May 04

Баштаң

Ата-энелери жок кездерде айыл ичиндеги кыз-келиндердин биригип, тамак-аш жасап жеши. Мында бирѳѳсү унун, экинчиси этин, башкасы майын, тузун, айтор, эмне жасамакчы болушса, ар кими алына жараша чыгарып, самаганын жасоо. Баштаңып жатканда кирген адамды “саламчы” деп, ага да тамак беришет. Бул жѳрѳлгѳ “Байдын жалгыз кызысың, баштаң, байдын эрке келинисиң, баштаңбайсыңбы” ѳңдүү оюн-чынынан ушундай айтылганда аларга үлүш кѳбүрѳѳк ыйгарылган. Бардар адамдар алардын илебин суутпай, кымызы менен козу-улак союп, бозосу менен согум этин салып, коноктой турган.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

May 04

«АЧЫГЫН АЙТКАНДА, МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ КАНААТТАНДЫРБАЙТ»

Маектешкен Элнур Ѳмүрбек тегин

«Жаңы муундун коалициясы» коомдук бирикмесинин тѳрагасы Тимур САРАЛАЕВ: «АЧЫГЫН АЙТКАНДА, МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ КАНААТТАНДЫРБАЙТ»

Ѳткѳн саныбызда Кыргызстанга чет өлкөдѳн келген мигранттарга карата эч кандай кѳзѳмѳл жок экендиги, жана ошондой эле биздин жарандарга иш орундары жетишпей жатканда сырттан келгендер тейлѳѳ, соода, курулуш, ишкердик жагында мыйзамсыз түрдѳ иш  жүргүзүп жатканы сыяктуу маселелер «Жаңы муундун коалициясы» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү тарабынан  айтылган. Коомчулукка бул кѳйгѳйдү көтөрүп чыгышкан коомдук бирикменин мүчѳлѳрү бул мезгил аралыгында мамлекеттик кызматта иштеген жооптуу адамдар менен атайы жолугуп, аталган маселе боюнча пикир алышышкан. Эмесе, ал жолугушуудан кийин кандай ѳзгѳрүүлѳр күтүлгѳнүн билүү максатында коомдук бирикменин тѳрагасы Тимур Саралаев менен маектешип, бүгүнкү кеп учугун кайрадан чет элдик жарандар жана биздин ѳлкѳдѳгү  мыйзамсыздык тууралуу уладык.

Толугу менен

May 04

«Ата мекен – ошол балбылдап күйгѳн кѳздѳрдѳ»

Кытайлык кыргыз жаштары менен маектешкен – Айбек БАЙЫМБЕТОВ. Кытай, Иньчуан шаары

Кытайлык кыргыз жаштары учурда Кыргыз мамлекетиндеги жаштардай эле коомдун өнүгүшүнө тиешелүү маселелерге ар дайым ынтызарлык менен ой чабыттап, билим-илим-маданият таанууда жигердүү аракеттерди көрүп келет. Кытайдын аймагында окуп жаткан кытайлык кыргыз студенттердин коомдук жашоосу туурасында, ошондой эле Кыргыз мамлекети жана Кытайдагы Кызыл-суу кыргыз автономиялуу областынын ортосундагы калк аралык байланышын, жалпы эле кыргыз жаштарынын абалын билүү максатында маек салууну туура көрдүк.  Сөзгө алына турган маселелер кытайлык кыргыз студенттердин активдүү өкүлдөрү болгон Айберди Акжол уулу, Дабыт Абдылбары уулу, Халида жана Жумабек Обул уулу менен аңгеме-дүкѳн курдук. Маек Кытайда, интернет онлай-конференс аркылуу уюштурулду.

Толугу менен

May 04

Таза абалга алып чыгар күч керек

 

Кенжалы Сарымсаков,
КРнын Аксакалдар Кеңешинин мүчөсү, журналист


Уйку да жаш куракка жараша болот тура. Эрте ойгоном. Балконго чыгам. Мечит тараптан азан чакырык. Жолдун аркы четинде жаңы эле көчөгө чыга баштаган алагүү, болгондо да кыргыз балдардын, кыргыз кыздардын оозго алынгыз богооз сөздөрдү оозанып орусчалап сөгүшкөн, жакалашкан ызы-чуусу. Көбүнчө жума, ишемби, жекшемби күндөрү дайыма ушундай. Жаштарга делинген жайларда түнү бою жан дүйнөсү уулуккан уул-кыздарыбыз келечекте өңү кыргыз бойдон калганы менен адеп, ыйман-ызаат жагынан кыргыз деп айтарлык касиети болор бекен?

Толугу менен

May 04

АЛСЫЗ АСКЕР КҮЧҮ, ИРИГЕН ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНЫ ЖАНА АНДАГЫ КОРРУПЦИЯ

Аскат СЫРГАКТЕГИН

Күнүгө Сириядагы кандуу ырайымсыз согуштарды көрсөткөн жаңылыктарды кѳрүп олтуруп, “бизде да (албетте, Кудай анын бетин ары кылсын!) ушундай куралдуу согуш революциясын баштап жибергилери келсечи” деген ойлор кээде келбей койбойт.

Толугу менен