Жашоо сабактары

8-жашоо

Кубаттануу

Кыйын кезеңден чыккан адамдар күчтүү, кубаттуу адамдар. Кыйын кезеңден чыга албаса, ал – кубатка жетпеген адам.

 Кубатка жетиш үчүн эмне кылыш керек?

Өзүн-өзү баалаганды билиш керек, ыраазычылыкта туруш керек. Ыраазычылык жеке өзүнө гана эмес, ошол кыйын кезеңден чыкканга түрткү берген адамга, акылга, сөзгө, кеңешке жана башкага ыраазы болуш керек.

Жамандан жакшыны көргөндү билиш керек. Адам оорчулукту көрбөсө, тоскоолдордон өтпөсө кубатка толбойт, жашоонун негизин тааныбайт, сезе албайт. Үшүгөн менен ысыгандын айырмасын биле албайт, көксөгөн менен кармагандын баасын биле албайт. Бар менен жоктун айырмасын сезе албайт.

Адам менде эмне бар, эмне жок деп иликтеп (мисалы, менде сүйүү бар, күйүт жок, же болбосо, менде сезим бар, кубат жок деген сыяктуу иликтөө), ошол нерсени билип, таразалап, салыштырып, жакшы нерсеге жетип, жамандан арылып, майдага ыраазы болуп, кубатты топтоп, алкактуу болуп, ошол алкагына жарык чачуу керек.

Адам укканын унутат, көргөнүн эстейт, өзү жасаганын түшүнөт. Ошондуктан көкүрөгүндөгү ыргактын тереңин түшүнүп жасаса, адам кубаттуу болот.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *