Батма СУЛТАНОВА, ырчы: «Кыргыздын жарык жан мырзасына түгѳй болоорума ишенем»

9-3

Кѳптѳн бери сахнадан, теле-радиодон кѳрүнбѳй-угулбай кеткен Батма Султанованын азыркы учурдагы обондорунда, үнүндѳ кыргыздын байыркы кайрыктары коштолуп, «Күн балдары» жана «Жан түбѳлүк» аттуу авторлук чыгармалары белгилүү режиссёр Эрнис Абдыжапаровдун документалдуу тасмаларына саундтрек болду жана бул эки ырына  тең жана клип тартылууда. Буйруса, жакынкы күндѳрү керемет үндүү ырчы кызыбыздын чыгармалары күйѳрмандары үчүн чоң белек болуп, угармандардын жан дүйнѳ кылдарын күүгѳ келтирет деген үмүттѳбүз.

 

 

 

 

– Батма, сахна адамдарынын боёнуп-жасанып жүрүүсүнѳ кѳрүүчүлѳр кѳнгѳн жана аларды ошондой кабыл алууга калыптанган, ал эми сиз мындай нерседен баш тарта баштаптырсыз. Себеби неде?

– Имиджим жѳнѳкѳйлѳрдүн эң жѳнѳкѳйү болуусун каалайм. Улуулуктун, сулуулуктун бүт сыры жѳнѳкѳйлүктѳ, нукуралуулукта уюп жатат эмеспи. Имидж – бул адамдын ички тарбиясы, ѳзгѳчѳ жетилген маданияты. Биз, Жараткандан бизге берилген келбет-турпатыбызды кандай болсо ошондой кабылдообуз керек. Ѳзүбүздү ошондой кабыл алсак, чоң, жарык күчтѳр ошондо иштей баштайт, адам ѳзүн кабыл алганда жан арууланып, рухий күч-кубат күчѳйт, табигый жашоого кызыгуу ойгоно баштайт.

– Сизди Фатима Султанова деп билчү элек, азыр Батма Султанова деп айтылып калдыңыз…

– Документтеги атым Фатима, ал эми Батма – ааламдан берилген атым. Мен эгиздин түгѳйүмүн: Батма, Зуура. Кыргызда Батмазуура аттуу ыйык энелер ѳткѳн. Ѳзүмѳ Батма деген ысым бир жагынан нукура кыргызчалыгы менен жакса, экинчиден, салмактуулугу, тереңдиги менен жагат. Адамдын ысымынын ѳзүнѳ, ѳмүр-жашоосуна таасири ѳтѳ чоң дешет эмеспи. Анан мен Фатимадан Батмага ѳткүчѳктү турмушумда, жан дүйнѳмдѳ ѳтѳ чоң ѳзгѳрүүлѳр, ойгонуулар болуп ѳттү. Фатима – менин уйкуда жүргѳн абалым болсо, Батма – бул менин уйкудан турган, ойгонгон абалым деп айта алам.

– Анда, ортодогу бир нече жыл ырдабай жок болуп кеткениңизди Фатимадан Батмага «ѳтүп», «ойгонууда» жүргѳн мезгил деп түшүнсѳк болот турбайбы?

– Ооба, ортодогу тѳрт жылдык мезгил мен үчүн ѳтѳ бир баалуу, мазмундуу, мага жарык тартуулаган жан эркиндигинин жылдары болду.

– Азыркы ырларыңыздын мазмуну, багыты тууралуу кеп кылсаңыз?

– Азыркы доор – жандын  илимин талап кылып турган чак. Ушул агымды утурлап, мен да ырларымдын дээрлик 99 пайызын жан түбѳлүктүүлүгүнѳ,  адам жашоо башталышынын тээ байыркылыгына,  кыргыздын улуу ѳзгѳчѳлүгүнѳ, Жараткандын чексиздигин камтыган темаларга басым койдум. Ар бир чыгармам  уккан жандын ички жарыгын, мээрмин жандырса дейм.

– Биздеги чыгармачыл инсандарыбыздын адам дүйнѳ таанымына таасир берүүсү боюнча эмне айта аласыз?

– Учурда  чыгармачылыктын кайсыл тармагын албайлы, басымдуу бѳлүгү акыл деңгээлинде гана калып, улуу максатты кѳздѳбѳй жатат. Андыктан, чыныгы ѳнѳр касиетин, демин, баалуулугун кармангандардын саны арбыса дейм. Ѳткѳн доорлордогу кѳрбѳй кѳсѳм болгон ырчы, жарчы агартуучуларыбыз, Жеңижок, Барпы, Калыгул сыяктуу олуя аталарыбыздын чыгармалары ушул доорлордо да ѳз таасир-салмагы менен адам дүйнѳсүн жаңылап келет.

Ошондуктан, азыркы кѳрѳрмандар менен угармандардын чыгармачылыкка болгон табитинин тѳмѳндүгүнѳ да чыгармачыл чѳйрѳ адамдарынын күнѳѳсү бар деп эсептейм. Ата-эне баланы эр жетип элге кереги тийсе экен деп тилегендей эле, чыгармачыл инсандар  чыгармаларды адам ѳнүгүүсүнѳ, агаруусуна кѳпүрѳ болсо деген тилектин негизинде жаратууга далалат  кылуусу, элге алып чыгуусу керек.

– Ырларыңыздан тышкары, дагы кандай жѳндѳмдѳрүңѳз менен башкаларга жакшылык тартуулагыңыз келет?

– Мен мындан эки 2 жыл мурда «шоу бизнестеги кесиптештерим ресторан же вокал студияларын ачса, мен жан дүйнѳ мектебин ачам» деп айткан элем. Себеби, ѳнѳр аркалаган инсан бийик маданиятка, улуу дүйнѳ таанымга, моралдык жан дүйнѳ тазалыгына сугарылуусу керек. Талант жеке кызыкчылыкка, пендечиликке эмес, адамдын ѳсүп-ѳнүгүүсүнѳ багытталса, анда ал ѳнѳр күн санап кѳркүнѳ чыгып, ачылып, ѳз мѳмѳсүн берет. Анткени, Жараткан чыгармачыл ѳнѳрдү ааламды, жашоону, адамдарды аруулап-азыктандырып туруу үчүн берген. Ѳнѳрдүн чыныгы ээси биз эмес, жаратуучу улуу күч! Демек, ѳтѳ чоң жоопкерчиликти моюнга алуу керек. Ѳнѳр менен талантты туура пайдалана албасак, каалаган күнү аны бизден алып койуу  Жараткандын эркинде.

– Адам менен пенденин ортосундагы айырмачылык кандай?

– Биз адамдар,  керемет жер жашоосуна кѳз ирмемге татырлык убакытты  туура пайдаланууга келгенибизди, жаныбыздын талабын уга билүү, туя билүү тепкичин басып, пендечилик айлампасынын кереги жок нерселерине  ѳзүбүздү байлабай, кайра акыркы сапарыбызда адам болуп кайтуубуз керек экенин билсек дагы, ал нерселерди аткаруу  колубуздан келе бербейт. Ал үчүн биринчи кезекте кечиримдүүлүктү, жѳнѳкѳйлүктү, табигыйлыкты ойготуу керек. Албетте ѳтѳ чоң аракет, бийик аң-сезимдүү түшүнүк гана бул сапаттардын ѳнүгүүсүнѳ түрткү берип, «адам» деген даңгыр жолго жетелейт. Пенделик деңгээлден кѳтѳрүлѳ албагандар дайыма бирѳѳлѳрдү күнѳѳлѳп жашаса, ал эми адам күнѳѳнү дайыма ѳзүнѳн издейт. Пенде жашоону тозок десе, адам жомок деп жашайт.

– Пенде кантип жана кандайча адам болууга аракет кылуусу керек?

– Пенде адам болуп калыптануусу үчүн ѳзүн Жаратканга тапшырып, жаман кыялдардан арылып, жашоо максатынын ордун такташы керек. Жашоо, бул турмуш куруп эле анан тукум улоо эмес. Же, сенин кандай материалдык абалда жашап жаткандыгыңда эмес. Ар бир кѳз ирмемди туура пайдалануу, жакшы сѳзүңдү башкаларга арноо, жоопкерчилигиңди сезе билүү сыяктуу сапаттар пендеден адам болуп калыптанууга алып баруучу алгачкы кадамдар.

– Бала кезде кандай элеңиз?

– Бала кезде ѳтѳ уяң, коркок кыз экенимди билем. Кѳбүнчѳ сыйкырчы болууну эңсеп, асмандагы жылдыздарга, айга кѳп тигилип, алардын жашоосун билгим  келчү, эркиндикти самачумун. Инопланетяндар келип мени тарелкасына салып кетсе деп кѳп кыялданып, ѳлгѳндѳн кийинки жашоо, Кудай жѳнүндѳгү түшүнүксүз суроолор мени түпѳйүлгѳ сала берчү. Кѳп изденүүнүн, изилдеп жүрүүнүн арты менен ошол бала кездеги суроолорума азыркы учурда жоопторду таба алдым.

– Турмушта жалгыз бой жүрѳсүз, кѳңүлгѳ тѳп келчү түгѳй жолуктура элексизби?

– Ооба. Себеби, жашоо табитиң, максатың бирге болуп, турмушка сени менен билек түрүнүп аттанган, кыял-жоруктарың окшош болгон түгѳй менен гана ар тараптан ѳсүүңѳ шарт түзѳ аласың, бактылуу болосуң. Мындай түгѳйлѳрдѳ – ар биринин эч нерсеге байланбаган тубаса эркиндигинин ойгонуусуна шарт түзүлѳт. Ошондуктан, багыттарыбыз, жолдорубуз туура келген инсанды издеп жүрѳм.

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр духу бийик, кѳп кырдуу, сырдуу, сүрдүү, таланттуу, касиеттүү, акылман жигиттерибиздин, мырзаларыбыздын саны күн санап ѳсүүдѳ. Бул, “аккан арыктан суу агат” дегендей, жумурай журттун келечекке илгери үмүтүн жандырса, ал эми кыздарыбыздын терең урмат-сыйын, ишеним-кубанычын арттырат. Баардык нерсе убакыт-сааты менен дегендей, мен да буйруган күнү аялзатынын терең сый-урматына, сүйүүсүнѳ арзый алган  кыргыздын жарык жан, жүзүнѳн нур тамган мырзасы менен түгѳйлѳш болоорума ишенем.

– Сиз үчүн жан дүйнѳ тынчтыгы деген эмне?

– Жан дүйнѳ тынчтыгын – адамдын жашоосундагы эң чоң жаңылык деп эсептейм. Эгер адамда жан дүйнѳ тынчтыгы ѳкүм сүрбѳсѳ, калган жаңылыктар кыпынга да арзыбайт. Жан дүйнѳ тынчтыгы – ырахаттын ырахаты, бакыттын бакыты. Ансыз, жашап жаткан ар бир күнүң караңгы түн.

– Маегиңизге ырахмат!

Айперим НУРМАГАМЕТОВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *