Айбек БУЗУРМАНКУЛОВ, «Эркин Эл» саясый партиясынын тең төрагасы: «Элитабыз дегендер элге мите курттай жабышып алган…»

Бузурманкулов«Багытынан тайбаган, туруктуу идеялык көз карашка бекиген таза жаңы муундун бийликке келер убагы болуп калды» деп бир канча жылдан бери сѳз кылып келебиз. Системалык ѳзгѳрүү убакыт саатын созуп туруп алган азыркы бийлик түзүлүшү бүгүн замандын жаңы чакырыктарына туруштук бере албастыгын эл жакшы түшүнүп турат. Адамдын сѳзүнѳн эмес ишинен бил демекчи,  ошол дымакты алып жүргѳн,  эл күтүп жаткан жаңы муун – эл кызматына бел байлаган жигиттерибиз аз эмес. Айбек мырза ошол жаңы муундун татыктуу ѳкүлү катары айрым кѳйгѳй жараткан суроонун айланасындагы ой толгоолору менен бѳлүштү.

  – Бүгүнкү саясый чөйрөдө «элитабыз» дегендерди кандай түшүнөсүз, булардын ордун баса турган муун качан чыгат?

– «Элүү жылда эле жаңы, жүз жылда жер жаңы» деп айтылып келгендей эл жаңыра турган, аны менен кошо саясый элита жаңыра турган учур келип калды. Бүгүнкү күнгө чейин Союздун идеологиясында тарбияланган, ошол убакта калыптангандар 20 жылдан бери саясый аренадан түшпөй келишет. Булардын көпчүлүгү эгемендүүлүк орногондон кийин капитализмдин идеологиясына жана демократиянын терс баалуулуктарына туруштук бере албай, жеке керт баштын кызыкчылыгынын айланасынан чыга албай калышты. Мындай катмардын пайда болушу улуттук кызыкчылыктын ошондо эле тебеленип-тепселишине кенен жол ачып берип койгондорун жакшы билебиз. Ошолордун белгилүү бир саны эле канча жылдан бери бири-бирин алмаштырып, натыйжада мамлекет системалык кризиске кириптер болду. Эл ушуну көрүп түңүлүп бүттү.

Эл деле көкүрөгүндө жаңы көз караштагы, жаңыча форматтагы муундун келишин тилеп жатат. Себеби, убакыт өткөн сайын замандын жүрүшүнө жараша элдин аң-сезимин жана өнүгүү деңгээлин жашоо талап кылат. Ансыз улут катары жашообуздун мааниси жоктой. 22 жылдын ичинде даяр элди уюштуруп мамлекетти кубаттуу өнүгүү жолуна сала  албагандан кийин, азыркы саясый элитабыз деп жүргөндөрдүн кимге кереги бар. Учурда ушул маселе эң оор көйгөйдү жаратууда. Эски саясый элитанын жаңы муунга жол берүү ниети дегеле байкалбай келгени ачыктан ачык көрүнүп келет. Элдин денесине мите курттай жабышып таттуу оокатынан, жылуу-жумшак жеринен айрылгысы келбегендер учурда мамлекеттин өнүгүүсүн, элдин келечегин артка тарткан көрүнүштү жаратууда. Бийликти сактап калуу маселеси жашоо үчүн күрөш принцибиндей эле мисал сыяктуу болуп калды. Албетте мунун баардыгы убактылуу, адамдын өмүрү чектелүү дегендей, эски түзүлүш жаңы түзүлүшкө жол бербей койбойт. Учурда болуп жаткан саясый-коомдук процесстер өзүнүн мыйзам ченемдүүлүгү менен жүрүп жатат. Бирок, деген менен маселе жоготууда жатат! Орду толгус жоготуулар менен биз курмандык кылып жатабыз. Эски саясый элитабыз дегендер бийликтеги убактысын канчалык созсо, биз ошончолук жоготууга, биз ошончолук курмандыктарга бара жатабыз. Ал жоготуу – убакыт, улуттук кызыкчылык, улуттук кен байлык, адам ресурсу. Абийир, намыс улуттук духка шек келип, моралдык басынууга дуушар болдук. Биз эл катары өмүр жолубузда жашоо убактыбыздан уттуруп жатабыз. Улуттун күчүн алсыздандырып жаткан ички жана сырткы күчтөргө туруштук берүү мүмкүнчүлүгүбүздү акылы көр, ниети бузук, арам оокат менен жүргөн элита сѳрѳй, саткын саясатчылардан түзүлгөн система тушап жатат.

 – «Эркин Эл» саясый партиясынын иштери туурасында интернет булактары кенен маалыматты камтыйт экен, кызыккан киши оңой эле таба алчудай, партиянын ички деңгээли туурасында учкай айтып өтсөңүз?

– Азыркы саясый муун калыптануу жолунда келе жатат. Маселен, биздин саясый күчтүн түзүлүшү биригүү зарылчылыгынан, ошондой эле ички руханий чакырыктан улам келип чыкты. Саясый күч катары түзүлгөнүбүзгө аз гана убакыт болсо дагы, биздин балдар буга чейин эле мамлекетибиздин коомдук-саясый жашоосунда 7-8 жылдан бери активдүү аралашып келатышат. Жаштар дегенибиз менен бардыгы бирдей деңгээлде эмес. Ар бир саясый топтун ички принциптери, идеялык көз караштары болот же болбосо такыр эле болбойт дагы, ал вакуум бийлик мансапка жетүү менен гана чектелген тар максат менен толукталат. Албетте мындай катмардагы жаштар дээрлик көп учурда кайсы бир саясый күчтүн куралына айланып калуу келечеги менен саясый жашоосун токтот же болбосо эң эле кооптуусу – бийликке келсе элдик кызыкчылыкты тебелеген чыккынчыл саясый системанын кубаттоочусуна айланат. Биздин саясый топтун иштөө принциптери жөнөкөй жана ал принциптер кыргыз баласынын адам катары инсандык этикасына, ошондой эле жеке абийир, ар намысына барып такалат. Эл астында кызмат кылып жүргөн чыныгы мамлекеттик ишмер өз элинин улуттук баалуулуктарын өз ишмердүүлүгүнө практика жүзүндө айкалыштыра билгенде гана ал элдин толук ишениминде болушу керек. Кыргызстанда улуттук кызыкчылыкка доо кетип жаткан көрүнүштөргө каршы турууда биздин башкы позиция ачык, даана көрүнүп келет. Ушуга чейин аракетибиздин күчү менен олуттуу деп саналган көйгөйлөрдү көтөрүү жана аны чечүүдө коомдук пикир жаратууга жетише алдык. Ошонун негизинде мамлекетти оңдоодо идеялык көз караштары тогошкон күчтүү командалык курам түзүү жана элдин ишеничи менен колдоосун алуу башкы иш экенин баса айтып коюш керек. Анткени, бийликтин алмашуусу – келе турган жаңы муундун даярдыгына жараша да болот.

– Жогоруда сөз учунан айткан «бир канча саясый күчтөрдүн биригүүсүнөн келип чыккан саясый кыймылдын жаралышы» тууралуу кошумчалап кетсеңиз?

– Жакында бир катар жаңы муундун негизин түзүп бере турган партиялар, ошондой эле коомдук уюмдар биригип, бир саясый күч катары чыгалы деп бел байлап жатабыз. Албетте, бул биримдик идеялык биригүүдөн,  ниет-тилектерибиздин биригүүсүнөн кабар берет. Буга чейин ар ким өз чөйрөсүндө бышкан тажрыйбалуу адамдардын курамынан түзүлүп жаткан бул элдик кыймыл элге ак дилден кызмат кылуу сезими күч болгондордун биригүү демилгеси болду. Ушул түзүлүп жаткан элдик кыймылдын  иш багыттарын эл астына маалымдоо максатында бир ай аралыгында презентациялык иш чара өткөрөбүз деп турабыз. Эл тагдырын бийик койгон атуулдарды катарыбызга чакырабыз. Аракеттерибиз чечкиндүү, так, эл астында ачык болоруна толук ишенем, себеби, көпчүлүгүбүз ушул тартип менен буга чейин деле иштеп келгенбиз.

 Айбек БАЙЫМБЕТОВ

One thought on “Айбек БУЗУРМАНКУЛОВ, «Эркин Эл» саясый партиясынын тең төрагасы: «Элитабыз дегендер элге мите курттай жабышып алган…»

  1. Мен жогоруда айткан Айбектин ойуна толугу менен кошулам.Улуу жана ортонку муунду азыркы креативдуу коз караштагы жаш жаны муунга ишенип суйуктуу мекенибиз болгон Кыргызстаныбызды алыднкы гулдогон мамлекттке айландыргыла деп,мамлекеттик бийликти откоруп бериш керек.Биз силерге ишенебиз ЖАНЫ МУУН.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *