Ашар

Биргелешип бир жумуштун аягына чыгуу. Мисалы, үй салууда, дубалын кѳтѳрүүдѳ, кышын куюуда, аны кыноодо, үйдүн үстүн жабууда, шыбоодо, актоодо, сырдоодо, мал кыркууда, кош айдоодо, чѳп чабууда, эгин оруп-жыюуда элибиз жапа тырмак жардамга келишкен. Ал эми элдик кѳркѳм кол ѳнѳрчүлүктѳ: килем токууда, чий чырмоодо, ѳрмѳк согууда, кереге кѳктѳѳдѳ чебер адамдардын биргелешип, бир асыл буюмду жапа бүтүрүү салты. Ал мүмкүнчүлүгүнѳ карата бардык убакта чакырылат да, бул биргелешип уздануунун – узануунун, жардам берүүнүн сонун үлгүлѳрүнѳн болот.

Ашар иштин арымын аябай тездеткен. Мында устаттар, нускоочулар, байбичелер, куттуу карыялар – үйрѳнгүчтѳргѳ жол, таалим-тарбия кѳрсѳтүп турушат. Ашарга келгендерди үй ээси мал союп, жаңы дасторкон менен жакшынакай күтүнүп алат.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *