Улустун улуу майрамы жана «Кыргыз Таануу» кыймылынын тушоо кесүүсү

Кубатбек ОСМОНОВ, фотожурналист, кыргыз чоросу

Бишкектеги «Манас Айылы» этнографиялык комплексинде 20-март күнү жети боз үй тигилип,  25 уюм, коом, фонддордон турган мекенчилдердин «Кыргыз Таануу» коомдук уюмдар тилектештигинин тушоосу Улустун улуу күнүн белгилѳѳ менен бирге кесилди.

Салттык баалуулуктун  негизинде адегенде малга бата кылынып, токтогулдук Токторбай ага байыркы кыргыз элинин бакшылык-шаманчылык өнөрүнүн  негизинде зикир чалды. Умай энелер Жаңылкан Короолу кызы жана Гүлжамила Шакирова элибизге аруу тилектерди каалап Нооруз  майрамына келгендерди аластаса, Жапаркул Раимбеков Кыдыр Атанын батасын ыроолоду. Ак таңдай акындар  жар салып,  манасчылар рухий баалуулукту  ааламга таратты.  Ырчылар,  комузчулар,  жаңы жаш таланттар, ыр-күүнү  сүйгөн элибиздин шыктуулары да өнөрлөрүн элге тартуу кылды.  Нурак Абдрахманов, Бакыт Мамаев, Токтобек Асаналиев, Фатима Султанова, «Достор» тобу, өспүрүмдөрдүн «Жаз» бийчилер тобу, ошондой эле  бул майрамда өздөрүнүн да  тушоосун кесишкен Рая Нурказиева жетекчилик кылган  №86 орто мектептин жаш окуучуларынан түзүлгөн “Насыйкат” тобунун комузчулары майрам шаңын чыгарды. Удаасы менен үч бѳбѳктүн тушоосу да кесилип, жел тамандар жарышка түштү. Ал эми Кубанычбек Тезекбаевдин «Тай тебиш» боюнча шакирттери  жана Актан Ажымамбетов жетектеген «Таймаш спорт» федерациясынын балбан билек  шамдагай жигиттери бабаларыбыз басып өткөн  тарыхыбызды  эске салып, Кошой ата менен  Жолойдун  таймашын көрсөтүштү…

Ордо, аркан тартыш, бука тартыш, экиден турмай, жоолук таштамай, кол күрөш сыяктуу улуттук оюндар каалоочулардын катышуусу менен  уюштурулду.

Конок каадасы күтүлүп, айранын, каттама, каламаларын, көмөч нандарын көтөрүп, апалар, жеңелер да бул тойго  келишти. Көктөм майрамына мүнөздүү ууз салынып, талканга каймак, бал умашталып, көжө, бозо, кымыз, актык дасторконго коюлду. Салтыбызда ак  сатылчу эмес экенин баарыбыз билебиз.  Кыргыз эли  кыр-кырларды  ашып кымызды улап ичсе,  кышкысын, жазгысын бозону жоролоп  ичишкен. Шерине  куруп: козунун,  ириктин, тайдын эттерин жешкен. Кудай конокторун күтүшкөн.  Бул мурастарыбыз  азыр  деле айыл  жерлеринде сакталып калганы кубандырат жана ушул күнү да келип жаткан эл колунан келген актык азыктарын алып келгендерин баса белгилебесе болбойт.

Ошентип, бул күнү Улуу от жагылып, отту тегерете туруп аруу тилектер тиленди. Андан соң  боз үйдѳ жаштардын сармерден ойунунда кыз-жигиттер ыр-күү, макал-жаңылмачтары, табышмактары менен жарышка түшүп, сыртта болсо айсыз караңгы  түндө  зиректикке,  ыкчамдыкка үндөгөн ак чөлмөк оюну башталып, теребел жаштардын күлкү-шаңына оронду.

Супа салып,  таң да атты. Күндүн  чыгышын  Умай эне,  Кыдыр аталар менен  биргеликте ошол жердеги жалпы эл биригип тосту да, тирүүлүккө, улуулукка жана  аруулукка сыйынышты. Эл-жерге тынчтык каалашты. Майрамдын Умай  энелеринин  бири, №5   мектептин математика мугалими, Жазуучулар союзунун мүчөсү, ушул улуу күнү сүмѳлѳгүн көк майсаңы, 41 жаңгагы, сары майы, уну менен даярдап, кѳпчүлүккѳ сүмѳлѳктүн сырын айтып берген Урниса  Кадыралиева  түнү бою кайнатылып дымдалган, тилек айтылган сүмөлөктү таңында  ачса – ортосунда  жыйырма алты жаңгак биргеликте уюп калыптыр. Муну биз жогоруда сөз кылган жыйырма беш мекенчил топко дагы деле болсо башка да мекенчил уюмдар бириге турган белги экени жана аларга да жол ачылып турганы дедик. Эмесе, бул «Кыргыз таануу» коомдук уюмдар тилектештигинин кыргыз элинин алдындагы максат-милдеттери, жасалчу иштери тууралуу маалыматтар гезиттин жакынкы сандарында жарыкка чыгат…

 

Айпери СЫРАЖИДИН кызы

Бул күнү мекенчилдердин майрамына НТС, КТРК, «Манас жаңырыгы» жана Сары Ѳзѳн Чүйдүн телеканалдарынын жана бир катар гезиттердин журналисттери катышып, Нооруздун шаңдуу жүрүшүнѳ күбѳ болуп жүрүштү. Биз уюштуруучулардын айрымдарына собол узатып, пикирлерин уктук.

Мирхамид ТОКТОГУЛ уулу, «Кыргыз таануу» коомдук уюмдар тилектештигинин тѳрагасы:

– Бир топ жылдан бери кыргыз таануу багытында иштеп жүргөн коомдук бирикмелер, уюмдар, жеке атуулдар Нооруз майрамын, улустун улуу күнүн белгилеп келебиз. Бул биздин кыргыз элибиздин байыртадан бери келе жаткан салтыбыз болуп саналат. Мына ушундай иш-чараларды өткөрүү менен биз элдин биримдигин чыӊдайбыз, ынтымагын бекемдейбиз. Быйылкы майрамдообуздун өзгөчөлүгү  – 25 коомдук уюмдар биригип, «Кыргыз таануу» коомдук уюмдардын тилектештиги деген чоӊ кыймыл түзүлдү. Мына ушул уюмдун көмөгү менен бүгүнкү салтанат өткөрүлүп жатат. 20-мартта күндүзгү саат 2де башталган майрамыбыз 21-марттын таӊына чейин уланып,  күн чыккандан кийин сүмөлөгүбүз ачылып, иш-чарабыз бата тилѳѳ менен жыйынтыкталат. Эмесе, элибизде тынчтык, биримдик, токчулук болсун! «Желин жарылып сүт чыгып, жер жарылып көк чыгып» деген сөзүбүз бар эмеспи, ылайым элибизде молчулуктун жылы болсун!

Мукай КУШАБАЕВ, CCCРкайрымдуулук фондунун жетекчиси:

– Мен өзүм бала кезден орус чалыш болуп чоӊойгом. Кийин өзүмдүн түшүм аркылуу кыргыз дүйнөсүнө аралаша баштадым. Бүгүнкү күндө ар бир кыргыздын касиети бар. Ушул касиеттин негизинде элдер минтип чогулуп той, түлөө өткөрүшөт. Бири-бирине жакшы энергия беришет. Бул жерге канча эл келсе, ошончо кут, ошончо энергия келет. Ар бир адам жерде жакшылык кылып, сооп ишин жасаса, ал иши асманга Кудайга жетет. Кыргыздар байыртадан бери эле арбактардан коркпой, сыйлап келишет. Ошондуктан, ар бир адамды өзүнүн жети атасы, энелери ээрчип, колдоп жүрөт. Мен ыраазымын, жаштарыбыз да, карыларыбызда бул жерге чогулуп, эски жылды узатып, жаӊы жылды тосуп жаткандарына. Бул алдыбызда келе жаткан алтын доорду тосуп алууунун биринчи тепкичи. Алтын доор кыргыздарга түздөн түз тиешелүү.

Мелис МУРАТАЛИЕВ, «Бакдөөлөт» коомдук уюмунун жетекчиси:

– Ноорузга удаа «Кыргыз таануу» кыймылы  түптөлдү. Бул кыймылдын негизги максаты – мекенчил, атуулдук сезимди курчутуу, өзгөчө жаш муундардын арасында кеӊири жайылтуу жана улутун сүйүүгө, элине-жерине кызмат кылууга үндөѳ. Бүгүнкү күнү жалпы элге бул «Кыргыз таануу»  коомдук уюмдар тилектештигинин түзүлгөнүн жар салып жатабыз. Акыркы убакта элибиздин улуттук өзгөчөлүгүн түшүнбөгөн, жок кылууга аракет кылган күчтөрдүн көзгө көрүнбөгөн тирешүүсү жүрүп жатат. Анын залакасы менен биздин өзгөчө жаш муундарыбыз улуттук көз караштан алыстап жатышат. Мына ушуларга кыргыздын тарыхын, маданиятын, дегеле кыргызга тиешелүү болгон баардык байлыктарды таанытып, баарыбыз бир муштумдай болуп түйүлүп иш жүргүзсөк, көздөгөн макстыбызга бат жетебиз.

Шаттыгүл АБДУВАЛИ кызы, «Түгөлбай Ата» коомунун мүчөсү:

– Нооруз майрамыбызды Кудайым кут кылсын, мындай күндөрүбүз көп болсун, элибиз өнүгүп-өссүн. Жайлообуз гүлдөп, өрүшүбүз малга, кырманыбыз данга толсун. Жаштарыбыз ыймандуу болуп, келечеги кең болсун. Алтын доор деп жатабыз, алтын доо рубуз бейпил, керемет жашоо тартууласын. Мен 25 бириккен уюмдарынын ичинен «Түгөлбай Ата» коомунанмын. Биздин бириккенибиздин да өзүнчө бир себеби бар, качанга чейин эле кыргыздар өз-өзүнчө бөлүнүп жүрөт эле. Беш манжа бир билекке бириккендей, кыргыз элим биригип бир бүтүндүккө келишсе, ынтымак, ырыскы, кут-береке биригет дейт. Кыргыз элимдин өнүгүшү үчүн барыбыз биригип жатабыз.

Гүлжамила ШАКИРОВА, акын, журналист:

– Бүгүнкү уюмдардын биригүүсү чоң ачылыш болду. Кыргыздардын сезимине жакшы бир окуя жаралды десем болот. Көктөм менен жаңы ачылыштар, тушоо кесүүлөр өттү. Бул кез биздин жан дүйнөнү ойгото турган мезгил экен. Ушул ачылган жол байыркы ата-бабаларыбыздын башатына алып барсын дейт элем. Бул иш-чарабыз мындан ары уланып, өзүнүн өзөгүн тапсын. Айылдан башталган жол ааламга кетет демекчи, ушул «Манас Айылы» этнографиялык айылынан башталган жол ааламга кетсин жайылып. Кыргыз элимдин баардык улуулуктарын өзүнө камтып, элибиздин жүрөгүн ойготсун. Жыл сайын булл ачылыш кеңейип, тамыр-бутагын жайылта берсин.

Бүбүкадича ОРОЗАЛИЕВА, 10 баланын энеси:

– Бүгүнкү Нооруз майрамын Кыргыз ата, Кыргыз энелерибиз илгертеден Улустун улуу күнү деп майрамдап келишкен. Бул бизге салт катары жетип келип олтурат. Нооруз майрамын март айында тосконубуздун себеби, жерге жан кирип, адамдардын сезимдери мээрим, нурга толуп калган мезгил болот. Адамдардын бири-бирине болгон мамилеси мурдагыдан да күчтүү болуп, жерге дем кирип, чөп чыгып, бак-дарактар гүлдөп, малдар төлдөп дегендей, баардык жакшы нерселердин башаты башталган мезгил. Ошондуктан, ушул кезде сүмөлөк кайнатылып, Кудайдан бата тилейбиз.

– Ноорузда сүмөлөктөн тышкары көжө кайнатылат эмеспи. Бүгүнкү майрамда көжө сиздин колуңуздан даярдалыптыр, ушул тамак боюнча айта кетсеңиз?

– Илгертеден ак элечек энелерибиз көжөнү буудайдан, арпадан жасап келишкен. Өзгөчөлөгү, көжө бүтүндөй бойдон дандан жасалат, данды тазалап, кууруп алып, өзүнчө бышырат. Нукул дандан жасалган тамактын кубаттуулугу башкача болот. Чоң апаларыбыз айтып калчу эле, сөөгү жукарган кезде көжө жасап ичкиле, мээңер толот деп. Азыр ойлоп көрсөм, «мээ толот» дегени кубаттуу болуп, жаш балдардын акыл-эсинин толук жетишип чоңоюшуна да жардам берет экен. Көжөнүн дандан жасалганынын себеби, бир эле дан жерге түшсө, андан канча дан өсүп чыгат, ошентип, көбөйсүн, өссүн, токчулук болсун, жер кыртыштансын деген тилек менен жасалат. Көжөнүн сыры мына ушунда жатат. Эми, бул майрамда жасалчу быштак тууралуу да айтайын. Быштак – көчмөн элинин улуттук тамагы. Себеби, жердин да кыртышын кетирбей, малды да арыктатпай көчүп конуп жүргөн кездеринде уйду саап алып эле, саалган сүттү кездемеге куюп, суусун агызып алып эле кете беришчү. Суусу аккандан калганы быштак болот эмеспи, аны эрте менен мал айдап жүргөн балдарга беришкен. Быштактын кубаттуулугу да мыкты, адамды ток тутат, ак болгондуктан ичти тазалайт. Быштакты жасап жатканда да элибизге ушундай ак пейил келсин, ак сүт ичип өпкөсү агарсын, элибиздин биримдиги айрандай уюсун деп жасайбыз.

– Сүмөлөк боюнча да айтып берсеңиз?

– Сүмөлөккө азыркы учурда, замандын өзгөргөнүнөн ар түрдүү даамдар кошулуп кайнатылып келет. Саатын эсептебегенде жылдыз чыккандан баштап таң сүрүлгөнгө чейин кайнатылат. Ошончо убакыт кайнатылган тамакты кары-жаштын баары келип аралаштырып тилек айтышат. Анан тамактын өзүнүн эле энергиясы канча болот, а көптөгөн элдин тилеги айтылып жасалган тамактан бир эле илим жесең жетишерлик деңгээлде күч-кубат берет. Илгери уламыш айтылчу эле, бир мейиз 40 кишиге жетиптир деп. Ал эми сүмөлөккө канчалаган мейиз, өрүк жана башка даамдар кошулат. Ушулардын баарынын энергиясы адамга күч-кубат берет.

Фотолор Бакытбек АБДИВАЛИЕВДИКИ

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *