Apr 15

Сѳйкѳ салуу

Бул – куда түшүүнүн башталышы, сыр билги адамдардын сырдана мамилеси, ич ара кадыр туткан каада-салты. Мал алып келишип, кыргызда күмүш нарктуу деп, күмүш сѳйкѳ салышчу. /й ээси урматтап тосуп, кайра кийит менен жѳнѳтчү. Мында куда болуучулар бири-бирине кулдук уруп, ѳз ара ызатташып, болочок жаш үй-бүлѳлѳргѳ түбѳлүктүү камкордук кѳрүшѳт.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 12

Бешик той – бешикке салуу

Наристенин тѳрѳлүшү – ошол үйдүн ашкан кубанычы. Бешик той берилет. Колдо бар мал союлат. «Илгери анын бешик тоюна ак кочкор союлган» деген сѳз бар. Тойго чакырылгандар кѳйнѳк-кече, ороо-чулгоо, акча-тыйын ыроолошот, мал алпарышат. Адатта, таеке-тайындары бешик, шимегин жасатып, анын тѳшѳнчү-орунчусун жасалгалап барышат.

Набаттуу байбичелер чоң дасторконго отуруп, оң-сол чүкѳлѳрдү бешиктин баш жагынан кѳтѳрүп эңкейтип, «оң бол, оң бол» дегенде, ал чүкѳлѳр күлтүгүнѳ түшүп кетет. (Ага дейре бешик менен шимекти майлап, арча аркылуу аластап алат). Колдорун тийгизип ич ара ырымдашкан байбиченин жанындагылар менен чогуу наристени жаткырышат. «Бешик апа, бек карма, умай эне, уйку бер» деп баланы таңат. Жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы… болуп, жети нерсени бешикке жаап, энесине карматат. Ал кѳтѳрүп алып, тѳрдѳн эшикке, эшиктен тѳрдү карай жүгүнѳт. Байбичелер алкайт, баталарын берет. Эми бешик терметилет.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 09

Жентек

Наристе тѳрѳлѳѳрү менен кошуна-колоңдорго жетине албай, зор кубаныч менен даам сыздыруу. Болгон тамак-ашын ортого коюу. Мурда сары май бузуп, алгач наристеге оозантуу, үйдүн кары адамына ооз тийгизүү – нарктуулукту билгизчү. Ал «жентек» үчүн атайын даярдалып,  мурунтан козу карын, кой карын, торпок карын сары май куюулуп сакталган. Анын уландысы «Бешик той» болуп кетет.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 06

Ажырашаар аяк (кѳчүп кетүү)

Башка жерге кѳчүп кетүү алдында айылга тамак-аш берип, эл-журттан бата алуу. Бул, алга жараша болот. Мында козу менен деле ажыраш аяк берет. «Коюу чай» да жарайт. Айрымдар жылкыны баш кылып соет. Бозо кордолот, кымыз кѳрѳңгѳлѳнѳт. Айрым «ажыраш аяк» даңазага ээ болот. Жүгүн салышат. Кыйышпастар кѳчүп кетип жаткандарды жерине чейин жеткизет. Же баланча жерден «коштошту» болду менен кайтышат. Мындан ынтымак куралат. Дос-тамыр күтүлѳт. Илгери-кийин салам беришет. Элине-жерине ыраазычылык билдиришет. Ажыраш аяк бербегендерге «Беш киши чакырып бата алганга жарабады», «Түн жамынып кѳчүп кетти», «Эл-жердин сыйын кѳрүп, ушул жерден бала-бакыралуу болду эле»… деген себеп сѳздѳр айтылат.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 03

Ѳрүүлүк (кѳчүп келүү)

Жакын кѳчүп келген үй-бүлѳнүн жакын-алысына карабай, куржун кечеге тамак-аш (бышкан эт, каймак, май, боорсок, кымыз, бозо, ж.б.), айрымдарына кездеме, мал, буюм-тайым (шырдак, туш кийиз, тѳшѳк, кийит ж.б.) алып барып, жаңы конуштагы эшик-тѳрүн кѳрүү. Ал үй да жетине албай, бар оокатын аябай, кабыл алат. Жандык союп да коет.

Айрым учурда ѳрүлүктѳп баргандарга кайра кийим да кийгизет. Сыр билги немелер бири-бирин сыйлап турат.  Жакшы кошуналар ырыстуу тамактарына тең орток болушат. Конок келген үйдүн кадырлуу меймандарынын катарында отурушат. Ѳрүлүктѳн таарыныч да, мактаныч да пайда болот. «Жанаша кѳчүп барсам, беш токоч ѳрүлүгү болбоду», «Эшик-тѳрүн кѳрѳ элекпис, кошуна-колоңго жок немелер экен» сыяктуу сындар айтылат. Ушундайдан алыс-жакындардын аралары ачылап кетүүлѳрү да болуп жатат.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби