May 08

Шайтандар менен кездешүү

Кеңеш БАКИР уулу, Бишкек шаары

Белгилүү жазуучу Асыкбек Оморов Якутия (Саха), Монголия, Алтай аймактарында Инженердик-геологиялык экспедиция башчысы болуп үзүрлүү эмгектенген. Мурунку СССРдин чегараларында көп болуп, эчен кызыктуу окуяларды башынан өткөргѳнүн уккан элем. Мына ошол окуялардын түркүмүнүн бирин «Мен билген окуя» конкурсуна сунуштап жатам.

«Бул окуя 1979-жылдарда Алтай крайынын Горно-Алтайск шаарынын чыгыш тарабындагы Монголия менен чектешкен Ташанта деген жеринде болгон. Экспедициянын негизги милдети – ошол кездеги чегараларды тактоо эле. Толугу менен

May 08

Ашар

Биргелешип бир жумуштун аягына чыгуу. Мисалы, үй салууда, дубалын кѳтѳрүүдѳ, кышын куюуда, аны кыноодо, үйдүн үстүн жабууда, шыбоодо, актоодо, сырдоодо, мал кыркууда, кош айдоодо, чѳп чабууда, эгин оруп-жыюуда элибиз жапа тырмак жардамга келишкен. Ал эми элдик кѳркѳм кол ѳнѳрчүлүктѳ: килем токууда, чий чырмоодо, ѳрмѳк согууда, кереге кѳктѳѳдѳ чебер адамдардын биргелешип, бир асыл буюмду жапа бүтүрүү салты. Ал мүмкүнчүлүгүнѳ карата бардык убакта чакырылат да, бул биргелешип уздануунун – узануунун, жардам берүүнүн сонун үлгүлѳрүнѳн болот.

Ашар иштин арымын аябай тездеткен. Мында устаттар, нускоочулар, байбичелер, куттуу карыялар – үйрѳнгүчтѳргѳ жол, таалим-тарбия кѳрсѳтүп турушат. Ашарга келгендерди үй ээси мал союп, жаңы дасторкон менен жакшынакай күтүнүп алат.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби