Apr 23

Кыргыз жана ааламдык илим

(Уландысы. Башы)

Гүлсара МАМБЕТАЛИЕВА, Манас изилдѳѳчү

ЖАН ДҮЙНӨБҮЗДӨ ЧОҢ КАЗАТ ЖҮРҮҮДѲ

Оттуу доордогу тазалануу кишинин өзүнүн терс сапаттарына каршы күрөшүүсү менен коштолууга тийиш. Мына ошондой күрөш азыркы мезгилде биз каймана, өтмө мааниде берилген илим-билим катары ача баштаган “Манас” дастанындагы Чоң Казат аркылуу берилген. Мезгил түпкүрүндѳгү окуя катары Чоң Казат чындыгында да болгон. Ал эми каймана маанилеринин биринде Чоң Казат кишинин ички жан дүйнѳсүндѳгү адамгерчилик, ыймандуулук, оң сапаттары менен ыймансыздык, наадандык сыяктуу терс сапаттарынын ортосундагы күрѳштү каймана мааниде чагылдырат.

Толугу менен

Apr 21

Тескери бата

«Жашыңда жайрап кал,
Гүлгүндө күбүлүп кал.
Сууга ыргыткан таштай бол,
Караңгыда тараган чачтай бол.
Муздаган таштай бол,
Мүлжүгөн баштай бол!
Күйгөн көмүрдөй бол,
Керткен дүмүрдөй бол!
Кончо конгон чечтей бол,
Туман баскан кечтей бол!
Аарчыган пияздай бол,
Куйкаланган шыйрактай бол,
Билеги жок чырактай бол!
Ичкенинен ирим болсун,
Жегенинен желим болсун!»

Apr 21

Бата алуу

Бул – эл ичинде кадыр-барктуу, отуруп-турганы нарктуу, айткандары эм, улуу-кичүүлѳргѳ дем, урмат-сыйы бирдей, жекече касиет жылоологон карыя-байбичелерге атайын жолдук менен баруу. Бата алуу – балалуу болууга, алыс сапарга аттанууда, сапардан аман-эсен кайтууда, ойлогон оюна, тилеген максатына ийгиликтүүгѳ кылган далалат.

Мында үйүнѳ чакырып, чүйгүн тамактар менен даам сыздырып, кийит кийгизүү аракеттери да жүзѳгѳ ашат. Бата даам таткандан кийин берилет.

Бата тилеген келин-кесектер алгач жүгүнүп, улууларга баш ийип, таазим кылышат. Бата алаарда турушуп, эки колун бооруна алышат.  Артында «Тегин кишиден бата албаган», «Анын батасы тийген», «Батадан жаралган бала»… ѳңдүү сѳздѳр айтылып калат.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 18

Жуучу түшүү

«Жакшыга жуучу келет, «жаманга куучу келет». Мунун ар кандай жагдайы бар. Баланчанын уулу кыз тандап жүрүп, ошол кызды жактырып калса, ал адептүүлүк менен үй-бүлѳсүнѳ билдирет. Ата-энелер кѳбүнчѳ сырдана жеңелери, теңтуштары аркылуу билет).  Кээде, балага кызды ата-энеси, ага-туугандары тандайт. Ошентип, жуучу шайлашат. Айыл ичинде алымдуу, оозунда сѳзү бар, салт-санааны билген аксакалдар аттуу-тондуу болуп барып, жуучуга түшѳт.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 15

Сѳйкѳ салуу

Бул – куда түшүүнүн башталышы, сыр билги адамдардын сырдана мамилеси, ич ара кадыр туткан каада-салты. Мал алып келишип, кыргызда күмүш нарктуу деп, күмүш сѳйкѳ салышчу. /й ээси урматтап тосуп, кайра кийит менен жѳнѳтчү. Мында куда болуучулар бири-бирине кулдук уруп, ѳз ара ызатташып, болочок жаш үй-бүлѳлѳргѳ түбѳлүктүү камкордук кѳрүшѳт.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 12

Оомат-дөөлөт, бакыт тилегендеги бата

«Оомийин, олуя колдо,
Кызыр жөлө!
Өлбөс өмүр берсин!
Кетпес кең дөөлөт берсин!
Пайгамбар батасын берсин!
Бак-дөөлөтүн берсин!
Шыбагалуу баш берсин!
Берекелүү аш берсин,
Узун өмүр жаш берсин.
Уучуң узарсын,
Жаның жайылсын,
Өмүрүң узун болсун,
Өрүшүң жайык болсун!
Ынтымак берсин,ырыс берсин!
Кудай куру калтырбасын,
Теңирим өзү жалгасын! Оомийин!»

Apr 12

Бешик той – бешикке салуу

Наристенин тѳрѳлүшү – ошол үйдүн ашкан кубанычы. Бешик той берилет. Колдо бар мал союлат. «Илгери анын бешик тоюна ак кочкор союлган» деген сѳз бар. Тойго чакырылгандар кѳйнѳк-кече, ороо-чулгоо, акча-тыйын ыроолошот, мал алпарышат. Адатта, таеке-тайындары бешик, шимегин жасатып, анын тѳшѳнчү-орунчусун жасалгалап барышат.

Набаттуу байбичелер чоң дасторконго отуруп, оң-сол чүкѳлѳрдү бешиктин баш жагынан кѳтѳрүп эңкейтип, «оң бол, оң бол» дегенде, ал чүкѳлѳр күлтүгүнѳ түшүп кетет. (Ага дейре бешик менен шимекти майлап, арча аркылуу аластап алат). Колдорун тийгизип ич ара ырымдашкан байбиченин жанындагылар менен чогуу наристени жаткырышат. «Бешик апа, бек карма, умай эне, уйку бер» деп баланы таңат. Жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы… болуп, жети нерсени бешикке жаап, энесине карматат. Ал кѳтѳрүп алып, тѳрдѳн эшикке, эшиктен тѳрдү карай жүгүнѳт. Байбичелер алкайт, баталарын берет. Эми бешик терметилет.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 09

Эр жигитке бата

«Жүзүң нурлуу болсун,
Жүрөгүң сырлуу болсун,
Тилиң ырлуу болсун.
Жигиттин сырттаны атанын,
Өнөрүң сегиз кырлуу болсун.
Бир үйдүн баласы болбо,
Миң үйдүн санасы бол!
Бир элдин атасы болбо.
Миң элдин атасы бол!
Бир тонго жака болбо,
Көп көлдүн агасы бол!
Акты ак деп баала,
Караны кара деп сана.
Өзөгүң талса өзөн боюн жала,
Башыңа иш түшсө көпчүлүктү сагала.
Белге таңуу кемер бол,
Өзүңө-өзүң кемел бол.
Досуңа эдил бол,
Элиңе адил бол!»

Apr 09

Жентек

Наристе тѳрѳлѳѳрү менен кошуна-колоңдорго жетине албай, зор кубаныч менен даам сыздыруу. Болгон тамак-ашын ортого коюу. Мурда сары май бузуп, алгач наристеге оозантуу, үйдүн кары адамына ооз тийгизүү – нарктуулукту билгизчү. Ал «жентек» үчүн атайын даярдалып,  мурунтан козу карын, кой карын, торпок карын сары май куюулуп сакталган. Анын уландысы «Бешик той» болуп кетет.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 06

Ажырашаар аяк (кѳчүп кетүү)

Башка жерге кѳчүп кетүү алдында айылга тамак-аш берип, эл-журттан бата алуу. Бул, алга жараша болот. Мында козу менен деле ажыраш аяк берет. «Коюу чай» да жарайт. Айрымдар жылкыны баш кылып соет. Бозо кордолот, кымыз кѳрѳңгѳлѳнѳт. Айрым «ажыраш аяк» даңазага ээ болот. Жүгүн салышат. Кыйышпастар кѳчүп кетип жаткандарды жерине чейин жеткизет. Же баланча жерден «коштошту» болду менен кайтышат. Мындан ынтымак куралат. Дос-тамыр күтүлѳт. Илгери-кийин салам беришет. Элине-жерине ыраазычылык билдиришет. Ажыраш аяк бербегендерге «Беш киши чакырып бата алганга жарабады», «Түн жамынып кѳчүп кетти», «Эл-жердин сыйын кѳрүп, ушул жерден бала-бакыралуу болду эле»… деген себеп сѳздѳр айтылат.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби