Арстанбек МЫРЗАЕВ, «Саймалуу Таш» кɵркɵм галереясынын жетекчиси: «Биз жараткан чыгармалар биз үчүн сүйлɵйт»

8-2Адам эмнегедир жеринен алыста жүргɵндɵ ɵз жеринин кадыр-баркын, баалуулуктарын, тарыхын сыйлап кастарлай баштайт, а эгер ошол четте жүргɵн киши чыгармачыл чɵйрɵдɵн болсо, анда бул сезим эки эсе күчтүү болот. Менин маектешим ошол алыста жүрүп, ɵз мекенине гана эмес, анын баалуулуктарына да сырттан карап, салыштырып, таразалап кɵргɵн инсандардын бири. Анда эмесе сɵзүбүз айтылуу тарыхы бар Ош шаарында жайгашкан «Саймалуу Таш» кɵркɵм галереясынын жетекчиси Арстанбек МЫРЗАЕВ тууралуу болмокчу…

 -Арстанбек мырза, сɵздү  алыстан баштасак. Кандайча жет элде иштеп калдыңыз? Кайрылып келгениңизге ɵкүнбɵйсүзбү дегендей…?

8-1– Алыстан баштап, ɵткɵн-кеткенди эскеп салып жатасыз, анда кепти сиз айткандай ошол учурдан  баштайын. Өзүм спорт мектебинде окуганым менен сүрɵт ɵнɵрүнɵ аябай кызыкчумун, чоңоюп, кесиптик билим тандаган мезгил келгенде эмнегедир спортту эмес, сүрɵтчүлүктү тандадым. Борборубуздагы С.Чуйков атындагы сүрѳт окуу жайын, андан кийин Алма-Атада, Москвада да ушул ɵнɵрдү аркалап окудум. Биз окууну бүткɵн кез Совет доорунун таркаган мезгилине туш келип калды. Искусство ɵнɵрү бир аз артка сүрүлгɵндɵй, ар кимиң ɵз келечегиңди ɵзүң түптɵ дегендей мезгил келди. Мен да кээ бир кесиптештерим сыяктуу эле чет элге чыгып кеттим. Ошентип Австрияда ɵзүмдүн эле кесибим боюнча 12 жыл иштедим. Алгач кɵп деле билинбейт: кантсе да Европа дейсиң. Анын үстүнɵ биз иштеген Вена шаары дүйнɵнүн эң кооз шаарларынын бири. Бирок, бара-бара ɵз жериңе болгон сагынуу, кусалык, эңсɵɵ күчɵй баштайт экен. Ар келген сайын мурда байкабаган нерселерди байкап, баалай баштайт экенсиң. Башында ошол жакта такай жашап калгым келчү. Бирок ɵз жериңе болгон тартылуу улам барган сайын күчɵп, кантип патриот болуп баратканыңды байкабай калат экенсиң.  Бекеринен айтылбаса керек «Туулган жердин топурагы алтын» деп. Бул накыл кептин касиетин ошондо билдим. Ал жактагы мүмкүнчүлүктɵрдү ɵзүбүздүн жерибизде да кылса эмнеге болбосун. Чет жакта жүргɵнүм  мага чоң тажрыйбаны, анан бул жактан бир иш баштоого материалдык туруштукту берди. Сыртта болгонума эч ɵкүнбɵйм, тескерисинче, кɵп нерсеге болгон кɵз карашым ɵзгɵрүлду.

– Кɵркɵм галерея ачуу деген ой-максат да ошол жактан жаралса керек..?

– Кайсыл жерде жүрбɵ, ой-максаттын болгону жакшы, ал кɵкүрɵктүн түпкүрүндɵ болот. Анын   аткарылышын кɵздɵй  кээде жакын, кээде алыс жол басасың. Галерея ачуу менин ошондой максаттарымдын бири эле. Бирок ошого чыгыныш керек, иштеш керек, кɵңүлүң дегдеш керек. Баардык ишти баштаганда пикирлештериң, идеялаштарың болсо, ошол ойго бараткан жолуң эки эсе арбыйт. Жолуң арыштуу болот. Мен 2006-жылы кайрылып келгенден кийин ѳзүмдүн кɵңүлүмɵ жаккан бир иш баштагым келди. Студент кезден эле мага ушул курак, сайма ɵнɵру аябай жан дүйнɵмɵ жакын болчу. Музейлерибизден илгерки саймаларды, курактарды кɵрүп биздин апалардын, энелердин  билими жок туруп тандаган түстɵрүнɵ, кездемелерди айкалыштыруудагы шайкештиктерине тан берчумүн. Билимиң болуп туруп, ушундай иштерди жасасаң, укмуш шедеврлер жараларына кɵзүм жетчү. Башында кичинекей дизайн студия катары эки жыл иштеп жүрдүк, анан 2006-жылы бир иш-чарадан  жибекчиликти, саймачылыкты изилдеп жүргɵн Гулжан Иреш менен кесибибизге байланыштуу таанышып калдым. Ой бɵлүшүп келгенде  кɵз карашыбыз кɵп багыттардан туура келет экен. Ошентип, чогуу галерея ачуу идеясы келип чыкты десем болот. Ар бир ишти баштаганда тоскоолдук, ɵзүнɵ жараша түйшүгү болот, ошолорду акырындап жеңип отуруп, 2009-жылы  чакан болсо да ɵзүбүздүн ишкананы ачып алдык. Гүлжан экɵɵлɵп кыздарды чогулттук, туура кездеме тандоодон баштап, түс тандоону, курак жасоону, сайма сайууну үйрɵтүп отуруп, мына азыр бир чыгармачыл топту түзүп алдык. Ошондуктан бизге тиешелуу автордук иштер – биздин  артыбыздагы топтун курактай куралган, саймадай бири-бирине ээрчишкен, биргеликте жасалган эмгектин жыйынтыгы. Мен жогоруда айткандай, койгон максатка бараткан жолумдун  арбышында биз түзгɵн эмгек жамаатынын мээнети, орду чоң.

Акыркы кезде биздин байыркы, кылым карыткан тарыхы бар Ош шаарыбыз кɵркүнɵ чыгып, жаңы имараттар курулуп, күндɵн күнгɵ жакшырып баратат.  Байыркылыгын жоготпой, ошол эле мезгилде жаңылануунун жолунда бараткан мындай шаарга галереялардан канчаны ачсаң да жарашат. Алыска барбайлы, жаныбыздагы эле Өзбекстандын Бухара, Самарканд, Маргелан сыяктуу байыркы шаарларында канчалаган кɵркɵм салондору бар, себеби туристтер эски шаарларга кɵп келишет. Ар бир келген туристпи, конокпу, ошол шаарды элестеткен бир нерсе ала кеткиси келет. Ошондуктан биздин дагы  кеңейсек, бɵлүмдɵрүн ачсак деген алдыда жакшы максаттарыбыз бар. Менин айтайын дегеним, жок дегенде ушул бир тарыхый шаарыбызды барктап, кастарлап алалы. Аны биз, чыгармачыл адамдар колдошубуз керек. Борбор шаарыбызга менин кɵчүп келүүгѳ, ошол жактан иштегенге толук мүмкүнчүлүгүм  бар. Бирок, ушундай кооз шаарыбызга ушундай эстетикалык тарбия берген, искусствонун бир тарабынан болсо дагы колдоп турганыбызга, салымыбызды кошуп атканыбызга сыймыктанам.

– Баарыбыз  угуп, кɵрүп эле жүрɵбуз , ачылып, бир аз убакыттан кийин киреше жок экен деп жабылып калып жаткан ишканаларды. Сиз жасап ѳзүңүздүн жаткан ишиңизге бизнес катары карайсызбы, же кѳңулгɵ жаккан иш деп келатасызбы?

– Убакыт деген баарын ɵзү таразалайт экен. Бир иш баштаарда ар бир адам жакшы ой менен, түбɵлүктүүлүгүн ойлоп баштайт. А эгер ɵзүңдүн кɵңүлүң каалаган иш болгондо, ошондон ырахат  алып иштесең – бул эки эсе жагымдуу. Биз жасап жаткан иш ɵзүбүзгɵ гана эмес, башкаларга дагы ырахат тартуулоочу иштер. Кол менен жасалган чыгармалардын жан дүйнɵңдү тазалоочу билинбеген касиети бар. Мен ɵзүм  мурда ушундай иштерди кɵргɵндɵ кадимкидей чарчаганым  жазылып, баардыгын унутуп, жарпым жазылчу. Эми азыр ошол сезимдерди башкаларга тартуулоонун ɵзү шыгыңа шык кошуп, чыгармачыл эргүү берип турат. Биз чыгармачыл адамдар, ɵзгɵчɵ сүрɵтчүлɵр кɵп сүйлɵй бербейбиз, биздин жасаган иштер биз үчүн сүйлɵйт. Үнсүз сүйлɵгɵн чыгармалардын кучагында жүрүп убакыттын кандай ɵткɵнү да билинбей калат экен. Мына, кɵз ачып жумгуча бизге да эмки жылы 5 жыл болуп калыптыр. Бул да болсо анча-мынча болуп аткан кыйынчылыктарга кɵңүл бɵлбɵй, алдыбызга улам жаңы максаттарды коюп, улам жаңы күч менен эртеңки күнгɵ карай баратканыбыз. Тɵрт жылдан бери кɵп жакшы ийгиликтерге жетиштик. Унутта калып бараткан кɵрɵңгɵбүздү сактап калууда, аны жаңыча түс, жаңыча дизайн менен эл аралык деңгээлге чыгарууда, бүгүнкү жаш муунга жеткирүүдɵ ɵзүбүздүн салымыбызды кошуп келатабыз. Мына 2014-жылы Ош шаары СНГ мамлекеттеринин арасында Кыргызстандын маданий борбору болуп тандалыптыр. Бул да кɵп мүмкүнчүлүктɵрдүн башаты, бир гана Ош шаарынын эмес, бүтүндɵй мамлекетибиздин деңгээлинде белгилене турган жɵрɵлгɵ. Биз эмки жылы бул кош майрамды татыктуу ɵткɵрɵлү деп аракет кылып атабыз.

– Маек куруп бергениңиз үчүн ыраазылык билдиребиз. Элге эргүү тартуулаган чыгармачылыгыңыздарга  ийгилик каалайбыз!

Айгерим НАРМЫРЗАЕВА

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *