчѳтүлѳт да, андан үн чыгат. Дем менен ал үн ар кандай күүгѳ келет. Тилдин ортосу кѳзѳлүп, жип тагылат. Ал жип тилди жѳнгѳ салат.  Жасалышы жѳнѳкѳй болгону менен аны күүгѳ келтирүү бир топ машакаттуу иш. Айта кетүүчү нерсе – жыгач ооз комуз менен темир ооз комузду кыргыздар гана күүгѳ келтирип, кага алат. Мындан 2-3 жыл мурун Норвегияда жыгач ооз комуз жана темир комузда ойноо боюнча эл аралык ири фестиваль ѳткѳн. Ошондо Шакен Жоробекова эжебиз жыгач ооз комуз жана темир ооз комузда ойноп,  ооз комуздун ханышасы аталды. Бул аспапты кыргыздар терең ѳздѳштүргѳнүн ушундан эле байкоого болот.

– Сейрек кездешүүчү аспаптар эл тарабынан кандай кабыл алынууда?
– Азыр үйлѳмѳ аспаптарга болгон кызыгуу күч, ѳзгѳчѳ жаштар арасында. Азыр мага жалаң гана улуттук аспап менен шугулдангандардан тышкары вокалисттер, скрипка, фортепиано сыяктуу европалык аспаптарда ойногондор, эстрадада жүргѳндѳр да келип, кеңешип, үйрѳнүп жатышат.

Ал эми угуу боюнча айтсам, бул сенин аткаруу чеберчилигиңе жараша болот. Ѳз деңгээлине жеткире, кылдат, кунт коюп чертип берсең, уккан кишинин да моокуму канат, ыраазы болот. Мен бир нече топтор менен кѳптѳгѳн чет мамлекеттерде болуп келдим. Ошол чет ѳлкѳлүктѳр деле сенин тилиңди, тарыхыңды билбесе да, ойногон күүң, аткарган чыгармаң аркылуу сени таанып, дилиңди түшүнүп, талантыңды жакшы кабыл алат. Ал эми чыгармачылыкка одоно мамиле жасасаң, элге жогорку чеберчиликти кѳрсѳтѳ албасаң, чала-чарпыт аткарсаң – ѳз бааңды аласың. Мисалы, Америкага барганда биз менен кошо тажиктер, ирандыктар, афгандыктар барыптыр. Ар бир улутка концерттик номери үчүн 25 мүнѳттѳн бѳлүнүп берилген. Бул боюнча «Нью-Йорк Таймс» гезити да жазып, тѳрт улуттун тең ѳнѳрүн жогору баалап, кыргыздыкы ѳзүнчѳ сѳз болууга арзыган. Макалада биздин концертти кульминациялык учур деп атап, темир ооз комуз менен жыгач ооз комуздун укмуштай гармониясына басым жасаган. Бул биздин маданиятка, нукуралуулукка берилген баа деп эсептейм.

Бүгүнкү күндѳ руханий кайра жаралуу болуп жатат. Бул кайра жаралууда салттык музыканын да ѳзгѳчѳ орду бар. Ушул багытта биз баштаган иш али аягына чыга элек. Мисалы, фольклордук топтордо ѳзүнүн ордун толук ала албай жаткан керней, сурнай сыяктуу аспаптарыбыз да бар. Ошондой эле келечектин чыгаан аткаруучуларын, жана аны түшүнүп уга турган угуучуларды даярдоо маселеси алдыбызда турат. Мына ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн ачылган «Устатшакирт» борбору ѳзүнүн алгачкы жемиштерин бере баштады. Жакынкы аралыкта буга эл-журт күбѳ болот. Негизи эле ушул руханий кайра жаралууга ѳз салымымды кошом, ѳркүндѳтѳм-ѳстүрѳм деген жаштар кѳп. Тилекке каршы, жаштыгы совет дооруна туш болгон адамдарыбыз элдик музыкадан, жалпы эле кыргыз дүйнѳсүнѳн алыс калышты. Ѳткѳндѳ бир атактуу эле киши, атын атабай эле коеюн, «фольклоруңар он жылдан кийин ѳлѳт» деп айтты. Жеткен түшүнүгү ошол экен. Мындай кишилер да бар.

“Көк асаба”, №17(41), 17.08. – 30.08.2010-ж.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *