Манасчылар

Бакыт АБЫЛОВ

Улуу Манас – бул байыркыны, кечээкини, бүгүнкүнү, эртеңкини туюндурган бир бүтүндүк. Андыктан:

Алтындай сѳздү куюлткан,
Айк
ѳлдү айтып туюнткан,
Шекердей с
ѳзүн куюлткан,
Шерлерди айтып туюнткан,

Элирип айтып киргенде,

Табиятты кубулткан,

Обондон жамгыр куюлткан,

Күн-түнд
ѳп айтып «Манасты»,
Айрандай элди уюткан

манасчылар жѳнүндѳ сѳз кылмакчыбыз.

Байыркы манасчылар: Ырамандын Ырчы уулу, Жайсаң ырчы, Токтогул ырчы, Келдибек Карбоз уулу, Балык Кумар уулу, Акылбек ж.б.

БАЛЫК КУМАР УУЛУ

Ѳз мезгилинин эң күчтүү манасчыларынын бири Балык Кумар уулу 1799-жылы Талас ѳрѳѳнүндѳ туулган. Балык 1887-жылы 88 жаш курагында Чүйдѳ кайтыш болгон.

Түш кѳрүүсү

Талас ѳрѳѳнүнѳн Кокон хандыгына салык, зекет үчүн тѳлѳнгѳн койлорду айдап баратып, бороон болуп Манастын күмбѳзүнѳ конуп калышат. Ошондо Балык түш кѳрѳт. Ага Манас чоролору менен жолугат. Бир аксакал киши:

– Ой, Бекмурат, бизди тааныбайсыңбы? – дейт.

– Кѳргѳн жок элем, бирок болжоп турам, – дейт Балык.
– Эмесе, ошол болжогон кишиң бизбиз. Биздин турук кылган үйгѳ кирип калыпсың. Токтогул деген ырчы бизди айткан. Сен да бизди аныктап айтып кѳрсѳт. Оозуң, кѳзүң балыктыкына окшош экен, сенин мындан кийинки атың Балык болсун. «Манасты кѳрдүм, сүйлѳштүм, аныктан анык» деп айт. Эми биз кетебиз… Кабакка барсаң, бир тоголок тору бышты ээр-токуму менен бутунда чидер салынып турат. Биз ошону сага бердик.

Андан соң Бакай Манасты, кырк чорону тааныштырат. Ошондон кийин атчандар шарт коюп жүрүп кетишет. Ошентип Манас даарып кеткенден кийин Бекмурат Балык атка конот да, Манас айта баштайт.

Кадыр-баркы

Кумар уулу Балыкты Талас эли ѳтѳ баалаган. Ал ѳз кезегинде Ажыбек датка, Бүргѳ баатырлар менен эл бийлеген даражага да жеткен. Атагы таш жарып, кыргыз элинин булуң-бурчуна тараган. Солтонун манабы Байтик жигиттерине беш тѳѳ коштотуп, Ажыбек даткадан Балыктын Чүйгѳ кѳчүп келүүсүн ѳтүнгѳн. Ошондо Балыктын ажырашаягы үч айга созулуп, эл менен ырдап коштошот. Анда да элди кыя албай, жүгүн түшүрүп бир жылга кѳчпѳй токтоп калат. Байтик экинчи жолу беш тѳѳ жетелетип Ажыбек даткага тартуу кылат. Ошондон кийин гана Балык Чүйгѳ кѳчүп келет. Чүй эли Балыкты атынан айтпай, аба деп кадырлаган. Ѳргѳѳсү Байтиктин үйүнѳн бийигирээк жерге тигилген. Ар кандай иштерди Байтик Балык менен кеңешип чечкен. Талас эли «Манас бир ѳлгѳндѳ, Балык бир кѳчкѳндѳ Таластын ичи ээнсиреди» деп айткан.

Кечээги манасчылар: Сагынбай, Саякбай, Шапак, Молдобасан, Мамбет, Акмат, Дүңкана, Шаабай, Кааба ж.б.

САГЫНБАЙ ОРОЗБАКОВ

Кыргыз элинин залкар манасчысы Сагынбай Орозбак уулу 1867-жылы Ысык-Кѳлдүн күңгѳйүндѳгү Кабырга деген жерде туулган. 1930-жылы ата-бабасы жашап ѳткѳн Кочкордо кайтыш болгон.

Түш кѳрүүсү

Сагынбай козу кайтарып жүрүп түш кѳрѳт. Бир аксакал карыя: «Ач оозуңду, балам, алтын шилекейимен чачыратайын. Мындан жаман болбойсуң» дейт. Бала коркуп оозун ачпайт. Карыя: «Манас айткың келеби?» дейт. Бала сүйүнүп кетип: «Ооба» дейт. Ошондо тиги аксакал кумга, шилекейге окшогон нерсени Сагынбайдын оозуна куюп жиберип кѳздѳн кайым болот. Ошондон баштап Сагынбай Манас айта баштайт.

Сагынбай жѳнүндѳгү пикирлер:

Эл оозунан:

«Сагынбай «Манас» айтып кеткен жерден мал оорулары, адам оорулары жоголуп, тѳрѳбѳгѳн аялдар тѳрѳчү экен».

«Бир жылы Чүй ѳрѳѳнүндѳ «Манас» айтып жүрүп тѳрт жүз кер кашка жылкы айдап келиптир».

«Сары-Чүйдүн кум казактарынын ырчылары менен жолугушканда тигилер «биздин казак-кыргызда мындай олуя ырчы жок» дешкен экен».

«Сагынбай манасчылардын Манасы эле».

«Сагынбайдын ар бир сѳзү – бир аттык»

Токтогул: «Кыргыздан мындай манасчыны эч кѳргѳн эмесмин, эстен тандым».

Молдобасан: «Акындык жагынан ага тең келген күчтү кѳргѳн эмесмин, биз анчейин анын баласы катарындабыз».

Ыбырайым Абдырахман уулу: «Семетейдин Коңурбайдан кун кууган урушун айтканда жѳн эле эсим оогон».

Алыкул Осмонов: «Сагынбай Орозбаковдуку болбосо анда калгандары бизди «Манас» эпосунун күчүнѳ мынчалык таң калтыра албас эле. Сагынбайдын сѳздѳрү башкалардыкынан бѳлүнүп турат. Сагынбайды окуп туруп башкалардыкына келгенде, тѳрт катар үйдѳн бир катар үйгѳ түшкѳндѳй ылдыйлайсың… Ѳзүбүздү кѳтѳрбѳй айтканда… Сагынбай Орозбаков да Пушкин, Толстой, Данте, Шекспир сыяктуу таң калтыруучу күч болуп эсептелет».

Чыңгыз Айтматов: «Сагынбай ѳзүнчѳ бийиктелген аскар тоо. Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. Балким, эч убакта кайталанбас руханий кѳрүнүштүр».

Бүгүнкү манасчылар: Уркаш, Назаркул, Асанкан, Талантаалы, Салимбай, Рыспай, Замирбек, Самат, Дѳѳлѳт, Улан ж.б.

ДѲѲЛѲТБЕК СЫДЫКОВ

Манасчы, 1983-жылы Ысык-Кѳл облусуна караштуу Тоң районундагы Шор-Булак айылында тѳрѳлгѳн. Республикалык, эл аралык фестивалдардын лауреаты.

Түш кѳрүүсү

13 жашынан баштап «Манас» айта баштаган. Түшүндѳ Саякбай ата келип: «Минтип айтып жүр» деп, ѳзү айтып кѳрсѳтүп берет. Ошондон кийин Саякбай түшүнѳ удаа-удаа кирет. Дѳѳлѳт мал кайтарып жүрүп, ат үстүндѳ манас айта баштайт. Кийинки бир түшүндѳ чексиз мейкиндикте тоо-таш, карагайлуу жайлоодо турганын кѳрѳт. Анан кулагына кандайдыр бир үн угулуп: «Кана, айтчы, Айкѳл Манасты кѳрүп атасыңбы?» дейт. Айланасын караса эч ким кѳрүнбѳйт. Баягы үн кайра кайрылып: «Жакшыраак карабайсыңбы, турбайбы!» дейт. Анда да эч кимди кѳрѳ албайт. Кѳрсѳ, Манас дүйнѳсү кѳз алдында чагылдырылган мейкиндиктей керилген, кѳк асмандай кенен уч-кыйырсыз экен. Айкѳл карарган эл болуп, бүркѳлгѳн кара жер болуп турган тура. Баатырдын турпаты айтылгандай эле бар экен. Колду аралап жалгыз баратыптыр. Жакындап келгенде бир кѳрѳт, бирок бат эле узап кеткендиктен даана кѳрѳ албай калат.

Дагы бир түшүндѳ Тал-Чокудан тѳрт баатырды кѳрѳт. Кѳлдүн тескей тарабында, Тоңдун тушунда калың эл тоонун боорунда жайылып отурушат. От жагылып, казан асылып, эт бышып жатат. Аңгыча кыбыла тараптан тѳрт баатыр келет. Астындагы минген тулпарлары тигил тоонун башынан бу тоонун башына бир ѳтүп, туяктары чокуларга тийип-тийбей келе жатты. Бир маалга аларга кошулуп, ал да жѳнѳйт. Ошентип отуруп, Тал-Чокунун башына чыгышат, тѳмѳн жакта агып жаткан үч дайранын ку           ймасын кѳрсѳтүшѳт. Дайранын аттарын да атап беришет. Дайралардын ар жагы түзѳң болуп, майда бѳксѳ тоолор мунарык тартып турат. Алар бир кыйлага Кытай тарапты карап турушат.

«Кѳк асаба», 13.04.2010-ж.

3 thoughts on “Манасчылар

  1. Улуу Манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына

    Сагымбай залкар адам болгон

    Улуу Манасчы Сагымбай Орозбаковдун быйыл 150 жылдык маарекеси белгиленмекчи. Сагымбайдын тегине келсек Кызарттын алдындагы Ала-К=л, Бурган-Сууну жердеген Саяк уруусунан, мойнок тукумунун ичинде Манас уулу деген уруктан. Азыр да Жумгалда Манас уулу аталган урук жашайт. Биздин айылдагы Сагымбай манасчы менен ъз=\гъ кагыштыра бирге жърг=н Сыдыбай уулу Керим, аны к=рг=н Оторбаев Бозгунчу,Манас уулунан чыккан Нарын шаарынын тургуну Орозобеков Асанбек, =зънън уулу Жамангул сыяктуу инсандардан залкар манасчы тууралуу к=п уктум. Алардын айткандарын 1989-1990-жылдары “Эмгек Туусу”, “Ала- Тоо та\ы” сыяктуу гезиттерге жарыялагамын. Мен Сагымбай залкардын 125 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча демилге көтөрүп, Советтик Кыргызстан гезитине “Манасчыга мазарбы” деген макала жазган элем. Ошондой эле 1990-жылдары Кочкор районунун демилгелүү жаштары “Сагынбай -Ата” коомун да түзгөн элек.Ал коом Кош-Дөбө айылдык советинен №14 чечими менен катталган. Аны райондук деңгээлге алып чыгып Майрамбек Деркенбаев, Жийде Аликеева, Нуржан Сакиева, Камчыбек Иманалиев, Бошкой Сатаев, Таалай Молдолиев жетектеп, Рай профком Сапар Алиев, Токой чарбаны директору Камазбек Жангабыловдор колдоого алышкан. Тилекке каршы ал кезде коомдук уюм түзүү тажрыйбабыз жоктуктан тароого мажбур болгон элек..

    Жоокерлик заманда Суусамырдан Къръчбек эли келип Манас уругун чаап, Акжол дегендин аялын жети эркек баласын туткундап кетет. Балдардын улуусу Орозой качып Кочкордогу эжесине келет. Эжеси: -“ Бул жерде тынч жър= албайсы\. Ниязбектин уулу Ормонго барып баш калкала!”-дейт. Орозой Ормонго барып жигит болуп, кылган иши менен жагат. Ормон жигиттери мо\олдор Сары Токтор менен Ми\назарды Кокон ханына жиберип керней алдырат. Кернейди жигиттеринин бири да ъйл=п, ън чыгара алышпайт. Орозой ъйл=г=нд= кернейден ън чыгат. Ошентип Орозой Ормондун кернейчи жигитине айланат. Орозойдун иниси Акеше агасынын кабарын угуп качып келет. Ормон: -аты\ ким? –деп сурайт. –“Акеше” –дегенде,-“Аты\ жаман экен. Мындан ары Орозойдун иниси Орозбак болгун” –деп Орозбак аталып, Ормондун жылкысын багып, кийин жылкычы башы болот. Агасы Орозой =лг=нд=, анын ордуна кернейчи болот. Кийин Орозбакты Козубек деген инисин таанып аны бошотуп келген. Калган эки бир тууганы чечектен =лъп,бир== дайынсыз жоголгон экен. Сагымбай манасы менен чогуу жърп калган Бек,Санташ деген адамдар Ормон хан Кененсары менен согушкандагы же\ишке алып барган опузаларды ( Ормон опузаны) Орозбактынын акылы менен жасаган деп айтчу дешет. Орозбактыдан Алишер , Сагымбай, Бакд==л=т жана дагы бир кыз. Жазма булактарда Сагымбай Орозбак уулу 1867-жылы Ысык-К=лдън къ\г=йънд= Кабырга деген жерде т=р=лг=н. ( Тарыхчы Белек Солтоноевдин айтуусунда 1868-жылы 20-апрелде Ысык-К=лдън тъндък жагы Саройдо туулган) 1870-жылы Орозбак чъйдън башы Кертабылгыда =лъп, Сагымбай агасы Алишердин колунда чо\ойот.Алишерден Манас айтууну ъйр=н=т. Тогуз жашынан баштап айылда бала окуткан =збек молдодон 3-4 жыл окуган. Бирок ал китеп окуган менен жаза алчу эмес. Ал кичине кезинде эле ээлигип ырдап жиберчи. Анын айылына белгилъъ манасчы Чо\баш (Нурмантай) келип Манас айтканда ээрчип жъръп ъйр=нъъг= аракеттенген. Кийин Келдибек манасчыдан таалим алган. Сагымбайдын зиректигин байкаган Келдибек манасчы:
    -Сенин ата\ Орозбак,
    Сурнай тартып боздоткон.
    Ънъ мукам чыксын деп,
    Керней менен коштоткон.
    Ормон хандын буйругун,
    Аткарып келди карганча.
    Арыдым талдым дебестен,
    Бир топ жашка барганча.
    Сурнайы менен Орозбак,
    Жан сактады кор болбой,
    Аркасы менен Ормондун,
    Эркин жашоо =тк=рдъ
    Баскан жолу торолбой,
    Эми балам Сагымбай,
    Манасты тере\ билип ал,
    Акыл насаат мен айткан,
    К=\ълъ\= тъйъп ал –деп ке\ешин айткан. Ошентип белгилъъ манасчылар Тыныбек,Чо\баш, Найманбай, Акылбектердин таалимин алып он алты жашында чо\ манасчы атыгат.Залкар манасчы Сагымбай Орозбаков башында айтканыбыздай жеке эле манас айтпастан чо\ ырчы да болгон. Анын “Жолбун ит”, “Замана”, “Сагымбайдын зары”, “Отоо ч=пк= арнаган ыры”, “Шабданды кошкону” бъгънкъ кънд= архивте сакталып турат. Аларды 150 жылдык маарекесине карата китеп кылып чыгарса болмок. 1988-жылы Бозгунчу Оторбаев деген аксакалдан Сагымбайдын жарамазанын жазып алган элем. Тилекке каршы аны таба албай жатам.Улуу манасчыны к=ръп жърг=н Сыдыбаев Керим аксакал менен к=п маектештим.
    Ал мындай деп эскерет: – “Сагымбай “Манастан к=р= Семетейге жакынмын”-деп айтчу эле.Бирок, тилекке каршы анын Семетей, Сейтек б=лъмд=ръ жазылбай элге жетпей калды. Анын оозунан Ыбырай Абдрахманов тарабынан жазылган “Манастын” китеп дептери бар эле. Аны Каныбек Жунушовго бергемин. Санжыраны да жакшы айтчу” -деп бир топ ырларын айтып берген.Ошондон баян этели:
    Алгыр болсо тайганы\,
    Алтындан чаап каргы так.
    Алалбаса тайганы\,
    Айлансын аштан башка чап.
    Къмъш ээр атка чак,
    Атка чагы болбосо,
    Къмъшън алып отко жак.
    Къйъш==р тууган болбосо,
    Къл= багып жатка жак.
    Алтын ээр атка чак,
    Атка чагы болбосо,
    Алтынын алып отко жак.
    Ага-ини\ жаман болгон со\,
    Арса\дап кълъп жатка жак.
    Сагымбайдын ырынан насаат с=зд=р билинип, акылмандуулуктун жыты сезилип, анын мыкты талант экени к=рънъп турат.Сагымбай Манасты кандай айтса ырды да ошондой эле н=ш==р т=кк=нд=й сабалатып жиберчъ экен.Ал к=бънч= насаат с=з търънд= айтчу дешет.
    Аргымак аттын жакшысы,
    Азыраак оттоп к=п жуушайт.
    Азамат эрдин жакшысы,
    Азыраак съйл=п к=п ты\шайт же болбосо:
    Сыймык деген эмине?
    Сен сылык болгун деги эле.
    Сыймык сынган чегедек,
    Ал сынса кирбейт эбине.

    Д==л=т деген бир байлык,
    Д==ръп съйл=йт наадандык.
    Акылмандын бир с=зъ,
    Айткан сайын бир тайлык.
    Манасчынын айткан бул саптары адамдарды кыйла ойго салып, адамдарды адептъълъкк=, сыйчылдыкка ъгътт=йт.
    Къркър=г=н кара нар,
    Къчъ пилге барабар.
    Соно соолуп караса,
    Сопсубу болуп тартылаар.
    Зуулдап учкан ак шумкар,
    Ал тоодакты тоют к=рб=г=н.
    Колго тъшъп кор болсо,
    Ал таранчыга талпынаар.
    Керим аксакал Сагымбай Манастан башка ар кандай жомокторду айтып, уруулардын санжырасын да жакшы айткандыгын белгилейт.Ал:
    -Ъч жъздъ ъйръп бът билип,
    Жалайыр чыккан Жаныштан.
    О\ду-солду башкарып,
    Жанкорооз чыккан Багыштан, деп санжыраны жорго с=з менен айткан. Санжыра айтканда кыргыз тарыхын Търкт=н баштап,Урузкан,Байгур,Алачтан =з дооруна чейин тараткан.Дин, шариятты да жакшы билгендиктен Манас айтканда санжыраны, динди кошуп, т=гълтъп айта берээр эле.Сагымбай аш-тойлордо жарчылык кылып, кыз-келиндерге кошок ъйр=тъп, ыгы келгенде бир==л=рдъ мактап, жыйылган топто ырчы-комузчуларга баш болуп турган.Ошондуктан Токтогул ырчы “Мен Сагымбайдын ырчылыгына башымды ийдим” –деген. Ал акындар менен айтышкан эмес. Себеби белгилъъ акын-ырчылар аны сыйлап айтыша алышпаган. Кадыр барктуу адамдар Сагымбайдын оозу шок- деп андан жалтанып, сыйлап турушкан.Белгилъъ адамдар =лг=нд= же алардын ашында, тойлордо атайы киши жиберип чакырттышкан. Бул Сагымбайдын канчалык баркы бар экенин тъшъндър=т эмеспи. Алсак Тыныстан, Байтерек,Бекчоро сыяктуу атактуу адамдардын ашында анын жар чакырганы белгилъъ. Жарды “Сагымбай чакырды” деген с=з аркылуу байлар башкаладын алдында сыймыктанышкан…
    …1922- 26 –жылдары Ыбырай Абдырахманов Манасты Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазып алган.Жазуу иштери жъръп жатканда Манасчы ооруга чалдыгып, жакшы боло албай Семетей, Сейтек б=лъмд=ръ кагазга тъшп=дъ.Ал Манастын жети муунун Алымсарык, Кулансарык,Кенен, Чынтемир жана башка дастандарды кошуп айтчу эле дешет аны к=рг=нд=р.1929-жылдары айылдык активтер Манасчыга ыгым-чыгымды к=п сала башташат. Ал каяша айтпастан аны т=л=п турган.Аны “эки аял алгансы\, бай- манаптын ырчысысы\” деген ж=нъ-жок кодулоолор к=п болгон. Аргасыз Ысык-К=лдън къ\г=йънд=гъ карындашынын жанына к=чъп барып,Тору-Айгырдагы к=л жээгинде токой арасында боз ъйг= кыштайт. Эл жакшы кабыл алгандан оорусунан бир аз ты\ып, Манасты аз-аздап айта баштаган. Жазга маал оорусу кайра къч алганда, аялы Мария туугандарына кабар айттырат. Беш кънд=н кийин Кочкордон туугандары барып, ал жактагы элдин каршы болгонуна карабай арабага салып ж=н=ш=т.А\ыртынын суусуна келгенде, суудан ичип алып жан берет.Ошентип 1930- жылы май айында залкар Манасчы дъйн= салып,Кош-Д=б=д=гъ Аймамбеттин коктусуна коюлат. Мърз=сън= эл кыш куюп чо\ коргон салышат. Сагымбайдын коргонунун тегерегинде башка мърз= жок. 1992-жылы залкардын 125 жылдык мааракесине арнап,Кош-Д=б= айыл =км=тънън Айгыр-Жал учаскасына къмб=з тургузулуп, ал жерде маараке тою республикалык де\гээлде белгиленди.Ошондон бери Манасчыга куран окуймун дегендер Айгыр –Жалдагы къмб=зг= зыярат кылышып, с==гъ жаткан =з коргону унутта калып баратат. Эми быйылкы жылы 150 жылдык маарекесинде Аймамбеттеги =зънън коргонуна барчу жолду о\доп,коргон,бейиттинин тегерегин гълзарга айландырып, турисстер барчу, элдер зыярат кылчу жайга айландырбасак башка элге уят болобуз.Ошону менен бирге Манасчынын архивтеги ырлары китеп болуп окурмандарга тартууланса жакшы болоор эле.
    Майрамбек ДЕРКЕНБАЕВ.
    .

  2. Улуу Манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына карата
    Сагымбайдын ата теги
    Быйылкы жылы Улуу Манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык маарекеси белгиленмекчи. Сагымбайдын тегине келсек Кызарттын алдындагы Ала-Көл, Бурган-Сууну жердеген Саяк уруусунан, мойнок тукумунун ичинде Манас уулу деген уруктан. Азыр да Жумгалда Манас уулу аталган урук жашайт. Биздин айылдагы Сагымбай манасчы менен айылдаш жашаган Сыдыбай уулу Керим, аны көргөн Оторбаев Бозгунчу, Манас уулунан чыккан Нарын шаарынын тургуну Орозобеков Асанбек, Манасчынын уулу Жамангул сыяктуу инсандардан залкар манасчы тууралуу көп уктум. Алардын айткандарын 1989-1990-жылдары “Эмгек Туусу”, “Ала- Тоо таңы” сыяктуу гезиттерге жарыялагамын. Эмгек Туусу гезитинин 1990-жылы 24-марттагы санына жарык көргөн «Сагымбай залкар адам болгон» деген макалам Кыргыз Улуттук Илимдер акедемиясы тарабынан түзүлгөн « Сагымбай энциклопедиясы» китебине киргизилиптир.
    …Жоокерлик заманда Суусамырдан Күрүчбек эли келип Манас уругун чаап, Акжол дегендин аялын, жети эркек баласын туткундап кетет. Балдардын улуусу Орозой качып Кочкордогу эжесине келет. Эжеси: -“ Бул жерде тынч жүрө албайсың. Ниязбектин уулу Ормонго барып баш калкала!”-дейт. Орозой Ормонго барып жигит болуп, кылган иши менен жагат. Ормон жигиттери моңолдордон чыккан Сары Токтор менен Миңназарды Кокон ханына жиберип керней алдырат. Кернейди жигиттеринин бири да үйлөп, үн чыгара алышпайт. Орозой үйлөгөндө кернейден үн чыгат. Ошентип Орозой Ормондун кернейчи жигитине айланат. Орозойдун иниси Акеше агасынын кабарын угуп качып келет. Ормон: -атың ким? –деп сурайт. –“Акеше” –дегенде,-“Атың жаман экен. Мындан ары Орозойдун иниси Орозбак болгун” –деп Орозбак аталып, Ормондун жылкысын багып, кийин жылкычы башы болот. Орозой өлгөндө, анын ордуна кернейчи табылбайт. Иниси тартаар деп Орозбактыны алдырып, ал агасынан да мыкты тартып, сурнай менен коштогондутан Ормондун жан жигитине айланат. Кийин Орозбакты Козубек деген инисин таанып аны бошотуп келген. Калган эки бир тууганы чечектен өлүп, бирөө дайынсыз жоголгон экен. Сагымбай манасчы менен чогуу жүрүп калган Бек,Санташ деген адамдар Ормон хан Кененсары менен согушкандагы жеңишке алып барган согуштук ыкмаларды ( Ормон опузаны) Орозбактынын акылы менен жасаган деп айтчу дешет.Бул тууралуу Шарше ( Бабай), Жамангул деген аксакалдардан угуп, 1992-жылы жазып алгамын. Санжырачылардын айтуусунда Ормон жогорудагы “опузаны” ( согуштук тактиканы) жетиген уруусунан чыккан Медербектин акылы менен жасаган деп айтылат. Демек, Ормонхан Медербек, Орозбакты сыяктуу акыл кошчулары менен биргелешип Кененсарыны жеңүүнүн айласын тапкан болуу керек.
    Сагынбай залкар
    Орозбактыдан Алишер , Байдөөлөт, Сагынбай жана дагы бир кыз. ( Сагынбай Орозбактынын үчүнчү баласы). Жазма булактарда Сагымбай Орозбак уулу 1867-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндө Кабырга деген жерде төрөлгөн. ( Тарыхчы Белек Солтоноевдин айтуусунда 1868-жылы 20-апрелде Ысык-Көлдүн түндүк жагы Сары-Ойдо туулган). Албетте бул маалымат Сагынбай 1930-жылы өлөөрүндө «мен быйыл 63 жаштамын» дегендиктен ал жылдан 63 жылды алып салуу менен чыккан эсеп. Кыргыздар баланын курсагындагы тогуз айлыгын кошуп эсептегенин эске алып, бүгүнкү эсепке туураласак Манасчы 1868-жылы төрөлүп, алтымыш эки жашында өлгөн болуп эсептелет. Демек жазма булактардагы маалыматты кайра тактоо зарыл. Ошондой эле залкардын уулу Жамангулдун айтуусу боюнча ысмы Сагымбай эмес «Сагынбай» деп жазылышы керек. Себеби Орозбакты туулган жери Кызартты сагынгандан “Сагынбай” коюлган. Кыргыз тилинде “н” тыбышы айтылганда же угулганда “м” га айланып калганын да эске алуу зарыл. Ошондуктан мындан ары “Сагынбай” деп жазсак туура жазган болобуз.
    1872 -жылы Орозбак чүйдүн башы Кертабылгыда 80 жаш курагында кайтыш болот. Энеси да ушул жылы өлүп, Сагынбай агасы Алишердин кароосунда чоңойот. Тогуз жашынан баштап айылда бала окуткан өзбек молдодон 3-4 жыл окуган. Бирок ал китеп окуган менен жаза алчу эмес. Ал кичине кезинде эле ээлигип ырдап жиберчи. Алишер Манас айта калып жүргөндүктөн андан таалим алган. Анын айылына белгилүү манасчы Чоңбаш (Нурмантай) келип Манас айтканда ээрчип жүрүп үйрөнүүгө аракеттенген.
    1881-жылы Россия менен Кытай империяларынын чек араларын тактоо боюнча жүргүзүлгөн Санкт –Петербург келишимине ылайык орустар Кулжа аймагын кытайга өткөрүп берет. Ал жактагы Текестик бугуларды, Арык тукум уруусун, саяктардын айрым бөлүктөрүн Ысык-Көлгө көчүргөн. 1882-жылы орус администациясынын буйругу менен сарбагыш айылдары Көлдүн күңгөйүнөн Кочкорго көчүрүлөт. Бул учурда Сагынбай 15 жашта болуп, жеринен көчкөндө зарлап кошок кошкон. Ал кошок «Сагынбайдын зары» аталып эл ичине кеңири тараган. Ал көчүп баратканда:
    -Ырыстуу кайран Ысык-Көл,
    Илгертен өскөн биздин эл.
    Көзүмдү ачып көргөн жер,
    Айдаган малым өнгөн жер.
    Жайлооң ай, төрүң ай,
    Токойуң ай, талың ай. Коёну койдой жайнаган, Адырда аркар маараган. Үңкүрдө үкү талпынган, Көлдө бака чардаган,
    Жардысы байдай байыган,
    Аңчылар аңын уулаган.
    Койчулар коюн жактаган,
    Кодочу балык кактаган.
    Балдары чилин уулаган,
    Чабагы көлдө ыргыштап.
    Улары зоодо үндөгөн,
    Бөктөрдөн түлкү булактап.
    Кичинемден көнгөн жер,
    Аштыгын кумдай көмгөн жер.
    Жайнап жаткан көлүң ай, Толкундаган шарың ай деп ар бир жерди сүрөттөп кошок кошот.
    Кочкорго келип Кара-Саз аймагына агасы Алишер болуп, үй тигип үй бүлөсү менен катуу оорушат . Чечектен кыйналып жөөлүп жатканда уйку соонун ортосунда дүбүрт чыгат. Алишер, Сагынбайлар «Арык тукуму келип айылга чабуул коюп жатабы» деп ойлошот. Ошол мезгилдерде жаңы көчүп келген Сарбагыштардан Арык тукуму уруусу, мал алып жаткан кези экен. Бирок дүбүрт Арык тукуму эмес эле Манастын колу экенин көргөн Алишер менен Сагынбай аң-таң болушат. Алар манас айтууну буюруп, убадаларын алган. Ошентип экөө тең Манас айта баштайт.Алишер Семетейдин Айчүрөккө бараткан жерин кыйын айтчу дешет. Кийин Сагынбай озуп айта баштаганда Алишер “Манасчылыкты сага бердим” деп токтотуп койгон дешет. Алар Кочкордо эки жыл туруп Чүйгө көчүп кетип, ал жакта он чакты жыл жашаган. Сагынбайдын тайлары Ат-Башылык азыктар болгондуктан, Келдибек манасчыга жакын жээн болгон. Келдибек манасчы чүйгө барганда аны ээрчип таалим алган. Сагынбайдын зиректигин байкаган Келдибек манасчы:
    -Сенин атаң Орозбак,
    Сурнай тартып боздоткон.
    Үнү мукам чыксын деп,
    Керней менен коштоткон.
    Ормон хандын буйругун,
    Аткарып келди карганча.
    Арыдым талдым дебестен,
    Бир топ жашка барганча.
    Сурнайы менен Орозбак,
    Жан сактады кор болбой,
    Аркасы менен Ормондун,
    Эркин жашоо өткөрдү
    Баскан жолу торолбой.
    Эми балам Сагымбай,
    Манасты терең билип ал,
    Акыл насаат мен айткан,
    Көңүлүңө түйүп ал –деп кеңешин айткан. Ал Сагынбайга «Манасты» айттырып көрүп, «обондон жетише элек экенсиң» деп обон менен кол шилтөө сыяктуу кыймыл аракеттерди үйрөтөт. Ошентип белгилүү манасчынын таалимин алып он алты жашында чоң манасчы атыгат.
    1916-жылы үркүндө кытайга качып барып, ал жакта да Манас айтып, оокат кылшкан. Алишер экөө 1917-жылы Ат- Башыдагы тайларына барып жан сакташат. Алар үркпөй калышкан. Ошол жылы август айында Ат-Башыдан агасы Алишер 55 жашында кайтыш болот. Залкар манасчы Сагынбай Орозбаков башында айтканыбыздай жеке эле манас айтпастан чоң ырчы да болгон. Анын “Жолбун ит”, “Замана”, “Сагынбайдын зары”, “Отоо чөпкө арнаган ыры”, “Шабданды кошкону” бүгүнкү күндө архивте сакталып турат. Аларды 150 жылдык маарекесине карата китеп кылып чыгарса болмок. Ошону менен бирге Сагынбай манасчы «Алтын Көкүл», «Эр Төштүк», «Абай менен Күбөйдүн чатагы», «Алтын сакал Айкожо», «Катагындын Кан Кошойунун эрдиктери», «Торгой менен Жылаан», «Санат ырларын», «Кыз узатуу» сыяктуу чыгармаларды аткарып элдин көңүлүн көтөргөн. 1988-жылдары Бозгунчу Оторбаев деген аксакалдан «Сагынбайдын жарамазанын» жазып алган элем. Тилекке каршы жазма дептеримди таппай калдым.. Улуу манасчыны көрүп жүргөн Кара- Күңгөй айылынын тургуну Сыдыбаев Керим аксакал менен көп маектештим. Ал мындай деп эскерет:
    – “Сагынбай “Манастан көрө Семетейге жакынмын”-деп айтчу эле.Бирок, тилекке каршы анын Семетей, Сейтек бөлүмдөрү жазылбай элге жетпей калды. Анын оозунан Ыбырай Абдрахманов тарабынан жазылган “Манастын” китеп дептери бар эле. Аны Каныбек Жунушовго бергемин. Санжыраны да жакшы айтчу” -деп бир топ ырларын айтып берген. Ошондон баян этели:
    Алгыр болсо тайганың,
    Алтындан чаап каргы так.
    Алалбаса тайганың,
    Айлансын аштан башка чап.
    Күмүш ээр атка чак,
    Атка чагы болбосо,
    Күмүшүн алып отко жак.
    Күйүшөөр тууган болбосо,
    Күлө багып жатка жак.
    Алтын ээр атка чак,
    Атка чагы болбосо,
    Алтынын алып отко жак.
    Ага-иниң жаман болгон соң,
    Арсаңдап күлүп жатка жак.
    Сагынбайдын ырынан насаат сөздөр билинип, акылмандуулуктун жыты сезилип, анын мыкты талант экени көрүнүп турат.Сагынбай Манасты кандай айтса ырды да ошондой эле нөшөөр төккөндөй сабалатып жиберчү экен.Ал көбүнчө насаат сөз түрүндө айтчу дешет.
    Аргымак аттын жакшысы,
    Азыраак оттоп көп жуушайт.
    Азамат эрдин жакшысы,
    Азыраак сүйлөп көп тыңшайт же болбосо:
    Сыймык деген эмине?
    Сен сылык болгун деги эле.
    Сыймык сынган чегедек,
    Ал сынса да кирбейт эбине.
    Дөөлөт деген бир байлык,
    Дөөрүп сүйлөйт наадандык.
    Акылмандын бир сөзү,
    Айткан сайын бир тайлык.
    Манасчынын айткан бул саптары адамдарды кыйла ойго салып, адамдарды адептүүлүккө, сыйчылдыкка үгүттөйт.
    Күркүрөгөн кара нар,
    Күчү пилге барабар.
    Соно соолуп караса,
    Сопсубу болуп тартылаар.
    Зуулдап учкан ак шумкар,
    Ал тоодакты тоют көрбөгөн.
    Колго тъшъп кор болсо,
    Ал таранчыга талпынаар.
    Керим аксакал Сагынбай Манастан башка ар кандай жомокторду айтып, уруулардын санжырасын да жакшы айткандыгын белгилейт.Ал:
    -Үч жүздү үйрүп бүт билип,
    Жалайыр чыккан Жаныштан.
    Оңду-солду башкарып,
    Жанкорооз чыккан Багыштан, деп санжыраны жорго сөз менен айткан.
    Санжыра айтканда кыргыз тарыхын Түрктөн баштап, Урузкан, Байгур, Алачтан өз дооруна чейин тараткан.Дин, шариятты да жакшы билгендиктен Манас айтканда санжыраны, динди кошуп, төгүлтүп айта берээр эле. Анысын байкаган Тыныбек манасчы да таалим берип «Манасты кошумча кошпой таза айт» деп эскерткен экен. Сагынбай аш-тойлордо жарчылык кылып, кыз-келиндерге кошок үйрөтүп, ыгы келгенде бирөөлөрдү мактап, жыйылган топто ырчы-комузчуларга баш болуп турган.Ошондуктан Токтогул ырчы “Мен Сагымбайдын ырчылыгына башымды ийдим” –деген. Ал акындар менен айтышкан эмес. Себеби белгилүү акын-ырчылар аны сыйлап айтыша алышпаган. Кадыр барктуу адамдар Сагымбайдын оозу шок- деп андан жалтанып, сыйлап турушкан.Белгилүү адамдар өлгөндө же алардын ашында, тойлордо атайы киши жиберип чакырттышкан. Бул Сагымбайдын канчалык баркы бар экенин түшүндүрөт эмеспи. Алсак Тыныстан, Байтерек,Бекчоро сыяктуу атактуу адамдардын ашында анын жар чакырганы белгилүү. Жарды “Сагымбай чакырды” деген сөз аркылуу байлар башкалардын алдында сыймыктанышкан…
    …1922- 26 –жылдары Ыбырай Абдырахманов Манасты Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазып алган.Жазуу иштери жүрүп жатканда Манасчы ооруга чалдыгып, жакшы боло албай Семетей, Сейтек бөлүмдөрү кагазга түшпөдү. Ал Манастын жети муунун Алымсарык, Кулансарык,Кенен, Чынтемир жана башка дастандарды кошуп айтчу эле дешет аны көргөндөр.1929-жылдары айылдык активтер Манасчыга ыгым-чыгымды көп сала башташат. Ал каяша айтпастан аны төлөп турган.Аны “эки аял алгансың, бай- манаптын ырчысысың” деген жөнү-жок кодулоолор көп болгон. Аргасыз Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү карындашынын жанына көчүп барып,Тору-Айгырдагы көл жээгинде токой арасында боз үйгө кыштайт. Эл жакшы кабыл алгандан оорусунан бир аз тыңып, Манасты аз-аздап айта баштаган. Жазга маал оорусу кайра күч алганда, аялы Мария туугандарына кабар айттырат. Беш күндөн кийин Кочкордон туугандары барып, ал жактагы элдин каршы болгонуна карабай арабага салып жөнөшөт.Аңыртынын суусуна келгенде, суудан ичип алып жан берет.Ошентип 1930- жылы май айында залкар Манасчы дүйнө салып,Кош-Дөбөдөгү Аймамбеттин коктусуна коюлат. Мүрзөсүнө эл кыш куюп чоң коргон салышат. Сагымбайдын коргонунун тегерегинде башка мүрзө жок.
    1992-жылы залкардын 125 жылдык мааракесине арнап,Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал учаскасына күмбөз тургузулуп, ал жерде маараке тою республикалык деңгээлде белгиленди.Ошондон бери Манасчыга куран окуймун дегендер Айгыр –Жалдагы күмбөзгө зыярат кылышып, сөөгү жаткан өз коргону унутта калып баратат. Эми быйылкы жылы 150 жылдык маарекесинде Аймамбеттеги өзүнүн коргонуна барчу жолду оңдоп,коргон,бейиттинин тегерегин гүлзарга айландырып, турисстер барчу, элдер зыярат кылчу жайга айландырбасак башка элге уят болобуз.Ошону менен бирге Манасчынын архивтеги ырлары китеп болуп окурмандарга тартууланса жакшы болоор эле. Мен Сагымбай залкардын 125 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча демилге көтөрүп, Советтик Кыргызстан гезитине “Манасчыга мазарбы” деген макала жазган элем. Ошондой эле 1990-жылдары Кочкор районунун демилгелүү жаштары “Сагынбай -Ата” коомун да түзгөн элек.Ал коом Кош-Дөбө айылдык советинен №14 чечими менен катталган. Аны райондук деңгээлге алып чыгып Майрамбек Деркенбаев, Жийде Аликеева, Нуржан Сакиева, Камчыбек Иманалиев, Бошкой Сатаев, Таалай Молдолиев жетектеп, Рай профком Сапар Алиев, Токой чарбаны директору Камазбек Жангабыловдор колдоого алышкан. Тилекке каршы ал кезде коомдук уюм түзүү тажрыйбабыз жоктуктан тароого мажбур болгон элек..

    Майрамбек ДЕРКЕНБАЕВ.
    Кочкор району, Кара-Күңгөй айылы.

  3. луу Манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына

    Сагымбай залкар адам болгон

    Улуу Манасчы Сагымбай Орозбаковдун быйыл 150 жылдык маарекеси белгиленмекчи. Сагымбайдын тегине келсек Кызарттын алдындагы Ала-К=л, Бурган-Сууну жердеген Саяк уруусунан, мойнок тукумунун ичинде Манас уулу деген уруктан. Азыр да Жумгалда Манас уулу аталган урук жашайт. Биздин айылдагы Сагымбай манасчы менен ъз=\гъ кагыштыра бирге жърг=н Сыдыбай уулу Керим, аны к=рг=н Оторбаев Бозгунчу,Манас уулунан чыккан Нарын шаарынын тургуну Орозобеков Асанбек, =зънън уулу Жамангул сыяктуу инсандардан залкар манасчы тууралуу к=п уктум. Алардын айткандарын 1989-1990-жылдары “Эмгек Туусу”, “Ала- Тоо та\ы” сыяктуу гезиттерге жарыялагамын. Мен Сагымбай залкардын 125 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча демилге көтөрүп, Советтик Кыргызстан гезитине “Манасчыга мазарбы” деген макала жазган элем. Ошондой эле 1990-жылдары Кочкор районунун демилгелүү жаштары “Сагынбай -Ата” коомун да түзгөн элек.Ал коом Кош-Дөбө айылдык советинен №14 чечими менен катталган. Аны райондук деңгээлге алып чыгып Майрамбек Деркенбаев, Жийде Аликеева, Нуржан Сакиева, Камчыбек Иманалиев, Бошкой Сатаев, Таалай Молдолиев жетектеп, Рай профком Сапар Алиев, Токой чарбаны директору Камазбек Жангабыловдор колдоого алышкан. Тилекке каршы ал кезде коомдук уюм түзүү тажрыйбабыз жоктуктан тароого мажбур болгон элек..

    Жоокерлик заманда Суусамырдан Къръчбек эли келип Манас уругун чаап, Акжол дегендин аялын жети эркек баласын туткундап кетет. Балдардын улуусу Орозой качып Кочкордогу эжесине келет. Эжеси: -“ Бул жерде тынч жър= албайсы\. Ниязбектин уулу Ормонго барып баш калкала!”-дейт. Орозой Ормонго барып жигит болуп, кылган иши менен жагат. Ормон жигиттери мо\олдор Сары Токтор менен Ми\назарды Кокон ханына жиберип керней алдырат. Кернейди жигиттеринин бири да ъйл=п, ън чыгара алышпайт. Орозой ъйл=г=нд= кернейден ън чыгат. Ошентип Орозой Ормондун кернейчи жигитине айланат. Орозойдун иниси Акеше агасынын кабарын угуп качып келет. Ормон: -аты\ ким? –деп сурайт. –“Акеше” –дегенде,-“Аты\ жаман экен. Мындан ары Орозойдун иниси Орозбак болгун” –деп Орозбак аталып, Ормондун жылкысын багып, кийин жылкычы башы болот. Агасы Орозой =лг=нд=, анын ордуна кернейчи болот. Кийин Орозбакты Козубек деген инисин таанып аны бошотуп келген. Калган эки бир тууганы чечектен =лъп,бир== дайынсыз жоголгон экен. Сагымбай манасы менен чогуу жърп калган Бек,Санташ деген адамдар Ормон хан Кененсары менен согушкандагы же\ишке алып барган опузаларды ( Ормон опузаны) Орозбактынын акылы менен жасаган деп айтчу дешет. Орозбактыдан Алишер , Сагымбай, Бакд==л=т жана дагы бир кыз. Жазма булактарда Сагымбай Орозбак уулу 1867-жылы Ысык-К=лдън къ\г=йънд= Кабырга деген жерде т=р=лг=н. ( Тарыхчы Белек Солтоноевдин айтуусунда 1868-жылы 20-апрелде Ысык-К=лдън тъндък жагы Саройдо туулган) 1870-жылы Орозбак чъйдън башы Кертабылгыда =лъп, Сагымбай агасы Алишердин колунда чо\ойот.Алишерден Манас айтууну ъйр=н=т. Тогуз жашынан баштап айылда бала окуткан =збек молдодон 3-4 жыл окуган. Бирок ал китеп окуган менен жаза алчу эмес. Ал кичине кезинде эле ээлигип ырдап жиберчи. Анын айылына белгилъъ манасчы Чо\баш (Нурмантай) келип Манас айтканда ээрчип жъръп ъйр=нъъг= аракеттенген. Кийин Келдибек манасчыдан таалим алган. Сагымбайдын зиректигин байкаган Келдибек манасчы:
    -Сенин ата\ Орозбак,
    Сурнай тартып боздоткон.
    Ънъ мукам чыксын деп,
    Керней менен коштоткон.
    Ормон хандын буйругун,
    Аткарып келди карганча.
    Арыдым талдым дебестен,
    Бир топ жашка барганча.
    Сурнайы менен Орозбак,
    Жан сактады кор болбой,
    Аркасы менен Ормондун,
    Эркин жашоо =тк=рдъ
    Баскан жолу торолбой,
    Эми балам Сагымбай,
    Манасты тере\ билип ал,
    Акыл насаат мен айткан,
    К=\ълъ\= тъйъп ал –деп ке\ешин айткан. Ошентип белгилъъ манасчылар Тыныбек,Чо\баш, Найманбай, Акылбектердин таалимин алып он алты жашында чо\ манасчы атыгат.Залкар манасчы Сагымбай Орозбаков башында айтканыбыздай жеке эле манас айтпастан чо\ ырчы да болгон. Анын “Жолбун ит”, “Замана”, “Сагымбайдын зары”, “Отоо ч=пк= арнаган ыры”, “Шабданды кошкону” бъгънкъ кънд= архивте сакталып турат. Аларды 150 жылдык маарекесине карата китеп кылып чыгарса болмок. 1988-жылы Бозгунчу Оторбаев деген аксакалдан Сагымбайдын жарамазанын жазып алган элем. Тилекке каршы аны таба албай жатам.Улуу манасчыны к=ръп жърг=н Сыдыбаев Керим аксакал менен к=п маектештим.
    Ал мындай деп эскерет: – “Сагымбай “Манастан к=р= Семетейге жакынмын”-деп айтчу эле.Бирок, тилекке каршы анын Семетей, Сейтек б=лъмд=ръ жазылбай элге жетпей калды. Анын оозунан Ыбырай Абдрахманов тарабынан жазылган “Манастын” китеп дептери бар эле. Аны Каныбек Жунушовго бергемин. Санжыраны да жакшы айтчу” -деп бир топ ырларын айтып берген.Ошондон баян этели:
    Алгыр болсо тайганы\,
    Алтындан чаап каргы так.
    Алалбаса тайганы\,
    Айлансын аштан башка чап.
    Къмъш ээр атка чак,
    Атка чагы болбосо,
    Къмъшън алып отко жак.
    Къйъш==р тууган болбосо,
    Къл= багып жатка жак.
    Алтын ээр атка чак,
    Атка чагы болбосо,
    Алтынын алып отко жак.
    Ага-ини\ жаман болгон со\,
    Арса\дап кълъп жатка жак.
    Сагымбайдын ырынан насаат с=зд=р билинип, акылмандуулуктун жыты сезилип, анын мыкты талант экени к=рънъп турат.Сагымбай Манасты кандай айтса ырды да ошондой эле н=ш==р т=кк=нд=й сабалатып жиберчъ экен.Ал к=бънч= насаат с=з търънд= айтчу дешет.
    Аргымак аттын жакшысы,
    Азыраак оттоп к=п жуушайт.
    Азамат эрдин жакшысы,
    Азыраак съйл=п к=п ты\шайт же болбосо:
    Сыймык деген эмине?
    Сен сылык болгун деги эле.
    Сыймык сынган чегедек,
    Ал сынса кирбейт эбине.

    Д==л=т деген бир байлык,
    Д==ръп съйл=йт наадандык.
    Акылмандын бир с=зъ,
    Айткан сайын бир тайлык.
    Манасчынын айткан бул саптары адамдарды кыйла ойго салып, адамдарды адептъълъкк=, сыйчылдыкка ъгътт=йт.
    Къркър=г=н кара нар,
    Къчъ пилге барабар.
    Соно соолуп караса,
    Сопсубу болуп тартылаар.
    Зуулдап учкан ак шумкар,
    Ал тоодакты тоют к=рб=г=н.
    Колго тъшъп кор болсо,
    Ал таранчыга талпынаар.
    Керим аксакал Сагымбай Манастан башка ар кандай жомокторду айтып, уруулардын санжырасын да жакшы айткандыгын белгилейт.Ал:
    -Ъч жъздъ ъйръп бът билип,
    Жалайыр чыккан Жаныштан.
    О\ду-солду башкарып,
    Жанкорооз чыккан Багыштан, деп санжыраны жорго с=з менен айткан. Санжыра айтканда кыргыз тарыхын Търкт=н баштап,Урузкан,Байгур,Алачтан =з дооруна чейин тараткан.Дин, шариятты да жакшы билгендиктен Манас айтканда санжыраны, динди кошуп, т=гълтъп айта берээр эле.Сагымбай аш-тойлордо жарчылык кылып, кыз-келиндерге кошок ъйр=тъп, ыгы келгенде бир==л=рдъ мактап, жыйылган топто ырчы-комузчуларга баш болуп турган.Ошондуктан Токтогул ырчы “Мен Сагымбайдын ырчылыгына башымды ийдим” –деген. Ал акындар менен айтышкан эмес. Себеби белгилъъ акын-ырчылар аны сыйлап айтыша алышпаган. Кадыр барктуу адамдар Сагымбайдын оозу шок- деп андан жалтанып, сыйлап турушкан.Белгилъъ адамдар =лг=нд= же алардын ашында, тойлордо атайы киши жиберип чакырттышкан. Бул Сагымбайдын канчалык баркы бар экенин тъшъндър=т эмеспи. Алсак Тыныстан, Байтерек,Бекчоро сыяктуу атактуу адамдардын ашында анын жар чакырганы белгилъъ. Жарды “Сагымбай чакырды” деген с=з аркылуу байлар башкаладын алдында сыймыктанышкан…
    …1922- 26 –жылдары Ыбырай Абдырахманов Манасты Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазып алган.Жазуу иштери жъръп жатканда Манасчы ооруга чалдыгып, жакшы боло албай Семетей, Сейтек б=лъмд=ръ кагазга тъшп=дъ.Ал Манастын жети муунун Алымсарык, Кулансарык,Кенен, Чынтемир жана башка дастандарды кошуп айтчу эле дешет аны к=рг=нд=р.1929-жылдары айылдык активтер Манасчыга ыгым-чыгымды к=п сала башташат. Ал каяша айтпастан аны т=л=п турган.Аны “эки аял алгансы\, бай- манаптын ырчысысы\” деген ж=нъ-жок кодулоолор к=п болгон. Аргасыз Ысык-К=лдън къ\г=йънд=гъ карындашынын жанына к=чъп барып,Тору-Айгырдагы к=л жээгинде токой арасында боз ъйг= кыштайт. Эл жакшы кабыл алгандан оорусунан бир аз ты\ып, Манасты аз-аздап айта баштаган. Жазга маал оорусу кайра къч алганда, аялы Мария туугандарына кабар айттырат. Беш кънд=н кийин Кочкордон туугандары барып, ал жактагы элдин каршы болгонуна карабай арабага салып ж=н=ш=т.А\ыртынын суусуна келгенде, суудан ичип алып жан берет.Ошентип 1930- жылы май айында залкар Манасчы дъйн= салып,Кош-Д=б=д=гъ Аймамбеттин коктусуна коюлат. Мърз=сън= эл кыш куюп чо\ коргон салышат. Сагымбайдын коргонунун тегерегинде башка мърз= жок. 1992-жылы залкардын 125 жылдык мааракесине арнап,Кош-Д=б= айыл =км=тънън Айгыр-Жал учаскасына къмб=з тургузулуп, ал жерде маараке тою республикалык де\гээлде белгиленди.Ошондон бери Манасчыга куран окуймун дегендер Айгыр –Жалдагы къмб=зг= зыярат кылышып, с==гъ жаткан =з коргону унутта калып баратат. Эми быйылкы жылы 150 жылдык маарекесинде Аймамбеттеги =зънън коргонуна барчу жолду о\доп,коргон,бейиттинин тегерегин гълзарга айландырып, турисстер барчу, элдер зыярат кылчу жайга айландырбасак башка элге уят болобуз.Ошону менен бирге Манасчынын архивтеги ырлары китеп болуп окурмандарга тартууланса жакшы болоор эле.
    Майрамбек ДЕРКЕНБАЕВ.
    .

    Reply ↓

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *