88 жаштагы ардагер Токтогул Бейшалиев Россия президенти Путинге кайрылуу жасады

Президенту Российской Федерации
Владимиру Владимировичу Путину
От участника ВОВ,
гражданина Кыргызской Республики
Бейшалиева Токтогула

ОБРАЩЕНИЕ

Уважаемый Владимир Владимирович! Я, Бейшалиев Токтогул – ветеран Великой Отечественной Войны, уроженец Кыргызской Республики, 17 марта, 1926 года рождения, призывался в ряды Советской Армии в разгар войны 26 ноября, 1944 года. Участвовал в разгроме фашистской Германии в Сталинградской битве, прошел всю войну в Европе. Сражался за освобождение братских республик и за взятие Берлина. Уволен в запас согласно Постановлению Совета Министров СССР от 28 января, 1950 года, о чем свидетельствует мой военный билет. Воинское звание – младший сержант, в/ч 38154 от 11.10. 1949 года. Имею множество государственных наград – ордена и медали.

К вам обращаюсь не от хорошей жизни. Шесть лет стучал в двери соответствующих органов Кыргызской Республики: «О предоставлении мне квартиры», но получал везде формальные и бездейственные бюрократические ответы: «Вы поставлены на учет граждан, нуждающихся в улучшении жилищно-бытовых условий по месту жительства в списки УВОВ за №11. В связи с выше изложенным, вопрос о предоставлении муниципального жилья будет рассмотрен в порядке очерёдности по мере строительства и ввода муниципальных жилых домов». Я устал от таких ответов. Живу в нищете с супругой у дочери-вдовы, с её тремя детьми, в однокомнатном общежитии. Мне хотелось бы, увидеть свою жизненную радость при оставшейся жизни, хотя бы получив квартиру. В данное  время, я не верю бюрократическим властям и чиновникам. Не хочу быть многословным, для подтверждения высылаю мои подтверждающие копии документов.

Я, как ветеран ВОВ и труда, прошедший адскую войну, начиная с России до Берлина, прошу Вас посодействовать нашему правительству в деле оказания мне помощи для получения квартиры в городе Бишкек Кыргызской Республики.

С уважением, участник ВОВ Токтогул Бейшалиев
Телефон для связи: (996-312) 29 88 49, мобильный тел: 996-770 61 85 89.

Келечек муундар үчүн жанын аябаган аталардын жылдан жылга азайып, арабыздан кетип жатканы баарыбызга белгилүү. Ооз жүзүндѳ «аларды барктайлы, сактайлы, колдоо кылалы» деп айтылганы менен, жарыктык ардагерлер ушул 9-май Жеңиш күнү гана салттуу кѳрүнүштѳ куттукталып, калган убакта унутта калышат. Алар бийликтегилердин эшигин каккылап барган күндѳ да кѳңүл бурулбай жатканын ушул Токтогул атанын мисалынан кѳрсѳк болот. Т.Бейшалиев бир нече жылдан бери тиешелүү кызматтагы чоңдорго сураныч менен кайрылган, бирок, кайдыгерликтен башка кайрымдуу мамиле кѳрбѳй келет. Учурда кызынын бир бѳлмѳлүү жатаканасында баш калкалаган согуш ардагери акыркы үмүт менен Россия Федерациясынын президенти В.В.Путинге кайрылып олтурат.

Токтогул Бейшеев, Улуу Ата мекендик согуштун, эмгектин ардагери: «Жеңиш жарыяланган ал күндү сѳз менен жеткире албайм!»

88 жаштагы Токтогул Бейшеев балдар үйүндѳ жетим чоңоюп, 18 жашында кан кечүүгѳ аттанып кеткен. Анын ден соолугунан кыйналганы аз келгенсип, бир бѳлмѳлүү үйгѳ жетпей кызы жашаган жатаканада баш калкалап келатканын гезитибиздин февраль айындагы саныбызда жазган элек.  Ал макалада ардагер аксакал бийлик тарапка кайрылып, өзүнүн көйгөйлүү маселесин айткан. Буга чейин да далай жылдардан бери жогору жакка кайрылып келаткан Токтогул Бейшеевди уга турган жан жоктой.

Кечээ күнү биз Улуу Ата Мекендик  согуштун 68 жылдык Жеңиш күнүнө карата куттук айтып барып, Токтогул атанын ал-акыбалын сурадык. Тилекке каршы, дале болсо эч жактан жардам болбой, ѳмүрүнүн акыркы жылдарында ѳкмѳт тараптын бир жакшылыгын кѳрүп маңдай жарыла сүйүнѳйүн деген тилеги ашпай, “өгүз өлбө, араба сынба” жашоосу уланып жаткан экен. Мен барганда “Кел алайнайын, отур! Мени кечирип кой, сени тааныбадым, мурдагыдай болбой күндөн күнгө чөгүп баратам, каруум жок, эс-тутумум да мурдагыдай эмес” дегени менен, согуш мезгилинде эсте калган күндѳрүнѳн сүйлѳп берди.

Согуштук апаат башталганда канчада элеңиз, качан, кай жерден согушка аттандыңыз?

– 1941-жылы июнь айынын аягында согуш башталганда 15теги ойноок бала элем. Өзүм жетим болуп чоңойдум, Таластын Кырк-Казык деген жеринде турчумун. Айылда кемпир-чалдар менен тестиер кыз-балдар калып, эркек аттуулардын бардыгы согушка кеткен. 1941-жылдардын июль айларынан тарта согушка кеткендерден кат менен кошо кара кагаз деген күн алыс келип турчу болду. Почточу согушка кеткендердин катын берсе кубанышып, кара кагаз келсе ата-энелерине угузуу үчүн жакын тууган-туушкандары чогулуп барып, азалап угузушчу. Жүрөктүн үшүн алган кара кагаздан жалаң эле биздин айыл эмес, баардык айылдар да ызы-чууга түшүп турган мезгил болду. Мен согушка кеткенимче ый басылган жок. Айылда мен көрүп жүргөн улуу адамдардын бардыгы согушка кетип, үч жылдан кийин мен да аттандым.

1944-жылдын ноябрь айында, 18 жаш курагымда райондун аскер комиссириатынан 18-19 жаштагы солкулдаган кырчындай 35 бала ата-энелеринин көз жашын ыйга жууп жөнөй беришти. Мени жөнөткөн ата-эне, бир тууган деген болбоду, ошондо бир жүрөгүм зырылдады. “Өлсөм өлүгүм өлгөн жерде эле калат го, аркамдан ким жоктомок эле” деген ой келди. Райондон жөнөгөн 35ибизди тең Алматы шаарына алып келишти. Ал жерде аскер батальону бар экен, үч ай бою аскер тартиби, согуш куралы деген эмне, аны кандайча колдонуу керек, минамет, замбиректен ок атуу жөнүндө эрежелерди үйрөтүштү. Үч ай ѳткөндөн кийин, март айында бизди поездге салышып, эшалон-эшалон кылып түз эле фронтту көздөй аскер чинчен офицерлер алып жөнөштү.

Күнү-түнү жол жүрүп отурдук, “Герман” деген, “Гитлер” деген сөз баарыбыздын оюбузда. Согуш талаасына жетсек, Герман менен Гитлердин сазайын колуна бербесек деген кыжырдануу үч айлык окууда биротоло менин мээмде орноп калыптыр.

Ошентип, бизди Сталинградга алып келишти. Согуштун жалбырттап күйүп туран кези экен. Кудай бетин салба, снаряддардын зуулдаганы, жарылган үндөрү күнү-түнү тынбай кулакты тундурат.Танкелер дырылдап, жөө аскер кийимдеги офицер, жоокерлерди күнүгө согушка киргизишет. Бул жагынан киргизсе, тиги жагынан курман болушат, зуулдаган учактар тынбай учуп бомбалар жарылат. Үч айлык окууда алган жөндөмүбүзгө карап, бизди ошол жерден бөлө башташты. Алматыда бизди атайы тапшырма менен окуткан көрүнөт, 35ибиздин ысымдарыбызды айтып таанышып бүтүп, бизди шыр эле Сталинград фронтуна дешти. Мага: “№89 запастагы миналык батальондун, 2 миналык ротанын катардагы минамётчиги” деген буйрук ошол жерден окулду. Ошентип, алгач Сталинградды бошотууга катыштым. Шаарды бир айдай курчоого алып турдук. Минамётчик болуп, немецтердин турган жерин минамёт менен урам, кай жерди ат деп буйрушса, ошол жерди күнү-түнү дебей аткылайм. Биздин батальон азыр бул жерден аткыласак, бир аздан кийин жылып бөлөк жерден аткылайбыз. Антип орун которуп турбасак, алардын минамётчиктери биз турган жерди аткылап же снайперлери бизди тазалап коюшу мүмкүн эле. Бир айдан кийин Сталинградды курчап туруп немецтерди талкалап, шаарды бошоттук. Сталинградды бошотуу Советтик Армиянын Москва, Курскиден кийинки эң чоң ийгилиги болду.

– Андан кийин кай жакка бет алдыңыз?

– Сталинградды биротоло фашисттерден бошоткондон кийин, дароо Польшанын чек арасын көздөй бет алдык. Польшага киргенибиз жөнүндө командирибиз билдирүү жасады. Польшада душмандар бир кулач жер үчүн аябагандай катуу кармашышты. Минамётчиктер, замбирекчилер, катюшачылардын максаты, душмандардын негизги күчү турган жерине катуу сокку уруу. Буйрук келет, баланча деген координатка сокку уруу керек деп, биз буйрукту алгандан кийин так, таамай ошол жерлерге сокку урабыз, анткени чалгынчылардан алынган маалымат боюнча душмандын негизги топтолгон күчүн алсыратуу – согуштагы негизги максат.

Польшанын эли адегенде немецтерге болушуп жатты эле, кийин немецтердин жеңилерине көздөрү жеттиби, биз жерлерин бошото баштаганда ыктыярдуу түрдө токойдо жүргөн биздин партизандарга польшалыктар акырындап кошулуп, жардамдарын бере баштады. Биз күн санап илгерилеп германдардын жерин көздөй жыла бердик. Бир жолу калың токойдун ортосундагы ээн жол менен замбиректерди машинага сүйрөтүп өтүп бара жатабыз, арабызда дивизиянын ар кандай роталары бар эле, жөөчөндөр (пехота), атчандар, арабачандар. Бир убакта эле немецтердин учактары кайдан-жайдан учуп келгени белгисиз, үстүбүздөн кол салды. Учактын пулемётчулары үстүбүздөн окторду мөндүрдөй жаадырды, солдаттардын көбү ошол токой жээгинде сулап калды. Эптеп токойго кире качкандарыбыз аман калдык, баягы чогуу барган кыргыздардын бешөөсү ошол жерде курман болуп, 4-5и жарадар болушту. Биздин аркабыздын жүрө турган атайы аскер кызматтар бар болчу, алар жарадарларын госпиталга жөнөтүп, өлгөндөрүн терип-жыйнап, көмүшчү.

Польшаны алганда, душмандар тараптан көптөгөн жоокерлер колго түштү, ичинде поляктары, немецтери, чехтери, французу, болгары, румыны, деги койчу көп. Колго түшкөндөр өз ыктыяры менен Кызыл Армиянын катарына өтүп, кайра фашизмге каршы согушушту. Бул убакта, командирлер мени минамётчиктен замбиректин аткычы (стрелок) кылып которуп коюшкан. Күжүрмөн эсепте бир замбиректе беш кишибиз, командирим  Сидоров деген орус. Жанагы колго түшкөн ыктыярчылар немецтерге каршы биз менен катар согушуп, бизге күжүрмөн эсепте кызмат кылышты, снаряддарды ташып келишет, замбиректерди дүрмөттөйт, октойт, тазалашат. Замбиректерди атка кошуп сүйрөтсѳк атка кошушат, машинага сүйрөгөндө чиркештирет, ошентип, катардагы эле жоокер болуп кетишти. Сталинграддан Германияга чейин көптөгөн айыл-кыштактарды ар кандай шартта басып өттүм. Немецтер кээ бир айылдарды эч нерсесин калтырбай өрттөп, элин кырып салгандарына күбө болдум. Кээде жөө, кээде фронт узап кеткенде замбиректерди аттарга кошуп алчубуз, кийинчерээк абалыбыз оңолуп калган кезде машинелерге чиркеп, өзүбүз машинанын үстүнө (кузовуна) түшүп алчу болдук.

 – Кайсыл фронтто согуштуңуз, башкы башкаруучуңар ким эле?

– Мен, “Үчүнчү Белорус фронтунда” кызмат өтөдүм, фронтту Генерал Г.К.Жуков өзү башкарып турду. Согуштук тартип укмуш болчу, согуштук абалда аскердик гана буйрукту аткаруу керек. Эгерде согуштук тапшырманы аткарбай согуш талаасын таштап кетсең, каяша кылып “кың” этсең, чыккынчылык кылсаң –  болду, согуштук трибуналга кетесиң. Аскердик тартип болбосо, жеңишке жетүү кайда. Немецтердин жерине өткөндө, ал жерде ар бир көчө, ар бир там, ар бир имарат үчүн катуу согуш жүрдү.

– Берлинди алганга катышкан экенсиз, ошого да токтоло кетиңиз?

– Берлинди алабыз деп ага жакын жерде катуу штурм болду, аларда кашык каны калганча Берлинге киргизбейбиз деп аябай камданышкан экен, бүткүл Армиянын болгон күчү Берлинге бурулду. Биз Берлинди дивизиянын жалпы буйругу менен алыстан замбиректердин дүңкүлдөгөн кулак тундурган конанадасы менен бутага алдык, үстүбүздөн катюшалардын уулуган үндөрү белгиленген убактарда сайрап турду. Немецтердин сазайын Берлинге жакын калганда ошол катюшалар берди. Ошол кездеги согуш күндөрүм такыр эстен кетпейт, биз чабуул коюп аткылап бүтүп караганыбызда, көзгө эч нерсе көрүнбөй, жалаң чаң баскан туман менен кызарып күйгөн жалбырттаган оттор гана көрүнүп турчу.

Ошентип согушуп атып, эми бүттү го десек эле, кайрадан душман тараптан бизге жооп катары октор атылып, алардын артиллериясы даңылдап басылбай кайта бизди аткылайт. Мына алабыз, ана алабыз деп турганда, бир күнү биздин ротага буйрук келди: “Батальон, Берлинди көздөй бараткан багытыңарды өзгөртүп, Одер дарыясы тарапты көздөй бурулгула” деген. Биз Одер тарапка бурулдук, немецтер Одерде да аябагандай коргонууга даярданышкан экен, алардын снаряддары биз жакка учуп, жарылуулардан кулак тунат. Кудай андай согуштун бетин ары кылсын, канча деген адамдар жол-белде калып кетти. “Ураа!” деп чабуулга өткөндө, жоокерлер чалгы чапкандай көчөдө жатып калышат, имараттарды “алабыз” деп кирип барган жоокерлер ал имараттан чыкпай калат, себеби, жардыргыч бомбаларды коюп коюшкандыктан, тигилер кирип барганда эле жардырып салышат.

Ошентип, жан үрөп жатып Одерди алдык, Берлинге жакын жер Браденбургду алдык. Немецтердин айласы кетип калган кези болчу, күндөн күнгө мурдагыдай болбой бара-бара тынчып калган.Браденбургда турганыбызда, бир күнү, минамётту немецтер уурдап кетти деген сөз болуп, арабыздан өз ыктыярчылардан минамётту таап, кайрып келүү жөнүндө тапшырма берилди. Жети киши чыктык, бирөөсү мен. Кыска мөөнөттө минамётту бат эле таптык, немецтер алып барып бизди көздөй атканы дүрмөттөп коюшкан экен, алардын 6 офицерин автомат менен атып өлтүрүп, кайра өзүбүзгө кайрып келдик. Ошондо бизди сыйлыкка көрсөтүшкѳн.

– Жеңиш күнүн кай жерден тостуңуз?

– Браденбург шаарында 9-май күнү күзөттө турат элем: “Фашисттик Германия жеңилди, капутуляцияга кол коюлду, Жеңиш күнү деп жарыялап калышты”, кубанганды айтпа. Командирибиз Федоров деген болчу, сүйүнгөнүн айтпа, мен ал күндү сөз менен жеткире айта албайм. Канча деген солкулдаган жигиттер жеңиш күнүн көрбөй кетти, алардын эрдиктери ошол күнкү жеңишке салымы өтө зор эле, кайран жоокерлер, аларды эстегенде азыр да көзгө жаш алам – деп, Токтогул ава колунан бет арчысын алып, көзүнүн жашын сүрттү.

– Согуштан алган кандай сыйлыгыңыз бар?

– Эсептей берсем ал медал-ордендерим үчүн гезитиңдин жарым бети кетет айланайын, мен бир-экөөн эле айтайын.“За Взятие Берлина”, “За Участие в Героическом штурме и взятии Берлина” жана башкалар.

– Согушка 1944-жылы жөнөгөн экенсиз, жеңиш күнүнө карата Армиядан дароо эле бошотуштубу, бошотушса качан бошондуңуз?

– Жок, согуштан кийин дагы 5 жыл аскер кызматында жүрдүм. Ал убакта тартип күчтүү болчу, аскерге кызмат мөөнөтү 5 жыл эмес беле. Кийин 3, андан барып 2 жыл болду го. Аскерден 1950-жылы, 28-январда чыккан Совет Министрдин Токтому менен, 38154 Аскер бөлүмүнүн штаб башчысы мойор Борисовдун колу коюлгандан кийин, запастагы кенже сержант наамында бошонгом.

– Согуштун, эмгектин ардагери экениңизди өкмөт тарап эске алып, жашоо-шартыңызды ойлоп, жакшырталы дешип бир басып келгени болдубу?

– Кайдагы басып келген. Мен минтип ал-күчтөн тайган кезде кимге керегим бар, өкмөттүн ар кайсыл эшигин түртүп кандай кайрылуу, арыздарды жазбадым, тилекке каршы, бардык жерде эгиз улактай окшош сүйлѳшкөнсүгөн бирдей бюрократтык жооптор: “Сизге мүмкүнчүлүгүбүз болгондо беребиз, кезекке коюп койдук” деген көңүл улаткан сөздөн башка эч нерсе жок. Эми айланайын, бул биздин өкмөттөн минтип жакшылыктуу майнап чыкпай калгандыктан, менин ушул кайрылуумду силердин гезит аркылуу Россиянын президенти Путинге мүмкүнчүлүгүңөр болсо жолдоп койсоңор, силерден бир суранарым ушул?! – деп, Токтогул аба мени үмүттүү карады.

– Айтканыңызды аткаралы, колубуздан келген жардамыбызды берели. Сиз үй-бүлөңүз менен ден соолукта болуңуз! Эртеңки Улуу Жеңиш майрамыңыз кут болсун!

Маек курган Кайнарбек БИЙЛИБАЕВ

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *