
Токойлуу айылда чоңойгон, жыгач уста чоң атасынын чеберчилигине таасирленип, анын куралдары менен алгачкы аракеттерин жасаган Шералы Сооронбаев окуучулук кезинде сүрөтчүлүккө кызыкса, кийин А.С.Чуйков атындагы окуу жайынын терини көркөм иштетүү бөлүмүн бүтүрүп, бара-бара теринин табиятын жана мүмкүнчүлүктөрүн улам терең түшүнүп, андан кийин биротоло бул көркөм дүйнөгө сүңгүп кирген.

Чыгармачылыкта жеке өзүнө гана тиешелүү өзгөчө өңүтү менен, нукура адистик чеберчилиги менен таанылып келаткан Шералы Сооронбаевдин колунан жаралган чыгармалар учурда Австрия, Германия, Турция, АКШ, КМШ мамлекеттеринде жеке коллекцияда, Кытайда жибек боюнча музейде, Кыргызстандагы Иорданиянын элчилигинде жана ошондой эле президентибиз Атамбаевдин иш бөлмөсүндө орун алган.
– Шералы мырза, сиздин териден жасалган картиналарыңыз көпчүлүктү суктантып да, таңдантып да келет. Тери буюм катары биздин жашообузга канчалык тереӊ кирген?
– Тери иштетүү биздин ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан өнөр болуп саналат эмеспи. Тери буюмдары – көчмөн элинин атрибуту. Себеби, бул өнөр атадан балага, энеден кызга, устаттан шакиртке өтүп, элибиздин материалдык байлыктарынын бирден-бир элементи катары кызмат кылып келгенин жакшы билебиз. Бүгүнкү күнү илгеркидей тери буюмдарын колдонууга муктаждык аз болсо дагы, ал музейлерде экспонат болуп биздин көчмөн жашообуздан кабар берет. Ат жабдык, жүгөн, ээр токум, кишинин тулку боюндагы кийимдер – бардыгы териден жасалчу. Боз үйдөгү кымыз сактаган сабаа, чанач, көөкөр, көнөчөк, чыны кап, отурса көлдөлөӊ, ун сактаса супара – мунун бардыгын ата-бабаларыбыз териден үй шартында жасап алышчу. Азыркы заманбап жашоодо териге байланыштуу маданият акырындап унуткарылып баратканы кооптуу маселе. Көпчүлүк элтери иштетүүнү завод-фабрикаларда жасалуучу иш деп түшүнүп калышты. Андыктан, териге байланыштуу салттуу билимдерди кайрадан калыбына келтирип, аны жайылтуу иши жалпы элдик маданиятты сактап калуу үчүн көӊүл бура турган маселе.
Continue reading →