Президентке 7 өтүнүч

РЕДАКЦИЯДАН: Кыргызстандагы диний маселелер боюнча 2014-жылдын 3-февралында Коопсуздук Кеңешинде болгон жыйында Кыргыз  Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин өлкөнүн элине Кайрылуусун колдогон атуулдардын ой-пикири көпчүлүктү түзүүдө. Биздин редакциянын дарегине мекенчил атуулдардын атынан келген үн кошуу кайрылуусун төмөндө жарыяладык.

 

Коопсуздук Кеңешиндеги Жарлык – ачуу чындык

Акыйкатынан алганда, Кыргыз  Республикасынын президенти А.Ш.Атамбаевдин Кыргызстандагы диний маселелер боюнча 2014-жылдын 3-февралында Коопсуздук Кеңешинде, Кыргызстандагы диний баш аламандыктарды тартипке келтирүү маселеси боюнча элге кайрылып Жар салуусу тегин жерден чыккан жок.

Президент мамлекеттин коопсуздугун сактоо, диний араздашууларды болтурбоо, диний аша чабууларды жөнгө салуу, республиканын элинин ырыс-ынтымагын бекемдөө үчүн ѳлкѳнүн келечек тагдырына жана көз карандысыздыгына тескери таасирин тийгизип жаткан кѳрүнүштѳрдү Коопсуздук Кеңешинде айтып чыккандыгы мезгилдин талабына, элдин эңсеген мүдөөсүнө шайкеш келген прогрессивдүү көз караштагы алдыга шилтенген кадам болду.

Жалпы элдин диний баш аламандыкка катуу нааразы экендигине мисал катары ММКларга жарыяланган материалдарды, радио-теледе айтылган сөздөрдү, ислам дини боюнча иш жүргүзгөн миссионерлердин кыргыздын каада-салтына, Манасына, жашоого болгон улуттук көз карашына каршы келген иш-аракеттерди жасап жатышкандыгына тынчсызданып Бийликке Кайрылуу жазган белгилүү инсандарды жана эл арасында бул маселе боюнча атайын иликтеп-анализдеген адистердин маалыматтарын айтсак болот.

Коопсуздук Кеңешинде мамлекет башчысынын элге кайрылган Жарлыгы ачуу чындык жана учурдун талабына, элдин келечегине, мамлекеттин коопсуздугуна чоң таасир эте турган,  замандын талабына дал келген иш-чаралардын башаты экендигин белгилейбиз!

Кыргыз Республикасынын президенти А.Ш.Атамбаевдин Кыргызстандын элинин ырыс-ынтымагы, улуттардын биримдиги, мамлекеттин коопсуздугу, ѳлкѳнүн ѳнүгүп-ѳсүшү, кѳз карандысыздыгы,  диндердин тартипке келтирилиши, диний миссионерлердин Кыргызстанды диний полигонго айландырбашы үчүн жасап жаткан прогрессивдүү иш-аракеттерин колдоп, кубаттоо менен мекенчил инсандардын  бул маселени андан ары ырааттуу жана жалпы элдин талабына ылайык алып баруусуна  жардамдаш  болуу максатында төмөндөгүдөй маани-мазмундагы сунуш-талабы менен өлкөнүн Президенти А.Ш.Атамбаевге кайрылды.

 КАЙРЫЛУУ

Урматтуу президент!

Сиздин мамлекетти чыңдоо жана бекемдөѳ багытындагы бул прогрессивдүү кадамыңызды чын ыкласыбыздан колдоп, кубаттайбыз жана кыргыз мамлекетинин андан ары өнүгүп-ѳсүшү үчүн бир катар тармактык багыттар боюнча сунушубузду Кайрылуу иретинде Сизге жолдойбуз!

Кийинки убактарда, ислам динин жайылтууда диний миссионерлер биротоло чегинен чыгып кетишти. Тактап айтканда,  Мухаммед пайгамбардын “динге мажбурлоо жок!” деген осуятын четке кагып, Өлкө бийлигине “мечиттерге батпай калдык, чоң  аянтта гана намаз окушубуз керек!” деп ѳкүм-зордук менен дин саясатына ылайыкталган талаптарын коюп, курман айт ж.б. диний майрамдарда мечиттердин баарын ээн калтырып таштап баса беришип, жабыла аянтка келишип, жолдо жолуккан элдин баарын жарга такап, “аянтка барып намазга жыгылбайсыңбы, күнөөңдү жуубайсыңбы, мусулмансыңбы же…?” деп ѳкүмдүү үн менен сүйлөшүп, өз билгендерин жасашууда.

Намаз окулуп жаткандагы элдин санын көрсөткөн бул көрсөтмөлүү агитациясын алар телекамерага, сүрөткѳ тартып  чет мамлекеттердеги кожоюндарына жиберип, “Көрдүңөрбү? Биз элди ушинтип динге киргизип жатабыз!” деп отчет берип, алардан каражат суроо маселесин оңой ыкма менен турмуш жүзүнө ашырып жатышат. Бул бир жагы, экинчи жагы чоң аянтта кылкылдаган эл намаз окуп жатканда арасына террорчу кирип кетип аларды жардырып жиберсе же Ак үйдү басып алса ким жооп берет?

Мамлекеттин коопсуздугуна доо кетирүүчү дагы бир талылуу маселе, бул – диний ишмердүүлүктөрдү жүргүзгѳн адамдардын бийлик бутактарына келиши, эл депутаты болуп шайланышы болуп эсептелет. Динге ишенүү менен диний ишмердүүлүктү  жүргүзүүнүн айырмасы ат менен төѳдөй, от менен суудай. Диний ишмердүүлүктү жүргүзгөн адам үчүн Кудай экинчи планга түшүп, дин саясатын жүргүзүү менен бирге өзүнүн  кадыр-баркы, жеке амбициясы биринчи орунга чыгып, динге жамынуу аркылуу жалпы массага ар кандай ызы-чуулуу талап коюп, арабдардын же пакистандыктардын салтын таңуулап, өзүн элге чыныгы мусулман катары реклама кылып, элден урмат-сый, атак-даңк күтө баштайт.

 

Светтик мамалекет деген эмне?

Бул – дин мамлекеттен ажыратылганы менен, дин мамлекеттин ичинде жашаган адамдарга таандык болгондуктан мамлекеттин коопсуздугу, элдин ырыс-ынтымагы, өлкөнүн бүтүндүгү жана бекемдиги үчүн өлкѳдөгү ар кандай диндерди тутунган адамдардын, диний коом-уюмдардын, фонддордун ишин катуу көзөмөлгө алып, диний багытта иш жүргүзгөндөр динге жамынып, мамлекеттин коопсуздугуна, өлкөдөгү ар түрдүү диндерди тутунган элдердин ырыс-ынтымагына, түпкү улуттун каада-салтына, жашоо-турмушка болгон көз карашына тескери таасирин тийгизип, уруш-талашка алып келүүчү нерселерди жасай башташса, аларды мыйзам чегинде жоопко тартып, тартипке салуу, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу, элдин тынчтыгын, ырыс-ынтымагын бекемдөѳ болуп эсептелет.

    

Президентке 7 өтүнүч

 Урматтуу президент!

 Жогоруда келтирилген далилдердин негизинде Сизден өтүнөбүз;

1.Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы ислам динине же православие динине артыкчылык бербей Кыргызстанда юридикалык жактан каттоодон өткөн диний коом-уюм, фонддордун ичине аралашып кирип кетпей, бардыгына бирдей мамиле жасап, баарына катуу көзөмөл кылып, мыйзам чегинде иш жүргүзүүнү;

2.Кыргызстанда каттоодон өткөн, ислам багытында иш жүргүзгөн коом-уюмдар, фонддор, окуу жайлар ж.б.у.с. тармак боюнча иш жүргүзгѳндѳр Кыргызстан Мусулмандар диний Башкармалыгынын кепилдиги жана көзѳмѳлү менен гана бардык маселелер боюнча (ММКларга чыгууга, ислам дининин атынан кайсы бир жерде чыгып сүйлөѳгѳ, чет өлкөлүктѳр менен байланышууга, конференцияларды өткѳрүүгө, китептерди чыгарууга ж. б.) иш-аракет кылуулары керектиги тууралуу атайын Жарлык чыгарууну;

3.Кыргызстанда христиан дининин багытында иш жүргүзгөн диний коом-уюмдар, фонддор, окуу жайлары Кыргызстандагы Провославие дин Башкармалыгынын кепилдиги жана көзѳмѳлү менен гана бардык маселелер боюнча (ММКларга чыгууга, ислам дининин атынан кайсы бир жерде чыгып сүйлөѳгѳ, чет өлкөлүктѳр менен байланышууга, конференцияларды өткѳрүүгө, китептерди чыгарууга ж. б.) иш-аракет кылуулары керектиги тууралуу атайын Жарлык чыгарууну;

4.Мекеге адамдарды ажылыкка жиберүү, алып келүү жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесин мамлекет өз жоопкерчилигинен алып таштап, бул ишти Кыргызстан Мусулмандар диний Башкармалыгынын жоопкерчилигине-милдетине калтырууну;

5.Курман айт жана айт күндѳрү мечиттерди ээн калтырып, бирок,  “мечиттерге батпай калдык!” деген шылтоо менен диний саясат үчүн көрсөтмөлүү агитация жасоо багытында Бишкек шаарынын ортосундагы аянтта көпчүлүк намаз окуп жатканда арасына террорчу кирип кетип, элди жардырып жиберсе же Ак Үйдү басып алууга умтулган уруш-согуш чыгарса, анда, курман айт же  айт намазын ошол учурда аянтта окуу тартибин ким уюштурса ошол адамды, ага жардам бергендерди, чогуу иштегендерди, үй-бүлөсүн, бала-чакасын камакка алып,  “… мамлекетти күч менен басып алуу…” жана “…террордук иш аракеттер үчүн …” деген беренеге такап, түрмөгө отургузуу жөнүндө Жарлык чыгарууну;

6.Динди жамынып, саясатка айландырып диний ишмердүүлүктү жүргүзгөн (КР Илим жана билим берүү министрлигинин алдына келип, “окуучулар хиджап кийсин, мектептерге ислам дини боюнча сабактар киргизилсин!” же шарияттын эрежелери менен мамлекеттик иштер жүргүзүлсүн, мамлекеттик жайларда, окуу жайларда ж.б жерлерде намазкана ачылсын ж.б.у.с. талаптарды койгон) адамдарды мамлекеттик кызмат орундарынан кетирүү, депутаттарды чакыртып алып, мандаттарынан ажыратуу жөнүндө Жарлык чыгарууну;

7.Мектептерге, жогорку жана атайын окуу жайларга дүйнөлүк диндердин келип чыгуу, таралуу жана Кыргызстандын аймагына диндер кандай жол менен качан келгендигин таанытуучу “Дин таануу” сабагын киргизүү жөнүндө Жарлык чыгарууну өтүнөбүз.

Мекенчил атуулдардын атынан:

Абдрахман Алымбаев, Абдымамбет Сариев, Муратбек Рыспеков, Сүйөркул Тургунбаев, Абдылас Койчиев, Абдыкерим Чолпонкулов жана башкалар.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *