БАКЫТ КАЙДА ЖАШЫНГАН? Же, улуу полководец Наполеондун бактысыздыгы…

13-Наполеон1

Адамдын азабы – караңгылыгында
Сократ

Алгачкы жолу, 2011-жылдын июнь айында бул китеп жарык көргөндөн кийин октябрь айында эле Россиядагы бестселлерлер арасында сатылышы боюнча 1-орунду ээлеген. Ошондон бери бүгүнкү күнгө чейин миллиондон ашуун китептердин арасынан «Жан дүйнө нектары»  туруктуу алдыңкы үч орундан төмөн түшпөй келатат.

Бул китептин мындай жогорку деңгээлдеги талабы эмнеде? – Адамзат жаралгандан баштап  анын өнүгүү тарыхында адам баласын дайыма тынчсыздандырган көйгөй  маселелердин актуалдуулугу жана курчтугу, аларга берилген жооптордун ачык-айкындыгы жана кеңири окурман чөйрөсүнө ылайыкталып, кабыл алууга оңой, жеткиликтүү, жатык тил менен жазылышында.

«Биздин замандаштарыбыз: дүйнө лидерлери болобу, же жөнөкөй пендеби, жашоонун маанисин ачкан китептерди окуганга убактысы жок. Ошондуктан, миллиарддаган адамдар жашоо билиминин караңгылыгынан арыла албай, азаптуу турмушта жашап, анын кедергиси о  дүйнөгө барганда тиеринен  бейкапар болуп, Жалган  дүйнөдөн өтүп кетүүдө. Биз, бүтүндөй дүйнөнүн баардык акылын чогултпасак да, жок дегенде олуттуу бөлчөгүн жалпылап бир китепке сыйдырып, аны китеп сүйүүчүлөргө сунуш кылдык» дешет авторлор.

Китептеги биринчи бап: «АКШнын 16-президенти Авраам Линкольндун жеке трагедиясы», «Залкар адамдар эмнеден жапа чегишкен жана эмне себептен үй-бүлөнүн көбү бактысыз?», «Бак-таалайга жеткире турган билим», «Бак-таалай формуласы жана Кудайга ишенүү», «Байыркы шумерлердин ийгилик дубасы» сыяктуу темалардын башында турган Наполеондун өткөн жашоосуна талдоо жүргүзгөн ойлору менен башталат…

***

 Кабагы бүркөлгөн Наполеон Бонапарт Ыйык Елена аралынын жээгинде басып жүрдү. 1818-жыл. Наполеон Ватерлоо салгылашуусунда  жеңилгенден кийин жана тактан баш тарткандан соң сүргүндө жүргөнүнүн үчүнчү жылы эле. Туткунда калган баардык адамдар сыяктуу эле, ал да өткөн өмүрүнө саресеп салып, жалаң гана атак-даңктуу, буркан-шаркан болуп өткөн турмушунун ар бир күнүн эскерүү менен жашап келет. Башынан өткөргөн салгылашууларды, чыккынчылык жана берилгендик, ашыктыктын окуялары, жеңиш жана катачылыктар сыяктууларды улам-улам көз алдына элестетет…

– Менин турмушумда үч гана айжаркын күн болду: Маренго, Аустерлиц жана Иена… Эгерде мен Австриянын императоруна согуш майданында аңдын ичинде беттешүүгө макулдугумду берген төртүнчү күндү эсепке албаганда, – деп кокустан тунжуроону бузду ал.

Наполеонду жандап жүргөн граф Эммануэль де Лас Каз токтой калып өзүнүн чөнтөк дептерчесин тез алып чыкты да:

– Урматтуу таксырым, мен буга ишене албайм! – деп жиберип, шашкалактап, таксырынын бир да сөзүн калтырбай жазууга аракеттенип жатты.

Лас Каз, Наполеондун чөйрөсүндөгү офицер жана  ага жан-дили менен берилген жандоочусу болуп, жеңилген императорунун сүргүндөгү мезгилин өз ыктыяры менен  бирге өткөрүүгө  баш байлаган жан-жөкөрү эле. Наполеондун күнүмкү кыска сейилдөөлөрү убагында анын жанынан чыкпай, оозунан чыккан кептерин тыкандык менен чөнтөк дептерчесине жазып турчу.

Жашоосундагы үч гана айжаркын күндү айткандан кийин Наполеон муңкануу менен:

–  А бирок, чындыгында, так ошондой, – деди.

– Сиздей атак-даңкка жадакалса Александр Македонский (Искендер Зулкарнайн) ээлик кыла алган эмес!

– деп каршы пикирин айтты Лас Каз. – Сиздин даңкыңыздын жылдызы көп жылдар бою бүтүндөй дүйнө жүзүнө жанып турду го!

– Эгерде атак-даңк деген эмне экендиги жөнүндө ойлонуп көрсөк, ал көп деле нерсеге татыбайт экен, – деп жооп кайтарды Наполеон. Наадандар эмне гана дебесин, макоолор нени айтпасын,  калың элдин тобу кубаттайбы же жерге житире киргизеби, бул атак-даңк деген нерседе сыймыктанаарлык эч нерсе деле жок.

– Сиздин улуу салгылашуулардан кийинки улуу жеңиштериңизди жалпы аскерлер жана жалпы журт өзгөчө таазим, сыймык көрсөтүү менен кабыл алып тосушчу. Мындай учурда сиз өзүңүздү бактылуу сезбедиңизби?

– Көргөн сый-урматың сен үчүн ийгиликтүү иштердин баш жагында гана жагымдуу, – деп муңкайыңкы баш чайкады Наполеон. – Сый-урматка жетишкендер сүйгөндөргө окшош: ага жеткенден кийин, баасы төмөндөй баштайт.

– Бирок, Европа өкүмдарларынын арасында эң байы Сиз элеңиз го! Сиздин  зор байлыгыңызга королдор да суктанышчу! – деп бой бербей турду Лас Каз.

– Бак-таалайды жалтыраган байлык жана шаан-шөкөттөн издеген адамдар – Күндүн жарык нурун шамчырактын бүлбүл жарыгына алмаштыргандарга окшош, – деп философчо белгилеп кетти Наполеон.

Лас Каз муну жазып алгыча Наполеон күтүп турду да, минтип кошумчалады:

– Деңизде сүзүүчүлөр суу астындагы таштардан качкандай эле, духу күчтүүлөр балкуу кумарынан качышат.

Наполеон ыймандай сырын чын дилинен айтып жатканына эч бир шектенбейсиң. Лас Каз чөнтөк дептерчесине дыкаттык менен жазып алып урпактарга таштап кеткен Наполеондун мурас сөздөрү менен таанышкандан кийин, жеңилген император өзүнүн жылдыздай жаркыраган өмүрүнүн бактысыз болгонун мойнуна алгандыгы жүрөк түпкүрүнөн чыкканына күмөн саноо мүмкүн эмес. Бул мурас сөздөр менен ким болсо да тааныша болот. Себеби, Наполеон бул дүйнөдөн кайткандан кийин Лас Каздын чөнтөк дептерчеси атайы аталыш менен Францияда басылып жарык көргөн.

Бактылуу болуу үчүн Наполеонго эмне жетишпеди? Ал, адам баласы умтулган байлыкка да, бийликке да, атак-даңкка да жеткен эмес беле! Мүмкүн, сүйүү болуп жүрбөсүн? Лас Каздын жазгандарынын арасында бул тууралуу бир да сөз жок. Бирок,  сүргүнгө чейинки  жыйырма жыл мурда жазылган Наполеондун жазган сүйүү каттарын тарых сактап калган. Жубайы Жозефинага жазган саптарында  экөөнүн мамилесиндеги жарык нур көрүнүп, төгүлүп турат. Көптөгөн каттардын арасынан экөөнү эле мисалга алып карап көрсөк, бул никеде кимиси анык сүйгөн, а кимиси өзүн сүйүүгө уруксат бергенин байкайбыз.

1796-жылдын 3-апрелинде жазылган кат:

«Менин жалгыз гана сүйүктүүм Жозефина! Сенден алыс турган кезимде, мага бүтүндөй дүйнө кагыраган чөлдөй, ал чөлдө мен жападан жалгыз калгандай сезилет. Сен  бүт жан дүйнөмдөн да чоң нерсени ээледиң. Ой-дартым бир гана   сенсиң. Бул дүйнөдөгү адам аттуу жандыктардан тажаганымда, жашоону жээрип, жан кечти болуп турган кезимде жүрөгүмө колумду койом: жүрөк түпкүрүндө сенин сакталган элесиңди суктануу менен карап, сүйүү мен үчүн телегейлүү бакыт экенин сезем… Кандай сыйкырдуу күчтөр менен сен менин бүт жөндөмүмдү, жан дүйнөмдү  жалгыз өзүңө тартып алдың экен? Жозефина үчүн жашоо! Бул – менин жашоомдун тарых баяны… Сенин сүйүүңө тойбой, моокумумду кандырбай өлүп калуу, бул – тозоктун кыйноосу, бул – өзүмдү таптакыр жок кылуунун анык жосуну. Турмуштун оор жүгүн бирге тартсын деп тагдырдын тандоосу туш кылган жан биргем менин!  Сенин жүрөгүң мага таандык болбой калган  күнү бул дүйнөнүн керемети жана ажайыптыгы мен үчүн өчөт».

Ушу өңдөнгөн каттар көп эле, бирок,  жооптор аз болчу.

Наполеондун 1796-жылдын 13-ноябрында жазган каты:

«Мен сени мындан ары сүйбөймүн…. Тескерисинче, жек көрөмүн. Сен акылы жок, макоо, башаламан катынсың! Сен мага такыр кат жазбадың, эриңди сен сүйбөйсүң! Сенин каттарың мага кандай кубаныч алып келээрин билесиң го! Жок дегенде алты сөз жазып койгонго жарабадың го?

Эртеден кечке эмне кылып жатат болду экенсиз, айым? Кандай маанилүү иштер убактыңызды алып, өзүңүздүн сүйүктүүңүзгө кат жазууга тоскоолдук кылып жатат болду экен? Сиз мактанган  назик, туруктуу сүйүүңүзгө эмне тоскоолдук кылып жатат? Ким болду экен Сизди азгырган жана баардык убактыңызды талап кылып, өз жубайыңызга көңүл бурууга тоскоолдук кылган жаңы сүйүктүүңүз? Шашпаңыз, Жозефина, сак болуңуз! Же болбосо, ырахаттанып жаткан бир жыргалдуу түндө эшигиңди талкалап мен өз алдыңда пайда болуп жүрбөйүн?

Чынын айтсам, менин кымбаттуум, сенден такыр кабар болбогонуна кабатырмын. Жагымдуу жаңылыктарыңдан айтып, жүрөгүмдү элжиретип мээрим менен кубаныч тартуулап төрт бет кат жазып жиберчи.

Жакын арада сени кучагыма бек кысып,  өрттөнүп турган ысык эриндерим менен  миллион жолу өбөмүн деген ишенимдемин».

1796-жылдын 8-июнунда Жозефинага жазган катынын: «Мен эч качан бактылуулукка ишенген эмесмин» деген бир сүйлөмүн көңүлүбүзгө түйүп коелу. Анткени, Наполеондун бактысы тууралуу баянга дагы кайрылып келебиз.  Лас Каздын чөнтөк дептерчесинде сакталып калган дагы бир эки сүйлөмдүн бизге пайдасы кийинчерээк тийет: «Менимче, адамдын ой жүгүртүү жөндөмү жан дүйнөсүнө таандык: канчалык акыл такшалып жетилсе, ошончолук жан дүйнө да такшалып жетилет». «Жан дүйнө жөнүндө кандай келжир кептер жазылган! Бул тууралуу элдин айтканын укканга аракеттенбей, башкалардын пикирин аңдыбай, өзүбүздүн аң сезим эмнени ачып берсе – ошону билгенге аракет кылышыбыз керек».

Кандай деп ойлойсуз, Жозефинанын балалуу боло албаганынан улам ажырашкан, бирок өмүрүнүн акырына чейин экөөнүн тең жүрөгүнөн өчпөгөн сүйүүдөн  Наполеондун бакты-таалайлуу болууга мүмкүнчүлүгү бар беле?  Биз, ооба, бактылуу болууга толук мүмкүнчүлүгү бар болчу деп тастыктаар элек. Ар бир адам бул жарык дүйнөдө бактылуу болушу мүмкүн, бирок аны жолун гана билиши керек экен.  Биздин ишенимдин тууралыгына «Жан дүйнө нектары» китебин аягына чейин окуган адамдар сөзсүз түшүнөт. Ар бир адам адашкан, жалган көз караштардан баш тартып, жаңы билимге дилгир болсо,  кандай гана абалда болбосун бактылуу болууга толук шарттар бар экендигине кынтыксыз ишенебиз. Мындай жаңы билим – биз айткан китепте көрсөтүлгөн.

Авторлор: Владимир Дубковский, Валерия Дубковская

Кыргызчага которгон:  Анара Макеева

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *