Кайберен жана мергенчи

Толкун МАМЫРОВА, Талас району

Кыркка чамалап калган Самаган ѳзүнүн жана атасынын жан-жаныбарларга тузак салып, кылтак тартып, аңчылык кылгандары тууралуу бир жолу баяндап берген эле. Ошондо, атасы эмне себептен улам аңчылыкты токтоткону тууралуу кызык окуяны айткан…

Ал окуяны укканга чейин Самаган атасын ээрчип, аңчылыктын далай сырларын, амалдарын, ыгын кѳкүрѳгүнѳ жат кылып түйүп, капкан салып жүргѳн кези болчу. Бир жолу капканды байкалбагандай кылып жаап, чекесине кичине таш коюп коёт. Бул амал – ташты аттап ѳткѳндѳ, жаныбардын буту капканга дал келүү үчүн жасалат. Самаган атасына капканын кайсыл жерге койгонун тактап айтып, мектепке кетет. Атасы баласынын койгон капканын текшерип келүү үчүн барып, канча издесе да таппай коёт. Сабактан келгенден кийин ата-бала ээрчишип баягы капканга барышса, капканы ѳз ордунда эле турат. Ошондо атасы: «Мыкты аңчылардын койгон капканын ѳзүнѳн башка эч ким таба албайт. Сен бул жагынан менден ѳтүпсүң» дейт. Андан кийин деле далай жолу жан-жаныбарларга тузак тартып капкан коюп жүрдү.  Олжосуз калган күнү болгон жок. Бир жолу Эчкили-Тоо жак беттеги алма бактын ичиндеги кашкулактын ийинине капкан коёт.  Ошол түнү Самаган түшүндѳ алма-бактын тушундагы мүрзѳ жай жайга барып куран окуп жаткан кѳрѳт. Эртеси капканына барса, эч нерсе түшпѳптүр.  Алма-бактын тушундагы мүрзѳнү кѳрүп, түндѳгү түшү эсине түшѳт да, атасына келип айтат. Атасы:  «Балам, сага аян берген экен, атамдын атасы Бегалы уулу Турсунбай ат минбей эмнегедир тѳѳ минип жүрчү экен. Биздин уруктан биринчи жолу ажылыкка барган Турсунбай чоң атам ошол тѳѳсүн минип алып ажылыкка кетип, бир жыл чамасында кайтып келген экен. Ошол чоң атабыздан уламбы, же кайберен кайыптанбы балам, айтор, мага да аян бергенден кийин мергенчиликти койгом. Эми сен бул кесибиңден биротоло кол үз. Жан-жаныбарга аңчылык кылганыңды токтот» деп кеңеш берет.

Самагандын атасы Сакен Атантаев узун бойлуу, кең далылуу, карылуу, чымыр, ѳңү буудай ирең келип, кара каштуу, бүркүттѳй курч кѳздүү, адамды бир караганда ичи-тышын аңтара билген кѳрѳгѳчтүгү бар адам болгон. Ал Талас менен Чаткалдын ак карлуу, аскалуу тоолорунда бир топ эле мергенчилик кылып, Түштүгү Үйүрлүү-Марал, Күмүштак, түндүгүнѳн Кайыңдыдагы Мундуз-Сай, Улуу-Сай, Нылды, Сары-Булак баш болуп, ортодогу Эчкилинин коён жатагына чейин жатка билип,  улуу тоолордун коюнун кенен аралап, кенен мергенчилеп, ал гана эмес Чаткалдагы Авлетимдин аскасында, Чечетейдин аскасында, Курама тѳрдѳ ѳзүнүн чып этмеси менен далай мергенчиликте жүргѳн экен. Мергенчиликке жанына жолдош албай жалгыздап чыкчу Сакен ага: «Ой күлүк, ой ѳзгѳрѳт. Ойу ѳзгѳргѳн адам менен аңчылыкка чыксаң жолуң да шыр болбойт» деп  мергенчиликке түндѳп жалгыз чыгып, таң агара болжогон чокуга жете келип ѳңүтүн алып жатып,  чокудан караганда тѳмѳндѳгү түлкүбү, суурбу, кашкулакпы, кийикпи, айтор баарын алаканга салгандай даана кѳрчү. Олжосуз кайтчу эмес.

Ошондой аңчылыкка чыккан күндѳрдүн биринде ѳзгѳчѳ бир окуяга туш болот. Күз маалы эле. Адатынча аңчылыкка түндѳп аттанган мерген Күмүштактын сайындагы Кара-Чокуну таң агара ээлеп калат. Кийиктер күн чыкканча тоюп алып жуушап жатып калышкан экен. Мүйүзү аркайган бир кайберен гана кароолчулукта маңкая улам ар кай жагын карап турат. Күзгѳ тартып калгандыктан, кулжалардын баары семиз экен. Сакен аганын бет келгенин эле ата бербеген бир ѳзгѳчѳлүгү бар эле. Бооздорун убал болот деп, жалаң субайларын тандаар эле. Жаткан кулжаларды кыдырата сыдыра караган мергендин кѳзүнѳ үч кулжа урунду. Ѳзүнүн атаар жери менен кулжалардын жаткан жериндеги аралыкты болжоп мылтыгына ок салып, алдыга суна кулжалардын бирѳѳсүн кароолого алды. Кароолого ала берип ошол замат таман ѳйдѳ денеси дүркүрѳй кѳздѳрүн ачып-жумуп жиберди.  Ѳз кѳзүнѳ ѳзү ишенбей кайра мылтык суна кароолого кайра да алды. Шумдугуң кур! Мелжегени кулжа эмей эле сакалы куудай болгон аксакал боло калды. Мылтыгын тартып алып, мындай эле караса үчѳѳ тең кулжа эле бойдон жатышат.  Мылтыгын кайра сунуп кароолго алса – үч кулжа эмей эле сакалдары жайкалган үч карыя. Мылтыгын үч жолу сунуп, үч жолу тартып алды мерген. Ошондо Сакен ага бул тегин кѳрүнүш эмес экенин түшүнүп, мылтыгын жонуна асып үйүнѳ кайтат.

Ошол окуядан кийин мергенчилигин таштап ѳмүрү ѳткѳнчѳ Кудай деп жѳн-жай тиричиликке ѳтүп кетет. Атантаев Сакен агай Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында жашап, жары Гүлсайра менен тогуз баланы тарбиялап чоңойтуп, 2009-жылы 79 жашында дүйнѳ салган. Жашоодогу баардык болгон нерселер Жараткандын буйругу менен болот эмеспи. Анткенимдин себеби, айтылуу Күмүштакты жердеген Самагандын чоң аталарынан калган касиетпи, же атасына жолуккан кайберен кайып аталардан калганбы, же Жараткан Теңирден келген адамзат баласына берилген аткарылуучу мидетпи, айтор, ушу күндѳ мергенчи Сакен аганын уулу Самаган Ак-Босогодо табият менен байланыш түзүп, Ааламдан кабар алуу менен адамдарга жардам берүү  милдетин аткарып келет.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *