Атанын үй-бүлөдөгү орду

9-атаҮй-бүлө жөнүндө сөз кыла турган болсок, эң биринчи атадан баштайлы, себеби, атанын жолу улук. Үй ээси – эркек.

Үй-бүлөдө атанын ролу абдан маанилүү. Биринчиден, ата-эне менен чогуу, ынтымактуу  үй-бүлөдө жашаган бала – толук үй-бүлөдө жашаган  бала. Мындай  бала – ырыстуу  бала. Атанын мээримин, тарбиясын, таалимин, камкордугун көрүп чоңойгон бала – бактылуу  бала. Андай баланы «жакшы атанын уулу экен», же «атанын таалимин көрүп өскөн бала

«Уулум деп убайым жеп, баккан атам,
Алыска мен жол жүрүп бара жатсам
Колтуктап суулук берип, камчы берип,
Аткарып аталыкты сөзүн айткан», – деп Мидин ыр жазган экен.

Эч качан атанын ордун жалгыз эне толуктай албайт, себеби, үй-бүлөдө атанын эч ким  аткара алгыс милдети, ролу бар. Кийинки учурда, тилекке каршы, ажырашуулар көп  болуп, балдар толук эмес үй-бүлөдө өсүшү өзүнчө эле бир көйгөй болуп калууда. Ынтымактуу үй-бүлөдө эркек адам кам көрүп, иштеп, айбаттуулук көрсөтүп, тиричиликке  керектүү нерселер менен камсыздандырып турса аялы да, балдары да басынбай,  кыйналбай жашайт  эле.

Бирок кийинки учурда мамлекетибизде жумушсуздук болгондуктан, ошону  шылтоо  кылгандай көп адамдар ордун таппай, «жумуш жок болсо эмне кылайын» дегенсип  иштебей, бекерчиликте отургандар аз эмес. Кыргызда макал бар: «Жалкоонун  шылтоосу  көп» деген. Эмгекчил адамга дайыма жумуш табылат. Ар бир үйгө мүчөлөрүнүн санына  жараша мамлекетибиз үлүш бербеди беле. Жерин иштетип, мал багып, короосундагы  бакчаны иштетип канча деген адамдар бутуна туруп, жакшынакай турмушун оңдоп  алганын көрүп жатабыз.

Эркек адам үйдүн тиреги, таянычы, кубаты, үйдүн ээси. Бул ойду аял киши терең  түшүнүп балдарына да жеткирүүнү максат койуу керек. Элибизде айтылган сөз бар: «Асыл баштуу аялдан, бака баштуу эр артык». Бул бекер сөз эмес. Мурдагы энелер  балдарына атаны сыйлоону үйрөтүп: «Биринчи атаңар ооз тийсин, анан калганыбыз» деп; «атаңар айтканды аткарыш керек», «кокуй, атаңар укпасын, көрбөсүн, уят болот», «эгерде  атаңар уруксат берсе”деп,  атаны көтөрмөлөп, атанын улук экенин сездирип, үйдөгү эркектин кожоюн экенин билдирип, намысын сактап келишкен. Балдар энени жакын  туткандыктан: «Эненин айтканы туура», «Атабызды энем да сыйлайт турбайбы» деген  түшүнүк алышкан.

«Аял жакшы – эр жакшы, вазир жакшы – хан жакшы», «Жаман эркекти жакшы кылган  аял, жакшы эркекти жаман кылган аял» дейт элибизде. Үй ичинде балдардын алдында же  сыртта болобу, эркекти көтөрмөлөп, сыйлап, чаң жугузбай, жаман сөз тийгизбей, атанын таламын талашып турган аял акылдуу да, барктуу да болгон. Бирок андай мамилени көргөн эркек аялына да, балдарына да татыктуу мамиле жасап, үй-бүлөсүн кор кылбай баш-көз болгону оң. Ошондо ал атанын үйү, албетте, үлгүлүү, адептүү, ыймандуу болот.

Андай үйдө өскөн бала алтын-күмүштөй адеп алып, атасын атадай, энесин энедей сыйлап, ошондон улам «Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат», «Атамдай адам», «Атам айткандай», «Атамдай көрөм» деген сөздөр калган.

Балага атаны жамандаш такыр туура эмес. Андай нерсе тарбияга туура келбей, такыр эле  тескери таасирин берет.Бала кичине кезинде андай сөзгө ишенгени менен кийин ойлонуп,  туура эместигин сезип, эс тартканда кайра эненикин туура көрбөй жаман ойдо болуп  калышы  мүмкүн.

«Ата баласы – тон  жакасы”,  “Ата жакшы – уул жакшы, эне жакшы – кыз жакшы”, “Ата  балага сынчы” –  деген кыргыз макалдары бар. Ойчул Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” дастанында болсо мындай деп жазылган:

“Ата жолун көрсө бала тегинде
Көнүп кетет оорго да, жеңилге.
Бала өссө ар тараптуу таалим алып
Ата-эненин андайда жүзү жарык”.

Белгилүү акылман, ойчул, сынчыл Сарт-аке Доскулу уулунун жакшы ата тууралуу айткандарына көз жүгүртөлү:

“Ата жакшысы – акылдын  көзү.  Жакшы ата бардык жол-жобону айтып берип, көздү  ачат. Ата жакшысы уюган ырыскы, ал эч убакта үй-бүлөсүн кор кылбайт, эч нерседен  кемитпейт. Жакшы атанын кадыры тоодой. Анын кадыры менен бала-чакасы да сый-урмат көрөт. Жакшы атанын ою кенен да, терең да болот. Алысты билип, бала-чакасынын  келечегине кам көрөт, эл таанытат, жер таанытат. Жакшы ата бала-чакасын жакшыга  жанаштырып, жамандан адаштырат, кадыр-баркка алып баруучу жолго салат. Жакшы ата  ар иштин ордун таба билген устат, табып, ал ошонусу менен бала-чакасына үлгү”.

Ал эми жаман ата жөнүндө Сарт акенин айтканы төмөндөгүдөй:

«Ата жаманы – жакыр. Үй-бүлөсүнө бакты-таалай тартуулай албайт, казаны ашка толбой,  анын жан жолдошу уйку болуп, жокчулуктун кошчусу болот. Жокчулуктун айынан ууру-кескинин жандоочусу болот. Акыры эл караган бети жер карайт. Жаман ата бир күчүн катынынан чыгарат. Өзүндө болбогон оңдуу нерсени катынынан талап кылып, болбогон  жерден жаңжал чыгарат, жаңжал болгон үйгө ырыскы түнөбөйт, бала-чакасынын  үрөйү  учуп, кыргыйдан корккон таранчынын кейпин кийет. Жаман атанын колунан оңдуу иш  да

келбейт, жасаган ишин үй-бүлөсүнө доомат кылат. Аны жасадым, муну жасадым деп, катынына колко оодарат. Жамандыгынын айынан үй-бүлөсүнөн ажырайт, катынга чандырат”.

Акылы бар адам өзүнүн жаман жактарын сезип, мындай кылган туура эмес экен деп  ойлонуп, «кой оңолоюн, жакшы адамдардан үйрөнөйүн” деп өзгөргөнгө аракет кылат. Ар  бир адам акылды да, жакшы сапатты да жашоо-турмуш тажрыйбасынан алат.

Ошондуктан, акылды алган адам – Кудайдан жакшылыкты сурап, тилек айтып турган адам. Таза болуп, акыйкат сүйлөп турган адам – ийгиликке жетчү адам.

Сулуу адам жөнүндө айтсак, – келбетиндеги сулуулук – бул толук сулуулук эмес. Теңирге  жаккан сулуу – адамдын оюу да, ички жан дүйнөсү да, иши да, сезими да, баары таза  болушу керек экен.Сулуу адамдын сапаттары: эмгекчил, чыдамдуу, акылдуу, кайрымдуу, кеми жок жана бийик адам.

Эмесе, арабызда сулуу адамдар көп болсун, ынтымактуу үй-бүлөлөр болсун. Биз, ата-энелер балдарыбызга үлгү болуп, туура тарбия бергенге аракет кылалы. Балдарыбыз өкүттө болбой, кор болбой,  ырыс топтогон, кут кармаган үй-бүлөлөрдө өссүн.

«Акылды айткан аталар болсун
Баланы сүйгөн энелер болсун
Бекемдик берген аталар болсун» деп «Бакдөөлөт» китебинде жазылган экен. Ар бирибиздин үйүбүздө тынччылык болуп, үй-бүлөбүзгө ынтымак конуп, ырыскы толсун.

Бүбүкан  ЖУСУПОВА, Чүй облустук мектеп-гимназиясынын директору

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *