Өспүрүм бала ханды сөзгө жыкканда

Асыкбек Оморов (Чын Темир), жазуучу

Байыркы кылымдардан баштап Совет дооруна чейин чечендикке байланыштуу ар кандай окуялар, айтыштар, алым сабак айтым кептер бир болгон окуядан кийин эл арасында ооздон оозго айтылып, жазылган китептерге караганда,  бүгүнкү күнгө чейин калк ичинде оозеки сакталып, муундан муунга айтылуучу сөздүн күчү, мааниси бузулбай жашап келген.

Орус элинин улуу жазуучусу Н.М.Карамзин орустардын тарыхын бурмалап, жокту бар кылып, орустарга «медвежья услуга» кылып келсе да, эл арасында китепке түшкөн нерсе оозеки чыгармаларга караганда көп багыттарын жогото тургандыгын байкаган. Себеби, анын улуту кыпчак болуп түпкү аталардан бери калган көп окуялар ооздон оозго тарап, көпчүлүк эл китеп окуганга караганда угуу сезими менен көп нерселерди биле тургандыгын аныктаган. Адам китептеги нерсени кайра качан болсо да окуп алам деп көңүлкош мамиле кылат. Ал эми оозеки айтылган нерсени өз убагында кармап түшүнүп калбасаң, эң сонун айтылган ойлор, чечендик сөздөр жоголуп, маани-маңызсыз болуп калышы мүмкүн деп ар бир уккан адам өзүнчө ой кылат. Ошондуктан, оозеки айтылган кызыктуу аңгемелер, атургай жомоктор, уламыштар, ырлар укумдан-тукумга, муундан-муунга берилип, жалпы кыргыз элибизде ушул күнгө чейин сакталып келет. Бул айтылып келген ар башка доордогу окуялар ар бир чечендин талантынын өсүп-өнүгүшүнө жараша кооздолуп айтылып, ал эми уккан эл бул окуяларды ушул күнгө чейин кечээ эле болгон сыяктуу сактап келген.

Илгери чечендер элдин азабын, эрдин кунун бир сөз менен чечишкен. «Өз убагында таамай айтылган бир сөздүн наркы – бир төө» деп айтышат түркмөндөр. Кыргыздар болсо «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деп хан алдында кашкайган чындыкты таамай айтышат.

«Күлүктөн күлүк чыкса төрт аягы тыбырайт» дегендей, чеченден чечен чыккан, акындан акын чыккан. Окуялардагы сөздөр муундан муунга уланып, карапайым калк казынасына айланган. Айтылуу сулуудан акылман келин өйдө турган. Эмесе, эл арасындагы «чечен келин» жөнүндөгү ылакапка кулак төшөңүз.

Илгери көпкөлөң тарткан жигит жолоочулап келе жатып, бир үйгө кабылат. Үйдөн бир сулуу жаш келин чыгып, коноктун атын алып, эшикти ачып, үйгө киргизет. Мырза жигит колундагы куржунду көрсөтүп: «Кайда илсем экен, келинчек?» деп сурайт. Жигиттин теңсинбей турганын байкаган келин: «Эгер сексен баштуу үйдөн илээрге жер таппасаңыз, мойнуңузга илип алыңыз» дейт. Көпкөлөң жигит таш тиштегендей туруп калат. Келин күйөөсү жогун билгизбей козу сойдуруп, жигиттин астына бир табак толтура эт тартат. Сөздөн жыгылган жигит ылдый карап, жилик мүлжүйт. Мүлжүп бүткөн жилигин бычак менен ургулап чучугун алмак болот. Аны көргөн келин чыгдандан бир табак май алып келип, жигиттин астына коет да: «Издегениңиз май болсо, сөөк сындырып убараланбай мына бул майдан сугуна бериңиз» дейт. Жигит уялганынан эмне кыларын билбей, сөз таба албай тердеп чыгат. Эртеси мырза жигит жөнөй берерде үйдүн ити көнгөн адатынча арсылдап үрүп, атынын куйругуна асылат. Жигит эңкее түшүп, дөбөттү камчы менен башка тартып жиберет. Кыңшылаган дөбөткө келин: «Кой, Короочу, ыйлаба! Агасы инисин уруп эле койчу, эч нерсе болбойт. Ит иттигин кылбаса, башы ооруйт!» дейт. Ошентип, конок болуп сыйын көрүп кетерде итти сабап, жигит дагы сөзгө жыгылган экен. Эл мындай сөздөрдү ылакап катары пайдаланып, чечен келиндин ысымын билбесе да сөзүн унутпай, акылмандуулуктун, чечендиктин үлгүсү катары улам кийинкилерге даңазалап келген.

Калк ичинде нелер гана жок. «Жаман кийим ичинде жалындаган жүрөк бар», «Адамдын кийимине караба, сөзүнө кара», «Өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло» деп, элде капилеттен сөз тапкан, кыйын жерден жол тапкан адамдар бар эмеспи, абайлап жүргүлө деп ала көөдөн жигиттерге акыл үйрөтүшкөн.

Чеченмин дегендер да мактанууга болбойт деп, төмөнкүдөй ылакапты келтиришет. Жолчубек деген чечен бир күнү жол жүрүп келе жатып, жар башында отурган жалгыз үйлүү Жаманактыкына келип конуп калат. Жаманак жабыркап, карылыкка бастырып, коломтонун башында отуруп калган эле. Бирок, келинчеги жаш, асты-үстүнө түшүп, сыйлап турат. Аны Жолчубек чечен жактырбай калат. Суусар тебетейди бир жагына баса кийип, жанындагы жолдошуна кайрылган болуп:

– Байкадыңбы, Баркалбас, ак куунун жанында жапалак отурса жарашпайт экен, – дейт.

Анда келин сөздүн маанисин түшүнө коюп:

– Баатыр, сиз бир кезде тай жеген Таалайбек элеңиз, азыр кой жеген Компойбек болдуңуз. Шашпаңыз, тарп аңдыган таз жору да болорсуз, ар нерсе өз убагында эмеспи, – дейт. Жолчубек чечен сөз таба албай отуруп калат.

«Бутунан жыгылган турат, сөзүнөн жыгылган турбайт» деп ушуну айт. Чечендик кындан кылыч сууругандай жарк этип учурунда айтылган сөздөн көрүнөт. Айтылган сөз далилдүү, орундуу болуп турса, каршы сүйлөөгө жол табылбайт.

Жолчубек чечен экинчи жолу да жолоочулап баратып, Жаманактыкына келет. Бу келишинде ичине кек сактап, келинди сөзгө бир сындырсам деген ниетте эле. Сөздөн сынып калган неме суусун сурамак болду. Бирок, эки жагын караса келиндин жапалак күйөөсү көрүнбөйт. Ичинен кым этти. Анын жаман оюн түшүнгөн келин үйүнө кирип, чаканы калдыратып жатып, кара аяктын капортосунан кылып суусун алып чыгат. Жолчубек суусунду тартып жиберип:

– Айтор, бир аяк суусун бир адамдын куну болуп калган экен, – деп какшык жөнөтөт.

– Жо-ок, баатыр, бир аяк суусун бир эмес эки кишинин куну. Бул суусун табылбаса, каныңыз катып сиз өлөт элеңиз, бир чөйчөк суусун таба албай, уятыман мен дагы өлөт элем, – дейт келин. Жолчубек бул жолу да сөз таба албай, атын буруп бастыра берген экен. Ошентип, элибизде сөз билген чечендерди уятка калтаргын кыз-келиндерибиз да болгон.Сөзгө сөз келгенде айтылат. Чечендердин өзгөчөлүгү – дал ошол өз мезгилинде чукугандай сөз таап, ойдо жок жерден кутулуп кетүүсүндө.

Байыркы Римде чечендиги менен атагы чыккан Цицерондун берген баасына караганда, адамдардын коомдук турмушунда чечүүчү ролду ойногон эки искусство бар, биринчиси – полководецтин искусствосу, экинчиси – чечендиктин искусствосу. Кыргыз эл жомокторунда да дал ушул искусстволордун кайсынысы өйдө тура турганын чечмелеген жомокторубуз бар. Каардуу хандар мамлекеттик иштерди кылычтын мизи менен, колдун күчү менен, атактуу баатырлардын даңкы, даңазасы менен чечишкен.

Илгери Кара хан Азис Жаныбекке тийиштик кылып: «Сенин тоодогу айгырларың кишенеп, менин ойдогу тулпар тууй турган кыр чабдар бээм кулун салды. Ошол тулпар боло турган кулундарын төлө, төлөбөсөң уруша турган жерге чык» – деп элчи жиберет. Айласы кеткен Азис Жаныбек урушайын десе колу аз, төлөйүн десе анча кулунду табуу мүмкүн эмес, айласы кетип, эл чогултуп жыйын курат. Ошол кезде 14 жаштагы бир бала эл арасынан озунуп чыгып, Кара ханга жоопту мен берем деп элчиликке суранат.

Жаш бала элчиликке барарда хандан бир теке, бир төө, бир жаа бериңиз деп шарт коет. Кара ханга бара жатып, анын жакшы көргөн тайганын жаа менен атып өлтүрөт. Элчиликке келген жаш баланы көргөн Кара хан таңгалып:

– Чоң кишиңер жок беле? – дейт.

Анда бала тура калып:

– Чоң десеңиз төө менен сүйлөшүңүз, – деп жооп берет. Кара хан:

– Ээ, жаныңды жеген бала, сакалдуу кишиңер жок беле деп сурап жатам, – дейт.

– Сакалдуу десеңиз, теке менен сүйлөшүңүз, эгер кеп-сөз билген киши десеңиз мени менен сүйлөшүңүз, – дейт. Хан сөздүн мааниси орундуу айтылганына жыгылып калат да:

– Эмне үчүн жөндөн жөн эле тайганымды атып салдың? – деп сурайт.
– Жөн эмес, ханым, сиздин тайганыңыздын үнү алыска угулуп, өзү жөн тайган эмес, кумайык тайган экен, биздин айылдагы иттердин баары күчүк таштап койду, – дейт жаш бала.

– Ой, жаны жок бала десе! Коктудагы тайгандын үнүн тоонун ичинде жаткан элдин ити кантип уксун?! – дейт хан.

– Сөзүңүзгө кулдук, ханым, биздин тоодогу айгырыбыздын кишенегенин сиздин ойдо жаткан чабдар бээлериңиз кайдан угат?!

Хан өз сөзүнө өзү чалынып, баланын сөзүнө жыгылып, уруш токтоп, эки эл тынчып калат.

Мындагы диалогдо баланын жообундагы логикалуулук, адамды такыр башка жакка кылт эттирип чыгарбаган чындык жана адам таңгаларлык эстетикалык ырахат бар. Чечендик искусство оозеки сүйлөө речинде чыныгы күчтүү айтылган мааниси менен көрүнөт. Мындагы эң башкы нерсе чындык жана логикалык байланыштын тереңдигинде болгону менен, сүйлөө манерасы, үндүн уккулуктуулугу, ымдоо-жымдоо мимикасы жок болсо дагы адамга ойдогудай таасир берет.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *