Биз, Кыргызстандын эли, мындан ары унчукпай отура бербейбиз! Дүйнөгө чындыкты жеткиребиз!

“Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылы”

“Эч ким күнѳѳлүү эмес, рынок экономикасы баарын башкарып жатат. Бирок жакшылап ойлонуп кѳрсѳк, күнѳѳлүүбүз. Күнѳѳнүн баары ѳзүбүздѳ, баш кѳтѳрбѳй, унчукпай жүргѳнүбүздѳ… баарыбыз күнѳѳлүүбүз”.

Чыңгыз Айтматов, «Тоолор кулаганда» (Кызкайып)

2-фото

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КРЕДИТТИК АМНИСТИЯ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫШКЫ КАРЫЗЫН ЖОЙУУТАЛАПТАРЫ

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУНУН БАШКЫ КАТЧЫСЫ

Пан Ги Мун мырзага

ГААГАДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ЖАЗЫК СОТТУН ТѲРАГАСЫ

Сон Санхён мырзага

ДҮЙНѲЛҮК БАНК ГРУППАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

Джим Ен Ким мырзага

ЭЛАРАЛЫК ВАЛЮТАЛЫК ФОНДДУН ДИРЕКТОР-ѲКҮМДААРЫ

Кристи́н Мадлен Одетт Лагард айымга

ЕВРОПАЛЫК КЕҢЕШТИН ТѲРАГАСЫ

Дональд Францишек Туск мырзага

ЕВРОПАЛЫК КОМИССИЯНЫН ТѲРАГАСЫ

Жан-Клод Юнкер мырзага

ЕВРОПАЛЫК ПАРЛАМЕНТТИН ТѲРАГАСЫ

Мартин Шульц мырзага

ЕВРОПАДАГЫ КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН ТѲРАГАСЫ Франк-Вальтер Штайнмайер мырзага

ЕВРОПАЛЫК КАЙРА КУРУУ ЖАНА ѲНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

Сума Чакрабарти мырзага

ЭЛАРАЛЫК КАРЖЫ КОРПОРАЦИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ

Джин Йонг Кай мырзага

ГЕРМАНИЯ ѲНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ТѲРАГАСЫ

Ульрих Шрёдер мырзага

АМЕРИКА КОШМО ШТАТТАРЫНЫН ЭЛИНЕ ЖАНА ПРЕЗИДЕНТ

Барак Обама мырзага

ГЕРМАНИЯ ФЕДЕРАТИВДИК РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛИНЕ ЖАНА КАНЦЛЕР Ангела Меркель айымга

ГОЛЛАНДИЯНЫН (НИДЕРЛАНДЫНЫН) ЭЛИНЕ ЖАНА ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

Марк Рютте мырзага

ЛЮКСЕМБУРГДУН ЭЛИНЕ ЖАНА ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

Ксавье Беттель мырзага

РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ЭЛИНЕ ЖАНА ПРЕЗИДЕНТИ

Владимир Путин мырзага

УЛУУ БРИТАНИЯНЫН ЭЛИНЕ ЖАНА ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

Дэвид Кэмерон мырзага

ЯПОНИЯНЫН ЭЛИНЕ ЖАНА ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

Синдзо Абэ мырзага

ШВЕЙЦАРИЯНЫН ЭЛИНЕ ЖАНА ПРЕЗИДЕНТИ

Йоханн Шнайдер-Амманн мырзага

Урматтуу дүйнѳлүк жана регионалдык уюмдардын башчы мырзалары жана айымдары!

Урматтуу кыргызстанга жардам берген ири донор ѳлкѳлѳрүнүн эли жана ѳкмѳт башчылары!

Кыргызстан ѳз алдынча эркин мамлекет болуп дүйнѳгѳ таанылганына быйыл, 2016- жылдын 31-августунда 25 жыл болот. Ошол күндѳн тарта Кыргызстан баардык дүйнѳлүк уюмдардын мүчѳсү болуп жана дүйнѳдѳгү ѳлкѳлѳр менен карым-катнаш түзүп келет.

Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун негизги конвенциясы болгон «Адам укуктарынын жалпы декларациясын» таанып, аны ратификациялаган. Бул декларация Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын бир гана Кыргыз Республикасынын бийлик бутактары тарабынан сакталбастан, дүйнѳдѳгү баардык ѳлкѳлѳр тарабынан жана дүйнѳлүк уюмдар тарабынан да сакталышын талап кылат.

Биз Кыргызстандын элинин адам укуктары 25 жылдан бери Кыргызстанда иш алып келген дүйнѳлүк уюмдар тарабынан тепселенип келди деген тыянакка келип жатабыз. Албетте бул Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын жана ушул кайрылууга макул болуп ѳз колдорун колдоп койгон жарандардын кѳз карашы жана позициясы деп билиңиздер. Биз мындай тыянакка келүүбүздүн негизги себептерин Кыргызстандын жарандарынын финансылык институттар менен болгон карым-катташтарынан келип чыккан адам укуктарынын бузулушунан кѳрѳбүз.

Кыргызстан суверендүүлүктү алып ѳз алдынча демократиялуу ѳлкѳ болгондон кийин 1990-жылдын башында жана 2000-жылдары Кыргызстанга кѳптѳгѳн эл аралык уюмдар жана ѳнүккѳн донор ѳлкѳлѳрүнүн ѳнүктүрүү агентстволору, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү менен келишим түзүп, ѳнүктүрүү программаларын баштаган. Ошол программалардын бирден-бир чоң компоненттеринин бири Кыргызстандагы кедейликте жашаган элдин жеке чарбаларын жана бизнестерин ѳнүктүрүү үчүн финансылык ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүү болгон. Мына ошол компонентти ишке ашыруу үчүн Кыргызстандагы эл аралык коммерциялык эмес уюмдар микрофинансылык уюмдарды негиздей баштаган. Бул процесс 90-жылдардын аягында жана 2000-жылдардын башында ишке аша баштаган.

Мисалы, USAID агенттиги 1995-жылы FINCAны Кыргызстанга алып келип негиздеген.

Кайрымдуулук Корпусу (Mercy Corps) 1997-жылы микрофинансы программасын баштап, 2003-жылдан тарта Mercy Corps “Компаньондун” жападан-жалгыз уюштуруучусу жана ээси болуп саналат.

Америкалык өкмөттүк эмес уюм ACDI/VOCA жана швейцариялык Caritas уюму менен бирге өткөрүшкөн «FoodforProgress» монетизациялоо программасынын алкагында эл аралык долбоор катары өз ишин 1997-жылы баштоо менен «Бай-Түшүм» банкы финансы рыногунда 2000-жылдан баштап иштеп келүүдө. ACDI/VOCA ошондой эле «Фронтиэрс» микрокредиттик компаниясынын ээси болот. Агахан Агентствосу «Биринчи МикроКредиттик Компаниясын» 2003-жылы негиздеген.

Аталган банктар жана микрофинансылык уюмдар бүгүн Кыргызстандын финансылык системасында эң ири кѳлѳмдү ээлейт. Мындан тышкары дагы ушуга окшогон жүздѳгѳн чакан микрофинансылык уюмдар ишин алып барышат. Бирок биздин коюп жаткан маселелер алардын декларация кылган максаттары менен жасап жаткан иштеринин дал келбестигинен келип чыгып жатат.

Бул банктар жана микрокредиттик уюмдар кедейчиликти жана жакырчылыкты кыскартуу максаттарын жамынып алып, дүйнѳдѳгү ири эл аралык финансылык институттардан жана эл аралык уюмдардан,фонддордон пайызы ѳтѳ тѳмѳн, узак мѳѳнѳттүү кредиттерди жана бир тараптуу кайра кайтарылбай турган гранттарды алып ѳздѳштүрүп, а бирок элди эбегейсиз чоң пайыздагы (44%) жана кыска мѳѳнѳттѳгү (1-2 жыл) кредиттерди берип, мээнетин жеп, эзип жаткандыгы. Ошол эле АКШ да, Швейцарияда, Германияда, Голландияда, Люксембургда бүгүнкү күнү фермерлерге кредит пайызы жок берилет, жѳнѳкѳй керектѳѳчү кредиттерди элдери1%дан ашпаган үстѳк менен алышат.

Биздеги банктар жана микрокредиттик уюмдар иштешкен дүйнөлүк ири институттарды, уюмдарды атай кетсек, алар: Дүйнѳлүк Банк Группасына кирген Эл аралык финансы корпорациясы, Европалык кайра куруу жана ѳнүктүрүү банкы, Германия ѳнүктүрүү банкы, USAID АКШ, ошондой эле дүйнѳдѳгү микрофинансы уюмдарын колдогон фонддордон Голландиянын Tripple Jump, Oikocredit Netherlands, Швейцариянын Caritas Switzerland, Helvetas, responsAbility Investments AG, BlueOrchard Finance Switzerland, Symbiotics Switzerland, Люксембургдун Bamboo Finance, эл аралык кайрымдуулук Habitat for Humanity International фонду жана башка ушул сыяктуулар.

Анысы аз келгенсип, ошол FINCA, “Компаньон”, “Бай-Түшүм” банктарынын кызматкерлери кредиттерин тѳлѳй албай жаткан жакыр үй-бүлѳлѳрдүн үйлѳрүнѳ барып сотко берем деп, укук органдарына кайрылабыз деп коркутуп, аял-эркегине, кары-жашына карабай иштеген жерине барышып, жамааттагыларга жана жетекчилерине уят кылып, тууган-уруктарына айтып уяткарып, насыя алуучуларды барымтага алышып, ломбарддардан жана кол карыз бергендерден эбегейсиз үстѳк менен акча алууга (200%) мажбурлап, кедей-кембагалдардын укуктук сабатсыздыгынан пайдалануу менен берген кредиттерин ѳндүрүп жатышат. Банктардын жана микрофинансы уюмдарынын кызматкерлеринин ѳзүлѳрүнүн кардарларына мындай террордук мамиле жасоосу ансыз да жакырчылык турмуштан кыйналып жүргѳн кээ бир жарандарды ѳз жанын ѳзүлѳрү кыйууга (суицидге) түртүп жатат.

Элестетип кѳргүлѳчү, расмий статистика боюнча, Кыргызстандын 6 миллион элинин 3,5 миллиону жумушка жарактуу, ал эми Кыргызстанда официалдуу статистикалык булактарга ылайык 2016-жылдын 1-январына карата 536 миң активдүү насыя алуучу бар. Демек, Кыргызстандын ар бир 7-чи жаранынын кредити бар, ар бир экинчи үй-бүлѳдѳ кредит бар. Ошол эле официалдуу статистикага ылайык кредит алгандардын ар бир бешинчиси кредитин тѳлѳй албай кечиктирип жүрѳт. Алардын саны 2016-жылдын 1-январына 113 226 адамды түзгѳн, булардын 70%дан кѳбү аялдар, 60 пайыздан кѳбү жаш үй-бүлѳлѳр. Ушунча сандагы адамга же үй-бүлѳгѳ банктардын жана микрофинансы уюмдарынын кызматкерлери үйлѳрүнѳ келишип кредитиңерди тѳлѳгүлѳ, тѳлѳбѳсѳңѳр сотко беребиз, үйүңѳрдү сатабыз, кѳчѳдѳ каласыңар, милицияга кайрылабыз деп террор кылып жатышат. Мына ушундай террорго кептелген үй-бүлѳлѳр айла жок кол карыз алышып, ломбарддарга болгон мүлкүн ѳткѳрүшүп акча алышып, ал эми ал акчаны кайра тѳлѳй албай калышканда жаш келиндерди жана аялдарды акча ээлери сотко берип, КР жазык кодексинин «кѳз боемочулук» беренеси менен түрмѳгѳ отургузуп жатышат.

Бул фактылар менен түрмѳлѳргѳ кирип сурамжылоо кылган Кыргызстандын Омбудсмен институту да, Кыргызстандагы аялдар колониясында отургандардын дээрлик кѳбү “кѳз боемочулук” беренеси менен соттолгондор деп жазып чыкты.

Мынчалык кѳп адамдардын кредитти тѳлѳй албай калгандарынын эки чоң объективдүү себеби бар.

Биринчи себеп – экономикалык кризис. 2013-жылга чейин кризис боло электе элдин айыл чарбадан түшкѳн кирешеси кредиттерин эптеп тѳлѳп келгенге мүмкүнчүлүк берген, 2014-жылы дыйкандар кургакчылыктын айынан банкрот болушса, 2015-жылы экономикалык кризистин айынан айыл чарба продукциясынын баасы кыйла тѳмѳндѳп кетип, дагы бир ирет банкрот болушту. Эл бул жылдарга чейин тапкан мүлктѳрүн сатып кредиттерин тѳлѳп жатышат азыркы убакта. Мүлкү түгѳнгѳндѳр тѳлѳй албай, ар кайсыл жерден (кол карыз, ломбарддан) карыз ала берип карыздын сазына батып калды.

Экинчи себеп – бул кредиттердин үстѳк пайызынын ѳтѳ жогорулугу. Микрокредиттик принципте берилген кредиттер кѳбүн эсе региондордо, алыскы айылдарда берилет. Алардын үстѳк пайыздары коммерциялык банктардан эки эсе жогору болот. Мисалы, ѳйдѳдѳ аты аталган FINCA, “Компаньон”, “Бай-Түшүм” банктары жана башка финансылык уюмдар 44% эффективдүү жылдык ченем менен кредит беришет, ал эми берилген кредиттеринин басымдуу кѳп бѳлүгү 3 айдан 12 айга чейин берилет. Ошол эле убакта кредиттик тѳлѳмдѳр экинчи айынан эле айларга тең бѳлүктѳр менен тѳлѳнѳ баштайт. Биздин фермерлерге бул ыкма оор жагдайларды жаратып жатат, анткени дыйкандардын эмгек ѳндүрүмдүүлүгү ѳтѳ тѳмѳн жана чыгарган продукциясынын кошумча наркы да тѳмѳн, алардын ишинин рентабелдүүлүгү эң жакшы дегенде 10%дан ашпайт. Тапкан кирешелери ѳзүлѳрүнүн керектѳѳсүнѳ да жетпейт. Мындай кырдаалда, 44% үстѳктүү кредит дыйкандардын кирешелеринин баарын жеп коет. Ошол себептүү банктар жана микрофинансы уюмдары кедейлердин ого бетер жакыр болуусуна жана алардын адам укуктарынын тебеленишине алып келип жатат.

Бул жерде моралдык жана этикалык суроо туулуп жатат. Эмне үчүн биздин банктар жана микрокредиттик уюмдар Эл аралык финансылык институттардан, микрокредиттик компанияларды колдоочу Эл аралык уюмдардан, кайрымдуулук фонддорунан арзан жана  узак мѳѳнѳттүү 1-2%дык кредиттерди жана бекер гранттарды алышып, ошол эле акчаны өзүбүздүн элге 44% менен кыска мѳѳнѳткѳ берип, карыз сазына баткырганы аз келгенсип, алардын адам укуктарын тебелеп жатышат?

Бул банктарга жана микрофинансы уюмдарына эбегейсиз ыңгайлуу мыйзамдарды – ошол эле эл аралык уюмдардын суранычтары боюнча биздин Парламент кабыл алып берип койгон. Ал эми мыйзамда керектѳѳчүлѳрдүн укуктары эч бир каралган эмес. Ошол эле убакта бир дагы эл аралык уюм Кыргызстандагы насыя алуучулардын укуктарын кѳзѳмѳлгѳ, мониторингге алган эмес. Ал эми насыя алуучулардын укугу бузулуп жатат, бизди кабыл алып арыздарыбызды уккула деген каттарга жооп бербей, убакытты созуп, эл аралык уюмдар кутулуп жатышат.

Массалык түрдѳ адам укуктары алар негиздеген банктар тарабынан тебеленип жатканда кѳз жумуп жаткан эл аралык уюмдардын “Кыргызстанда адам укуктары сакталбайт” деп айтууга кандай моралдык укугу бар?! Ошол эл аралык уюмдардан акча алып иштеген биздин кыргызстандык укук коргоочулар эмне үчүн Кыргызстанда насыя алуучулардын укуктары массалык түрдѳ тебеленип жатат деп акыйкаттыкты талап кылып чыгышпайт?! Чоң суроо…

Банктардан жана микрофинансы уюмдары тарабынан зомбулук кѳрүүлөр жана азап чегүүлѳр кѳп жаш үй-бүлѳлѳрдүн ажырашуусуна алып келип жатат. 2014-жылы 54 942 никелешүү акты катталса, 9 235 ажырашуу актысы катталган. Демек, ар бир алтынчы үй-бүлѳ ажырашып жатат. Карыздын стресси кѳп адамдардын кан айлануу системасынын оорусуна чалдыктырууда, ѳзгѳчѳ улуу муундагы жарандарыбызды.

Кыргызстанда 2014-жылы 35 564 адам ѳлгѳн болсо, анын жарымы, тагыраак айтканда 17 913 адам кан айлануу системасынын ооруларынан ѳлгѳн.

Официалдуу статистикага ылайык, Кыргызстандын калкынын 1000 кишисине  жашы 5ке жете элек 23 наристе чарчап калат. Анын негизги себеби, келиндер боюнда болгон мезгилинде баланын эне жатынында жетишсиз ѳнүгүүсү.

Эгерде банктардын кызматкерлери келип он миңдеген боюнда бар энелерди коркутуп жатса, үй-бүлѳдѳ болгон тамагын балдарынын оозунан тартып алып, келиндер тийиштүү тамактанбай, кирешенин баары банктарга тѳлѳнүп жатса, кантип анан ден соолугу чың бала тѳрѳлѳт Кыргызстанда!

Жарым миллиондон ашык жумушка жарактуу жаш жигиттерибиз, кыздарыбыз-келиндерибиз “ата-энелерибизди кредитинен кутултайын” деп, согушка кеткендей дүйнѳнүн ар кайсы булуңунда жумуш издеп, нан жесе да кум жегендей болуп, турмуштун азабын чегип жүрүшѳт. Алардын балдары мээрим-тарбия кѳрбѳй, ата-энеси тирүү туруп жетимсиреп калышты. Бул процесстерди кыргыз элинин жашыруун геноциди деп атоого толук негиз бар! Ал эми банктардын жана микрофинансы уюмдарынын жана аларды негиздѳѳчүлѳрүнүн мындай саясатын неолибералдык фашизм деп атоо чындыкка жатат.

Ошол себептүү, “КЫРГЫЗСТАНДАГЫ НАСЫЯ АЛУУЧУЛАРДЫН УКУГУН КОРГОО ЭЛДИК КЫЙМЫЛЫ”, Бириккен Улуттар Уюму, Европалык комиссия жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү менен биргеликте Эл аралык комиссия түзүп, тѳмѳнкү маселелерди жана талаптарды изилдѳѳ процессин баштоосун ТАЛАП КЫЛАТ:

1. Эл аралык уюмдар негиздеген Кыргыз Республикасындагы банктарды жана микрофинансы уюмдарды текшерип, аудит жасап, кыргыз элин эксплуатация кылып тапкан кирешелеринин суммасын жана алар кимдин пайдасына кетип жаткандыгын аныктоо. Ошол эле убакта кедейчиликте жашаган элди эксплуатациялоодон тапкан кирешелерин аныктап, мурун ошол банктардан жана микрофинансы уюмдарынан кредит алган элге компенсация жасоо маселесин кѳтѳрүү.

2. Эл аралык уюмдар негиздеген жана эл аралык финансылык институттардын капиталынын катышы бар Кыргыз Республикасындагы банктар жана микрофинансы уюмдар тарабынан жасалган адам укуктарын бузуу фактыларын кылдат иликтеп текшерүү. Анын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандары моралдык азап чегүүлѳрү үчүн компенсация тѳлѳп берүү маселесин Гаагадагы эл аралык жазык сотуна ѳткѳрүп берсин.

3. Эл аралык финансылык институттары, эл аралык микрофинансы уюмдарын колдоо уюмдары жана эл аралык кайрымдуулук фонддору тарабынан Кыргызстандагы банктарга жана микрофинансы уюмдарына келген капитал инвентаризация болуп, Кыргызстанда ошол капиталдын эсебинен жарандарга берилген кредиттерге амнистия жарыялансын.

4. Мындан аары эл аралык финансылык институттары, эл аралык микрофинансы уюмдарын колдоо уюмдары жана эл аралык кайрымдуулук фонддору тарабынан Кыргызстандагы банктарга жана микрофинансы уюмдарына келген капитал элге кредит катары бериле турган болсо пайызы 5%дан ѳйдѳ эмес, мѳѳнѳтү жагынан 5 жылдан кем эмес мѳѳнѳттѳ берилсин.

5. Ѳйдѳдѳ белгиленген тѳрт талап аткарылмайынча, эл аралык уюмдарга жана эл аралык финансылык институттарга тиешеси бар банктар жана микрофинансы компаниялары буга чейин берилген кредиттерин ѳндүрүп алуу процессин, элди террор кылуусун, сотко берүүсүн токтотсун.

Кыргыз Республикасында эл аралык уюмдар тарабынан элге карата жашыруун геноцид жана неолибералдык фашизм саясатын эске алып, коюлган талаптар иш жүзүнѳ ашмайынча, Кыргызстандын жарандары эл аралык уюмдар негиздеген жана эл аралык финансылык институттардын капиталынын катышы бар Кыргыз Республикасындагы банктардан жана микрофинансы уюмдардан алган кредиттерин кайтарбай коюуга толук моралдык укугу бар.  Бул протестти эл аралык коомчулук да колдойт деп толук ишенебиз.

Анткени, эл аралык уюмдардын фонддору дүйнѳдѳгү ири донор ѳлкѳлѳрдүн жѳнѳкѳй жарандарынын салык тѳлѳмүнүн эсебинен толукталып жатат. Ал донор ѳлкѳлѳрдүн ѳкмѳттѳрү эл аралык институттарга жана кайрымдуулук уюмдарга дүйнѳдѳ кедейликти жойуу максатында мамлекеттеринин бюджетинен акча бѳлүп жатышат. Ошол эле акчаны айрым эл аралык уюмдар ѳзүлѳрү түзгѳн банктары жана микрофинансы уюмдары аркылуу пайдаланып, элди эксплуатация кылып, кедейлерди жакыр кылып, укуктарын тебелеп, жашыруун геноцид саясатын ишке ашырып жатышат.

Биз, Кыргызстандын эли, мындан ары унчукпай, башыбызды кѳтѳрбѳй отура бербейбиз! Биз, дүйнѳгѳ чындыкты жеткиришибиз керек, бизге эч ким жана эч нерсе тоскоолдук кѳрсѳтѳ албайт!

Мына ушундай акыйкатсыздыкка чечкиндүү күрѳшкѳн дүйнѳдѳгү ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдѳгү кыймылдардын бири – OCCUPY MOVEMENT. Алар бизге окшогон “кедей жарандары кѳп ѳлкѳлѳрдүн тышкы карыздарын кечириш керек, Дүйнѳлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун неолибералдык глобализация саясаты үчүнчү ѳлкѳлѳрдүн жарандарынын укуктарын тебелеп жатат” деп, “акыйкат экономика концепциясын орнотуу керек” деп күрѳшүп келет.

Мындан ары “Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылы” дүйнѳлүк OCCUPY MOVEMENT кыймылына кошулат, жана алар менен ѳз иш чараларын координациялайт.

Биз Кыргызстанда OCCUPY KYRGYZSTAN кыймылынын түзүлүшүн жарыялайбыз!

Биз 99% элбиз, биз 1% элитанын кызыкчылыгына ийилбейбиз, тескерисинче, дүйнѳлүк болобу, кыргызстандык болобу, 1% элитанын мүмкүнчүлүгүн, байлыгын 99% элдин кызыкчылыгына иштетебиз.

Дүйнѳлүк OCCUPY кыймылы бизге тѳмѳндѳгү насааттарды айтат:

Бул биздин ѳлкѳ – Биз ѳлкѳнүн кожоюнубуз.

Бул биздин кѳчѳлѳр – Биз анын ээсибиз.

Биз бул жердебиз – Биз кѳбѳйүп жатабыз.

Биз 99%быз – ѳлкѳбүзгѳ чогуу ээлик кылалы.

Дүйнѳнүн 1% элитасы биздин жашоону көзөмөлдөп жатканынан тажадык!

Биз дүйнѳлүк акыйкатсыз, коррупцияланган, чириген системага каршыбыз. Бул система биздин ар-намыска, адамзатына жана анын тынчтыгына доо келтирип жатат. Биз жаңы акыйкат экономика системасын орнотууну талап кылабыз.

Биз жаңыдан баштап жатабыз. Биз али эмнени каалап жатканыбызды билбейбиз. Бирок биз, бир гана нерсени бүткүл аалам билсин деп жатабыз: дүйнѳнүн 1% элитасы биздин жашоону, биздин мамлекетти, массалык маалымат каражаттарын, биздин экономиканы көзөмөлдөп жатканынан тажадык, биз 99% элбиз, келгиле, бизге кошулгула, мындай абал менен эмне кылыш керек – чогуу чечели! Биз 1% элитанын контролунда болгонду каалабайбыз. Биздин атыбыздан 1% элита теледен сүйлѳйт, ѳкмѳттѳн сүйлѳйт, парламенттен сүйлѳйт, биздин атыбыздан чечим чыгарат, биздин кызыкчылыкты коргомуш болот. Биз бул системага тойдук. Бул система иштебейт, жок дегенде 99% элге.

Бизден уурдалган ар-намысты, акыйкатты жана чындыкты ордуна коюшубуз керек!

Биз жаңы нерсени жаратканды каалайбыз, бирок биз билбейбиз ал эмне, кандай жана канча убакытта болот. Бизге бирѳѳлѳрдүн акыл айтуусунун кереги жок – ал кандай болот жана аны кандай түшүнсѳ болот. Эгерде силер жардам бергиңер келсе, анда жѳн эле келип бизге кошулгула, бирок бизге акыл айтпагыла, биз менен жѳн эле сүйлѳшкүлѳ. Баарынан дагы, уккула жана бизге уюшканга жардам бергиле. Анткени бул жаңы нерсени чогуу,бирдикте жана теңдикте жаратуу убакытты талап кылат.  Сабырдуу жана чыдамкай болгула. Бизден уурдалып кеткен ар-намысты, акыйкатты жана чындыкты ордуна коюшубуз керек. Башка бирѳѳлѳр биз жѳнүндѳ эмне деп жатканын укпай эле койгула. Биз чогуу жана канча убакыт керек болсо да чындыкка жетебиз!

Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылы ѳйдѳдѳ айтылган талаптардан тышкары, Кыргызстандын эл аралык финансылык институттарга болгон тышкы карызын толугу менен жойуу маселесин да коебуз.

Бул убакытка чейин коррупциялашкан Кыргызстандын Ѳкмѳттѳрү менен 25 жыл эл аралык уюмдар иштешип, эбегейсиз чоң тышкы карызга мамлекетибизди баткырды. Биздин коррупциялашкан ѳкмѳттѳр эл үчүн баарын чечип, бизден сурабай эл аралык уюмдардан акча ала берген, ал эми натыйжабызда биз эл аралык уюмдардын банктарынын кулу болуп калдык. Элибиздин дээрлик көбү жакырчылыкта жашаганы аз келгенсип, банктарга карыз жана үйлѳрүнѳн айрылганы турат, ал эми мамлекетибиз 3,8 млрд. доллар тышкы карызы менен калды. Бул ошол дүйнѳдѳ жакырчылык, теңсиздик менен күрѳшѳбүз деген эларалык финансы институттарынын саясатынын 25 жылдагы жыйынтыгы.

Ошол себептүү, биз Кыргызстанга жардам берип келген донор ѳлкѳлѳрдүн элине кайрылабыз:

Карагыла, силердин бизди ѳнүктүрсүн, кедейликтен чыгарсын деп бѳлүнгѳн акчаларыңар эл аралык уюмдар тарабынан кандай пайдаланып жатат. Алар биздин ѳлкѳлѳргѳ келип силердин акчаларыңарга кымбат баалуу машинелерде жүрүшѳт, кымбат баалуу батирлерде жашашат, кымбат ресторандардан тамак ичишет, пайдасы жок сапарларга барышат, пайдасы жок иш чараларды уюштурушат, жыргал турмушту ѳзүлѳрүнѳ түзүшѳт, бирок элдин канчалык кыйналганын сезишпейт, силердин акчаларыңардын кѳбү жѳн гана текке кетип жатат, а бирок биздин жакыр эл кыйналгандан кыйналып жатат. Бул жерде эч кандай акыйкатсыздык жок, чындык жок!

Ошол себептүү ѳйдѳдѳ аты аталган ѳлкѳлѳрдүн башчылары биздин койгон талаптарды карап, маселебизди тезинен чечет деп ишенебиз. Жана бизди дүйнѳдѳгү OCCUPY кыймылдары биздин карыздарды жойууда чындыкты ѳз ѳкмѳттѳрүнѳ жана коомдоруна жеткирет деп ишенебиз.

Бул кайрылуудагы талаптарды тийиштүү эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы ѳкүлчүлүктѳрүнѳ жеткирүү үчүн “Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылы” 2016-ЖЫЛДЫН 16-МАЙ КҮНҮ БИШКЕК ШААРЫНДА жарандык иш чараларды жана тынчтык акцияларын ѳткѳрѳт.

Саат 10:00. Бишкек шаарындагы Киев кѳчѳсүндѳгү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин алдында чогулуп, OCCUPY Aitmatov акциясын баштайбыз. Кыргыз элинин улуу жазуучусу, таянар аска-тоосу, улуу гуманист атабыздын ысмы менен, анын улуу идеялары менен биз гуманизмдин туу чокусун кѳтѳрүп дүйнѳгѳ жар салабыз. Эл аралык уюмдар ойгонсун, биз адамзаттын тазалыгын жана акыйкаттыкты туу туткан элбиз. Биз атабыз Чыңгыздын атын дүйнѳгѳ кайра дагы бир ирет кѳтѳрүп чыгарабыз. Ошол эл аралык уюмдардын неолибералдык фашизм саясатын биз Чыңгыз атабыздын улуу гумандык идеялары менен жеңебиз.

Саат 11:00  Бишкек шаарындагы Москва кѳчѳсү менен Дзержинский бульварынын кесилишинде Европа биримдигинин, Эл аралык валюта фондунун, Эл аралык финансы корпорациясынын,  Европалык кайра куруу жана ѳнүктүрүү банкынын, Швейцария элчилигинин ѳкүлчүлүктѳрү жайгашкан Орион бизнес центринин алдында OCCUPY donors аттуу акция ѳткѳрүп, кайрылуубузду таштайбыз.

Саат 11:30. Бишкек шаарындагы Москва-Раззакова кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде жайгашкан Германия Федеративдүү Республикасынын жана Япониянын элчиликтерине кайрылуубузду таштайбыз.

Саат 12:30.  Бишкек шаарындагы Чүй проспекти менен Манас проспектинин кесилишине жакын Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинин алдында OCCUPY UN аттуу акция ѳткѳрѳбүз. БУУнун генералдык катчысы мырза Пан Ги Мунга кайрылуубузду тапшырабыз.

Саат 13:00. Бишкек шаарындагы Манас проспектиси менен Киев кѳчѳсүнүн кесилишиндеги Россия Федерациясынын элчилигине кайрылуубузду таштайбыз.

Саат 14:30да Бишкек шаарындагы Америка Кошмо Штаттарынын элчилигине барып, OCCUPY US Embassy акциясын ѳткѳрүп, Американын элине кыргыз элинин атынан кайрылуу жасайбыз. Анткени АКШ Дүйнѳлүк банк менен Эл аралык валюталык фондунда контролдук добушка ээ, жана Америка Ѳкмѳтүнүн акчасы ДБ жана ЭВФ фонддорунун дээрлик кѳп бѳлүгүн түзѳт. Биз Америка элине, АКШ элинин чынчыл салык тѳлѳѳчүлѳрдүн акчасын Кыргызстанда ортомчул эл аралык уюмдар кантип пайдаланып жатканын айтабыз. Кыргызстандагы жакырчылыкты жоебуз деп Америка элин алдап, бюджеттен акча алган, кѳз боемочул, ортомчул, офистери Вашнгтондо жайгашкан FINCA, MerciCorps, ACDI/VOCA сыяктуу уюмдарын текшертип аларга чара кѳрүү талабын Америкадагы OCCUPY Wall Street кыймылына кайрылуу жасайбыз.

Америка элинин акчалары Кыргызстанда кандай максатта колдонулуп жаткандыгын Америка эли билсин!

Бизди дүйнѳ жүзүндѳгү баардык OCCUPY кыймылдары колдойт жана Кыргызстандын тышкы карыздарын кечирүүсүн ѳз ѳкмѳттѳрүнѳн талап кылат.

Биз, “КЫРГЫЗСТАНДАГЫ НАСЫЯ АЛУУЧУЛАРДЫН УКУГУН КОРГОО ЭЛДИК КЫЙМЫЛЫ”ушул кайрылууну Кыргыз Республикасынын жарандарынын жүз миңдеген кол койуу баракчалары менен сиздерге Кыргызстандагы ѳкүлчүлүктѳрүңѳр аркылуу жѳнѳтѳбүз.

БАЙЛАНЫШУУ ТЕЛЕФОНДОРУ:

Штаб башчысы : 0771 59 54 62.

Тєрайымы: 0778 31 79 18.

Талас облусу: 0778 01 98 79, Уултай.

Ош облусу: 0778 79 57 19, Жамила.

Ысык-Кєл: 0703 27 63 45, Кубат.

Жалал-Абад: 0779 09 71 36

Чїй: 0778 31 79 18, Акылай.

Баткен: 0559 60 80 54, Инабат.

Нарын: 0702 96 88 07, Гїлмира.

Бишкек: 0558 31 79 18, Акылай.

 

ОТКРЫТОЕ ПИСЬМО

Постоянному представителю МВФ в Кыргызской Республике

господину Эдварду ДЖЕМАЙЭЛЬ

Многоуважаемый господин Яхья Саид! Выражая свое уважение Представительству Международного Валютного Фонда в Кыргызской Республике имею честь обратиться к Вам в лице полномочного представителя “Народного движения по защите прав заемщиков Кыргызстана”. Поскольку одной из Ваших важных миссий является поддержание тесных контактов с гражданским обществом, и поиск путей организации широкой поддержки макроэкономической политики и мер структурных реформ в Кыргызстане. Вы имеете полное право строить диалог с “Народным движением по защите прав заемщиков Кыргызстана” как части гражданского общества.

Суть моего письма заключается в изложении некоторых обстоятельств связанных с предложенной “Народным движением по защите прав заемщиков Кыргызстана” высшему руководству Кыргызстана программой по переходу Национального банка Кыргызской Республики на валютный режим широко называемый в мире currency board или по-русски валютным советом.

Думаю не стоит излагать Вам что такое валютный совет, поскольку сам МВФ делал серию исследований посвященных валютному совету и стран практикующих режим валютного совета, и имеются соответствующие книжные издания результатов исследований.

Поскольку ни Аппарат Президента, ни Парламент, ни Правительство не выразило свою официальную позицию относительно предложения по валютному совету, поскольку они ссылаются на Национальный Банк Кыргызской Республики (НБКР) как орган более компетентный в данном вопросе. А у НБКР вот уже более 3-х месяцев нет взвешенной и научно обоснованной официальной позиции по этому вопросу, кроме высказывания Председателя НБКР г-на Т.Абдыгулова что якобы если НБКР перейдет на валютный совет, это предполагает фиксированный курс валюты и у Кыргызстана быстро закончатся международные валютные резервы, и поэтому нам этот режим неприемлем.

В обществе из-за этого назревают настроения и мнения что на господина Т.Абдыгулова оказывается давление со стороны МВФ, и по этой причине он выступает против программы “Народного движения по защите прав заемщиков Кыргызстана” в поддержку которого на сегодняшний день подписались более 100 тысяч граждан. По этой причине в обществе все более острый характер обретают настроения и мнения относительно деятельности МВФ в Кыргызстане с острой негативной окраской имиджа организации которую Вы представляете.

Я, как эксперт и человек науки далек от предвзятых мнений, но и мне иногда приходится считаться с превалирующим мнением общества. Поэтому прошу Вас дать разъяснение что это в действительности не так, и что вы не оказываете никакого давления на руководство НБКР.

Как известно основным руководствующим документом как для МВФ так и для стран членов МВФ является Статьи соглашения Международного Валютного Фонда принятого 22 июля 1944 года в Бреттон-Вудсе, штат Нью-Хэмпшир (США), на Валютно-финансовой конференции Объединенных наций.

Раздел 2 статьи 4 касающегося обязательств в отношении валютного режима данногоБреттон-Вудского соглашения гласит следующее:

(b) В рамках международной валютно-финансовой системы, имеющей форму,преобладавшую на 1 января 1976 года, валютный режимможет включать: (i) поддержание государством-членом стоимостисвоей валюты в специальных правах заимствования или, по выбору государства-члена, в другом эталоне стоимости, кроме золота, (ii) режимсотрудничества, в рамках которого государства-члены поддерживают стоимость своих валют по отношению к стоимости валюты иливалют других государств-членов, (iii) иные формы валютного режимапо выбору государства-члена.

Раздел 3. Надзор за валютным режимом

(а) Фонд осуществляет контроль над международной валютной системой для обеспечения ее эффективного функционирования, а такжеконтролирует выполнение каждым государством-членом своих обязательств по разделу 1 настоящей Статьи.

(b) В целях выполнения своих функций,изложенных в подразделе(а) данного раздела, Фонд ведет строгий надзор за курсовой политикойгосударств-членов иустанавливает конкретные принципы, которымируководствуются все государства-члены в отношении указанной политики. Каждое государство-член предоставляет Фонду всюнеобходимуюдля такого надзора информацию и по требованию Фонда, проводит консультации с последним по вопросам своей курсовой политики. Принципы, принимаемыеФондом, не противоречат режиму сотрудничества, на основе которого государства-членыподдерживают стоимостьсвоих валют по отношению к стоимости валюты или валют другихгосударств-членов, а также другим валютным режимам, выбираемым государствами-членами и не противоречащим целям Фонда и разделу 1настоящей Статьи. Указанные принципыотражают уважение Фондак мерам, применяемым государствами-членами в социально-политической сфере внутри страны, и при использовании таких принципов Фондучитывает обстоятельства, складывающиеся внутри государств-членов.

В то же время упоминаемый раздел 1 статьи 4 гласит следующее:

Признавая, что важнейшая цель международной валютно-финансовой системы заключается в том, чтобы служить структурной основой,способствующей обмену товарами и услугами и движению капиталамежду странами и поддерживающей устойчивый экономический рост,а также что одной из основных задач является непрерывное совершенствование упорядоченныхбазовых условий, необходимых для финансовой и экономической стабильности, каждое государство-член обязуетсясотрудничать с Фондом и другими государствами-членами в обеспечении упорядоченности валютных режимов и в содействии стабильностисистемы обменных курсов. В частности, каждое государство-член:

(I) прилагает усилия, чтобы направить свою экономическуюи финансовую политику настимулирование упорядоченного экономического роста в условиях разумной стабильности цен, с учетом существующих обстоятельств;

(II) стремится содействовать стабильности за счет усилий,направленных на поддержку упорядоченных базовых экономических и финансовых условий, а также такой денежно-кредитной системы, которая не ведет к возникновениюнепредсказуемых сбоев;

(III) избегает манипулирования обменными курсами или международной валютной системойв целях предотвращениядейственной стабилизации платежного баланса или дляполучения несправедливого преимущества в конкуренциис другими государствами-членами;

(IV) проводит валютную политику, не противоречащую обязательствам по настоящему разделу.

Анализ вышеперечисленных разделов и пунктов статьи 4 Бреттон-Вудского соглашения должен снять все вопросы относительно суверенности выбора валютного режима странами членами МВФ. Более того данное соглашение требует уважительного отношения к выбору странами членами к выбору валютного режима с учетом обстоятельств внутри государств-членов.

Теперь хотелось бы изложить обстоятельства относительно научной обоснованности выбора валютного режима с фиксированным курсом для Кыргызстана. Мой анализ базируется главным образом на теоретических и научно-практических выводах лауреата Нобелевской премии по экономике 1999 года, высокопочтенного господина Роберта Манделла, которого еще называют «отцом Евро», поскольку такой беспрецедентный в истории валютный союз в Европе был создан под влиянием его научных разработок в рамках теории оптимальных валютных зон. Господин Роберт Манделл когда-то работая в научном отделе МВФ сделал выдающийся вклад в экономическую науку, и ни одно поколение работников МВФ наверняка выросло под влиянием его трудов.

Не вдаваясь в теоретические подробности, хотелось бы привести теоретические выводы теории оптимальных валютных зон которое гласит, что чем более открытой является экономика, тем меньше подходит плавающий обменный курс. При этом степень открытости измеряется как половина суммы экспорта и импорта товаров и услуг в процентах от ВВП. Опыт выбора валютного режима развивающимися странами на основе открытости экономики демонстрирует преобладание фиксации над плаванием.

Степень открытости экономики Кыргызстана с точки зрения теории оптимальных валютных зон беспрецедентно высока, так как она находиться в пределах 60-70%. Наверняка Кыргызстан вошел бы по этому показателю в топ 10 стран мира по степени открытости. Соответственно Кыргызстану из рациональных соображений согласно теории ОВЗ следовало бы принять режим фиксированного курса.

Исследования в рамках теории ОВЗ показали, что чем больше размеры экономики, тем весомее аргумент в пользу плавающего обменного курса. Обычно в странах с крупной экономикой степень открытости экономики лежит в пределах 15%-30%. Если бы у нас была бы возможность проконсультироваться высокоуважаемым господином Робертом Манделлом, он бы наверняка порекомендовал бы Кыргызстану фиксированный валютный режим на принципах валютного совета.

Другой великий экономист, основоположник монетаризма, лауреат нобелевской премии Милтон Фридман в своих трудах был сторонником классического свободно плавающего валютного режима, который функционировал во многих развитых странах мира. Но в своих трудах последних годов жизни, в частности в труде под названием «Денежная политика в развивающихся странах» от 1974 года, а также на конференции в Израиле 1972 году, видя как искаженно функционируют свободно плавающие валютные режимы в развивающихся странах, где центральные банки злоупотребляют своим положением, он рекомендовал развивающимся странам выбрать фиксированный валютный режим.

«The great advantage of a unified currency [fixed exchange rate] is that it limits the possibility of governmental intervention. The reason why I regard a floating rate as second best for such a country is because it leaves a much larger scope for governmental intervention … I would say you should have a unified currency as the best solution, with a floating rate as a second-best solution and a pegged rate as very much worse than either».

«Главное преимущество унифицированных денег (фиксированного валютного курса) заключается в ограничении государственного вмешательства. Причина, по которой я считаю свободно плавающий валютный курс как второе лучшее решение после фиксированного курса в некотором пробеле, который оставляет возможность государственному вмешательству этот самый свободно плавающий курс. Я бы сказал, вы должны иметь унифицированные деньги с фиксированным курсом как наилучшее решение, свободно плавающий курс как второе лучшее решение, и управляемый валютный курс как худший, чем предыдущие два». (МилтонФридман, 1972 год, «Денежнаяполитикавразвивающихсястранах» (Milton Friedman, “Monetary Policy in Developing Countries,” in P. A. David and M. W. Reder (eds.) Nations and Households in Economic Growth, New York: Academic Press, 1974, pp. 265-78, at p.270.)

Глубинный антагонизм между стимулирующей денежно-кредитной политикой и одновременной необходимостью поддержания стабильности национальной валюты в условиях беспрецедентно высокой степени открытости экономики Кыргызстана, порождает политику деструктивного воздействия на экономику страны со стороны Национального банка КР. Это не надо доказывать. Практически все монетарные макроэкономические показатели говорят сами за себя: коэффициент монетизации экономики по М2х – 30%, по М2 – 18%. Беспрецедентно низкий уровень монетизации экономики создает в условиях нестабильности национальной валюты высокую цену кредитным ресурсам и укорачивает сроки кредитования. Более половины кредитного портфеля коммерческих банков и микрофинансовых организаций Кыргызстана по сроку кредита выданы со сроком менее одного года, и около трети со сроком до 2-х лет, а о сроках более пяти лет можно и не говорить их менее процента. А стоимость кредитов в Кыргызстане одни из самых дорогих в мире от 20% и до 200% в ломбардах которые растут как грибы после дождя.

Такие обстоятельства в особенности в сельской местности, буквально привели к рабской эксплуатации населения банками и микрофинансовыми компаниями. Наверняка Вы согласитесь с тем, что беря кредиты стоимостью 30%-40% сельское население в условиях низкой производительности труда и добавленной стоимости не сможет справиться с таким тяжелым долговым бременем. К Вашему сведению, практически каждое домохозяйство в сельской местности буквально живет на кредиты, население не берет кредиты на развитие, а берет ее на базовые потребительские нужды. В докризисные времена население кое-как расплачивалась с такими дорогими кредитами, но с наступлением экономического кризиса и падения цен на сельхозпродукцию в сельской местности наступил острый кризис неплатежеспособности.

Особую озабоченность представляет нынешнее состояние дел с массовыми и вопиющими нарушениями фундаментальных прав человека со стороны коммерческих банков, микрофинансовых организаций и ломбардов. Мы располагаем сотнями фактов нарушений прав человека со стороны сотрудников банков и микрофинансовых организаций, когда они приходят к заемщикам имеющим просрочки по выплате и в буквальном смысле терроризируют их, берут людей в заложники, оскорбляют заемщиков на их рабочем месте при коллективе, обращаются к руководству организаций где работают заемщики доводя до увольнений, обращаются к родственникам, угрожают используя сотрудников правоохранительных органов доведя заемщиков до высоких человеческих стрессов, болезней как сахарный диабет, высокое давление, инсульты, инфаркты, вплоть до суицидов. Безжалостно выселяются из домов сотни и тысячи семей применяя насилие, а их дома продаются за бесценок с аффилированными группами скупщиков, которые наживаются на этом.

По сути, в Кыргызстане осуществляется самый настоящий скрытый геноцид кыргызского народа. Международное сообщество срочно должно принять во внимание данные обстоятельства и принимать решения на уровне Вашингтона, Нью-Йорка, Брюсселя, Женевы, Страсбурга и Вены. Иначе такое безразличное отношение властей Кыргызстана к данному вопросу приведет страну в скором будущем по настоящему гуманитарной катастрофе.

Уважаемый господин Яхья Саид, мне пришлось объездить все регионы Кыргызстана с представителями “Народного движения по защите прав заемщиков Кыргызстана” и мне встречались заемщики которые испытывали трудности ежемесячно погашать сумму в 1000 сом, равное одному обеду в ресторане Бишкека. С этой ситуацией необходимо что-то делать, иначе у народа обостряется чувство того, что все эти страдания это дело рук МВФ которые намеренно толкает страну на такой путь и заставляет НБКР сопротивляться к требованиям народа о реформе денежной системы.

Уважаемый господин Яхья Саид, от имени “Народного движения по защите прав заемщиков Кыргызстана”, прошу Вас оказать помощь в организации научных конференций, круглых столов для обсуждения вопроса перехода НБКР на режим валютный совет с привлечением международных экспертов.

Надеюсь что МВФ окажет содействие и помощь в решении поставленных проблем на пути установления в стране стабильной денежной системы отвечающей долгосрочным интересам устойчивого развития основанной на принципах стабильности, доверия, предсказуемости и прозрачности.

С уважением,

Уполномоченный представитель

«Народного движения по защите прав заемщиков Кыргызстана» Кубан ЧОРОЕВ

 

 

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *