Аял турмушу – заман күзгүсү

Кубатбек ОСМОНОВ

«Катуу сѳзүм айтпасмын, артылтып камчы чаппасмын»
(«Манастан»)

«Баламдын бутуна кирген тикенек, менин карегиме кирсечи» деген ары таңгалыштуу, ары философиялык кыйыр маанидеги терең ой камтыган сѳз бекеринен эл ичинде айтылып калбаптыр. Ал эми жигиттин кызга карата: «Сен үчүн жаным курман» деген сѳзүн бир же бир нече жигит курман болуп кетсе дагы жогорудагы эне сѳзүнѳн бийик коюуга эч мүмкүн эмес. Он ай омурткасы сыздап, болочок наристени боюнда кѳтѳрүү, кан-жаны  кетип, аны жарык дүйнѳгѳ алып келүү, ак сүтүн берип асыроо, тарбиялоо татаал иш болгондуктан – «эне сүтүн эч ким актай албайт».

Эненин жүрѳгү «солк» этсе, дүйнѳ «болк» этет. Эне жүрѳгү менен табият кубулуштары, жаратылыш коркунучтары жана ырайымдуулуктары бир тутумда окшобойбу. Эркектер намысыбызды бербей: билимибизге, турмуштук тажрыйбабызга,  «чоңдугубузга», зиректигибизге салып билерман, маселелерди чечүүчү болгонубуз менен баарыбир «кабыргабызга» кеңешип, бирдиктүү бүтүм чыгарып келе жаткандыгыбызды унутпашыбыз керек. «Кеңешип кескендин – бармагы оорубайт» деген накыл кептин башаты да үй-бүлѳдѳн башталары анык.

Чыдамкайлыгы жагынан аялзаты эркектерге караганда ысыкка байымдуу, суукка чыдамдуу. Жүрѳк жарылткан сүйүнүчтү да, ѳкүнүчтүү оор кайгыны да сабырдуулук менен кѳтѳрѳ билет. Аты-жѳнүн айтпай эле койойун, мен сыйлаган бир коомдук ишмер ага бар эле. Кызматта иштеп, анан ишсиз жүрдү. Бир күнү ал жаңы кызматка кабыл алынганын капыстан угуп, дароо катуу сүйүнгѳндүктѳн жүрѳгүнѳ доо кетип, дүйнѳ салып кете берди. Аялзаты мындай кубанычты кадыресе эле кабылдамак. Анткени анын дене түзүлүшү, акыл-эс тутуму, дүйнѳтаанымы, чыдамкайлыгы илимий жактан да аныкталган. Дене түзүлүшүбүздүн бир бѳлүгүндѳ ооруксунуу пайда болгондо эркектердин чыдамдуулугунун чеги кырк беш кѳрсѳткүчтү түзсѳ, аялзатында ал кѳрсѳткүч элүү жетини түзѳт экен. Аялзатынын артык сапатын байыркы ата бабаларыбыз: «Аялдар ит жандуу» деп жѳнѳкѳй жана так салыштырмалуулукта айтып коюшкан. Ал сѳз дегеле адам баласы жаңыдан жаралганда айтылганынан кабар берет. Мисалы, топ-топ болуп жүрүшкѳн адамдар түнѳк үчүн же коргонуучулук үчүн белгисиз бир үңкүрлѳргѳ кирерде тобу менен эмес, сѳзсүз түрдѳ эң алгач бир ургаачысы гана кирип байкап чыкчу экен. Анын чечими менен гана калгандары арекет кылышкан. Эгерде үңкүр ичинен ал каршылыкка дуушар болуп чыкпай калса, кийинки дагы бири кирбестен, сапарын андан ары улантышкан. Андай тобокелчиликке эркектери эч барган эмес.

Тукум улоочулугун баардык жан-жаныбарлар коргонуу инстинкти менен биргеликте эриш-аркак алып жүрүшкѳндүктѳнбү, кайсы жыныстагылары азыраак болсо аяшкан, коргошкон. Матриархат доору а балким ошондон улам келип чыккандыр. Адам баласы кѳп доорлорду басып ѳтүп, патриархаттык доорду жашаганыбыз менен жаратылышта матриархаттык эрежени ыйык туткандар бар. Аларга алгыр куштар кирет. Бул кептин тѳркүнү мында: Тоң районунун Оттук айылында Аркадий Деменчук деген мүнүшкѳр болгон. Ал Ашырбай, Турумбек жана манасчы Саякбай аталардан мүнүшкѳрлүктү үйрѳнүп, Иркутскдагы биолог–охотовед институтун да бүтүрүп, айлап-жылдап тоо койнунда конуп-түнѳп, алгыр куштар дүйнѳсүн изилдеген. Турумтай, кыргыйдан берки ителги, куш-бүркүттѳрдѳ бүгүнкү күндѳ да матриархат жашоосу уланганын далилдеп берген. Аларда жаратылыштын оор шарттарына, экологиялык булганууларга карабастан тукумун улоо – балапандын кѳзү ачыла элек кызыл эт кезинен баштап, тээ байыркы иштелип чыккан тамактандыруу, талпынттыруу, такшалтуу эрежелери менен гана чоңойтуп, уясынан учурат экен. Биздин аялзатыбыз мекенди, үй-бүлѳсүн суук кѳздѳн, ачуу сѳздѳн коргогондой, алгыр куштар да ѳз ѳрѳѳнүн коргошот. Балапаны уядан башын чыгарып, биринчи аңчылыкка чыкканда гана алдуусу алсызына кол салып, коргоо эрежеси жылына бир гана ирет бузулат. Ал эми миңдеген, миллиондогон жылдар бою аялзаты тукум улоону ыйык сактап, техникалык прогресс ѳнүккѳн доорго чейин сактап келсе, аяккы чейрек кылымда биз эркектер аларды коргой албай келебиз. Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов чыгармаларында адам баласынан (дээрлик эркектерге мүнѳздүү болсо керек) ѳткѳн жырткыч жоктугун баса белгилеген эмеспи. Же улуу сѳз менен тарбиялык мааниде айтылган Байдылда Сарногоевдин:

«…Аялдар үйдүн баркы экен,
Үйл
ѳнүш ата салты экен.
Балдарды т
ѳрѳгѳнү эле болбосо,
Балталап салчу калк экен», –
деп каймана, тамаша иретинде айтылган сѳздү акылы тайкылар түз маанисинде түшүнүп, «кабыргасын», башкача айтканда сүйүп алган жарын же эне-атасын барктабай келишет. Ал эми жашоодогу аялдарын, ата-энесин балталап же кескилеп салган аянычтуу, ѳкүнүчтүү учурлар кездешпей койбойт. Мисалы, Бишкек шаарынын бир жаңы конушунда, Россияда жүрүшүп акча таап келген ѳз ата-энесин балталап, бычактап ѳлтүрүп короосуна кѳѳмп, кошуналары жагымсыз жыттарды сезгенде гана кылмыш иши ачылган окуя болгон.

Тээ байыртадан ат кѳтѳргүс оокатты алып жүргѳн кѳчмѳн турмушубузда Кетбука бабабыз «Жаштарың дүйнѳ кууп, кыр–кырдан качат сак болгун» деген экен. Акыл-эс тутуму, дүйнѳтаанымы жок, материалдык гана байлыктын, ашынган ачкѳздүктүн кулу болгон, үй-бүлѳдѳгү байлыкты аялы менен чогуу эле жыйган бир наадан балапандай балдарынан да дүнүйѳсүн кызганып, үч бала тѳрѳп берген аялын Сокулуктун ээн талааларына алып барып, бѳтѳн бирѳѳгѳ акча тѳлѳп берип, ѳз келинчегин ташбараңга алдырып ѳлтүргѳн. Үчүнчү баласы ошондо бир жашка чыга элек эмчектеги наристе болчу. Ал мыкаачынын топтогон, буюрбаган байлыктары: Дордойдогу контейнерлери, үйлѳрү, тигүү цехтери, эң ѳкүнүчтүүсү, томсоргон томолок жетимдери калды бирѳѳнүн колунда. Үй-бүлѳ-Коом-Мамлекет үчилтиги кайсы бир күчтѳр тарабынан, ички тарбиясыздыктан улам талкаланууда. «Уядан эмнени кѳрсѳ, учканда ошону алат» деп кыргыз эли таасын айткандай, жыйырма жыл мурда улгайган ата-энесин карылар үйүнѳ тапшырганына таңгалсак, эми минтип балталаганына күбѳ болуудабыз.

Акыркы жыйырма жылда Кыргызстандын элинин жарымына чукулу күнүмдүк жашоодон улам, кээси байлык кѳздѳп, сыртка чыгып кетти. Ушул жылдарда жети жүз, сегиз жүз миң бала тѳрѳлбѳй калды. Ал наристелердин күлкүсүнүн, жашоо-ѳмүрүнүн болбой калышына ким күнѳлүү?.. Албетте улуттук наркты,  тарыхый баалуулуктарыбызды билбеген катардагы ѳспүрүмдѳрүбүздѳн баштап бийлик башчыларына чейин баары күнѳѳлүү. Пружина чексиз чоюлбайт, кайра артка тебет…

Коомдун ѳнүгүшүн сасык саясатчылар камсыздабайт, «жокко кайыл, барга каниет» кылган доорунун чыныгы элитасын түзүшкѳн агартуучулук, адам саламаттыгын камсыз кылгандар, даанышмандар камсыздайт. Бул озуйпаны ал энтузиаст адамдар алмустактан бери аткарып келе жатышат. Аткара берет. Дүйнѳ топтогон, эл ырыскысына кол салгандар, кызматынан кыянаттык менен пайдалангандар келечегибиздин татыктуу генофондун түзѳ алышпайт. «Алма дарагынан алыс түшпѳйт» деген накыл кеп бар элибизде. Ал эми «Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат» накыл сѳзү турмуш чындыгы эмеспи. Ошол эл камын кѳргѳн эки миңдей саламаттык сакчыларынын арзыбаган айлыктан иш таштоосу, башка жакка чыгып кетип, бүт дем-күчүн, опол тоодой энергияларын бѳтѳндѳргѳ арнашы – Кыргызстандын кутун качырганга тете. Алардын айлыгын азыноолак кѳтѳргѳнү менен мугалимдердин айлыгы кайра тѳмѳндѳѳдѳ. Ал эми мугалимдердин дээрлик басымдуу бѳлүгү аялдар экенин баарыбыз билебиз.

Аярлуу  аялзатыбыз  корголбосо – (ѳздѳрүнүн да моралдык, эрктик бекемдигине, сабаттуулугуна жараша) ѳзүбүздүн эле кем акылдарыбыз, ошондой эле башка зѳѳкүрлѳр тарабынан кордолот да. Буга чейин да маалымат каражаттарынан билдирилген 2010- жылдын 10-апрелиндеги Мээрим Ибраеванын ѳзбек ойрону М.Нуржановдун жана түрк (күрд) мыкаачысы Р.Арипов тарабынан «Манас» аэропорту тарапта зордукталып, ѳлтүрүлүп, ѳрттѳлүшү укук коргоочулар тарабынан күнѳѳ так коюлганына карабастан , Кыргызстандын тузу, суусу урган М. Лужанскийдин (кылмышкер-жактоочу) жана башка акчанын кулу болгон соттордун абийирсиздигинен улам алтымыш тѳрт жолу сот отуруму болуп, кылмышкерлер эми гана араң соттолду. Ага чейин, 2011-жылдын 16-апрелинде «Бета Сторес» соода борборунун технологу, түрк жараны Г.Йылмаз кыргыз кызын сабап, зордуктоого арекет жасап, ичин жара тепкенинде уялбай эле аял сымал абийирсиз соттор: Людмила Нарынбаева жана Жыпара Калыбекова «сот отурумуна киришип койчу» деп Мая Бейшенованы да ала жатып, биринчи эле сот отурумунда Г.Йылмазды актап жиберип, кылмышкер качканда Кыргызстандын чегарачылары ѳткѳзүп жиберген. Казактар кармаган. «Кыргызстан жаштар Кеңеши», «Кыргыз Чоролору», «Ак Шумкар Кут» ж.б. коомдордун мүчѳлѳрү элчиликтерге , сатылма бийликтегиликтерге талаптарды коюп жатып, болгону ал алты жылга эркинен ажыратылган. Биз ал кыздын түрккѳ намысын жеңдирбегендиги үчүн да жан тарттык.

Элибизде «Эшигин кѳрүп тѳрүнѳ ѳт, энесин кѳрүп кызын ал», «Аганы кѳрүп ини ѳсѳт, эжени кѳрүп сиңди ѳсѳт» деген эч элде кайталангыс жашоо эреженин туу чокусу, улуттук наркыбыз болгон. Бѳтѳн элдерге баардык жагынан үлгү болчу баалуу сапаттарыбыз эң эле кѳп. Ошондуктан каныбыз таза сакталып келген. Интернет булактарынан, сыналгыдан: «кыргыз кызына үйлѳнүп тукумумду сактап калат элем» деген кулактандыруулар да бекеринен эмес. Тѳрүбүздүн куту, үйүбүздүн коногу болгон андай кыздар ѳзүбүзгѳ да албетте керек. Утурумдук кыйынчылыктарга кабылганыбыз менен, «Эсиң барда этегиңди жап» дегендей, кыргыз кыздары адептүүлүгү, билимдүүлүгү, ызааттуулугу жагынан улуттук нарктуу мүнѳзгѳ жетишип, ал эми мырзаларыбыз алардын кадырына чындап жетишерине ишенели.

МЕН АЯЛМЫН

Жазга айкашып  көктөм көөлгүп  бергендей,
Аял барда дүйнө кирсиз  тазарат.
Жылмайганы жылуу мээрим төгүлтүп,
Аял менен өмүр көктөп жашарат.

Бардык дүйнө бир өзүңө  байланат,
Аял-Эне жашообуздун булагы.
Бакыт кушу  бир өзүңө байланат,
Балага эне, эркекке жар, ынагы.

Аз жашоодо азабы көп болсо да,
Аял-Эне – сулуу назик гүлбурак.
Барктай алсаң жарашыгын төгүлтүп,
Бактысы артып, баскан изин гүл кылат.

Аруузатмын дал ошондой аялмын,
Аткарууга кызматыңа даярмын!

Аялсың – деп, алсыз көрбө жан эркек,
Аның туура, акыйкатта аялмын.
Кылаар кезде кызматымды аянбай,
Кыйындыкта үй тиккенге даярмын.

Мейли өзүңдү бийик сезгин бир баскыч,
Айтпай деле койгун анттуу  сырыңды.
Канткен менен касиетим билип кой,
Кай бир кезде токтото алам чырыңды.

Мен ошолмун, дал ошондой аялмын,
Ар бир ишке кылдат карап аярмын.

Аялсың! – деп, алсыз сезсең сезе бер,
Алым жетет колдошушка, ташыңа.
Аяп турам, аял эмес, энедей,
Азап мүшкүл иш түшкөндө башыңа.

Жанып-күйүп, жан дилиңден сүйө алсаң,
Жароокермин, кучагыңда таттуумун.
Жеңил көрүп уйпаласаң убайга,
Жараланып жандан кечкен аккуумун.

Мен ошолмун, дал ошондой аялмын,
Жаманың жууп, жакшылыгың  жаярмын!
Алыс жүрсөң карааныңды утурлап,
Караңгыда жарык берер чыракмын.
Кана жутуп, анан кайра булгасаң,
Каргыш берип, агып кетээр булакмын!
Өкүнүчсүз, рахат берип сүйө алсаң,
Өмүр бою өзүң менен ынакмын.

Мен ошолмун, дал ошондой аялмын,
Акыл менен ар бир ишке  аярмын!

Гүлжамила ШАКИРОВА, акын

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *