May 28

Залкар күүчү, кайталангыс комузчу Нурак  агабыздан айрылганыбызга  26-май күнү эки жыл болот. Ал кечээ эле комузун колунан түшүрбөй арабызда жүргөн…

1-Нурак аба

Залкарды эскерүү

Жаны тынбаган эмгекчил мүнөзү менен күү аткаруунун, ыр ырдоодонун үстүндө  талыкпай изденип жашаган агабыз тамак ичүүнү унутушу мүмкүн эле, бирок комуздун кылдарын кылдыратып күү издегенди саамга да унутчу эмес. Күүлөрүн чыгаруу, обондорун жаратуу  менен гана чектелип калбай, күүлөрдүн уламыш тарыхын чечмелеп жазып, кыргыздын санжырасын кагазга түшүрүүдө да алтындай убакытын коротуп, андан сырткары комуз чаап, уста болуп, чыгармачылыктын албуут дайрасында күн-түн дебей сүңгүп жүрчү. Дүйнөлүк деңгээлдеги канча күүлөрдү жаратса да, аларды жогорку чеберчиликте аткарса да, “дагы эле марага жетпей жатам” деп токтоно албай, өзүнө катуу талап кое билген инсан эмес беле. Нурак Абдрахманов талбаган изденүүсүнүн, толгонуусунун аркасы менен комуздун ичеги кылын жибек жипке алмаштырганды таап берип, азыркы комузчуларды ичегиге окшош коңур үндүү кылга ээ кылып кетти. Continue reading

May 28

Аттокур ЖАПАНОВ, КРСУнун профессору: “Бизге булчуӊдары буркуйган аскерлер эмес,  акылы жетик жоокерлер керек”

29-май – КР Куралдуу күчтөрүнүн күнү!

adb2f2f5ff61bf10026e12843adb5c29

Улуу жердин кутун урпактарым уласын деп, ушул жерде жаратман жашоо курасын деп, Айкөл атабыз аруу канын төккөн, баатырларыбыз жүрөгүн берген жер – Кыргыз жери.

Ала-Тоону сактоо – актыкты, Теӊир-Тоону сактоо – теӊдикти, Пергананы сактоо – пейилди, кыргызды сактоо – кылымды сактоо деп кабылдап, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 24 жылдыгын утурлай армиябыздын, коопсуздугубуздун абалына, кыргыз жоокерлерине байланыштуу суроолорго жооп алуу үчүн КРСУнун профессору Аттокур ЖАПАНОВ агай менен маек курдук.

Continue reading