Кыргыз жигити кандай болушу керек?

5-фото общее

Эркектердин майрамына карата “Кыргыз жигити кандай болушу керек?» деген сурообуз менен назик аялзатына суроо салган элек. Эмесе, эл-жер, журт намысы үчүн жаралчу жигиттердин мүнөз-сыпатына пикир билдирген кыргыз кыздарынын ойлорун төмөнкү саптардан окуйлу.

5-СадыковаСаламат САДЫКОВА, КРнын Эл артисти, «Токтогул» атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Казак эл республикасынын эмгек сиӊирген артисти:

– Илгерки биз билген аталарыбыздын, агаларыбыздын көз карашында мен баарын көрөөр элем.  Алар сүрдүү да, камкор да болушчу. Эӊ башкысы оокат кылбай үйдө жатып алган эркек жок эле. Үйдө жаткан жаманат деп мындайды намыс көрүшчү.

Жок дегенде бак-дарак ортургузуп, отун алып, мал багып, айтор үй-бүлөсүнө кам көрүшчү.  Жөнөкөй кыргыздын эркеги бери дегенде малдын сырын, жайын билген, багбанчылыкты, дыйканчылыкты өздөштүргөн экен. Ал эми касиеттүүлөрү ого эле укмуш өнөрлүү болушкандыр. Кыскасы, эркек сырткы тон болуп, сырткы камкордукту колуна алган.  Аялзатына астейдил ызаат көрсөткөн. Азыркы айрым жигиттердин басканына ичим чыкпайт, жээлигип-ээлигип, камгак сымал көзгө толумдуу эмес.  Жигитке тантыган көп сөздүн кереги жок. Аял менен айтышпай, токтоо, сабырдуу болсо дейм.  Ал эми жигиттин баатыр мүнөз, сүрдүү жүзүн кеп кыла турган болсок, учурда бетине крем сүйкөп оолжуй сүйлөгөн жигиттер көбөйдү. Ушуларды көрүп жүрөгүм үшүйт. Нагыз жигиттиктин кадыр-касиетинин бедели тебеленген заманда жашап жатабызбы?..

5-СариеваЖумагүл САРИЕВА, «Чапан” студиясынын жетекчиси:

– Бул сурооңор биздин өсүшүбүздүн негизги булагынын ачкычы. Илгертен боз үйдүн түндүгүн эр жигитке карматышкан эмеспи. Бул бекеринен эмес. Түндүк 40 ууктун биримдигин кармап, бир үйдүн бекемдигин, туруктуулугун сактаган. Заман өзгөргөнү менен жашоо эрежеси өзгөргөн жок. Болгону, мурда эне сүтү менен кыргыздын күчтүү духу балдарга берилсе, азыр андай кутуу сезимди жаш энелер наристелерге өткөрбөй калды. Жакшы балдарыбыз көп, бирок алар өлкөнүн алдында, үй-бүлөсүнүн алдында кандай милдети бар экенин толук түшүнбөй калышты. Ошол үчүн мындай маселе утур-утур көтөрүлүп турушу зарыл.

Замандын өзгөрүшүнө карабай, кыргыз жигитине болгон талап бирөө – үйүнө сыймык, элине тирек болушсун.  Намыскөй, билимдүү, коргоочу болуп, элдин камын ойлошсун. Кайдыгерликтен качышсын. Алардын ушул сезмин ойготконго ата-эне, мектеп, чөйрө таасир берип аракеттениши керек.  Эгерде азыркы эр азамат деген жигиттерибиз ушул милдеттерин түшүнүшкөндө – анда Кыргызстан ушунча кыйналмак эмес, өнүгүп-өсүүсү тездемек. Эгер кыргыз жигиттери бийик болуп, түндүк бекем болсо –  кыздар да назик, асыл болот, эли да кут-дөөлөткө жетет!

5-ИсановаФарида ИСАНОВА, котормочу, жазуучу:

– “Ата-журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга”, – демекчи, кыргыз жигиттери эл үчүн, журт үчүн жашаса, кара курсактын камына алдырбаса дейм. Ар-намыстуу, билимдүү, өз кесибинин чебери боло алган жигиттер гана кыргыздын чыныгы жигити, келечектеги уул-кыздын татыктуу атасы боло алат деп ойлойм.

 

5-ПратоваГүлнара ПРАТОВА, тележурналист:

– Негизи эле жигит кандай болуш керек деген суроонун айланасында кеп жүрөтурган болсо, анда жигит деген так ушул биздин кыргыз жигиттердей болушу керек деп айтаар элем. Анткен себебим, айрым бир  алыскы өлкөлөрдөн көргөн айрымачылыктар мага ушундай  пикирди жаратты. Мисалы, немецтерде  жигиттер ар бир баскан-турганын эсеп-кысапка алат экен. Ошондуктан, эгер сиз бир немец жигитин жактырып аны менен кыз-жигит катары жүрө турган болсоӊуз, анда сиздин да капчыгыӊыз кампайган болушу керек. Анткени, киного барсаңыздар билетти өзүӊүзгө өзүӊүз аласыз, тамак ичсеӊиздер өзүңүзгө өзүңүз төлөшүӊүз керек болот. Ал жигит да албетте өзүнө гана төлөйт. Ал эми француздарда болсо аял-күйөөсү теӊ укукта эмеспи. Бул салт үйгө тамак-аш сатып алууда да сакталат экен. Мисалы, 200 сомдук  азык-түлүк алынса, анын жарымын аялы, жарымын күйөөсү чыгарат. Эгер аялы үйгө азык алып өз капчыгынан 200 сомду иштетсе, анда күйөөсү чөнтөгүнөн 100 сомду алып чыгып аялына бериши шарт. Күйөө болуп бардык абалда аялды камсыздаш керек деген ой француздарга тиешелүү эмес.

Мына ушундай жагдайларды эске алсак, биздин жигиттерге жетпейт го албетте. Кыргыз жигиттеринде  кыраандык, ыкчамдык, жоокерлик сапаттар бар. Анан да аялды аяй билген абийирдүүлүк бар эмеспи.  Жигит – ата, камкор күйөө, кайда болсо бүлөсүнө жөлөк болууга тийиш. Акылы тетик, айбаты курч, кылган кызматын кыргызга арнаган, адамгерчиликти биринчи орунга койгон кыраандар гана кыргыздын чыныгы жигити боло алат. Ушундай жигиттерибиз көп болсун!

5-Н ИсмаиловаНаргиза ИСМАИЛОВА, «Тумарт-Арт» салонунун дизайнери:

– Кыргыз жигити дегенде оюма биринчи эле намыс түшүнүгү келет. Эр Манастын тукуму, кыргыздын уулу болгон соӊ, намыскөй, мекенчил болууга тийиш. Жигит деген атка татыктуу болсун. Уул төрөлсө, атасы «Менин уулум, тукум улоочум» деп сыймыктанат эмеспи. Бирок, сыймыктанып, сүйүнүп эле тим болбой, ата-эне уулун чыныгы кыргыз жигити кылып тарбиялоого милдеттүү.

Кыргыз уулдары өз элине, жерине кош көӊүл мамиле кылбасын. 37-38-жылдары шейит кеткен, кыргыз каймагы болгон аталарыбыздай акыйкатчыл, чечкиндүү, дем-дымактуу, кыраан бүркүттөй алгыр, күчтүү, ыкчам болушсун.

5-Мээрим ДүйшееваМээрим ДҮЙШЕЕВА, журналист:

– Кыргыз жигити деген атка татыктуулар бар, бирок, өтө аз. Бул атты пендечилик көр оокаттын кызыкчылыгы менен булгап албоо керек. Кыргыз жигити айтканына турса, аял кишини сыйласа, кыргыз каада-салтын билсе, ошону менен жашаса гана кыргыз жигити боло алат. Башына бийлик, байлык келгенде адамдык сапаттарын сактап кала билүү, мансапты башкы максат кылбай, эл үчүн иштеген уул – анык кыргыз жигити. Кыргыз жигиттери ушакты боюна жуутпаган намыстуу болсо, сөзүнө иши далкелсе, максатынан кайтпаса, пейили кенен, маалыматтуу, илим-билими тереӊ аӊ-сезими жогору болсодейм.

Шаакан ТОКТОГУЛОВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *