Истуденттердин Манас айтуу мелжеши дабдабалуу ачылды!

Дабыт АБДЫЛБАРЫ уулу, Кытай, Ланжу шары

РЕДАКЦИЯДАН: Гезитибиздин негизги максаттарынын бири этникалык кыргыздардын жашоосун чагылдыруу жана маданий-маалыматтык деңгээлде эл аралык алаканы күчѳтүү болуп саналгандыктан, редакциялык жамаат байланыш мүмкүнчүлүктѳрүнѳ олуттуу кѳңүл бурмакчы. Ушундан улам гезитибиздин мындан аркы сандарына кытайлык кыргыздардын коомдук-маданий турмушунан маалымат берип турмакчыбыз. Учурда Кытайдын ар кайсы провинцияларында билим алып жаткан кытайлык-кыргыз студенттеринин активдүү катмарынын ѳкүлү жана бир топ маданий-коомдук иш-чаралардын демилгечиси, ошондой эле уюштуруучусу Дабыт Абдылбары уулун биздин гезитибиздин кытайдагы кабарчысы катары тааныштырмакчыбыз. Дабыт мырза учурда Кытайдын Ланжы (Ланжоу) шаарында, Түндүк-Батыш улуттар университетинде филология кесибин аркалап келет. Тѳмѳндѳгү анын макаласы жакында кызуу ѳткѳн «Манас» айтуу тууралуу болду.

Үстүбүздөгү айдын 16-күнү Кытайдагы шинжаң автономиялуу районунун борбор калаасы Үрүмчүдө кытайлык кыргыз истуденттеринин «Манас» баштаган элдик дастандарды айтуу кансерти болуп өттү. Аталган кансерт Шинжаң казына ـ экономика университетиндеги бир нече жигердүү истуденттин демөөрүндө, Үрүмчү калаасынын чок ортосундагы «Октабир” театир залында болду.

Төкмөлүк өнөрдү туу туткан эки темене канат акындын арашандап төгүлгөн ыры менен  дабдабалуу ачылып, бүт Шинжаң ичиндеги ондон ашуун университеттеги кыргыз окуучулар «Манас» жана элдик дастандарды айтуу боюнча мелжешке түшүштү жана өздөрү дайындаган жаңы ыр-күүлөр менен көрөрмөндөрдүн көңүл кушун көкөлөттү. Кансертке Үрүмчү шаарындагы кыргыздын аттуу-баштууларынан да келип катышты.

Бул жолку кансертте: Шинжаң казына ـэкономика университети, Шинжаң университети, Шинжаң илим ـтехника учур инуститоту, Шинжаң кесиптик университети, Үрүмчү кесиптик университети, Тарым университети, Санжы инуститоту, Санжы айылـчарбачылык кесиптик инуститоту, Шинжаң көркөм өнөр инуститоту, Шинжаң салтـсанаа көркөм өнөр мектеби сыяктуу 13 ЖОЖдун кыргыз окуучулары караан көрсөтүп, «Манас» айтуу (топ жана жеке), «Курманбек» баштаган элдик кенже эпосторду аткаруу, «өлөң», бекбекей , ырـкүү, улуттук бий, комедия ойноолор кансерттин тулкусун түздү.

Айтып өткөн кансерттин дайындыгын абдан мыкамдап бүтүрүүнү максат кылып, баш-аягы эки жолу өткөрүп алуу (репититсия) болду. Биринчи жолкусунда, экинчи жолкусунда Шинжаң илимـтахника учур инуститотундагы кыргыз мугалимдердин демөөрү менен ошол жерде болду.  Мында негизинен «Манас» баштаган элдик эпосторду аткаруу чеберчилиги, сахнага алып чыгуу деңгели жактан каралып, карапـбаалоого кыргыздын Үрүмчүдөгү чыгаан илимпоз, мамандары атайын келишти. Улам мыкамдап тандап отуруп, анан коюлган бул кансертте “Манас” баштаган элдик дастандарды, элдик салт ырларын аткаруу боюнча 31 номур, башка көңүл ачуу боюнча 7 номур катыштырылып, 600дөн ашык көрөрмөндүн кол чабуусу «Манас үнү» деп аталган бул жолку кансертти шаңга бөлөп, дуулатып турду. Кансерттин жалпы көрүнүшү сынга (выдыё), Шинжаң эл радыо истансияси жагынан үнгө алынды. Кытайдагы бир ууч кыргыздын Үрүмчү калаасында билим алып жаткан истуденттеринин демөөрүндө «Манас» баштаган элдик эпосторду айтуу боюнча мелжеш мүнөздүү кансерт уюмдап отурганы – ушул тунгуч жолу. «Аккан арыктан суу агат» демекчи, чыйыр – даңгыр жолго айлансын, Манас атабыздын арбагы кыргызды түбөлүк колдой жүрсүн деп тилек кылабыз.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *