“Караѳзгѳй” күүсү

Кенжебек АЛДАЯР, күүчү 

Кыргыз санжырасындагы Ормон хан менен Балбай баатыр эрегиши кадимки кыргыз күүлѳрүнүн кайталангыс ѳзгѳчѳ жаралган залкар кара күүлѳрүнүн бири «Караѳзгѳй» күүсүнүн жаралышына себепкер болгондугун бүгүнкү күндѳ кыргыз элине таанымал залкар күүчү, комузчу Н.Абдрахманов айтып жүрѳт.

Ѳз доорунун атактуу шайыры, залкар күүчү Боккѳтѳн кара күүлѳрдүн каймагын калпыган, улуу кайрууларды жаратып эллине калтырган улуу инсан болгон. Ал ѳзүнүн заманында кыргыз ичинде болуп жаткан окуялар, ич ара ыйкы-тыйкылар улуу күүчүнү кайдыгер калтырбай, ошол окуяларды Эстен кеткис түбѳлүк комуз кылына салып, жан дүйнѳнү сыдыргыдан ѳткѳргѳн керемет кайрыктарга ширетип, элдин жан дүйнѳсүнѳ киргизген.

Балким кээ бир кишилер Ормон опузасын, Балбайдын дѳѳгүрсүгѳнүн күлкүлүү окуядай түшүнүп калышкандыр, бирок «Караѳзгѳй» күүсүн терең маани берип уккан адам бул бир элге келген, элде болуп жаткан карасанатайлыкты элди бѳлгѳн караѳзгѳйлүктү, Кудайга жакпаган жосундарды жүрѳк кылына салып, мунун кесепети оор болорун айтса да, Караѳзгѳйлүк токтобой уланып, күчѳп жатканы күүдѳ сѳз жок укмуш сүрѳттѳлүп, угуучунун кѳз алдына тартылгат.

Санжырада айтылган бул окуяга кыскача токтоло кетсек. Булардын чатагын коштоп, Ормон хан менен Балбайдын эки ѳгүзү да карсылдашып сүзүшкѳнүн таңгалуу менен сѳз кылышат. Ормон хан «менин ээлигимди уруксат албай басып кетипсиң» деп Балбай баатырдын бутун сындырып, орго салдырат. Бир нече апта ѳткѳн соң кайра ордон чыгартып, «Ии, баатыр, бут кандай?» деп Балбайдын бутун кѳтѳрүп, жерге катуу таштап, жаңыртып сындырат. Ормон бул кылыгын бир нече ирет кайталаган деп эл оозунда айтылып жүрѳт.

Балбай ѳткѳн кекти, кеткен ѳчтү ичте калтырбай, Ормондун артынан түшүп акмалап жүрүп, оролун келтирип, азганактай жигиттери менен жүргѳн ханды колго түшүрүп алган. Ошондо кѳпчүлүк ушундай эрегишти, жакалашты, чабышты токтотолу деп сѳз айтышкан. Буга Ормон макул болгон. Балбай болсо «мен ойлоноюн, анан келишели» деп ачык жообун айтапай, туюктатып жооп кайтарган. Ал жердеги акасакалдар «Болду, эми, хан менен чечиштик, коноктоп, эртең аттандырып жиберели» деген бүтүмгѳ келишип, ал күнү түнѳтүшүп, эртеси таң эрте узатып жѳнѳтѳрдѳ Балбай ѳзү атказам деп аттын чылбырын ѳз колуна алып (Балбай Ормонго күйѳѳ бала болгон), Ормон атка минип отура бергенде жең ичиндеги шамшары менен табарсыктан ылдый сайып, «Эми жакшы барыңыз, мен ушу менен тындым» деген. Ошондо Ормон: «Ии, ит бугу, мени сойду» деп үн чыгарган экен. Ѳйдѳ-ылдый санжыра сѳзүндѳ оор жарадар болуп кансыраган Ормондун сѳѳгүн кызы атка жүктѳп, атын жетелеп жерине жеткирген деп айтылат. Кызына керээз кылып «Тѳрѳгелди кѳлдү үч айланып чапсын» деген сѳздү айткан экен. Мунун баары жакшы иликтенбеген, бүгүнкү күндѳ ушак-айыңдын деңгээлиндеги сѳз деп эсептейбиз. Эл ичин аралаган караѳзгѳйлүктүн кесепети ушу күнгѳ чейин артынан ар кыл айыңды желдей таратып, элге бүлүк салганы күүчүнүн Жан дүйнѳсүнѳн сызылып ѳтүп, кыргызды караѳзгѳйлүк оорусунан кантип кутултуунун, арылтуунун, айыктыруунун дабасы, шыбаасы кирген күү кайрыктары кыргыз элинде пайда болуп калган. Улуу Боккѳтѳн залкар жаратып элге жайылтканын Ниязалы Борош уулу жок кылбай учугун улап, тилиртип, улуу «Караѳзгѳй» күүсүн кайрыган. Тилекке каршы, улуу мурастардын сыры кѳп чечмеленбей калып, ал эмес кийинчерээк бул күүнү жеңилирээк маанайда кол ойнотуп чертишип «Караѳзгѳйдүн» жүрѳк титиреткен кайруулары майдаланып кете жаздап, ХХ кылымда теңдешсиз күүчү, комузчу Карамолдо Орозов ѳзүнүн мүнѳзүнүн тереңдигин кайтарып берген. «Караѳзгѳйдѳ» айтып сайрап тургандай, алакандай кыргыз урууга, чѳлкѳмгѳ, жердештикке ыктап турушса, кыргыз элинен кадыр кетерин, ырыс кетерин канн какшаган чыгарма.

Карамолдонун аткаруусундагы бул күүнү кайра-кайра кайталап уккан адамдын сезимине, кѳкүрѳгүнѳ элин сүйүү сезими ойгонуп, ал эмес азыркы таластык, кѳлдүк, нарындык, оштук деп бѳлүнгѳн жердешчилик жетесиз, эртеңкини, келечекти аңдабаган, ѳзүмчүлдүктүн деңгээлиндеги оору, сасыткынын ээси – караѳзгѳйлүк болгон. «Караѳзгѳй» деген аталыш, ага кошулган күүдѳгү сезим, муну уккан кишинин сезимине темир менен куйкалап малга темир баскандай ѳчпѳй, терең орноп, эси-кѳѳнүнѳн кеткис так салган. Эзелтен эл оозунда айтыла келген касиеттүү улуу манасчылардын Манас айтуусунда адамдар оору-сыркоодон, мал ылаңдан айыккан кѳрүнүштѳр биз сѳз кылган кыргыз кара күүлѳрүндѳ да адам билип түшүнгүс, айтып жеткире алгыс окуялар болуп келатат Жана боло бермекчи. «Караѳзгѳй» ушундай улуу залкар кереметтердин бири болуп кыргыз кѳѳдѳнүнѳн, залкар күүчү, комузчу Боккѳтѳн себепкер болуп, ай-асманга атылып чыккан.

Азыркы убакта караѳзгѳйлүк оорусунан арылдык деп ким айталат, күүсүн укпаган, ѳнѳрүн сыйлабаган, Манасын кытай, бозүйүн казак, сѳзүн араб менчиктеп, ѳзүлѳрү түндүк-түштүккѳ оюн салып жатышса. Күү жашасын, күү кулабасын, күү кыргызга кубат-дем берсин!

«Кѳк асаба», №22 (22), 17.11.2009-ж.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *