Кыйын чыкма кыргыз жаштары ынтымакка келе алабы?

Тимур САРАЛАЕВ,
“Жаңы муундун коалициясы” коомдук бирикмесинин т
ѳрагасы

Эртеңки күндү салыштырмалуу билиш үчүн, кечээги күндү, же болбосо жакынкы эле тарыхка кѳз чаптырыш керек. Ѳткѳн тарыхка сереп салуу менен келечек кандай болушу мүмкүн деген суроого жооп таап, ошол эле учурда келечектин моделин да туура багытта алып кетүүгѳ болот. Эртеңки күнүбүздү оңдоп-түздөп алып кетүүгѳ  албетте жигердүү жаштардын мүмкүнчүлүгү бар деп ишенгим келет...

2010-жылы “көптөн күткөн” шайлоо да болуп өттү. Ары тартышып, бери тартышып отурушуп, “эл үчүн иштей турган” депутаттар да келди. Референдум жолу менен жалпы эл “колдогон” баш мыйзамда жазылгандай, тартип менен эле болуп жаткандай негизинен кѳпчүлүк ыраазы болду. Ѳзгөчө шайлоолордун жыйынтыгы боюнча партиялардын тизмеси менен парламентке, андан соң жергиликтүү кеңештерге өткөн жана өкмөттүн курамына ж.б. кирип калган айрым активдүү жаштардын кѳкүрѳгү ыраазылыкка толду окшойт.

Бирок, нааразы болгон жаштардын саны андан арбын болду. Ал эми алардын нааразачылыгынын себептери ар түрдүү. Эми, кыргыз  жаштарына мындай суроо коёлу: “Азыркы бийликке эмне үчүн “мурдагы” бийликтин өкүлдөрү кайра келип калды деп ойлойсуңар?”  Жообун берсек: “Ѳзүңөрдүн жеке дымагыңардын жана өзүмчүлдүгүңөрдүн  айынан болгондугун байкабай калдыңар”.

Акыйкаттык үчүн айтып коюш керек, албетте 2010-жылдын апрель, май жана июнь айларында активдүү жаштардын бир даары өздөрүнүн ким экендигин көрсөтө алышты. Бул тууралуу керек болсо Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары да “Кыргызстандын жаштары Убактылуу Өкмөттөн жаштарга бийликтен орун беришин талап кылып жатышат” деп баа беришти. Ошондон көп узабай эле Жаштар иштери боюнча министрлик пайда боло калды.

Балким жаңы министрликти түзүү жаштардын башын бириктирүүнүн бир жолу болгондур,  мүмкүн андай эместир. Кантсе дагы 2010-жылдын жаз айында Кыргызстандын жаштары азга болсо дагы көпчүлүк саясатчыларды катуу ойго салып койгондой болгон. Бул мезгил бир катар жаштардын ар түрдүү формалдуу жана бейформал биримдиктери менен кыймылдарынын калыптанышына шарт түзүп, айрым активист жаштар өздөрүн кыргыз мамлекетинин реформатору катары көрсөтө алды десек аша чапкандык болбос. Алардын ичинен укуктук талаанын чегинен чыгышып, 8-апрелден баштап Жогорку Кеңештин имаратынан кабинеттерди өз билгендеринче ээлеп алгандар, биримдиктерине каалаганындай ат коюшуп эшиктердин сыртына илип алгандарыда болду. Бирок, бул учур тез эле өтүп, жаштар баягыдай эле бийликтин босогосунан алыс сүрүлүп калышты. Ошондон кийинби, балким башка себептер болдубу, ошол жылдын май айынын башында жаштар уюмдары ар түрдүү коалицияларга, кеңештерге жана конгресстерге биригишип, баштарын кошууга жетише алышты.

Ошентсе да, тилекке каршы, дагы деле болсо ички пикир келишпестиктер орун алып,  көпчүлүк жаштар уюмдарынын саясый көз караштары дал келбей, ар кимиси өз пикирлерин туура деп эсептеп атып, айрымдары үчүн бул учур өздөрүн элге таанытуу кезеңи гана болду окшойт. Жаш “лидерлер” өз ара талашып-тартышып, болбогон маселелер менен бир топ убакыттарын текке кетирип алышты. Ѳкүнүчтүүсү, муну менен жаштар улуу муундун астында өздөрүнүн саясый жактан толук калыптана элек жана көпчүлүк маселелерди чече билүүгө али жөндөмсүз экендиктерин көрсөтүп коюшту.

Ал эми июнь окуясынан кийин жана шайлоо алдындагы шайтан оюндардын башталышы менен,  баштары кыйынчылык менен араң бириккен жаштар уюмдары өздөрүнүн мурунку активдүүлүгүн төмөндөтүп, түшүрүп жиберишти. Анын үстүнө бир катар биримдиктер, кыймылдар  каржылоо муктаждыгына кептелип, материалдык кыйынчылыктан улам көпчүлүгү өз ишмердиктерин токтотууга аргасыз болушту. Айласыздан бир топ жаш “лидерлер” жай айынын орто ченинде коомдук биримдиктерден чыгып, “иш берүүчүлөрдү” же башкача айтканда “идеялаш” агаларын издеп саясый партиялардын катарына өтүп кетишти. Айрымдары шайлоого катышууга мүмкүндүгү бар саясый партиялар менен сүйлөшүп алышып, “идеялаш” агалары менен кошулуп шайлоого аттанууга да үлгүрүштү. Бирок, мында да жаштар тилегине жетпей, тактап айтканда, талаада калышты.

Жогорудагы кѳрүнүштѳрдѳн улам айтаарым, менимче, саясый багыт алуунун башкы маселеси, жаштардын багытын актуалдаштырууда болсо керек. Негизинен бүгүнкү күнү деле жаштар өз ара бирдиктүү күч боло албай атканы жеке мен үчүн эмес, Кыргызстан үчүн өкүнүчтүү болуп турат.

Көпчүлүк билгендей, апрель төңкөрүшүнө чейин эле ар түрдүү багыттагы бир топ жаштар уюмдары иштеп келген. Бирок алар коомдук иштерди аткарып келгендиктенби, кыргыз жаштары деген бирдиктүү “фронтко” баштарын бириктире  албай коюшту. Муну ойлоп отуруп, чыныгы фактыны кейиш менен көз алдыдан өткөрөсүң. Ал эми  Кыргызстандын жаштары өлкө калкынын дээрлик теңинен көбүн түзүп турса дагы, алардын кѳпчүлүгү “карт бѳрү” болгон дасыккан саясатчылардын байрагын көтөрүп, этегине эрмешип, саясый куралга айланып калганы абдан өкүнүчтүү.

Кантсе да, жакшылыктан үмүт үзбөйлү, кыргыз жаштары чындап ынтымакка келип, өлкө жүгүн мойнуна көтөрүп, Кыргызстанды жаңы өнүгүү жолуна алып барар кез келер. Улуу, сабырдуу, кымбатуу КЫРГЫЗ элим айткандай, “келечек жаштардын колунда” эмеспи…

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *