«Жабагыны ат болбойт деп кордобо”

Дастан АЛЫМБЕКОВ 14 жашта. Жакында эле ѳткѳн Республикалык «Сен сүйгѳн кыргыз макалы» жаштар конкурсунун катышуучусу жана сыйлыгынын ээси. Анын «Жабагыны ат болбойт деп кордобо” дилбаяны калыстар тобунун жана конкурстун катышуучуларынын, сыйлык тапшыруу ащземине келген меймандардын кѳкүрѳгүнѳн терең орун алган. Эмесе, Дастандын жүрѳгүнѳн чыккан баяны менен гезиттин окурмандарын да тааныштырып кетүүнү туура таптык.

Саяпкери жарашса, суутуп жарышка салса, тулпардан албетте, күлүк чыгат. «Оору кадырын соо билбейт, ач кадырын ток билбейт»  дегендей, зеригип отуруп, интернеттен сиздердин макалдар тууралуу конкурсуӊуздарды көрүп калдым. «Үмүтсүздүк – шайтанга гана тиешелүү» деп колума барак, калем алдым. «Бешиктеги баланын – бек болорун ким билет» дегендей, балким акын, жазуучу болуп калаармын.

«Жаман иттин аты Бөрүбасар» дегендей, атым Дастан. Таластын кулунумун. Учурда Чүйдүн Ысык-Ата районунда жашайм. Жашым он төрттө. Атымды ата-энем азан чакырып, Дастан коёру менен – менин да «дастаным» башталган. Төрөлгөндөн он үч күн өтөөр менен, жүлүнүмө оор операция жасалган экен. «Аксак койду бөрү аӊдыйт» болуп, кийин да улам-улам жүлүндөгү өсмө өсө берип, беш жолу операция болдум. «Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы» болуп биринчи классты окуп бүтпөй, досторум менен тебишип ойнобой, эки бутумду кучактап, майыптар арабасына олтуруп калдым. Ошентип, оорулуунун «дастаны» дагы эле бүтпөйт.

«Аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет» дегендей, түзүгүрөөк арабага да жетпедим. «Чөп чыкпаган жайдан кач, кайыры жок байдан кач»  деген чын экен. Жардам сурап жазган каттарым жоопсуз калды. «Жигит болсоӊ шок бол, шок болбосоӊ жок бол» деген макалды туу тутуп, «кантала чакса, бүргөгө ыйлап көрүшөсүӊ» дегендей, өзүм теӊдүү майып балдар менен эми ырдап чыгайын деп жатам. «Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт», «жамандыкты – амандык жеӊет» дегендей, Аллахым «оомийин» деп, дартыма шыпаа берсе, майыптар арабасынан бошонуп, өз бутум менен да басып калаар күн келээр.

«Эки оору бир келсе – ажалыӊдын жеткени, эки доочу бир келсе – амалыӊдын кеткени» болуп, жата берип жамбаш сөөктөрүмдүн эттери качып, ойулуп кетти. «Токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет» экен. Апам: «Китеп оку! Ой, оку!» деп кыйнап жатып, минтип, эссе жазганга да жарап калдым. «Чабал өрдөк эрте учат» деп, сабактарымды үйдөн окуйм. Мугалимдерим колу бошогондо келип турушат. Аларга Алла ыраазы болсун.

«Карчыгага кушуӊ түшпөсүн да, бакшыга ишиӊ түшпөсүн», бакшылар айыктырам деп далай акчаӊды сорушат экен, бирок пайда жок. «Арык атка камчы үйүр, жыртык үйгө тамчы үйүр» болуп, жабышкан оору жармашып келатат. «Азбаймын деген жигитти, караӊгы түн аздырат экен». «Жаш кайыӊ желди сүйөт, жаш жүрөк теӊди сүйөт» экен, бирок адамдар арабачан адамдар менен дос болгулары келбейт. Албетте, пайдасы жокторго убакыт короткулары келбейт да.

«Мүнүшкөрдүн кесиби – ит агытып, куш салмак» болсо, меники сыналгы тиктеп, китеп окуп, убакытты өткөзө албай, үйдө олтуруу. «Ак менен кара жарышат, акка кудай болушат». «Куштун сүтү жок, кудай өзү асырайт» го, «айыгаар оорунун дарымчысы өзү келет»  деп, Аллахымдын мээримин сабыр менен күтөм. «Карга сүйөт баласын аппагам деп, кирпи сүйөт баласын жумшагым деп», чебелектеп ата-энем жаныман чыкпайт. Башына тартса аягына жетпейт, аягына тартса башына жетпеген заманда, ата-энем мени жана төрт бир тууганымды багып келатышат. «Атадан алтоо туулсаӊ да, ар жалгыздык башта бар» болуп, кээде жалгызсырайм, буулугам, ыйлайм. «Балалуунун бели тынат, баласыздын бели сынат». Мен да эртерээк айыгып, ата-энемдин белин тындырып, оорун колдон, жеӊилин жерден алсам дейм. «Азапты тарткан билет, жүктү арткан билет» болуп, ата-энем да мени менен далай азап тартышты. Аларга ыраазымын. Аллахым, ата-энемдин жардамы менен «ай толгонун билбейт, жигит болгонун билбейт» болуп, боюм эле зоӊкоюп баратат. «Теректей бой бергенче, Аллахым, теменедей акыл бере көр» деп, өзүм да чоочучу болдум. «Иттей ала болгончо, бөрүдөй көк болсом»  экен. «Ый менен күлкү аякташ, куру кайгыдан пайда чыкпас», «Жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара». «Кайгыӊды кайгы экен деп эч ким укпас»  дегенге ишенгим келбейт.

Эч бир көркөм чыгармага туура келбесе да, «жамандын бир өнөрү артык» экен деп, эрикпей кеп-кеӊешиӊиздерди жазып коюӊуздарды суранам. «Өзүӊдү эр ойлосоӊ, өзгөнү шер ойло» дегендей, бул жерде алптар ат салышат эмеспи. Албетте «желдүү боз баланы – жеткире мактаба» дейт, бирок мактоону жакшы көргөн өпкөм бар. «Жылуу сүйлөсө жылы-жыла жылан ийинден чыгат» эмеспи. Бирок, « казанчынын эрки бар, кайдан кулак чыгарса», «казаны башканын кайгысы башка» деген макал да бар эмеспи. Оо кокуй, «карды ачкан, кара казанды сагалайт» болуп кеттимби? Кечир, Аллахым. Эми «ооруну сураса айыкканчалык» экен да. «Өзү боктой, сөзү октой» экен деп ойлобоӊуздар. «Өткөнгө өкүнбөй, кеткенге кейибей», «кекчил болбой, эпчил болуп», Аллахыма тобо келтирип, өзү берген дартына шыпаа беришин намаз окуп сурануудамын.

2 thoughts on “«Жабагыны ат болбойт деп кордобо”

  1. Айтарга сөз да таппай калдым… чыныгы көкүрөгү тунук азамат бала экен.Алл Таала жардам берип эртерээк сакайып кетсин.Сөз жок!!!

  2. Кеп берметтерин абдан коп колдонуптур. Ширелуу жазылыптыр. Жараткан бекем ден соолук берсин Дастанга

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *