Келечекке ой толгоо

бүркүт (келечек)

«Бакдөөлөт» коомдук фонду элдин жүгүн көтөргөн билги адамдарга багытталган “Келечекке ой толгоо” сурамжылоо акциясын жүргүзүп өттү.

Акциянын жүрүшүнө отузга жакын адам тартылып, алардын келечекке болгон ой-толгоосун билүү иретинде төмөнкүдөй суроо узатылган:

“АЛДЫДАГЫ 15 ЖЫЛ ИЧИНДЕ ӨЛКӨ ҮЧҮН, ЭЛ ҮЧҮН ЖАСАЙТЭЛЕМ” ДЕГЕН КАНДАЙ БАГЫТТУУ ОЮУҢУЗ ЖАНА ИШ ТҮЗҮМҮҢҮЗ БАР?”

Жоопторунда өздөрүнүн өзөктүү ойлорун, максаттуу иштерин көрсөткөн билгилерибиздин айрымдарын гезитибизге жарыяладык.  

4-Укубаева ЛЛайли ҮКҮБАЕВА, Филология илиминин доктору, профессор

– Мен педагогмун жана адабиятчымын. Алдыдагы жылдарда эл үчүн жасай турган иштерим өзүмдүн иш багытыма байланыштуу болот деп ойлойм.

Биринчи. Келечек муундарды татыктуу тарбиялоо, аларга терең билим берүү. Адамкерчилик, ыймандык, мекен алдындагы жоопкерчилик сапаттарынын бекемделиши, көтөрүлүшү үчүн алдыдагы жылдары дагы тынымсыз аракет кылуу менин педагогдук негизги кредом болмокчу.

Экинчи. Адабият таануучу, илимпоз катарында улуттук көркөм дөөлөттөрүбүздү (фольклор, профессионал адабият) илимий негизде анализдөө, баалоо менен коомубуздун руханий-эстетикалык жактан баюусуна салым кошууну ыйык милдеттеримдин бири деп билем.

4-Акималиев2Жамин АКИМАЛИЕВ, Кыргыз илим-изилдөө дыйканчылык институтунун башкы директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү (академиги)

– Алдыдагы жылдарда дале болсо айыл чарба багытында өз салымымды кошуп, бул тармакта төмөнкү максаттарды ишке ашыра берем деген тилектемин:

1.Айыл чарба илимин алдыга жылдырып, анын негизинде өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун жана сапаттуу уругун чыгаруу, аларды багуунун өзгөчө ыкмаларын ойлоп таап, арзан жана таза азык-түлүктөрдү өндүрүү, келечекке кызмат кыла турган жаш жана заманбап адистерди даярдоо.

2. Илимдин ийгиликтерин өндүрүштө пайдалануунун жыйынтыгы менен Кыргызстандын айыл чарбасын алдыңкы катарга чыгарып, өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ата-мекендик дыйкандарыбызды жана малчыларыбызды бардык тараптан колдоо.

4-БөрүбашевБекбосун БӨРҮБАШЕВ, Юридикалык илимдердин доктору, тарых илимдеринин кандидаты, профессор

– Алдыдагы келечек жылдарында менин өлкө жана эл үчүн жасайын деген иштерим булар:

  1. Кыргыздар байыркы эл катары калыптанып, коомдун өзүнүн экономикалык, саясый, социалдык системалары жана руханий баалуулуктары болгон. Коомдун ушул элементтерин сактап андан ары өнүктүрүш үчүн кыргыздар ой-пикир, көз-караштардын негизинде улуттук идеологияны иштеп чыгып, калыптандырышкан. Ата-бабабыз түптөгөн улуттук идеологиянын өзөктүү принциптери катары адилеттүүлүк, эгемендүүлүк, жоопкерчилик эсептелген. Коомду башкарууда меритократия принциби негизги ролду ойногон, сот системасынын өзөгүн “туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деген жобо түзгөн, менчиктин (жердин) ээси эл болгон. Даанышман, Аке, Олуя деген даражалар бийликтин, байлыктын аркасынан эмес, нарктуулуктан берилген. Нарктуулуктун мазмунун айтылган сөз, аткарылган иш түзгөн.

Индивидуализм (өзүмчүлдүк) жана диний агымдарга негизделген окуулар, кыймылдар кыргыз коомчулугун аёосуз талкалап жатканда улуттук идеологиянын өзөгүн калыбына келтирип, аны ишке ашыруунун жолдорун таап, ошонун негизинде элдин туташ кризистен чыгышына жардам бергенге аракеттенем.

  1. Кыргыздардын улуттук идеологиясына негизделген Коомдун жана мамлекеттин өнүгүү концепциясы менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун иштеп чыккам. Бул долбоордо Конституциялык түзүлүштүн негизин эл бийлиги түзөөрү белгиленип, социалдык адилеттүүлүк, мамлекеттик, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана кызматкерлеринин, саясый партиялардын жана алардын мүчөлөрүнүн коомдун алдындагы жоопкерчилиги көрсөтүлгөн. Ушул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору 2010-жылдын апрелинде 27 коомдук-саясый уюмдардын колдоосуна ээ болуп, Конституциялык кеңешмеге сунушталган, 2014-жылдын июль-сентябрь айларында элдик конституциялык кенешменин жыйындарында талкууланып, жактырылган.

Коомдун жана мамлекеттин өнүгүү концепциясы менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун элге сунуштап, колдоо тапса ишке ашырам.

4-Мира КарыбаеваМира КАРЫБАЕВА,Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы

– Улуттук стратегияны туруктуу өнүктүрүүнүн алкагында 2013-2017-жылдарга карата бир катар маанилүү документтер иштелип чыккан. Алсак: эл биримдигин бекемдөө жана этникалык топтор аралык мамилелер тууралуу концепция; мамлекеттик тилди жана тил саясатын жүргүзүүнүн улуттук программасын  өнүктүрүү; дин алкагындагы мамлекеттик саясат концепциясы. Бул программалардын өзгөчөлүгү – ар бирине өткөрүлө турган иш-чаралардын так пландары иштелип чыккан жана бюджеттик жагы бекитилген.

Албетте бул программалардын иштөөсүнүн натыйжасы дароо көрүнө койбойт. Бирок, эң негизгиси, этностук жамааттардын маселелерин чечүү зарылчылыгы, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, дин алкагындагы жараяндарды тартипке салуу тууралуу куру сөздөр учурда токтоду. Азыр бизге мыкты адис, эксперт, методист, окутуучу, тарыхчылардын ар биринин мекенчилдик багытында сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө биз менен чогуу көзгө көрүнөөрлүк иш жасаганы маанилүү.

Ошондо биз биргелешкен аракет менен «Мен – кыргыз жараны» деген түшүнүктү калыптандырып, бекемдеп, жалпыга жайылта алаарыбызга ишенем.

Он беш жылдан кийин жеке мен кандай жагдайды көргүм келет? Этностук өзгөчөлүктөрүнө, диний ишенимдердин ар түрдүүлүгүнө, социалдык абалына карабастан, жаштарыбыздын өлкөнүн чыныгы мекенчили болуп өсүп жетилгенин көргүм келет. Канча тилде, кайсы тилде эркин сүйлөбөйлү, өзүбүздүн тарыхый мурасыбызды, каада-салтыбызды аяр сактап, аны менен сыймыктанып,Кыргызстаныбыздын кайталангыс маданий жүзүн жогорку деңгээлге жеткире алаарыбыз бышык.

Мына ушундай мекенчил муундун катарында келечекте менин неберем да тураарына абдан үмүт артам.

4-К.УрмамбетовКыялбек КЫРГЫЗ (Урманбетов), акын

– Ар адам чар тарапка чарпылбай, өз кесибиндеги ишти кемелине келтире жасашы керек. Бактымды ак баракка байлаган калемгер катары жаратсам деген жаркын ойлор жамырайт, мен үчөөнө гана токтолоюн:

1. Кыргыздын көркөм дөөлөтү – алтындай уюган учкул сөздөрүндө. Тилекке каршы, соңку жаштар макал-лакаптарды көп пайдаланбай келет. Балким, маани-маңызын анча түшүнбөс. Андыктан бала кезинен ой-сезимине уютуп, элимдин ар бир макалын эсте калгыдай ажайып ыр менен ачып берсем деген аруу тилек бар (“Макалдат” деген ат менен 1-китеби чыккан).

2. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” демекчи, келечектин байдубалын мектептен баштап түптөш керек. Бирок азыркы окуу куралдары талапка жооп береби? Маселен, “Мекен таануу” китебин карасаң, жол эрежесине окшогон майда-чүйдө нерсе толтура. Тоголок жер шарында кичинекей, бирок бийик өлкө бар экенин, анын жети облусун Жетиген жылдызындай жандырып, көз жоосун алган кереметин, кен-байлыктарын көргөзүп, ар бир жаран Кыргызстан дегенде сыймыктангыдай кылып жазыш керек!

3. Атам Совет Урмамбетов экөөбүз учурунда бийик ойду көздөп, “Кыргыздар” деген эң көлөмдүү эпопея-дастан жаратабыз деп максат кылган элек. Ал элибиздин баардык көркөм дөөлөтүн камтып, канат-бутагы Ала-Тоодон ашып калдайган бай теректей элестемек. “Манас” үчилтиги, “Кожожаш”, “Жаныш-Байыш”, “Курманбек” сындуу кенже эпостор анын бир эле бутагы болуп жайылмак. Атам 56 жашында (1990-жылы) эртелеп өтүп кетип, эмгиче мен “бай теректи” кармаганга батына албай келем. Бир чети андай дастанды жаратканга оголе көп каражат талап кылынат эмеспи. Бирок ошол чыгарманы акыры жарата алсам, бу дүйнөгө бекер келбеген болор элем!..

4-уран ботобековУран БОТОБЕКОВ, коомдук ишмер, саясый илимдердин кандидаты

– Алдыдагы 15 жылда кандай деӊгээлдеги кызматта иштесем да, мамлекеттин өзөгүн түзгөн улуттук эгемендүүлүктү сактоо жана бекемдөө боюнча тынымсыз иш жүргүзөм деп ойлойм.

Улуттук эгемендүүлүктү сактоо жана бекемдөө боюнча төмөндөгү иш-чараларды аткарууга колдон келген акыл-күчүмдү, билимимди жана интеллектуалдык потенциалымды багыттасам деген максатым бар:

1. Улуттук кыргыз тилибизди дамамат байытып, өстүрүп, бул тилде мыкты чыгармаларды жаратып, аны мамлекеттик кызматта толугу менен пайдаланууга жетишүү;

2. Ааламдашуу доорундагы кыргыз жаштарынын руханий жандүйнөсүн байытуучу, улуттук өзгөчөлүгүн сактоочу жогорку деӊгээлдеги көркөм жана илимий китептерди жазуу, тарыхый жаӊы булактардын көзүн ачуу, аларды мектеп программаларына киргизүү;

3. «Мамлекет үй-бүлөдөн башталат», же «Үй-бүлө чакан мамлекет» дегендей, эгерде мен өз үй-бүлөмдү өксүтпөй багып-өстүрүп, ыймандуу кыз-балдарды тарбиялай алсам, бул да менин өз өлкөмдүн улуттук эгемендүүлүгүнө кошкон үлкөн салымым болот деп ойлойм.

4. Жалпы кыргыз коомуна мүнөздүү болгон трайбализм, же түндүк-түштүк, жердешчилигин саясаттан сүрүп чыгаруу боюнча иш жүргүзүү зарыл деп эсептейм.

5. Жогорку Кеӊеште, Өкмөттө жана башка мамлекеттик бийик кызматтарда кыргыз улутун сүйүп, тилин, адеп-ахлагын жана өтмүш тарыхын мыкты билген, өз мамлекетин урматтаган, түштүктөгү чек ара маселесин чече алчу жана улуттук эгемендүүлүгүн сатпаган инсандардын, жаштардын жаӊы муунунун иштеши үчүн болгон күч аракетимди жумшайм.

6. Окумуштуу иретинде диний араздашуу жана улут аралык кагылышууну алдын алуу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, Халифат курабыз деген Жакынкы чыгыштагы жихадчылардын экстремисттик идеяларынын түпкү маӊызын калкыбызга туура түшүндүрүүгө аракеттенем деп үмүттөнөм. Окумуштуулардын айтымында, жакынкы 50 жылда Борбор Азия аймагында, айрыкча Фергана өрөөнүндө ислам радикализми болуп көрбөгөндөй күчөп, куралдуу жаӊжал чыгып кетүү коркунучу бар. Андыктан улуттук эгемендүүлүктү сактоо үчүн диндер арасындагы толеранттуулукту орнотуу жалпы мамлекеттик масштабдагы максат болот.

4- Касаболотов3Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, журналист, акын

– Менин каалаганым – качан болсо да Кыргызстандын элинин уюткусу болуп бере ала турган Таза улутчулдар уюмун түзүү. Биз ошол максатты көздөгөн жарандар менен бирге “Улутчул платформаны” иштеп чыгып, кабыл алганбыз.

Анда биздин түшүнүгүбүздө улутчулдук кандай болушу керектиги негизги тезистер аркылуу берилген. Ага кошулган айрым адамдардын саясый багыты өзгөрдү, азыркы саясый, экономикалык шарт өзгөрдү, бирок биз иштеп чыккан платформа актуалдуулугун жоготпостон, тескерисинче анын зарылдыгын турмуш көрсөтүп келатат.

Ачыгын айтайын, мен уюштуруучулук, финансы-экономика, этикет, протокол жактарына анча жокмун. Менин күчтүү жагым – кайсы бир идеяны ишке ашырууда абалды туура талдап, ага ишенип баш койгон адамдарга туура багыт берүү. Уюмдун идеясы азырынча идея боюнча гана турат. Ошол себептүү мен бул уюмдун мүчөлөрү кандай адамдар боло алаарын гана айта алам. Бул уюмга мүчө болгон адамдар биринчиден Улутчул платформаны өзүнүн негизги идеясы катары колдогон, аны сатып кетпей турган адамдар болушу зарыл. Экинчиден, алар кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгын диний, геосаясый, же дагы башка жагдайлардан дайыма жогору кое турган адамдар болушу керек. Үчүнчүдөн, алар ичпеген, чекпеген, уюмдун тапшырмасын сөзсүз аткара турган, коомго бардык жагынан үлгү боло ала турган, уюмду уятка калтырбай турган адамдар болгону жакшы.

Азыр улутчул кызыкчылыкты көздөгөн көптөгөн уюмдар бар жана мен алардын жүргүзүп жаткан көп иштерин колдойм. Айрымдарына кеңеш, акыл берип да келатам. Бирок чын-чынына келгенде кыргыз улутчул уюмдарына ушул мен айткан сапаттар жана тартип жетишпей турат. Мындай уюм түзүлүп, кыргыз элинин уюткусуна айланган күнү мен өлкөнүн саясатында эң мыкты өзгөрүүлөр баштала тургандыгына толук ишенем.

4-ТашовИмамидин ТАШОВ, KG ГРУПП” курулуш компаниясынын башкы директору

– Бизде, эң көйгөйлүү маселе катары социалдык абалды көп айтышат, ушул маселеге басым коюшат. Бирок, мунун себептеринин баары элдин аң-сезиминин деңгээлине, сабаттуулугуна келип такалат.

Эгерде аң-сезим өспөсө, сабаттуулуктун, билимдин деңгээли көтөрүлбөсө, жетиштүү болбосо, адамдарыбыз ниетин түз, пейилин кенен койбосо – ким кандай иш жасабасын, ал иштин акыбети кайтпайт, өлкөдөгү жашоонун деңгээлинин көтөрүлүүсү оорчулукта тура берет. Мисалы, бир адам “эл үчүн, жер үчүн, туу үчүн” деп көп жылдар бою иштегени менен,  анын пейили тар, ою туура эмес, өзү ач көз болсо, эгер анын  аң-сезими “жасаган ишимдин эл үчүн, жер үчүн, туу үчүн пайдасы тийсин” деген түшүнүккө келе албаса, ушундай аракет менен мекенине кызмат кылбаса, анда ал адам өзүнүн кылган ишинин өтөөсүнө эч качан чыкпайт. Ар бирибиз жөн эле кара күч менен иштеп жүрө бергенден тышкары сүйлөгөн сөзүбүзгө жооп бере алсак, кызматыбызды жеке кызыкчылыкка эмес, максаттуу түрдө журт кызыкчылыгы үчүн арнап таза аң-сезимди кармансак, билимге сугарылып жасаар ишибиздин көзүн таанысак, чынчылдыкты, кылдаттыкты ала жүрсөк –  ошондо Кыргызстаныбыз тез оңолот эле.

Ооба, бизде пейли кенен, жүрөгү таза, ак кызматы кыргызга арналган, камчыга сап боло турган жаштарыбыз жетиштүү. Мына ошолор өлкөнү өркүндөтүп-өстүрүүдөгү чылбырды колго бекем кармаса, кыргызды бат эле көтөрүп кете алат. Ал эми аң-сезимдин пастыгы – багыттан адаштырат, акты карадан, адалды арамдан айырмалай билүүгө тоскоолдук жаратат.

Кыргыз элинин, кыргызстандыктардын бактылуу жашаганга акысы бар. Себеби, бактылуу жашоого алып келчү атуулдары, уул-кыздары турганда – кыргыз журтчулугу бактылуу эл болуп жашай алат. Элди кыйнап бактылуу кыла албайбыз. Оңолуу элдин өзүнүн колунда, аң-сезимин көтөрүү өзүнүн колунда. Нускалуу сөздөр, баалуу акыл-насааттарыбыз айтыла берсе, эл өз ордун таап кетет. Менин жакынкы жылдардагы алдыга койгон эң негизги максатым – элдин аң-сезиминин көтөрүлүүсүнө, терең билим алуусуна, сабаттуулук деңгээлинин жогорулоосуна чоң салым кошуу.

4-ТынчтыкбекТынчтыкбек КОЖОБЕКОВ, “Миң кыял ФМ” радиосунун музыкалык продюсери

– Алдыңкы жылдары аткарыла турган иштерди төмөнкү маселелерден көргүм келет жана мен ушулардын ар бирине салым кошууга даярмын.

1. Кыргыз Республикасында кыргыз, орус, өзбек, дунган, уйгур жана башка элдердин айылдары, мектептери, жогорку окуу жайлары, ишканалары, жалпыга маалымдоо каражаттары болбошу керек. Бир гана түшүнүк калыптануусу керек: “КРнын Билим берүү министрлиги, баланчанчы орто мектеби”. Бул менин оюмда элдин биримдигин калыптандырып, кыргыз тилинин статусун бекемдейт. Өзүнөн-өзү улуттар аралык араздашууга чекит койот. Албетте, каршы чыккандар көп болот. Бирок бир мамлекетте, бир тилде сүйлөйбүз жана эркин жашайбыз десек бул кадамга баруу керек деп ойлойм. Ушуну сунуштайм.

2. Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамында көрсөтүлгөн “Орус” тилинин макамын алып салууга кошулам.

3. Жер алдындагы кен байлыктарды казбастан, мээбиздеги акылды казсак бизге арзан анан тез акыбети кайтат. Азыр илимдин, акылдын кылымы.

4. Элдин ден соолугуна кам көрүү. Азыркы мамлекет кабыл алган принциптерге чыгыш медицинасын кошо киргизүү, элге альтернативдүү медицинаны колдоно алышына мыйзамдык жагынан шарт түзүү зарыл.

5. Тоо туризмин өнүктүрүү аркылуу пайда табуу. Ал үчүн биз мазарларды гүлдөтүп, туризмдин очогуна айлантуубуз зарыл.

6. Агро-өнөржай секторуна дүйнөлүк технологияны киргизүү менен тамак- аштын сапатын жогорулатуу.

7. Дүйнөгө таасир этүүнүн эң чоң куралы, бул – опурталдуу долбоорлорду ишке ашыруу. Мунун бири катары мен дүйнөдөгү эң узун же эң өзгөчө имаратты курууну сунуш кылам.

8. Ош шаарын түп тамырынан бери өзгөртүп эскиден жаңыга кадам таштоо зарыл. Айтайын дегеним, Сулайман тоону объект кылып экинчи меккеге айлантуу идеясы.

9. Суусамыр өрөөнүнө дүйнөдөгү эң мыкты интеллектиси күчтүү программисттердин технопаркын куруу керек. Алар үчүн боз үй, интернет жана электр энергиясы керек. Болду. Бул да туристтерди тартуунун эң өзгөчө шарты.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *